Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 23-июну № 312
Кыргыз Республикасынын башталгыч жана орто кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарынын жетекчилерин кызмат ордуна дайындоо, кызмат ордунан бошотуу жана аттестациялоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 8-майындагы № 220, 2024-жылдын 10-майындагы № 232, 2024-жылдын 13-сентябрындагы № 568, 2025-жылдын 10-июнундагы № 329, 2025-жылдын 2-июлундагы № 391 токтомдорунун редакциясына ылайык)
Башталгыч жана орто кесиптик билим берүү жаатында ченемдик укуктук жөнгө салууну өркүндөтүү, башталгыч жана орто кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарынын жетекчилерин дайындоо жол-жоболорун оптималдаштыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 4-майындагы № 200 токтому менен бекитилген 2021-2040-жылдары Кыргыз Республикасында билим берүүнү өнүктүрүү программасынын алкагында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын башталгыч жана орто кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарынын жетекчилерин кызмат ордуна дайындоо, кызмат ордунан бошотуу жана аттестациялоо тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 23-июну № 312
Кыргыз Республикасынын орто кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарынын жетекчилерин кызмат ордуна дайындоо, кызмат ордунан бошотуу жана аттестациялоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 8-майындагы № 220, 2024-жылдын 10-майындагы № 232, 2024-жылдын 13-сентябрындагы № 568, 2025-жылдын 10-июнундагы № 329, 2025-жылдын 2-июлундагы № 391, 2026-жылдын 17-апрелиндеги № 258
токтомдорунун редакциясына ылайык)
Орто кесиптик билим берүү жаатында ченемдик укуктук жөнгө салууну өркүндөтүү, башталгыч жана орто кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарынын жетекчилерин дайындоо жол-жоболорун оптималдаштыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 4-майындагы № 200 токтому менен бекитилген 2021-2040-жылдары Кыргыз Республикасында билим берүүнү өнүктүрүү программасынын алкагында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-апрелиндеги № 258 токтомунун редакциясына ылайык)