Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2023-жылдын 29-майы № 291

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин маселелери жөнүндө

(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-сентябрындагы № 497, 2023-жылдын 24-октябрындагы № 566,  2024-жылдын 17-майындагы  № 252 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 28-мартындагы № 69 "Мамлекеттик мүлктү башкаруу маселелери жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;

2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин башкаруу схемасы 2-тиркемеге ылайык;

3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы "Аукциондук борбор" мамлекеттик мекемеси жөнүндө жобо 3-тиркемеге ылайык.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 250 "Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги жөнүндө жободо:

- 1-пункттун 1-пунктчасынын жетинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;

- 1-пункттун 2-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"мамлекеттик салык, бажы саясатын, камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу жана мамлекеттик мүлктү башкаруу жаатындагы мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу боюнча.";

- 12-пункттун 1-пунктчасынын алтымыш алтынчы абзацындагы "жана ишке ашырат" деген сөздөр алып салынсын;

2) (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-сентябрындагы № 497 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-сентябрындагы № 497 токтомунун редакциясына ылайык)

3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-декабрындагы № 300 "Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана уюмдарынын маселелери жөнүндө" токтомунун 1-пунктунун 6, 7 жана 14-пунктчалары күчүн жоготту деп таанылсын.

4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын, анын ичинде техникалык жана тейлөөчү персоналынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: