Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 28-августу № 431
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Көз карандысыз сертификациялоо жана валидациялоо борбору жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-июлундагы № 391 токтомунун редакциясына ылайык)
Башталгыч кесиптик билим берүү чөйрөсүндө сапаттын кепилдигин камсыз кылуу талаптарын өз убагында жана толук аткаруу боюнча милдеттерди ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17, 26-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу "Көз карандысыз сертификациялоо жана валидациялоо борбору" мекемеси түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу "Көз карандысыз сертификациялоо жана валидациялоо борбору" мекемеси жөнүндө жобо ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык бекитилсин.
3. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-июлундагы № 391 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 434 "Мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ведомстволук мекемелеринде иштеген кызматкерлерге эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-пункттун 1-пунктчасында "1-34-тиркемелерге" деген сөздөр "1-341-тиркемелерге" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 28-августу № 431
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу Көз карандысыз сертификациялоо жана валидациялоо борбору жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-июлундагы № 391, 2026-жылдын 23-январындагы № 23 токтомунун редакциясына ылайык)
Башталгыч кесиптик билим берүү чөйрөсүндө сапаттын кепилдигин камсыз кылуу талаптарын өз убагында жана толук аткаруу боюнча милдеттерди ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17, 26-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу "Көз карандысыз сертификациялоо жана валидациялоо борбору" мекемеси түзүлсүн.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 23-январындагы № 23 токтомунун редакциясына ылайык)