Загрузка документа…
|
| 2-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин өткөрүп берилген ченем жаратуу ыйгарым укуктарын ишке ашыруу тартиби жөнүндө жобо
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 726, 2026-жылдын 8-апрелиндеги № 232 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин өткөрүп берилген ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары тарабынан ишке ашыруу тартибин аныктайт.
2. Ушул Жобо "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 28-октябрындагы № 233 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин регламенти жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин регламентине (мындан ары - Регламент) негизделет.
2. Өткөрүп берүү тартиби
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (мындан ары - Министрлер Кабинети) ченемдик укуктук актыларын иштеп чыгуу жана кабыл алуу укугуна Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тиешелүү чөйрөлөр боюнча мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары ээ.
4. Өткөрүлүп берилген ыйгарым укук Министрлер Кабинетинин тиешелүү токтому күчүнө кирген күндөн тартып колдонулат жана ченем жаратуу ыйгарым укуктары берилген мамлекеттик органдардын буйруктары же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын чечимдери менен ишке ашырылат.
5. Министрлер Кабинети өткөрүп берилген ыйгарым укуктардын алкагында мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын кабыл алынган ченемдик укуктук актыларын жокко чыгаруу, күчүн жоготту деп таануу же колдонулушун токтото туруу жөнүндө чечимдерди кабыл алууга укуктуу.
6. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары аларга өткөрүп берилген ыйгарым укуктардын алкагында кабыл алынган ченемдик укуктук актыны жокко чыгаруу, күчүн жоготту деп таануу же колдонулушун токтото туруу жөнүндө өз алдынча чечим кабыл алууга укуктуу.
7. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы өткөрүп берилген ыйгарым укуктардын талаптагыдай ишке ашырылышына мониторинг жана контролдоо жүргүзөт.
Мамлекеттик орган же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан өткөрүп берилген ыйгарым укукту ишке ашырууга тиешелүү болгон укук бузууларга жол берилген учурда Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы аларды жоюу боюнча жазма буйрук берет.
8. Өткөрүп берилген ыйгарым укуктарды сапаттуу жана талаптагыдай жүзөгө ашыруу, анын ичинде "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жана Регламентте белгиленген ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу жана кабыл алуу тартибин бузгандыгы үчүн жоопкерчилик ченем жаратуу ыйгарым укугу өткөрүп берилген мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын жетекчисине жүктөлөт.
Ченем жаратуу ыйгарым укуктары өткөрүп берилген мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары бул ченем жаратуу ыйгарым укугун башка органга өткөрүп берүүгө укуктуу эмес.
9. Өткөрүп берилүүчү ченем жаратуу ыйгарым укугу төмөнкүдөй негиздер боюнча колдонулушун токтотот:
- тиешелүү ыйгарым укуктар өткөрүп берилген мөөнөттүн аякташы;
- Министрлер Кабинети тарабынан тиешелүү ыйгарым укуктар өткөрүп берилген ченемдик укуктук актыны жокко чыгаруу, күчүн жоготту деп таануу жөнүндө чечимди кабыл алуу;