Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-апрелиндеги № 240 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 5-июлу № 334
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 4-июлундагы № 470 "Кыргыз Республикасынын кесиптик орто билим берүү уюмдарынын ишин жөнгө салуучу актыларды бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кесиптик орто билим берүү уюмдарына кабыл алууну жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 4-июлундагы № 470 "Кыргыз Республикасынын кесиптик орто билим берүү уюмдарынын ишин жөнгө салуучу актыларды бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын кесиптик орто билим берүүчү уюмдарына адамдарды окууга кабыл алуунун тартибинде:
- 2-пункттагы "(эгер окуу 3 жыл болсо)" деген сөздөр "(эгер окуу 2 жыл болсо)" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 5-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. КООЖдордун адистиктеринин тизмеси жана бюджеттик каражаттардын эсебинен кабыл алуу планы министрликтердин, ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын өтүнмөлөрүнүн негизинде жана жыл сайын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-июнундагы № 355 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жогорку жана кесиптик орто билим берүүчү билим берүү уюмдарынын мамлекеттик билим берүү гранттары жана бюджеттик орундары жөнүндө жободо белгиленген тартипте түзүлөт, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет. КООЖдор боюнча бюджеттик каражаттардын эсебинен кабыл алуу планы ведомстволук баш ийүүсүндө КООЖдор бар ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан бекитилет.";
- 7-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7. Уюштуруу-укуктук формаларына карабастан, адистиктер боюнча келишимдик (акы төлөнүүчү) негизде кабыл алуу планы КООЖдор тарабынан лицензияга ылайык түзүлөт.";
- 8-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"8. КООЖдор Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын кесиптик орто билим берүү адистиктеринин тизмесине ылайык тиешелүү адистиктер боюнча кесиптик орто билим берүү программаларын ишке ашыруу шарттары болгон учурда гана жарандарды окууга кабыл алууну жарыялоого укуктуу.";
- 11-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"11. Кабыл алуу комиссиясынын төрагасы кабыл алуу планынын аткарылышы, лицензиялык талаптардын, ошондой эле КООЖдорго кабыл алууну жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын талаптарынын сакталышы үчүн жоопкерчилик тартат, кабыл алуу жана апелляциялык комиссиялардын мүчөлөрүнүн милдеттерин аныктайт, алардын иштөө тартибин, кабыл алуу жана апелляциялык комиссиялардын жарандарды кабыл алуу графигин бекитет.";