КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 29-июну № 329
Кыргыз Республикасынын аймагында калкты каттоо чөйрөсүндө санариптик документтерди киргизүү жана колдонуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги№ 167, 2024-жылдын 31-июлундагы № 435,
2025-жылдын 17-апрелиндеги № 207 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 17-декабрындагы № 64 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруусуна санариптик технологияларды киргизүүнү активдештирүү боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө", 2021-жылдын 8-февралындагы № 27 "Калкка мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу боюнча мындан аркы чаралар жөнүндө" жарлыктарын ишке ашыруу максатында, "Электрондук башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 29-июну № 329
Кыргыз Республикасынын аймагында калкты каттоо чөйрөсүндө санариптик документтерди киргизүү жана колдонуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 17-декабрындагы № 64 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруусуна санариптик технологияларды киргизүүнү активдештирүү боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө", 2021-жылдын 8-февралындагы № 27 "Калкка мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу боюнча мындан аркы чаралар жөнүндө" жарлыктарын ишке ашыруу максатында, "Электрондук башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 4-декабрындагы № 886 "Кыргыз Республикасынын жарандарын жашаган жана барган жеринде каттоонун жана каттоодогу эсептен чыгаруунун эрежеси жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандарын жашаган жана барган жеринде каттоонун жана каттоодогу эсептен чыгаруунун эрежеси жөнүндө жободо:
- 4-пунктта:
экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- паспорт (анын ичинде "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматта);";
төртүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- туулгандыгы тууралуу күбөлүк (анын ичинде "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматта) - 16 жашка чыга элек жарандар үчүн;";
- 9-пункттун үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- паспорт же жарандын ким экендигин ырастоочу аны алмаштыруучу башка документ (анын ичинде "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматта);";
- 9-1-пункттун үчүнчү абзацынын биринчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- КБМРде маалыматтар болбогондо "Даректик-маалымдама бюросу" автоматташтырылган маалыматтык системасына киргизүү үчүн арыз ээси тарабынан берилген документтердин түп нускаларын сканерлөө.";
- 21-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- жарандын ким экендигин ырастоочу документ (анын ичинде "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматта);";
- 22-пунктта:
экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- паспорт же мурдагы жашаган жери боюнча каттоону эсепке алуудан чыгаруу менен жарандын ким экендигин ырастоочу аны алмаштыруучу башка документ (анын ичинде "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматта);";
сегизинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- паспортунун же мурдагы жашаган жери боюнча каттоону эсепке алуудан чыгаруу менен жарандын ким экендигин ырастоочу аны алмаштыруучу башка документ (анын ичинде "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматта);".
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 19-декабрындагы № 689 "Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды каттоо маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды каттоо тартибинде:
- 14-пункттун 1-пунктчасынын алтынчы абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (анын ичинде "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматта), кабыл алуучу тарап болуп саналган чет өлкөлүк жарандын жана жарандыгы жок адамдын туруктуу жашап туруу укугу;";
- 16-пункттун сегизинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (анын ичинде "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматта), кабыл алуучу тарап болуп эсептелген чет өлкөлүк жарандын жана жарандыгы жок адамдын туруктуу жашап туруу укугу;";
- 17-пункттун бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (анын ичинде "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санарип форматында), кабыл алуучу тарап болуп эсептелген чет өлкөлүк жарандын жана жарандыгы жок адамдын туруктуу жашап туруу укугу;".
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-апрелиндеги № 238 "Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасы - паспорту (ID-карта) жана Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006 жана 2020-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспорту боюнча документтерди кабыл алуу жана аларды тариздөө, даярдоо (жекелештирүү), эсепке алуу, берүү жана жок кылуу тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасы - паспорту (ID-карта) жана Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006 жана 2020-жылдардын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспорту боюнча документтерди кабыл алуу жана аларды тариздөө, даярдоо (жекелештирүү), эсепке алуу, берүү жана жок кылуу тартиби жөнүндө нускамада:
- 13-пунктта:
4, 9-пунктчаларын кошпогондо бүткүл текст боюнча "КБМРде маалымат болбогондо" деген сөздөрдөн кийин "же "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы документти көрсөтүүгө мүмкүн болбогондо" деген сөздөр менен толукталсын;
4-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4) Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын же 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспортун алмаштырууда:
- паспорттун колдонуу мөөнөтү аяктаганына байланыштуу же арыз ээсинин каалоосу боюнча - алмаштырылуучу паспорт;
- жеке маалыматтар өзгөргөнүнө байланыштуу же Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын же 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспортунда каталар табылган учурда:
алмаштырылуучу паспорт;
туулгандыгы тууралуу күбөлүк же фамилиясын, атын, атасынын атын өзгөрткөндүгү тууралуу күбөлүк (фамилиясын, атын, атасынын атын өзгөрткөндө), никени каттоо же никени бузуу тууралуу күбөлүк (никеге турганда, никени бузганда), жубайынын өлгөндүгү тууралуу күбөлүк (жубайы каза болгон учурда) же КБМРде маалымат болбогондо актылык жазуудан көчүрмө же "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы аталган документти көрсөтүүгө мүмкүн болбогондо же мурда берилген 2004-жылдын же 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспортуна № 1 форма болбогон учурда;";
9-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"9) Кыргыз Республикасынын жарандыгын алууга же калыбына келтирүүгө байланыштуу:
- чет өлкөлүк паспорт. Мурда Кыргыз Республикасы менен чектеш мамлекеттердин жарандыгына ээ болгон арыз ээлеринин чет өлкөлүк паспорттору Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 10-августундагы № 174 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандык маселелерин кароонун тартиби жөнүндө жобого ылайык алынып коюлууга тийиш;
- арыз ээсин Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу же калыбына келтирүү жөнүндө маалымкат - КБМРде маалымат болбогондо;
- туулгандыгы тууралуу күбөлүк же туулгандыгы тууралуу актылык жазуудан көчүрмө - КБМРде маалымат болбогондо, "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы бул документти көрсөтүүгө мүмкүн болбогон учурда же мурда берилген 2004-жылдын же 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспортуна № 1 форма болбогон учурда;
- туулгандыгы тууралуу күбөлүк же фамилиясын, атын, атасынын атын өзгөрткөндүгү тууралуу күбөлүк (фамилиясын, атын, атасынын атын өзгөрткөндө), никени каттоо же никени бузуу тууралуу күбөлүк (никеге турганда, никени бузганда), жубайынын өлгөндүгү тууралуу күбөлүк (жубайы каза болгон учурда) - КБМРде маалымат болбогондо, "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы бул документти көрсөтүүгө мүмкүн болбогон учурда;";
- 3-пунктчаны, 5-пунктчанын үчүнчү абзацын кошпогондо, 14-пункт бүткүл тексти боюнча "КБМРде маалымат болбогондо" деген сөздөрдөн кийин "же "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы аталган документтерди көрсөтүүгө мүмкүн болбогондо" деген сөздөр менен толукталсын;
- 16-пункттун үчүнчү абзацынын биринчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- КБМРде маалымат болбогондо АМСке киргизүү үчүн арыз ээси берген документтердин түп нускаларын сканерден өткөрүү.".
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-сентябрындагы № 619 "Идентификациялык жеке номерди ыйгаруу жана өзгөртүү тартиби жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Идентификациялык жеке номерди ыйгаруу жана өзгөртүү тартибинде:
- 14-пункттун үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- туулгандыгы тууралуу күбөлүк же туулгандыгы тууралуу актылык жазуудан көчүрмө же Кыргыз Республикасынын жаранынын ким экендигин ырастоочу башка документ (анын ичинде "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматта);";
- 15-пункттун үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- туулгандыгы тууралуу күбөлүк же туулгандыгы тууралуу актылык жазуудан көчүрмө же Кыргыз Республикасынын жаранынын ким экендигин ырастоочу башка документ (анын ичинде "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматта);";
- 17-пункттун үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- баланын паспорту же туулгандыгы тууралуу күбөлүгү же туулгандыгы тууралуу актылык жазуудан көчүрмө (анын ичинде "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматта) жана анын көчүрмөсү;";
- 19-пункттун бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- өкүлдүн паспорту (анын ичинде "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматта) жана анын көчүрмөсү;";
- 20-пункттун бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- өкүлдүн паспорту (анын ичинде "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматта) жана анын көчүрмөсү;";
- 24-пункттун үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- туулгандыгы тууралуу күбөлүк же туулгандыгы тууралуу актылык жазуудан көчүрмө же жарандын ким экендигин ырастоочу документ (анын ичинде "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматта) жана анын көчүрмөсү;".
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 11-мартындагы № 90 "Кыргыз Республикасында жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тартиби жөнүндө нускамада:
- 3-пункттун үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматта Кыргыз Республикасынын жараны тарабынан көрсөтүлгөн жарандык абалдын актыларын каттоо күбөлүктөрү (туулгандыгы, никелешүү, никени бузуу, фамилиясын, атын, атасынын атын өзгөрткөндүгү) өзүнүн колу коюлган жана мөөр менен күбөлөндүрүлгөн кагаз түрүндөгү документтер менен бирдей юридикалык күчкө ээ.";
- 8-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"8. Жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо жана жарандык абалдын актылары тууралуу күбөлүктөрдү кайрадан берүү үчүн берилген бардык документтер КБМРде маалымат болбогон учурда милдеттүү сканерленүүгө тийиш.";
- 18-пункттун бешинчи абзацында "ЖААК" АМС" деген аббревиатуралар "КБМР" деген аббревиатураларга алмаштырылсын;
- 21-пункттун үчүнчү абзацы "(бар болсо)" деген сөздөрдөн кийин "- КБМРде маалымат жок болгон учурда" деген сөздөр менен толукталсын;
- 24-пункттун бешинчи абзацы "(бар болсо)" деген сөздөрдөн кийин "- КБМРде маалымат жок болгон учурда" деген сөздөр менен толукталсын;
- 26-пункттун төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- никелешүү тууралуу күбөлүк - КБМРде маалымат жок болгон учурда;";
- 29-пункттун үчүнчү абзацы "эненин туулгандыгы тууралуу күбөлүгү" деген сөздөрдөн кийин "- КБМРде маалымат жок болгон учурда" деген сөздөр менен толукталсын;
- 32-пунктта:
- сегизинчи, тогузунчу абзацтар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- эгерде алардын бири мурда никеде турган болсо никесинин бузулгандыгы тууралуу күбөлүк - КБМРде маалымат жок болгон учурда;
- мурдагы никеде жубайлардын бири каза болгон учурда өлгөндүгү тууралуу күбөлүк - КБМРде маалымат жок болгон учурда;";
жыйырманчы абзац "жалпы балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрү" деген сөздөрдөн кийин "- КБМРде маалымат жок болгон учурда" деген сөздөр менен толукталсын;
- 53-пунктта:
төртүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- эгерде арыз ээси никеде турса, никелешүү тууралуу күбөлүк - КБМРде жок болгон учурда;";
бешинчи абзац "(болсо)" деген сөздөн кийин "- КБМРде маалымат жок болгон учурда" деген сөздөр менен толукталсын;
- 54-пунктта:
экинчи абзац "арыз ээсинин ким экендигин күбөлөндүрүүчү документ" деген сөздөрдөн кийин "(анын ичинде "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматта)" деген сөздөр менен толукталсын;
"ЖААК" АМС" деген аббревиатуралар "КБМР" деген аббревиатураларга алмаштырылсын.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 8-октябрындагы № 203 "Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештердин укуктук абалынын маселелерин жөнгө салуу жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендеш статусун берүү, алмаштыруу, токтотуу жана андан ажыратуу тартиби жөнүндө жободо:
- 11-пунктта:
1-пунктчанын экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- Кыргыз Республикасынын жарандыгы токтотулгандыгын ырастоочу документ (Кыргыз Республикасынын калкынын бирдиктүү мамлекеттик реестринде маалымат жок болгон учурда же "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы документти көрсөтүүгө мүмкүн болбогондо талап кылынат);";
2-пунктчанын экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- туугандык байланыштарын ырастоочу документтер (туулгандыгы тууралуу күбөлүк, туулгандыгы тууралуу актылык жазуунун көчүрмөсү, жеке маалыматтар өзгөргөн учурда жеке маалыматтардын өзгөргөндүгүн ырастоочу документтер) жана алардын көчүрмөлөрү Кыргыз Республикасынын калкынын бирдиктүү мамлекеттик реестринде маалымат жок болгон учурда же "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы документти көрсөтүүгө мүмкүн болбогондо;";
3-пунктчанын экинчи, үчүнчү абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- туугандык байланыштарын ырастоочу документтер (туулгандыгы тууралуу күбөлүк же туулгандыгы тууралуу актылык жазуунун көчүрмөсү, жеке маалыматтар өзгөргөн учурда - жеке маалыматтардын өзгөргөндүгүн ырастоочу документтер) жана алардын көчүрмөлөрү - Кыргыз Республикасынын калкынын бирдиктүү мамлекеттик реестринде, электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталында маалымат жок болгон учурда же "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы аталган документти көрсөтүүгө мүмкүн болбогондо;
- Кыргыз Республикасынын жаранынын (атасынын же энесинин, чоң атасынын же чоң энесинин) паспорту жана анын көчүрмөсү - Кыргыз Республикасынын калкынын бирдиктүү мамлекеттик реестринде, электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталында маалымат жок болгон учурда же "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы аталган документти көрсөтүүгө мүмкүн болбогондо;".
7. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги ушул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрсүн.
8. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" гезитиннин 2023-жылдын 7-июлундагы № 54 (3503) санында жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |