Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-сентябрындагы № 489 токтомуна) |
Мамлекеттик сатып алуулар жол-жоболорун жүргүзүү ТАРТИБИ
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 6-апрелиндеги №224, 2026-жылдын 19-майындагы № 356 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул тартип "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (мындан ары - Мыйзам) ылайык иштелип чыккан жана товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алуу боюнча жол-жоболорду уюштуруу жана өткөрүү тартибин аныктайт.
2. Бул Тартипте төмөнкү түшүнүктөр колдонулат:
1) асимметриялык шифрлөө - электрондук кол тамганын ачык жана жабык ачкычтарын колдонуу менен берүүчүнүн жана консультанттын сунушун шифрлөө методу. Ачык ачкыч маалыматты шифрлоо үчүн колдонулат. Жабык ачкыч ачык ачкыч менен шифрленген маалыматтарды чечмелөө үчүн колдонулат. Асимметриялык шифрлөөнү колдонууда сатып алуучу уюм/Агент сатып алуу жөнүмдө кулактандыруу жарыялоодон мурун берүүчүлөрдүн/консультанттардын сунуштарын жабык ачкыч менен чечмелөө үчүн жооптуу кызматкерлерди аныктайт;
2) жеке кабинет - мамлекеттик сатып алуулар жол-жоболорун электрондук формада жүзөгө ашыруу үчүн сатып алуучу уюмдун/Агенттин, берүүчүнүн (консультанттын) мамлекеттик сатып алуулар веб-порталындагы жеке иш баракчасы;
3) административдик даттануу - берүүчүнү ак ниет эмес берүүчүлөрдүн жана консультанттардын маалымат базасына киргизүү жөнүмдө даттануулар боюнча комиссиянын чечимине же көз карандысыз комиссиянын чечимине көз карандысыз комиссияга берилүүчү даттануу;
4) даттануу - сатып алуучу уюмдун/Агенттин даттануулары боюнча комиссияга мамлекеттик сатып алуулар жол-жоболорун жүргүзүү процессинде мыйзамдуу кызыкчылыктары бузулган же бузулушу мүмкүн болгон берүүчүнүн/консультанттын арызы;
5) протест - берилген даттанууга, административдик даттанууга же кайрылууга жазуу жүзүндөгү каршы пикир же макул болбоо;
6) кайрылуу - сатып алуучу уюмдун/Агенттин берүүчүнү/консультантты ак ниет эмес берүүчүлөрдүн жана консультанттардын маалымат базасына киргизүү жөнүндө арызы;
7) арыз берүүчү - даттанууну, административдик даттанууну же административдик органга кайрылууну берген жак;
8) башка жактар - даттануунун натыйжасында кызыкчылыгы бузулушу мүмкүн болгон бир сатып алууга катышкан берүүчү/консультант;
9) сатып алуучу уюмдун/Агенттин чечими - сатып алуучу уюмдун же Агенттин чечими (мамлекеттик сатып алуу методун тандоо, сатып алуу жөнүндө документтердин шарттары), аракети (аракетсиздиги), сатып алуулар жөнүндө контрактка кол коюу учурунда контракттын шарттарын өзгөртүү.
3. Мамлекеттик сатып алуулар жол-жоболорун жүргүзүү үчүн сатып алуучу уюм/Агент "Сатып алуучу уюмдун", "Агенттин" ролун көрсөтүү менен веб-порталда каттоо жол-жобосунан өтүүгө тийиш.
4. Эгерде берүүчү/консультант өз алдынча же жөнөкөй шериктештиктин (консорциумдун) курамында бирден ашык сунуш берген болсо, ошол берүүчүнүн/консультанттын катышуусу менен бардык сунуштар четке кагылууга тийиш.
2-глава. Сатып алууларды пландоо. Рынокко мониторинг жүргүзүү. Сатып алуулар жөнүндө комиссия түзүү