Сравнение редакций…
Тиркеме |
| |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 2-майындагы № 238 токтомуна) |
Жумушу мамлекеттик сырларга байланышкан жарандардын кызмат маяналарына пайыздык үстөктү төлөө тартиби жана шарттары жөнүндө НУСКАМА
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Нускама мамлекеттик сырларды түзүүчү маалыматтар менен туруктуу негизде иштеген жарандар үчүн кызмат (тарифтик) маяналарына ай сайын пайыздык үстөктү (мындан ары - үстөк) төлөөнү жана анын өлчөмүн белгилөө тартибин аныктайт.
Мамлекеттик сырларды түзүүчү маалыматтар менен туруктуу негизде иштеген жарандар деп мамлекеттик сырларга уруксат берилген кызматкерлердин кызмат орундарынын бекитилген номенклатурасынын (мындан ары - Кызмат орундардын номенклатурасы) негизинде мамлекеттик сырларга тиешелүү уруксат берүү белгиленген тартипте таризделген жана көрсөтүлгөн маалыматтар аларга жүктөлгөн кызматтык милдеттерди аткаруусу үчүн зарыл болгон кызмат адамдары жана кызматкерлер эсептелет.
Мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана уюмдардын мамлекеттик сырларды коргоо боюнча түзүмдүк бөлүмдөрү - мамлекеттик сырларды түзүүчү маалыматтарды коргоону, аларга жүктөлгөн милдеттерге ылайык жана өз компетенцияларынын чегинде камсыз кылуучу өз алдынча бөлүм (жооптуу адамдар).
2-глава. Үстөктү төлөө шарттары
2. Мамлекеттик сырларга уруксат берилген кызмат адамдарына жана кызматкерлерге мамлекеттик сырларга белгиленген тартипте таризделген уруксаты бар кызмат адамдарына жана кызматкерлерге маалыматтардын жашыруундуулук даражасына жараша кызмат маянасына пайыздык үстөк төмөнкүдөй өлчөмдөрдө жашыруундуулук даражасы бар маалыматтар менен иштегендиги үчүн белгиленет:
- "өзгөчө маанилүү" жана "өтө жашыруун" - 20-25 пайыз;
- "жашыруун" - 10-15 пайыз.
3. Үстөктүн өлчөмүн аныктоодо кызмат адамдары жана кызматкерлерге уруксат берилген маалыматтын өлчөмү, ошондой эле бул маалыматты жашыруундоонун актуалдуулугу сакталган мөөнөттүн узактыгы эске алынат:
1) "өзгөчө маанилүү" жана "өтө жашыруун" жашыруундуулук даражасы бар маалымат алып жүрүүчүлөргө жеткиликтүүлүк берилгенде:
- бирден баштап онго чейин - 20 пайыз;
- ондон ашык - 25 пайыз;
2) "жашыруун" жашыруундуулук даражасы бар маалымат алып жүрүүчүлөргө жетүүдө:
- бирден баштап онго чейин - 10 пайыз;
- ондон ашык - 15 пайыз.
4. Маалымат алып жүрүүчүлөрдүн жалпы саны өткөн жылдын 1-январынан тартып 31-декабрына чейинки мезгил үчүн кызмат адамдарынын жана кызматкерлердин иш жүзүндөгү кабардар болгондугун эске алуу менен аныкталат.
3-глава. Үстөктү төлөө тартиби
5. Ушул Нускаманын 2, 3-пункттарында көрсөтүлгөн үстөк мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын же уюмдун мамлекеттик сырларды коргоо боюнча түзүмдүк бөлүмүнүн баяндама катынын (кызматтык катынын) негизинде мамлекеттик сырларга уруксат берилген кызмат адамдарынын жана кызматкерлердин мамлекеттик сырларды түзгөн маалыматты алып жүрүүчүлөр менен биринчи таанышкан күндөн тартып иш жүзүндөгү кабардарлыгына ылайык белгиленет.
6. Баяндама кат (кызматтык кат) жумушу үстөктү төлөөгө укук берген кызмат орундардын тизмесин түзүү, так өлчөмүн көрсөтүү менен мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын же уюмдун жетекчисинин атына даярдалат. Тизме Кызмат орундарынын номенклатурасынын негизинде түзүлөт жана мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын же уюмдун жетекчиси тарабынан бекитилет.
7. Айрым мамлекеттик саясий (Кыргыз Республикасынын Президентин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасын кошпогондо) жана айрым атайын мамлекеттик кызмат орундарын ээлеп турган адамдарга "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 16-беренесинде аныкталган өзгөчө тартипте мамлекеттик сырларга уруксат берилет, үстөк аткарылуучу иштин жашыруундуулуктун жогорку даражасына жана өз ыйгарым укуктарын жана кызматтык милдеттерин аткаруу мезгилинде мамлекеттик сырды түзгөн маалыматка иш жүзүндөгү кабардарлыгына жараша белгиленет.
Жогорудагы адамдардын кызмат орду алардын иштеген жери (кызматы) боюнча мамлекеттик сырларды коргоо боюнча тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөр тарабынан түзүлгөн 6-пунктта каралган кызмат орундар тизмесине киргизилет.
Баяндама кат (кызматтык кат) жыл сайын даярдалат жана үстөк белгилөө жөнүндө буйруктун (тескеменин, чечимдин) долбоорун даярдоо үчүн кадр бөлүмүнө берилет.
Кызмат орундарынын номенклатурасында каралган кызмат орундарга кайра жумушка алынган кызмат адамдары жана кызматкерлер үчүн буйруктардын (тескемелердин, чечимдердин) долбоорлору квартал сайын даярдалат.
8. Мамлекеттик сырларды коргоо боюнча түзүмдүк бөлүмдөр көрсөтүлгөн тизмеге төмөнкүлөрдүн өзгөргөндүгүнө байланыштуу толуктоолорду киргизет:
1) штаттык расписаниеге;
2) мамлекеттик сырларга уруксат берүү таризделүүгө тийиш болгон Кызматкерлердин Кызмат орундарынын номенклатурасы;
3) кызмат адамдарынын жана кызматкерлердин мамлекеттик сырларга уруксат алуу формасы өзгөргөндө;
4) Мамлекеттик сырларды түзүүчү башкы маалыматтардын тизмеги жана жашырылууга тийиш болгон маалыматтардын ведомстволук тизмеги;
5) ошондой эле ээлеген кызмат орду Кызмат орундардын номенклатурасында каралган убактылуу жок болгон кызматкердин милдеттерин аткарганда (ордуна иштеген учурда).
9. Мамлекеттик сырларга уруксаты бар кызмат адамдарына жана кызматкерлерге үстөк тиешелүү буйрук (тескеме, чечим) чыгарылган учурдан тартып төлөнөт.
Буйрукта (тескемеде, чечимде) кызмат ордун ээлеген кызмат адамынын жана кызматкердин фамилиясы, аты, атасынын аты, мамлекеттик сырларды түзүүчү маалыматтарга уруксат берүүнүн формасы, номери, датасы, белгиленген үстөктүн пайыздык өлчөмү пайыз менен жана мамлекеттик сырларды түзүүчү маалыматтар менен иштеп баштаган дата көрсөтүлөт.
Эгерде тиешелүү уруксаты бар кызмат адамы жана кызматкер үстөк белгиленгенден кийин календардык жыл ичинде мамлекеттик сырларды түзүүчү маалымат менен таанышпаса, үстөк төлөө токтотулат. Көрсөтүлгөн маалыматтар менен иш жүзүндө таанышкандан кийин гана үстөк төлөө жандандырылат.
10. Үстөк төлөө төмөнкүдөй күндөн кийинки күндөн тартып төлөнбөйт жана токтотулат:
1) ээлеген кызмат ордунан бошотулганда (четтетилгенде);
2) мамлекеттик сырларды түзүүчү маалыматтар менен туруктуу негизде иштөөдөн буйрук (тескеме, чечим) менен четтетилгенде;
3) мамлекеттик сырларга уруксат берүү токтотулганда;
4) бала багуу боюнча өргүүгө кеткенде;
5) эмгек акысын (акчалай күтүмүн) сактабастан өргүүгө чыкканда;
6) кадрлардын карамагына киргизилгенде.
11. Төмөнкү адамдарга үстөк төлөнбөйт:
1) айкалыштырып иштегендерге жана негизги иштеген жери боюнча үстөк алгандарга;
2) саатына эмгек акы алып иштегендерге;
3) жарандык-укуктук мүнөздөгү (подряд, тапшырма жана башка) келишим боюнча иштегендерге;
4) иштен (кызматтан) бошотулганда берилүүчү өргүү учурунда.
4-глава. Үстөк төлөөнү контролдоо
12. Иште жашыруундуулук режимин начарлатууну пайда кылган жол берүүлөр пайыздык үстөктүн төмөндөшүнө жана ажыратылышына алып келиши мүмкүн.
13. Ушул Нускамада каралган ар айлык пайыздык үстөктү төлөө жана өлчөмүн бекитүү боюнча тартиптин сакталышын контролдоо тиешелүү мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жана уюмдун жетекчисине жүктөлөт.
Тиркеме |
| |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 2-майындагы № 238 токтомуна) |
Жумушу мамлекеттик сырларга байланышкан жарандардын кызмат маяналарына пайыздык үстөктү төлөө тартиби жана шарттары жөнүндө НУСКАМА
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-ноябрындагы № 674 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Жумушу мамлекеттик сырларга байланышкан жарандардын кызмат маяналарына пайыздык үстөктү төлөө тартиби жана шарттары жөнүндө нускама (мындан ары - Нускама) мамлекеттик сырларды түзүүчү маалыматтар менен туруктуу негизде иштеген жарандар үчүн кызматтык (тарифтик) маянасына ай сайын пайыздык үстөктөрдү (мындан ары - үстөк) төлөөнүн жана өлчөмүн белгилөөнүн тартибин аныктайт.
Мамлекеттик сырларды түзүүчү маалыматтар менен туруктуу негизде иштеген жарандар деп мамлекеттик сырларга уруксат берилүүгө тийиш болгон кызматкерлердин кызмат орундарынын бекитилген номенклатурасынын (мындан ары - Кызмат орундардын номенклатурасы) негизинде белгиленген тартипте мамлекеттик сырларга тиешелүү уруксат таризделген жана көрсөтүлгөн маалыматтар аларга жүктөлгөн кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон кызмат адамдары жана кызматкерлер эсептелет.
Мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана уюмдардын мамлекеттик сырларды коргоо боюнча түзүмдүк бөлүмдөрү - мамлекеттик сырларды түзүүчү маалыматтарды аларга жүктөлгөн милдеттерге ылайык жана өз компетенцияларынын чегинде коргоону камсыз кылуучу өз алдынча бөлүмдөр (жооптуу адамдар).
2-глава. Үстөктү төлөө шарттары