Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 24-октябры № 566
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мамлекеттик органдардын жетекчилеринин орун басарларынын ишине тиешелүү болгон айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-июнундагы № 308 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ишин оптималдаштыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын штаттык санынын чеги жөнүндө жана эмгегине акы төлөөнүн шарттары тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1, 3-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 247 "Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги жөнүндө жободо:
- 13, 14-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"13. Министрликте министрдин биринчи орун басарынын жана министрдин орун басарларынын кызмат орундары каралган.
14. Министрдин биринчи орун басары жана министрдин орун басарлары министрдин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат, министрге түздөн-түз баш иет жана аларга жүктөлгөн милдеттердин чегинде Министрликтин ишин уюштурат.
Министрдин биринчи орун басары жана министрдин орун басарлары министрдин сунушусуз Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын демилгеси боюнча кызмат ордунан бошотулушу мүмкүн.";
- 15-пунктта:
үчүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- министрдин биринчи орун басарынын жана министрдин орун басарларынын ортосунда милдеттерди бөлүштүрөт;";
он үчүнчү абзацта "министрдин орун басарларын" деген сөздөр "министрдин биринчи орун басарын, министрдин орун басарларын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
он алтынчы, жыйырма экинчи абзацтарда "министрдин орун басарынын" деген сөздөр "министрдин биринчи орун басарынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 16-пунктта "Министрдин орун басарлары" деген сөздөр "Министрдин биринчи орун басары, министрдин орун басарлары" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 17-пункттун биринчи абзацында "министр" деген сөз "министр, министрдин биринчи орун басары" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 249 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: