Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 26-августундагы № 504 токтомуна ылайык  КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2023-жылдын 14-августу № 406

Азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана рыноктук бааларды турукташтыруу боюнча чаралар жөнүндө

Өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана азык-түлүк товарларына рыноктук бааларды турукташтыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 34-1-беренесинин 2-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. 2023-жылдын 15-майынан тартып 2023-жылдын 25-майына чейин өсүмдүк майын ЕАЭБ ТЭИ ТН 1512 коду салык салынуучу жеткирүүлөргө жана салык салынуучу импортко кошумча нарк салыгынын (КНС) ставкасы нөл (0) пайыз өлчөмүндө белгиленсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

А.Жапаров