Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 28-майындагы № 265 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 25-апрели № 220
Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2023/2024-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-октябрындагы № 519 токтомунун редакциясына ылайык)
Экономика тармактарын жана калкты электр, жылуулук энергиясы жана отун ресурстары менен камсыз кылуу, министрликтерди, мамлекеттик комитетти, административдик ведомстволорду жана республиканын региондорун 2023/2024-жылдардын күз-кыш мезгилинен өтүүгө өз убагында даярдоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2023/2024-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча иш-чаралар планы (мындан ары - Иш-чаралар планы) 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Министрликтер, мамлекеттик комитет, административдик ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу "Кыргызкөмүр" жана "Кыргызжылуулукэнерго" мамлекеттик ишканалары (мындан ары - "Кыргызкөмүр" МИ, "Кыргызжылуулукэнерго" МИ) Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана макулдашуу боюнча: жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, Бишкек шаарынын мэриясынын "Бишкекжылуулукэнерго" коммуналдык ишканасы, "Электр станциялар", "Кыргызстан улуттук электр тармагы", "Кыргыз энергетикалык эсептөө борбору", "Кыргызнефтегаз" ачык акционердик коомдору (мындан ары - ААК), "Газпром Кыргызстан" жоопкерчилиги чектелген коому (мындан ары - ЖЧК) жана "Жылуулук камсыздоо" Ош муниципалдык ишканасы:
1) 1-21-тиркемелерге ылайык Иш-чаралар планын, электр энергиясын жана кубаттуулукту керектөө лимиттерин, графиктерди жана тапшырмаларды аткарууну камсыз кылсын;
2) 2023-жылдын 1-июнуна чейинки мөөнөттө:
- 2022/2023-жылдардын жылытуу мезгилинен өтүүнүн жыйынтыктарын эске алуу менен алдыдагы күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча уюштуруу-техникалык иш-чараларды иштеп чыксын;
- Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу Энергетикалык көзөмөл боюнча кызматтын жана Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен алдыдагы күз-кыш мезгилине отун-энергетикалык комплексинин жылытуучу от казандарынын жана ишканаларынын иштөөгө даярдыгын текшерүү боюнча жумушчу комиссияларды түзсүн (балансында жылытуучу от казандары жана жылуулук-энергетикалык жабдуулардын башка түрлөрү бар мекемелер үчүн);
3) 2023-жылдын 1-июлуна чейинки мөөнөттө белгиленген тартипте бюджеттик уюмдар үчүн отунду мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүү боюнча чараларды көрсүн, аны жеткирүүгө келишимдерди түзсүн;
4) ушул токтомду аткаруу жөнүндө маалыматты, анын ичинде көмүр сатып алууга конкурстарды өткөрүү, отунду камдоо боюнча пландуу тапшырмаларды аткаруу, отун базаларын жана көмүрдүн рыноктук баасын көрсөтүү менен көмүр сатуу пункттарын түзүү жөнүндө маалыматты ай сайын Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине отчеттук мезгилден кийинки айдын 15инен кечиктирбестен 1ине карата абал боюнча берип турсун.
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине маалыматтарды берүү жана анын аныктыгы үчүн жоопкерчилик министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, административдик ведомстволордун, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарынын жетекчилерине, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана Кыргыз Республикасынын отун-энергетикалык комплексинин ишканаларынын жетекчилерине жүктөлөт;
5) отун-энергетикалык ресурстарды керектөөдө чыгымдарды азайтуу үчүн энергияны үнөмдөө жана энергиянын натыйжалуулугун жогорулатуу саясатын ишке ашыруу боюнча туруктуу негизде чараларды көрсүн.