Сравнение редакций…
| Тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-апрелиндеги № 225 токтому менен бекитилди) |
Аудитордук уюмдун жана кесиптик аудитордук
бирикменин иши жөнүндө отчетторду түзүү жана
берүү тартиби
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Аудитордук уюмдун жана кесиптик аудитордук бирикменин иши жөнүндө отчетторду түзүү жана берүү тартиби (мындан ары - Тартип) аудитордук уюмдун, кесиптик аудитордук бирикменин иши жөнүндө отчетторду, анын ичинде кесиптик аудитордук бирикменин мүчөлөрүнө жүргүзүлгөн аудиттин сапатын контролдоонун натыйжалары боюнча отчетторду, коомдук кызыкчылык субъекттерине, ири ишкердик субъекттерине аудит жүргүзүүгө уруксат берилген аудитордук уюмдун ачык-айкындыгы жөнүндө отчетторду (мындан ары - отчеттор) түзүү жана аларды ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берүү талаптарын белгилейт.
2. Отчеттор календардык жылдын 1-январынан тартып 31-декабрына чейинки отчеттук мезгил үчүн түзүлөт жана отчеттук мезгил аяктагандан кийин 30-июндан кечиктирбестен ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилет.
3. Биринчи жолу түзүлгөн аудитордук уюм, коомдук кызыкчылык субъекттерине, ири ишкердик субъекттерине аудит жүргүзүүгө уруксат берилген аудитордук уюм жана кесиптик аудитордук бирикме үчүн отчеттук мезгил болуп бирдиктүү мамлекеттик реестрге каттоого турган күндөн тартып 31-декабрга чейинки мезгил эсептелет.
4. Отчеттогу акчалай көрсөткүчтөр Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында - сом менен көрсөтүлөт.
5. Отчеттор кагаз же электрондук форматтарда берилет.
6. Маалыматтарды киргизүү үчүн отчеттун бланкынын таблицаларында көрсөтүлгөн саптар жетишсиз болгон учурда таблицаларга зарыл сандагы саптарды өз алдынча кошууга жол берилет.
7. Тигил же бул уячада көрсөтүү үчүн маалыматтар жок болгон учурда сызыкча коюлат.
8. Отчеттун ар бир барагынын жогорку бөлүгүндө аудитордук уюмдун, коомдук кызыкчылык субъекттерине, ири ишкердик субъекттерине аудит жүргүзүүгө уруксат берилген аудитордук уюмдун, кесиптик аудитордук бирикменин аталышы көрсөтүлөт, ал эми төмөнкү бөлүгүндө отчеттун формасына ылайык аудитордук уюмдун, коомдук кызыкчылык субъекттерине, ири ишкердик субъекттерине аудит жүргүзүүгө уруксат берилген аудитордук уюмдун, кесиптик аудитордук бирикменин жетекчисинин жеке кол тамгасы коюлат жана отчетту толтуруу датасы көрсөтүлөт. Отчетту электрондук форматта берүүдө электрондук кол тамга колдонулат.
9. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган отчеттордо берилген жана аудитордук иш жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жалпыга жеткиликтүү болуп саналган маалыматты ачыкка чыгарууга укуктуу.
10. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган отчетторду түшүндүрүү же тактоо үчүн зарыл болгон кошумча маалыматтарды жана документтерди жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аудитордук уюмдан, коомдук кызыкчылык субъекттерине жана ири ишкердик субъекттерине аудит жүргүзүүгө уруксат берилген аудитордук уюмдан жана кесиптик аудитордук бирикмеден суроого укуктуу.
11. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкерлери отчеттордо камтылган купуя маалыматты жарыя кылгандыгы үчүн аудитордук иш жөнүндө, жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө, коммерциялык сыр жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликти тартат.
12. Отчеттордо берилген анык эмес маалымат жана ушул Тартипти аткарбагандыгы үчүн аудитордук уюм, коомдук кызыкчылык субъекттерине, ири ишкердик субъекттерине аудит жүргүзүүгө уруксат берилген аудитордук уюм жана кесиптик аудитордук бирикме укук бузуулар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
2-глава. Аудитордук уюмдун иши жөнүндө отчет
13. Бирдиктүү мамлекеттик реестрге киргизилген аудитордук уюмдар жана коомдук кызыкчылык субъекттерине, ири ишкердик субъекттерине аудит жүргүзүүгө уруксат берилген аудитордук уюмдар отчеттук мезгил үчүн аудитордук уюмдун иши жөнүндө отчетту ушул Тартиптин 1-тиркемесине ылайык берет.
3-глава. Коомдук кызыкчылык субъекттерине жана ири ишкердик субъекттерине аудит жүргүзүүгө уруксат берилген аудитордук уюмдун ачык-айкындыгы жөнүндө отчет
14. Коомдук кызыкчылык субъекттерине, ири ишкердик субъекттерине аудит жүргүзүүгө уруксат берилген аудитордук уюмдар иши жөнүндө отчет менен бирге ушул Тартиптин 2-тиркемесине ылайык отчеттук мезгил үчүн ачык-айкындык жөнүндө отчет берет.
15. Коомдук кызыкчылык субъекттерине, ири ишкердик субъекттерине аудит жүргүзүүгө уруксат берилген аудитордук уюмдун ачык-айкындыгы жөнүндө отчет аудитордук уюмдун расмий веб-сайтына жарыяланууга тийиш жана ал жарыяланган күндөн тартып 5 (беш) жыл ичинде жеткиликтүү бойдон калууга тийиш. Ачык-айкындык жөнүндө отчет отчетту пайдалануучулардын маалыматты кабыл алуусу үчүн ыңгайлуу болгон баяндоо жана эркин формада түзүлүүгө тийиш.
4-глава. Кесиптик аудитордук бирикменин иши жөнүндө отчет
16. Кесиптик аудитордук бирикме ушул Тартиптин 3-тиркемесине ылайык отчеттук мезгилдеги иши жөнүндө отчетту, анын ичинде бирдиктүү мамлекеттик реестрге киргизилген өзүнүн мүчөлөрүнө жүргүзүлгөн аудиттин сапатын контролдоонун натыйжалары боюнча отчет берет.
17. Кесиптик аудитордук бирикме бирдиктүү мамлекеттик реестрге киргизилген анын мүчөлөрү тарабынан аудит чөйрөсүндөгү мыйзамдардын бузулгандыгы аныкталган учурда аныкталган эреже бузуулар жөнүндө аудиттин сапатын контролдоонун натыйжалары жөнүндө отчетко кол коюлгандан кийин 10 (он) жумуш күндүн ичинде аудиттин сапатын контролдоонун натыйжалары жөнүндө отчеттун көчүрмөсүн берүү аркылуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга билдирүүгө милдеттүү.
18. Ушул Тартиптин 3-тиркемесине ылайык жарыяланууга тийиш болгон кесиптик аудитордук бирикменин иши жөнүндө отчет 3.1ден тартып 3.10го чейинки таблицаларды милдеттүү түрдө камтууга тийиш.
19. Кесиптик аудитордук бирикме өзүнүн иши жөнүндө жылдык отчетту өзүнүн веб-сайтына жарыялайт.
| Аудитордук уюмдун жана кесиптик аудитордук бирикменин иши жөнүндө отчетторду түзүү жана берүү тартибине 1-тиркеме |
20__-жылдын ______________ тартып ______________ чейинки отчеттук мезгил үчүн аудитордук уюмдун иши жөнүндө отчет
Каттоо маалыматтары: ЖКН: ________________________________________________________________ Каттоо датасы: ____________________________________________________________________________ Уюштуруучулук-укуктук формасы: ___________________________________________________________ Аудитордук уюмдун толук аталышы: _________________________________________________________ Аудитордук уюмдун кыскартылган аталышы (эгерде болсо): _____________________________________ Жетекчинин аты-жөнү: ______________________________________________________________________ Жетекчинин аудиторунун сертификаты жөнүндө маалыматтар (№ жана датасы): ____________________ Юридикалык дареги: Филиалдардын юридикалык дареги (эгерде болсо): ____________________________________________ Телефон: ______________________ Факс: ______________________ e-mail: _______________________ Интернеттеги сайты: ______________________________________________________________________ |
|