Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

2025-жылдын 20-октябрындагы № 686

токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2023-жылдын 15-марты № 143

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн калкты каттоо

чөйрөсүндөгү айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү

киргизүү жөнүндө

(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги№ 167, 2024-жылдын 31-июлундагы № 435  токтомунун редакциясына ылайык)

 

"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1.  (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-июлундагы № 435 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

2. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 167 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 11-мартындагы № 90 "Кыргыз Республикасында жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тартиби жөнүндө нускамада:

- 100-пункттагы "Калыбына келтирилди" деген штамп" деген сөздөр "жазуунун калыбына келтирилгенин ырастоочу белги" деген сөздөргө алмаштырылсын.

4. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

А.У. Жапаров