Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 13-сентябры № 470
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин салык салуу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-августундагы № 533, 2025-жылдын 19-сентябрындагы № 592 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 "Кыргыз Республикасынын салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-июлундагы № 386 "Сатып алуу актысы" баштапкы эсепке алуу документинин типтүү бир түргө келтирилген формасын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
преамбуладагы "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 156-беренесин жана" деген сөздөр алып салынсын.
2. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-сентябрындагы № 592 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 31-декабрындагы № 359 "Акциз салыгын санариптик башкаруу боюнча пилоттук (эксперименттик) долбоорду жүргүзүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пункттагы "30-июнуна" деген сөздөр "31-декабрына" деген сөздөргө алмаштырылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-февралындагы № 84 "Иштин түрлөрү боюнча патенттин негизинде салыктын базалык суммасын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемеси төмөнкүдөй мазмундагы 35-пункт менен толукталсын:
35 | Ломбард кызматтары | 64.92 | 20000 |
- жогоруда аталган токтомдун 2-тиркемесиндеги 8-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
8 | Уюмдар жана жеке ишкерлер үчүн жумуштарды аткарууну кошпогондо, атайын курулуш иштери, анын ичинде оңдоо иштери | 43.00.0 | 6000 |
5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-февралындагы № 94 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 336 жана 345-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 3-пункттун үчүнчү абзацындагы "сергитүүчү (энергетикалык) алкоголсуз суусундуктар" деген сөздөр "суулар, анын ичинде кант кошулмаларын же башка таттуу кылуучу, даам-жыпар жыт берүүчү заттарды камтыган минералдык жана газдалган суулар" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында акциздик жыйым маркаларын берүү жана колдонуу тартиби жөнүндө жободо:
- 1-пункттун экинчи абзацындагы "Жободо" деген сөз "Ушул Жобонун максаттарында" деген сөздөргө алмаштырылсын;