Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 9-августундагы № 398 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Эксперттик-криминалистикалык кызматы жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 15-январындагы № 10, 2026-жылдын 12-майы № 331 токтомдорунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул жобо Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Эксперттик-криминалистикалык кызматынын (мындан ары - Кызмат) ишинин тартибин аныктайт.
2. Кызмат Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин (мындан ары - Министрлик) ведомстволук бөлүмү болуп эсептелет.
3. Кызмат өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, кодекстерин, конституциялык мыйзамдарын, мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, Министрликтин буйруктарын жана тескемелерин, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
4. Кызмат мамлекеттик мекеменин уюштуруу-укуктук формасындагы юридикалык жак болуп саналат, өз алдынча балансы, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн мөөрү, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы, штамптары, фирмалык бланктары, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин казыналык системасында алыш-бериш эсеби бар.
5. Кызматтын толук аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Эксперттик-криминалистикалык кызматы";
- расмий тилде: "Экспертно-криминалистическая служба Министерства внутренних дел Кыргызской Республики".
Кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде: "КР ИИМ ЭКК";
- расмий тилде: "ЭКС МВД КР".
6. Кызматтын ишине ведомстволук контролду Министрлик жүзөгө ашырат.
7. Кызматтын юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Жибек-Жолу проспекти, 322, почта индекси 720011.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 12-майы № 331 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Кызмат өз ишин Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын бөлүктөрү, башка укук коргоо органдары, аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, башка уюмдар жана мекемелер, жеке жана юридикалык жактар менен өз ара аракеттенүүдө жүзөгө ашырат, ошондой эле эл аралык уюмдар жана чет мамлекеттердин компетенттүү органдары менен белгиленген тартипте кызматташат.