Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

 

2023-жылдын 18-апрели № 208

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин саламаттык сактоо жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

 

(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-июлундагы № 493 токтомунун редакциясына ылайык)

Функциялардын бири бирин кайталашын болтурбоо, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду тарабынан бюджеттик каражаттарды оптималдаштыруу жана сарамжалдуу пайдалануу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-июлундагы № 493 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын, анын ичинде техникалык жана тейлөөчү персоналынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинде:

- 8-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

8

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги

457

146

 

анын ичинде:

 

 

 

борбордук аппарат

71

15

 

ведомстволук бөлүмдөр:

 

 

 

анын ичинде:

 

 

 

Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти

99

36

 

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Электрондук саламаттык сактоо борбору

64

6

 

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Саламаттык сактоону жана медициналык технологияларды өнүктүрүү борбору

38

7

 

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду

185

82

 

анын ичинде:

 

 

 

борбордук аппарат

63

13

 

аймактык бөлүмдөр

122

69

3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 339 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду жөнүндө жободо:

- 12-пунктта:

2-пунктчанын төртүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;

5-пунктча төмөнкүдөй мазмундагы он биринчи абзац менен толукталсын:

"- ММК фонду менен келишим боюнча иштеген, менчигинин түрүнө карабастан медициналык жана фармацевтикалык кызмат көрсөтүүчүлөргө иштин акыркы жыйынтыгы боюнча акы төлөө.".

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

 

А.У. Жапаров