Документке
Мурунку19.09.2025

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

 

2023-жылдын 13-сентябры № 470

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин салык салуу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-августундагы № 533, 2025-жылдын 19-сентябрындагы № 592 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

 

Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 "Кыргыз Республикасынын салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-июлундагы № 386 "Сатып алуу актысы" баштапкы эсепке алуу документинин типтүү бир түргө келтирилген формасын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

Жаңы13.09.2023

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

 

2023-жылдын 13-сентябры № 470

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин салык салуу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 "Кыргыз Республикасынын салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

 

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-июлундагы № 386 "Сатып алуу актысы" баштапкы эсепке алуу документинин типтүү бир түргө келтирилген формасын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

преамбуладагы "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 156-беренесин жана" деген сөздөр алып салынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-декабрындагы № 302 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы жөнүндө жободо:

- 15-пункттун 11-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын;

2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын башкаруу схемасы ушул токтомдун тиркемесине ылайык баяндалсын.

3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 31-декабрындагы № 359 "Акциз салыгын санариптик башкаруу боюнча пилоттук (эксперименттик) долбоорду жүргүзүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 1-пункттагы "30-июнуна" деген сөздөр "31-декабрына" деген сөздөргө алмаштырылсын.

4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-февралындагы № 84 "Иштин түрлөрү боюнча патенттин негизинде салыктын базалык суммасын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемеси төмөнкүдөй мазмундагы 35-пункт менен толукталсын:

"

35

Ломбард кызматтары

64.92

20000

";

- жогоруда аталган токтомдун 2-тиркемесиндеги 8-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"

8

Уюмдар жана жеке ишкерлер үчүн жумуштарды аткарууну кошпогондо, атайын курулуш иштери, анын ичинде оңдоо иштери

43.00.0

6000

".

5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-февралындагы № 94 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 336 жана 345-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 3-пункттун үчүнчү абзацындагы "сергитүүчү (энергетикалык) алкоголсуз суусундуктар" деген сөздөр "суулар, анын ичинде кант кошулмаларын же башка таттуу кылуучу, даам-жыпар жыт берүүчү заттарды камтыган минералдык жана газдалган суулар" деген сөздөргө алмаштырылсын;

2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында акциздик жыйым маркаларын берүү жана колдонуу тартиби жөнүндө жободо:

- 1-пункттун экинчи абзацындагы "Жободо" деген сөз "Ушул Жобонун максаттарында" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 1-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 8-пунктча менен толукталсын:

"8) банктык кепилдик - бул салык төлөөчү акциздик салыкты акциздик маркаларды алууга өтүнмө берген күндөн тартып 40 календардык күнгө чейин, бирок отчеттук салык мезгилинен кийинки айдын 20сынан кечиктирбестен төлөбөгөн учурда акциздик салыктын өлчөмүндөгү милдеттенменин салык төлөөчүнүн банктык кепилдигинде көрсөтүлгөн суммасын салык кызматынын органына төлөөгө кепил катары чыккан Кыргыз Республикасынын коммерциялык банкынын жазуу жүзүндөгү милдеттенмеси.";

- 3-пункттагы "сергитүүчү (энергетикалык) алкоголсуз суусундуктар" деген сөздөр "суулар, анын ичинде кант кошулмаларын же башка таттуу кылуучу, даам-жыпар жыт берүүчү заттарды камтыган минералдык жана газдалган суулар" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- төмөнкүдөй мазмундагы 61-пункт менен толукталсын:

"61. Полимер кега бул кутудан ажыратылбастан же бул картон кутуну кайра колдонуу мүмкүндүгүсүз сатылуучу бир жолу колдонулуучу картон кутуга таңгакталган полимердик кегага куюлган сыраны маркалоо картон кутуга чаптоо менен жүзөгө ашырылат.";

- 8-пункттагы "Тамеки буюмдарынын кутусунда" деген сөздөрдөн мурда "ТЭИ ТН 2402 жана 2404 товардык позицияларында классификациялануучу" деген сөздөр менен толукталсын;

- төмөнкүдөй мазмундагы 101 жана 102-пункттар менен толукталсын:

"101. ТЭИ ТН 2403 жана 2404 товардык позицияларында классификациялануучу тамеки жана никотин камтыган продукцияга акциздик марканы маркалоо продукция салынган бир жолку керектөө таңгагына чаптоо жолу менен жүргүзүлөт.

102. ТЭИ ТН 8543 40 000 0 товардык позицияларында классификациялануучу электрондук сигареттер жана ушул сыяктуу жекече электрдик буулануучу түзүлүштөр (никотинди жеткирүүнүн электрондук системалары) керектөө таңгагынын атайын целлофан таңгагына же үстүнө аларды бузбастан ажыратууга жол бербөөчү ыкма менен акциздик марканы чаптоо жолу менен маркаланат.";

- 16-пункттагы "14" деген цифралар "18" деген цифраларга алмаштырылсын;

19-пунктта:

- бешинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"- маркалануучу продукциянын бардык санына акциздик салык төлөнгөндүгүн жана банктык кепилдикти жана акциздик маркалардын номиналдык наркын ырастоочу төлөм документтеринин көчүрмөсүн жана түп нускасын. Төлөм документтеринин көчүрмөсү же банктык кепилдиктин түп нускасы салык кызматынын органында калат, төлөм документтеринин түп нускалары салык төлөөчүгө кайтарылып берилет.";

- төмөнкүдөй мазмундагы он экинчи-он төртүнчү абзацтар менен толукталсын:

"Салык кызматынын органдары өндүрүүчүлөрдүн жана импорттоочулардын мурда берилген банктык кепилдик боюнча акциздик салыкты төлөөсү боюнча милдеттенмелеринин аткарылышын эсепке алат жана контролдойт.

Салык кызматынын органдары берилген банктык кепилдиктердин эсебин жүргүзөт.

Салык төлөөчү акциздик салыкты белгиленген мөөнөттөрдө төлөбөгөн учурда салык кызматынын органдары банктык кепилдиктин аткарылышын контролдоого милдеттүү.";

- 21-пункт "акциздик салыкты" деген сөздөн кийин "же банктык кепилдикти" деген сөздөр менен толукталсын;

- 23-пункт "суммасын төлөө" деген сөздөрдөн кийин "же банктык кепилдикти берүү" деген сөздөр менен толукталсын;

3) жогоруда аталган токтомдун 3-тиркемесинин 1-пунктундагы "сергитүүчү (энергетикалык) алкоголсуз суусундуктар" деген сөздөр "суулар, анын ичинде кант кошулмаларын же башка таттуу кылуучу, даам-жыпар жыт берүүчү заттарды камтыган минералдык жана газдалган суулар" деген сөздөргө алмаштырылсын.

6. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-февралындагы № 95 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 59, 85, 127, 130, 131, 329, 414 жана 415-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Салык постун орнотуу тартибинде:

- 15-пункттагы "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому менен" деген сөздөр "ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан" деген сөздөргө алмаштырылсын.

7. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 106 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 109-115, 255, 256-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында салык төлөөчүлөрдү салыктык каттоо тартиби жөнүндө жободо:

1) төмөнкүдөй мазмундагы 133, 134 жана 135-пункттар менен толукталсын:

"133. Төмөнкүлөр КНС салыгын төлөөчүлөр катары катталууга тийиш эмес:

- Салык кодексинин талаптарына ылайык айыл чарба өндүрүүчүсү, айыл чарба кооперативи жана машина-трактор станциясы деп таанылган уюм же жеке жак;

- Салык кодексине ылайык салык салынуучу жеткирүүлөрдү жүзөгө ашырбаган коммерциялык эмес уюм.

134. Салык кодексине ылайык ККМди колдонууга милдеттүү болгон салык төлөөчүнү салыктык каттоо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте ККМ салык органында катталгандан кийин аяктады деп эсептелет.

135. Салыктык каттоодо субъектке салык кызматынын органы менен аралыктан өз ара аракеттенүү үчүн салык төлөөчүнүн кабинетине кирүү мүмкүндүгү берилет.";

- 201-пункт "кызмат көрсөтүүчү" деген сөздөрдөн кийин ", ошондой эле Кыргыз Республикасында катталган домендик аталышты же IP-даректи колдонбостон сатып алуучулар-жеке жактар - Кыргыз Республикасынын резиденттеринин дарегине товарлар менен электрондук сооданы жүзөгө ашыруучу" деген сөздөр менен толукталсын;

- 21-пункттагы "211" деген цифралар "201" деген цифраларга алмаштырылсын;

- 30-пункт "Электрондук түрдө кызмат көрсөткөн" деген сөздөрдөн кийин ", ошондой эле Кыргыз Республикасында катталган домендик аталышты же IP-даректи колдонбостон сатып алуучулар-жеке жактар - Кыргыз Республикасынын резиденттеринин дарегине товарлар менен электрондук сооданы жүзөгө ашыруучу" деген сөздөр менен толукталсын;

- 55-пункттагы "катары иш жүргүзгөн салык төлөөчүлөр эсептик каттоодон 2022-жылдын 1-сентябрына чейин" деген сөздөр ", машина-трактордук станциялар катары иш жүргүзгөн салык төлөөчүлөр эсептик каттоодон 2024-жылдын 1-январына чейин" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 60-пункттагы "чакан жана орто ишкердик субъекттери, товарларды импорттоого карата КНСти шарттуу эсепке алуу режимин колдонуучу субъект, тигүү жана текстиль өнөр жайынын субъекттери" деген сөздөр "салык төлөөчүлөр" деген сөздөргө алмаштырылсын;

2) төмөнкүдөй мазмундагы 691 жана 692-пункттар менен толукталсын:

"691. Оюн-зоок ишине салык төлөө режимин колдонууга ниеттенген салык төлөөчү салыктык эсепке алынган жери боюнча салык органына аны оюн-зоок ишине салык төлөөчү катары каттоо жөнүндө арыз берүүгө милдеттүү.

Жаңыдан катталган жана иштеп жаткан субъекттер үчүн оюн-зоок ишине салык төлөө боюнча каттоо оюн-зоок ишине салык төлөөчү катары катталган күндөн тартып күчүнө кирет.

Салык органы салык төлөөчү тарабынан оюн-зоок ишине салык төлөнгөндүгү жөнүндө чечим кабыл алгандан кийин төмөнкүлөрдү камсыз кылат:

- салык төлөөчү жөнүндө каттоо маалыматтарына оюн-зоок ишине салык төлөө режимин колдонуу жөнүндө маалыматтарды киргизүүнү;

- FORM STI-025 формасы боюнча салык төлөөчүнүн каттоо картасын толтурууну;

- салык төлөөчүгө каттоо картасынын 1 нускасын тапшырууну (жиберүүнү).

692. Өзгөчө режимдеги соода зонасындагы ишке салык төлөө режимин колдонууга ниеттенген салык төлөөчү аны өзгөчө режимдеги соода зонасындагы ишке салык төлөөчү катары каттоо жөнүндө арызды салыктык эсепке алынган жери боюнча салык органына берүүгө милдеттүү.

Жаңыдан катталган жана иштеп жаткан субъекттер үчүн өзгөчө режимдеги соода зонасындагы ишке салык төлөө боюнча каттоо өзгөчө режимдеги соода зонасындагы ишке салык төлөөчү катары катталган күндөн тартып күчүнө кирет.

Салык органы салык төлөөчү тарабынан өзгөчө режимдеги соода зонасындагы ишке салык төлөнгөндүгү жөнүндө чечим кабыл алгандан кийин төмөнкүлөрдү камсыз кылат:

- салык төлөөчү жөнүндө каттоо маалыматтарына оюн-зоок ишине салык төлөө режимин колдонуу жөнүндө маалыматтарды киргизүүнү;

- FORM STI-025 формасы боюнча салык төлөөчүнүн каттоо картасын толтурууну;

- салык төлөөчүгө каттоо картасынын 1 нускасын тапшырууну (жиберүүнү).";

3) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында салык төлөөчүлөрдү салыктык каттоо тартиби жөнүндө жобого 2-тиркемеде:

1-пункттун 5-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"5) "6" - электрондук формада кызмат көрсөтүүчү чет өлкөлүк уюм, ошондой эле КНС төлөөчү катары катталган Кыргыз Республикасынын аймагы жеткирүү орду болуп саналган, Кыргыз Республикасында катталган домендик аталышты же IP-даректи колдонбостон сатып алуучулар-жеке жактар - Кыргыз Республикасынын резиденттеринин дарегине товарлар менен электрондук сооданы жүзөгө ашыруучу чет өлкөлүк уюм;".

8. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-мартындагы № 141 "Эсеп-фактураны колдонуу жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Эсеп-фактураны түзүүнүн жана жүгүртүүнүн тартибинде:

- 2-пункттун 1-пунктчасы жана 10-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;

- 13-пунктундагы "виртуалдык кампанын жардамы менен" деген сөздөр алып салынсын;

- 21-пункттагы "17" деген цифралар "20" деген цифраларга алмаштырылсын;

- 22-пунктундагы "18" деген цифралар "21" деген цифраларга алмаштырылсын;

- 27-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"27. Ушул өткөн календарлык айда жүзөгө ашырылган жеткирүүлөргө эсеп-фактура ушул Тартиптин 28 жана 29-пункттарын кошпогондо, өткөн календарлык айдын акыркы күнүнөн кийинки он жумуш күндөн кеч эмес мөөнөттө таризделет.".

9. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-мартындагы № 150 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 1-беренесинин 5-бөлүгүнүн, 80, 85, 138, 139 жана 140-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Салык карызын өндүрүү тартибинде:

- 57-пункттагы "Салык кодексинин 34-беренесине" деген сөздөр "Салык кодексинин 341-беренесине" деген сөздөргө алмаштырылсын, "чечим кабыл алса" деген сөздөрдөн кийин ", ошондой эле стратегиялык объекттердин тизмесине киргизилген ата мекендик уюмдарга карата Салык кодексинин 91-беренесинин 13-бөлүгүн колдонууда" деген сөздөр менен толукталсын;

2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыйыр методдордун негизинде салык төлөөчүнүн салык милдеттенмесин аныктоо методикасында:

- 6-пункт "Бүтүмдүн товарлары" деген сөздөрдөн мурда "Салык кодексинин 139-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган" деген сөздөр менен толукталсын;

- төмөнкүдөй мазмундагы 6-1-пункт менен толукталсын:

"61. Товардын рыноктук баасы Салык кодексинин 139-беренесинин 2-бөлүгүнүн 5, 6-пункттарында көрсөтүлгөн субъекттердин дарегине сатуу баалары жалпы салык режиминде иш жүргүзгөн субъекттердин дарегине сатуу бааларынан 30 пайыздан ашык айырмаланган салык төлөөчүгө карата аныкталган учурда, рыноктук баа катары жалпы салык режиминде иш жүргүзгөн субъекттердин дарегине сатылган бир өңчөй товарлардын орточо өлчөнгөн баасы колдонулат.

Ушул пункттун максаттарында товардын орточо өлчөнгөн баасын эсептөөдө өзүнүн керектөөчүлүк сапатын жарым-жартылай жоготкон же колдонуу мөөнөтү белгиленген жарактуулук мөөнөтүнүн 20 пайызына чейин өтүп кеткен арзандатылган товарлар боюнча баалар эске алынбайт.".

10. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 178 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 126, 326-329-беренелеринин, "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кошумча нарк салыгынан ашкан сумманын негиздүүлүгүн жана өлчөмүн камералык текшерүүнү жүргүзүү тартиби, кошумча нарк салыгынан ашкан сумманын ордун толтуруу жана кайтаруу тартиби жөнүндө жободо:

- 2-пунктта:

а) 2-пунктча "КНС боюнча милдеттенмесин" деген сөздөрдөн кийин "жана салык агенти тарабынан кармалуучу КНС боюнча салыктык карызын" деген сөздөр менен толукталсын;

б) 3-пунктча "салыктардын башка түрлөрү боюнча" деген сөздөрдөн кийин ", салык агенти тарабынан кармалуучу КНС боюнча" деген сөздөр менен толукталсын;

в) 3-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 4-пунктча менен толукталсын:

"4) арыздын негизинде КНСтин ашып кеткен суммасы салык агенти тарабынан кармалуучу КНС боюнча салыктык карыздын эсебине орду толтурулат.";

- төмөнкүдөй мазмундагы 61-пункт менен толукталсын:

"61. Импортко КНС боюнча милдеттенмелерди төлөө эсебине ордун толтуруу салыктардын башка түрлөрү боюнча салыктык карыз жок болгон учурда гана жүргүзүлөт.";

- төмөнкүдөй мазмундагы 91-пункт менен толукталсын:

"91. КНСтин ашып кеткен суммасын кайтарып берүү КНСтин ашып кеткен суммаларынын негизсиз пайда болуу тобокелдигинин факторлору жок болгон учурда жүргүзүлөт.";

- 13-пункт "салыктардын башка түрлөрү" деген сөздөрдөн кийин "жана салык агенти тарабынан кармалуучу КНС" деген сөздөр менен толукталсын;

- 25-пунктта:

а) төртүнчү абзац "импортко КНС" деген сөздөрдөн кийин "жана салык агенти тарабынан кармалуучу КНС" деген сөздөр менен толукталсын;

б) төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:

"- нөлдүк ставка боюнча салык салынуучу жеткирүүлөрдү жүзөгө ашыруунун эсебинен КНСтин ашып кеткен суммасы пайда болгон учурда Салык кодексинин 327-беренесинде көрсөтүлгөн КНСтин ашып кеткен суммасынын негизсиз пайда болуу тобокелдигинин факторлорунун бар же жок экендигин талдоонун натыйжалары;";

- төмөнкүдөй мазмундагы 371-пункт менен толукталсын:

"371. КНСтин ашып кеткен суммасын КНС салыгын төлөөчүгө жөнөкөйлөтүлгөн тартип боюнча кайтарып берүүнү жана/же ордун толтурууну жүргүзгөндөн кийин салык органы:

1) ыйгарым укуктуу салык органы аркылуу КМШга катышкан мамлекеттердин жана үчүнчү өлкөлөрдүн салык жана бажы органдарына экспорттук жеткирүүлөрдү ырастоо максатында суроо-талаптарды жүргүзөт;

2) жеткирүүчүнү башка салык органында салыктык каттоодо материалдык ресурстардын иш жүзүндө жөнөтүлгөндүгүн жана ал тарабынан жеткирүүлөр боюнча КНС төлөнгөндүгүн ырастоо максатында суроо-талап жиберет, мында эсепке алынууга тийиш болгон КНСтин суммасы изилденген мезгил үчүн эсепке алууга кабыл алынган КНСтин жалпы суммасынын 5 (беш) жана андан ашык пайызын түзөт.".

11. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 236 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин ченемдеринин, ошондой эле Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин 18-тиркемесинин ченемдеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Рудадагы жана/же концентраттагы химиялык таза металлдын наркын аныктоо тартибинде:

- 3-пункт төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:

"Күмүш үчүн S = Сср х Т х (С / 31.1035) х К;".

12. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 687 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 107-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеп турган же ээлеген жеке жактын бирдиктүү салык декларациясын (FORM STI-155) толтуруу жана берүү тартибинде:

- 2-пунктта:

а) 1-пунктча "ээлеген" деген сөздөн кийин "же ээлеп турган" деген сөздөр менен толукталсын;

б) 2-пункттун 2-пунктчасы "ээлеген" деген сөздөн кийин "же ээлеп турган" деген сөздөр менен толукталсын;

- төмөнкүдөй мазмундагы 131-пункт менен толукталсын:

"131. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын декларацияларын сактоо жана жок кылуу "Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболорун эске алуу менен жүзөгө ашырылат.";

2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеп турган же ээлеген жеке жактын бирдиктүү салык декларациясында көрсөтүлгөн маалыматтарды изилдөө тартиби жана талдоо жүргүзүүнүн негиздери жөнүндө жободо:

- 3-пунктта:

а) 1-пунктчасы "ээлеген" деген сөздөн кийин "же ээлеп турган" деген сөздөр менен толукталсын;

б) 2-пунктчасы "ээлеген" деген сөздөн кийин "же ээлеп турган" деген сөздөр менен толукталсын;

- 4-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"4. Декларанттын салыктык катталган жери боюнча салык органы тарабынан төмөнкүлөрдүн Декларацияларына талдоо жүргүзүлөт:

1) төмөнкү кызмат орундарын ээлеген же ээлеп турган адамдардын:

- административдик мамлекеттик кызмат орундарын;

- саясий, административдик муниципалдык кызмат орундарын;

- дипломатиялык кызматтардын кызматкерлеринин кызмат орундарын;

2) аскер кызматчыларынын жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин.";

- 5-бөлүмдүн аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"5. Салыктык сыр";

- 16, 17-пункттардагы "маалыматтардын сырын" деген сөздөр "салыктык сырды" деген сөздөргө алмаштырылсын.

13. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 22-сентябрындагы № 76 (3525) саны менен жарыяланды.

 

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

 

А.У. Жапаров

 

 

 

 

Тиркеме

 

 

 

"2-тиркеме

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын башкаруу СХЕМАСЫ