Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2023-жылдын 13-сентябры № 467

"Улуу Көчмөндөр Мурасы" улуттук холдинг компаниясы" ачык акционердик коомунун ишинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-июнундагы № 437 токтомунун редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 61 "Улуу Көчмөндөр Мурасы" улуттук холдинг компаниясы" ачык акционердик коомун жоюу жөнүндө" токтомун ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-декабрындагы № 297 "Улуу Көчмөндөр Мурасы" улуттук холдинг компаниясы" ачык акционердик коомун түзүү жөнүндө" токтому;

2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 10-июнундагы № 307 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мамлекеттик мүлктү башкаруу маселелерин жөнгө салуучу айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 1-пункту.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 25-декабрындагы № 352 "2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин иш-чаралар планында:

- 538-пункт күчүн жоготту деп таанылсын.

3. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-июнундагы № 437 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 22-сентябрындагы № 76 (3525) саны менен жарыяланды

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

 

А.У . Жапаров