Загрузка документа…
| 1-тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-майындагы № 291 токтомуна ылайык) |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө
ЖОБО
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-сентябрындагы № 515, 2024-жылдын 29-мартындагы № 143, 2024-жылдын 29-мартындагы № 146, 2024-жылдын 28-майындагы № 276, 2025-жылдын 19-ноябрындагы № 746 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик (мындан ары - Маммүлк) мамлекеттик мүлктүн менчик ээси катары мамлекеттин кызыкчылыктарын коргоочу, мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашырууну камсыз кылуучу Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы болуп саналат.
2. Маммүлк өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдерин жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Маммүлк өзүнүн ишин мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук бирикмелер, илимий жана башка уюмдар менен өз ара аракеттенүү менен жүргүзөт.
4. Маммүлк Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекетгик мүлктү башкаруу боюнча фонддун укук улантуучусу болуп саналат.
5. Маммүлк мамлекеттик жер фондунун объекттерин мамлекеттик менчикте турган жер участокторун берүү тартиби жөнүндө мыйзамдарда каралган учурларда жана тартипте башкарууну жүргүзөт.
6. Маммүлк юридикалык жак болуп саналат, өз алдынча балансы, банктарда жана казыналык системасында алыш-бериш жана башка эсептери, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн жана өзүнүн аталышы мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылган мөөрү, ошондой эле белгиленген үлгүдөгү башка мөөрлөрү, штамптары, бланктары бар.
Маммүлктүн уюштуруу-укуктук формасы - оперативдүү башкаруу укугунда түзүлгөн мамлекеттик мекеме.
7. Маммүлктүн толук фирмалык аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик";
- расмий тилде: "Государственное агентство по управлению государственным имуществом при Кабинете Министров Кыргызской Республики".
8. Маммүлктүн кыскартылган фирмалык аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Маммүлк";
- расмий тилде: "Госимущество".
9. Маммүлктүн юридикалык дареги: 720017, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Москва көчөсү, 151.