Загрузка документа…
Тиркеме |
| |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-июнундагы № 312 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын орто кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарынын жетекчилерин кызмат ордуна дайындоо, кызмат ордунан бошотуу жана аттестациялоо тартиби жөнүндө жобо
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 10-майындагы № 232, 2025-жылдын 22-апрелиндеги № 222, 2025-жылдын 8-сентябрындагы № 570, 2026-жылдын 17-апрелиндеги № 258
токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын орто кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарынын жетекчилерин кызмат ордуна дайындоо, кызмат ордунан бошотуу жана аттестациялоо тартиби жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) ведомстволук баш ийүүсүнө карабастан орто кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарынын жетекчилерин кызмат ордуна дайындоо, кызмат ордунан бошотуу жана аттестациялоо тартибин аныктайт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-апрелиндеги № 258 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Орто кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмунун жетекчиси орто кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюму ведомстволук баш ийүүсүндө болгон Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) тарабынан конкурстук тандоонун жыйынтыгы боюнча беш жылдык мөөнөткө дайындалат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-апрелиндеги № 258 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын орто кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарынын жетекчилерин кызмат ордуна дайындоонун жана кызмат ордунан бошотуунун тартиби
3. Бош кызмат орду пайда болгон күндөн тартып ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кадр кызматы үч жумуш күндүн ичинде бул жөнүндө орто кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюму ведомстволук баш ийүүсүндө болгон ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисине жазуу жүзүндө билдирет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-апрелиндеги № 258 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Жетекчинин бош кызмат ордунун милдеттерин аткаруу конкурстук процедуралар аяктаганга чейин ушул орто кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмунун директорунун орун басарларынын бирине үч айдан ашпаган мөөнөткө жүктөлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-апрелиндеги № 258 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жетекчинин бош кызмат ордунун милдеттерин аткарууну жүктөө жөнүндө бир жолудан ашык эмес чечим кабыл алынат, жетекчинин милдетин аткаруучу баш тарткан же андан ары кызмат ордун ээлөөгө жөндөмсүз болгон учурлардан тышкары.
6. Жетекчинин кызмат ордун ээлөөгө конкурс орто кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюму ведомстволук баш ийүүсүндө болгон ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан өткөрүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-апрелиндеги № 258 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Жетекчинин кызмат ордун ээлөөгө конкурс төмөнкү этаптарды камтыйт:
1) конкурсту өткөрүү жөнүндө кулактандырууну конкурсту жарыялаган ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтына же гезитке жетекчинин бош кызмат орду пайда болгон күндөн тартып он беш жумуш күндөн кечиктирбестен жарыялоо;
2) конкурска катышууга каалоосун билдирген адамдардан документтерди кабыл алуу;
3) талапкерлердин документтеринин квалификациялык талаптарга шайкештигин кароо;
4) талапкерлерди тестирлөө;
5) орто кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмун өнүктүрүүнүн жакынкы 5 жылга перспективалуу планын кароо менен ыйгарым укуктуу органдын конкурстук комиссиясы тарабынан талапкерлер менен аңгемелешүү (мындан ары - аңгемелешүү).
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-апрелиндеги № 258 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Кулактандыруунун тексти төмөнкү маалыматтарды камтышы керек:
1) орто кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюму ведомстволук баш ийүүсүндө болгон ыйгарым укуктуу органдын аталышы;
2) конкурс жарыяланган кызматтын аталышы;
3) жайгашкан жерин көрсөтүү менен орто кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмунун толук аталышы, анын ишинин кыскача баяндамасы;
4) директордун кызмат ордуна талапкерге коюлуучу квалификациялык талаптар;
5) директордун кызматтык милдеттери;
6) конкурс өтүүчү дата жана жер, конкурска катышууга өтүнмөлөрдү берүү мөөнөттөрү жана кабыл алуучу жер;
7) маалыматты тактоо үчүн байланыш телефондору, электрондук даректер.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-апрелиндеги № 258 токтомунун редакциясына ылайык)
9. Документтерди кабыл алуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан 10 жумуш күндүн ичинде жүргүзүлөт.
10. Конкурска катышуу үчүн талапкерлер конкурс жарыялаган ыйгарым укуктуу органдын кадр кызматына төмөнкүдөй документтерди берет:
- паспорт ("Түндүк" электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы аркылуу санариптик форматта, же болбосо техникалык мүмкүнчүлүк жок болсо, түп нуска);
- арыз;
- кадрларды эсепке алуу боюнча толтурулган өздүк баракча (иш жүзүндө жашаган жердин дарегин жана телефонду көрсөтүү менен);
- резюме;
- билими жөнүндө документ жана анын тиркемелери ("Түндүк" электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы аркылуу санариптик форматта, же болбосо техникалык мүмкүнчүлүк жок болсо, түп нуска);
- электрондук эмгек китепчеси, же болбосо техникалык мүмкүнчүлүк жок болсо - эмгек китепчесинин түп нускасы;
- соттолбогондугу жөнүндө маалымкат ("Түндүк" электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы аркылуу санариптик форматта, же болбосо техникалык мүмкүнчүлүк жок болсо, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан берилген кагаз түрүндө);
- 3x4 өлчөмүндөгү 2 сүрөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 8-сентябрындагы № 570 токтомунун редакциясына ылайык)
101. Документтерди кабыл алуу конкурс жарыялаган ыйгарым укуктуу органдын кадр кызматынын жооптуу кызматкери тарабынан жүзөгө ашырылат.
Талапкер билими жөнүндө документтин жана эмгек китепчесинин түп нускаларын аларды электрондук түрдө алуу мүмкүнчүлүгү болбогон учурда гана берет. Билими жөнүндө документтин жана эмгек китепчесинин берилген түп нускалары кадрдык кызматтын ыйгарым укуктуу (жооптуу) кызматкери тарабынан алар текшерилгенден жана күбөлөндүрүлгөндөн кийин талапкерге кайтарылып берилүүгө тийиш.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 8-сентябрындагы № 570 токтомунун редакциясына ылайык)