Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 12-июлу № 355
Улуттук инвестициялык долбоорлорду жана мамлекеттик маанидеги долбоорлорду тандоо регламенти жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 187, 2024-жылдын 3-сентябрындагы № 540 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасында инвестициялык жагымдуулукту жогорулатуу, ишкердик жана инвестициялык ишти жүргүзүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 23-мартындагы № 63 “Ишке ашыруусу өлкө үчүн стратегиялык мааниге ээ болгон улуттук долбоорлор жөнүндө” Жарлыгын жана Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 183-беренесинин 4, 5-бөлүктөрүн аткаруу үчүн, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Улуттук инвестициялык долбоорлорду жана мамлекеттик маанидеги долбоорлорду тандоо боюнча комиссия (мындан ары - Комиссия) 1-тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 187 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Улуттук инвестициялык долбоорлорду жана мамлекеттик маанидеги долбоорлорду тандоо регламенти 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 187 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Комиссия эки айлык мөөнөттө улуттук инвестициялык долбоорлорду жана мамлекеттик маанидеги долбоорлорду тандоо жол-жобосун баштасын.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 187 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-февралындагы № 119 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 12-июлу № 355