Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Тиркеме

 

 

 

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-июнундагы № 312 токтомуна)

Кыргыз Республикасынын башталгыч жана орто кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарынын жетекчилерин кызмат ордуна дайындоо, кызмат ордунан бошотуу жана аттестациялоо тартиби жөнүндө жобо

(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 10-майындагы № 232 токтомунун редакциясына ылайык)

1. Жалпы жоболор

1. Кыргыз Республикасынын башталгыч жана орто кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарынын жетекчилерин кызмат ордуна дайындоо, кызмат ордунан бошотуу жана аттестациялоо тартиби жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) ведомстволук таандыгына карабастан башталгыч жана орто кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарынын (мындан ары - окуу жайлар) жетекчилерин кызмат ордуна дайындоо, кызмат ордунан бошотуу жана аттестациялоо тартибин аныктайт.

2. Окуу жайдын жетекчиси окуу жай ведомстволук баш ийүүсүндө болгон Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) тарабынан конкурстук тандоонун жыйынтыгы боюнча беш жылдык мөөнөткө дайындалат.

2. Кыргыз Республикасынын башталгыч жана орто кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарынын жетекчилерин кызмат ордуна дайындоонун жана кызмат ордунан бошотуунун тартиби

3. Бош кызмат орду пайда болгон күндөн тартып ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кадр кызматы үч жумуш күндүн ичинде бул жөнүндө окож ведомстволук баш ийүүсүндө болгон ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисине жазуу жүзүндө билдирет.

4. Жетекчинин бош кызмат ордунун милдеттерин аткаруу конкурстук процедуралар аяктаганга чейин ушул окуу жайдын директорунун орун басарларынын бирине үч айдан ашпаган мөөнөткө жүктөлөт.

5. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жетекчинин бош кызмат ордунун милдеттерин аткарууну жүктөө жөнүндө бир жолудан ашык эмес чечим кабыл алынат, жетекчинин милдетин аткаруучу баш тарткан же андан ары кызмат ордун ээлөөгө жөндөмсүз болгон учурлардан тышкары.

6. Жетекчинин кызмат ордун ээлөөгө конкурс окуу жай ведомстволук баш ийүүсүндө болгон ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан өткөрүлөт.

7. Жетекчинин кызмат ордун ээлөөгө конкурс төмөнкү этаптарды камтыйт:

1) конкурсту өткөрүү жөнүндө кулактандырууну конкурсту жарыялаган ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтына же гезитке жетекчинин бош кызмат орду пайда болгон күндөн тартып он беш жумуш күндөн кечиктирбестен жарыялоо;

2) конкурска катышууга каалоосун билдирген адамдардан документтерди кабыл алуу;

3) талапкерлердин документтеринин квалификациялык талаптарга шайкештигин кароо;

4) талапкерлерди тестирлөө;

5) окуу жайды өнүктүрүүнүн жакынкы 5 жылга перспективалуу планын кароо менен ыйгарым укуктуу органдын конкурстук комиссиясы тарабынан талапкерлер менен аңгемелешүү (мындан ары - аңгемелешүү).

8. Кулактандыруунун тексти төмөнкү маалыматтарды камтышы керек: