КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 23-майы № 270
Кыргыз Республикасында дене тарбия жана спортту андан ары өнүктүрүүнү камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө
Дене тарбия, спортту жана билим берүүнү андан ары өнүктүрүүнү камсыз кылуу, дене тарбия, спорт жана билим берүү чөйрөсүндө башкаруу жана жөнгө салуу механизмдерин өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад шаары, Пушкин көчөсү, 148а дареги боюнча жайгашкан "№ 1 кесиптик лицей" мекемесинин базасында "Олимпиадалык резервдин региондук мектеби" мекемеси түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги:
- башталгыч кесиптик билим берүү системасынын окуучуларын даярдоону камсыз кылуу үчүн арналган материалдык жана техникалык каражаттарды (жабдууларды, техникаларды) кошпогондо, имараттарды жана курулмаларды түзүлгөн "Олимпиадалык резервдин региондук мектеби" мекемесине белгиленген тартипте өткөрүп берүү менен Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад шаары, Пушкин көчөсү, 148а дареги боюнча жайгашкан "№ 1 кесиптик лицей" мекемесин жоюу боюнча зарыл чараларды көрсүн;
- жоюлуп жаткан "№ 1 кесиптик лицей" мекемесинин материалдык жана техникалык каражаттарын максаттуу пайдаланууну камсыз кылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 251 "Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Дене тарбия жана спорт департаментинин башкаруу схемасында:
"Ведомстволук мекемелер" позициясы ", Олимпиадалык резервдин региондук мектеби" мекемеси" деген сөздөр менен толукталсын.
4. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик белгиленген тартипте Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад шаары, Пушкин көчөсү, 148а дареги боюнча жайгашкан жоюлуп жаткан "№ 1 кесиптик лицей" мекемесинин балансынан имараттарды жана курулмаларды жанаша жайгашкан 4,86 га аянтты түзгөн жер участогу менен Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Дене тарбия жана спорт департаментинин балансына өткөрүп берсин.
6. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жыл сайын республикалык бюджетте түзүлгөн мекеменин ишин камсыз кылуу үчүн зарыл болгон өлчөмдө финансылык каражаттарды карасын.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
8. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Эркин Тоо газетасынын 2023-жылдын 30-майындагы №43 (3492) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У.Жапаров |