Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

 

2023-жылдын 18-октябры № 550

 

Байланыш түзүлүштөрүн идентификациялоонун жана мобилдик байланыш түзүлүштөрүн, ошондой эле маалыматтарды берүү үчүн пайдаланылуучу түзүлүштөрдү идентификациялоонун мамлекеттик тутумунун маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-февралындагы № 60 токтомунун редакциясына ылайык)

 

Байланыш түзүлүштөрүн идентификациялоонун жана мобилдик байланыш түзүлүштөрүн, ошондой эле маалыматтарды берүү үчүн пайдаланылуучу түзүлүштөрдү идентификациялоонун мамлекеттик тутумун регламенттөөнү өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 17-июнундагы № 336 "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгын түзүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгы жөнүндө жободо:

- 12-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

"- МТББнын компетенциясынын чегинде Байланыш түзүлүштөрүн идентификациялоонун мамлекеттик тутумунун маалыматтар базасында түзүлүштөрдүн IMEI коддорунун тиешелүү тизмелерин түзүү жана жүргүзүү.";

- 13-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

"- түзүлүштөрдүн IMEI коддорун Байланыш түзүлүштөрүн идентификациялоонун мамлекеттик тутумунун маалыматтар базасынын бир тизмесинен башка тизмесине киргизет жана которот.".

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 257 "Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин кээ бир маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Байланыш тармагында жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча кызматы жөнүндө жободо:

- 10-пункттун 1-пунктчасынын алтынчы абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы № 287 "Байланыш түзүлүштөрүн идентификациялоонун мамлекеттик тутумун уюштуруу жана мобилдик байланыш түзүлүштөрүн, ошондой эле маалыматтарды берүү үчүн пайдаланылуучу түзүлүштөрдү идентификациялоо маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Байланыш түзүлүштөрүн идентификациялоонун мамлекеттик тутумун уюштуруу жана мобилдик байланыш түзүлүштөрүн, ошондой эле маалыматтарды берүү үчүн пайдаланылуучу түзүлүштөрдү идентификациялоо тартибинде:

- 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2. Үчүнчү өлкөлөрдөн жана ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден колдонуудагы жана импорттолуучу мобилдик байланыш түзүлүштөрүнүн, ошондой эле маалыматтарды берүү үчүн колдонулуучу түзүлүштөрдүн бардык эл аралык идентификаторлору Байланыш түзүлүштөрүн идентификациялоонун мамлекеттик тутумунун маалыматтар базасына киргизилүүгө тийиш, алардан ташып киргизилүүчү түзүлүштөр жана импорттоочулар жөнүндө маалыматтар ыйгарым укуктуу салык органынын маалымат системаларына берилет.";

- 4-пунктта: