Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

21-тиркеме

 

 

(Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

2022-жылдын 30-мартындагы

№ 181 токтомуна ылайык)

 

Килим берүү системасынын педагогикалык жана айрым категориялардагы кызматкерлерине эмгек акы төлоө жөнүндо жобо

 

токтомдорунун редакцияларына ылайык)

1. Жалпы жоболор

1. Ушул Жобо билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин, педагогикалык жана айрым категориядагы кызматкерлеринин эмгек акыларын эсептоодо колдонулат.

2. Ушул Жободо көрсотүлгон билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин эмгек акыларын эсептоөнүн тартиби бардык мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарына колдонулат.

3. Билим берүү уюмдарынын жетекчилери жыл сайын, 1-сентябрга карата ушул Жобонун 1 жана 2-тиркемелерине ылайык форма боюнча педагогикалык кызматкерлердин тарифтик тизмелерин түзүшөт.

Билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин тарифтик тизмеде көрсөтүлгөн билими, педагогикалык ишинин стажы, илимий даражасы, ардак наамынын болушу жөнүндо маалыматтардын тууралыгы үчүн билим берүү уюмунун жетекчиси жеке жоопкерчилик тартат.

4. Окуу жылынын ичинде билим берүү уюмунун кызматкеринин педагогикалык иш стажы, билими жөнүндө маалыматтар өзгөргөн же аларга окумуштуулук даража ыйгарылган, "Эл" жана "Эмгек сиңирген" деген ардак наам берилген учурда - аларга тийиштүү кошумча акы белгиленет, ал эми "Кыргыз Республикасынын Баатыры" жогорку айырмалоочу даража ыйгарылган учурда эмгек акысынын өлчөмү көбөйтүлөт.

Мындай учурларда эмгек акысынын өлчөмү төмөнкүдөй өзгөртүлөт:

1) педагогикалык иш стажы көбөйгөндө - эгерде документтери билим берүү уюмунда болсо, тийиштүү стажга жеткен күндөн тартып же педагогикалык иш стажы үчүн кошумча акынын өлчөмүн жогорулатууга укук берген стаж жөнүндө документ тапшырылган күндөн тартып;

2) билим алганда же билими жонүндө документтери калыбына келтирилген учурда - тийиштүү документ тапшырылган күндөн тартып;

3) "Эл" жана "Эмгек сиңирген" деген ардак наам жана "Кыргыз Республикасынын Баатыры" жогорку айырмапоо даражасы ыйгарылган учурда - ыйгарылган күндон тартып;

4) окумуштуулук даража ыйгарылганда - Улуттук аттестациялык комиссиянын окумуштуулук даража ыйгаруу жөнүндө чечими чыгарылган күндөн тартып.

Кызматкерде ал кезектеги же кошумча оргүүдо жүргон, ошондой эле ал убактылуу эмгекке жарамсыз мезгилде эмгек акысынын өлчөмүн озгортүү укугу пайда более, өлчомү өзгортүлгон эмгек акысы өргүү же убактылуу эмгекке жарамсыздык аяктаган күндон тартып толонот.

2. Билимин жана педагогикалык иш стажын аныктоо тартиби

5. Педагогикалык кызматкерлердин билими окуу жайын бүтүргонү жонүндө документтин (диплом, аттестат) негизинде аныкталат.