КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 28-февралы № 100
Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндө мамлекеттик башкаруунун ырааттуулугун, туруктуулугун камсыз кылуу жана натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 251 "Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жөнүндө жободо:
- 15-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"15. Министрликте министрдин биринчи орун басарынын, министрдин орун басарларынын кызмат орундары каралган.
Министрдин биринчи орун басары жана министрдин орун басарлары министрдин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалат.
Министрдин биринчи орун басары жана министрдин орун басарлары түздөн-түз министрге баш иет жана аларга жүктөлгөн милдеттердин жана ыйгарым укуктарынын чегинде Министрликтин ишин уюштурат.
Министрдин биринчи орун басары жана министрдин орун басарлары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын демилгеси боюнча же министрдин сунушу боюнча ээлеген кызмат ордунан бошотулушу мүмкүн.";
- 16-пункт "Министр," деген сөздөн кийин "министрдин биринчи орун басары," деген сөздөр менен толукталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын, анын ичинде техникалык жана тейлөөчү персоналынын штаттык санынын максималдуу өлчөмү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтомдун 5-тиркемесинин 11-пунктундагы "5" деген цифра "6" деген цифрага алмаштырылсын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У.Жапаров |