Сравнение редакций…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-октябрындагы № 575 токтомуна) |
Өзгөчө режимдеги соода зонасына таандык соода рыногунун аймагын жабдууга талаптар, анын ичинде тосмого ТАЛАПТАР
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-июнундагы № 309 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Ушул Өзгөчө режимдеги соода зонасына таандык соода рыногунун аймагын жабдууга талаптар, анын ичинде тосмого талаптар (мындан ары - Талаптар) Кыргыз Республикасынын стратегиялык объекттер жөнүндө мыйзамдарына ылайык стратегиялык объекттерге таандык соода рынокторунун аймагында ишин жүзөгө ашыруучу салык төлөөчүлөргө карата колдонулат жана өзгөчө режимдеги соода зонасына таандык аймакты абаттоо боюнча рыноктун ээлерине талаптарды камтыйт.
2. Өзгөчө режимдеги соода зонасындагы соода рыногунун ээси салыктык жана/же эсептик каттоосу жок болгон, ишкердик субъекттер учурдагы салыктык мезгил үчүн салыктарды төлөбөгөн учурда, ошондой эле салык органын сунушу боюнча ижара келишимин бузууга милдеттүү.
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-октябрындагы № 575 токтомуна) |
Өзгөчө режимдеги соода зонасына таандык соода рыногунун аймагын жабдууга талаптар, анын ичинде тосмого ТАЛАПТАР
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-июнундагы № 309, 2026-жылдын 4-февралындагы № 59 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Ушул Өзгөчө режимдеги соода зонасынын аймагын жабдууга талаптар, анын ичинде тосмого талаптар (мындан ары – Талаптар) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган соода рынокторунун аймагында ишти жүзөгө ашырган салык төлөөчүлөргө карата колдонулат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 4-февралындагы № 59 токтомунун редакциясына ылайык)