Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2023-жылдын 23-июну № 312

Кыргыз Республикасынын башталгыч жана орто кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарынын жетекчилерин кызмат ордуна дайындоо, кызмат ордунан бошотуу жана аттестациялоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 8-майындагы № 220, 2024-жылдын 10-майындагы № 232, 2024-жылдын 13-сентябрындагы № 568 токтомдорунун редакциясына ылайык)

 

 

Башталгыч жана орто кесиптик билим берүү жаатында ченемдик укуктук жөнгө салууну өркүндөтүү, башталгыч жана орто кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарынын жетекчилерин дайындоо жол-жоболорун оптималдаштыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 4-майындагы № 200 токтому менен бекитилген 2021-2040-жылдары Кыргыз Республикасында билим берүүнү өнүктүрүү программасынын алкагында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын башталгыч жана орто кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарынын жетекчилерин кызмат ордуна дайындоо, кызмат ордунан бошотуу жана аттестациялоо тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

11. Кыргыз Республикасынын башталгыч жана орто кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин кызмат ордуна талапкерлерди тестирлөө борборлоштурулган негизде Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаменти тарабынан башталгыч жана орто кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдары ведомстволук баш ийүүсүндө турган мамлекеттик органдын бюджеттик каражаттарынын чегинде жүргүзүлөт деп белгиленсин.

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин  2024-жылдын 10-майындагы № 232, 2024-жылдын 13-сентябрындагы № 568 токтомдорунун редакциясына ылайык)

2. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 8-майындагы № 220 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 3-февралындагы № 53 "Кыргыз Республикасынын кесиптик жогорку жана орто билим берүүчү уюмдарынын иш-аракеттерин жөнгө салуучу ченемдик-укуктук актыларын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын кесиптик орто билим берүүчү уюмдары жөнүндө жободо:

- 1.2-пунктта "Өкмөтүнүн" деген сөз "Министрлер Кабинетинин" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 1.5-пунктта "мамлекеттик аккредитациялоодо (аттестациялоодо)" деген сөздөр "аккредитациялоодо" деген сөзгө алмаштырылсын;

- 2.1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2.1. Республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен студенттерди коождорго окууга кабыл алуунун көлөмү жана түзүмү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.";

- 2.2-пунктта "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 3.2-пунктта "Өкмөтүнүн" деген сөз "Министрлер Кабинетинин" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 3.7-пункттун экинчи абзацында "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 3.8-пункттун үчүнчү абзацында:

"Мамлекеттик аккредитациясы (аттестациясы)" деген сөздөр "Аккредитациясы" деген сөзгө алмаштырылсын;

"Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;