Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

 

2023-жылдын 29-июну № 329

Кыргыз Республикасынын аймагында калкты каттоо чөйрөсүндө санариптик документтерди киргизүү жана колдонуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги№ 167 токтомунун редакциясына ылайык)

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 17-декабрындагы № 64 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруусуна санариптик технологияларды киргизүүнү активдештирүү боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө", 2021-жылдын 8-февралындагы № 27 "Калкка мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу боюнча мындан аркы чаралар жөнүндө" жарлыктарын ишке ашыруу максатында, "Электрондук башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 4-декабрындагы № 886 "Кыргыз Республикасынын жарандарын жашаган жана барган жеринде каттоонун жана каттоодогу эсептен чыгаруунун эрежеси жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандарын жашаган жана барган жеринде каттоонун жана каттоодогу эсептен чыгаруунун эрежеси жөнүндө жободо:

- 4-пунктта:

экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"- паспорт (анын ичинде "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматта);";

төртүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"- туулгандыгы тууралуу күбөлүк (анын ичинде "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматта) - 16 жашка чыга элек жарандар үчүн;";

- 9-пункттун үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"- паспорт же жарандын ким экендигин ырастоочу аны алмаштыруучу башка документ (анын ичинде "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматта);";

- 9-1-пункттун үчүнчү абзацынын биринчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"- КБМРде маалыматтар болбогондо "Даректик-маалымдама бюросу" автоматташтырылган маалыматтык системасына киргизүү үчүн арыз ээси тарабынан берилген документтердин түп нускаларын сканерлөө.";

- 21-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"- жарандын ким экендигин ырастоочу документ (анын ичинде "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматта);";

- 22-пунктта: