КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-декабрындагы № 684 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-июлундагы № 365 токтомуна ылайык) |
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматына караштуу "Кыргыз аскердик технологиялар" мамлекеттик ишканасынын уставы
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Устав Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматына караштуу "Кыргыз аскердик технологиялар" мамлекеттик ишканасынын (мындан ары - Ишкана) укуктук абалын аныктайт, ал мамлекеттик мүлктү чарбалык жүргүзүү укугуна негизделген, мамлекеттик ишкананын уюштуруучулук-укуктук формасында түзүлгөн өз алдынча юридикалык жак болуп саналат.
2. Ишкана өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик актыларын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын (мындан ары - Чек ара кызматы) ведомстволук актыларын жана ушул Уставды жетекчиликке алат.
3. Ишкананын уюштуруучу документи болуп Устав эсептелет. Ишкананын уюштуруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети (мындан ары - уюштуруучу) саналат.
4. Улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча, ишкананын мамлекеттик башкаруучу органы болуп Чек ара кызматы эсептелет, ал Ишкананын ишине жалпы жетекчиликти, координацияны жана стратегиялык пландоону жүзөгө ашырат.
5. Ишкананын толук аталышы:
- мамлекеттик тилде: Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматына караштуу "Кыргыз аскердик технологиялар" мамлекеттик ишканасы;
- расмий тилде: Государственное предприятие "Кыргызские военные технологии" при Пограничной службе Государственного комитета национальной безопасности Кыргызской Республики.
Ишкананын кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде: "КАТ" МИ;
- расмий тилде: ГП "КВТ".
6. Ишкананын мүлкү жана пайдасы мамлекеттин менчиги болуп эсептелет. Ишкана толук чарбалык эсеп жана өзүн-өзү каржылоо принциптеринде аракеттенет, анын ичинде инвестицияларды тартуу жолу менен чарбалык келишимдерди түзүүгө, бүтүмдөрдү жасоого, мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарды алууга жана мамлекеттик ишканалардын ишин жөнгө салган Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган милдеттерди аткарууга, сот органдарында доогер жана жоопкер катары чыгууга укуктуу.
7. Ишкана Кыргыз Республикасынын банктарында алыш-бериш жана башка, анын ичинде валюталык эсептерди белгиленген тартипте ачууга укуктуу.