Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-ноябрындагы № 597 токтомуна) |
Кыргыз Республикасында жарандарды милдеттүү медициналык камсыздандыруу ЭРЕЖЕЛЕРИ
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-декабрындагы № 796 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасында милдеттүү медициналык камсыздандыруу эрежелери (мындан ары - Эрежелер) милдеттүү медициналык камсыздандыруу системасынын субъекттеринин ортосунда келип чыккан мамилелерди жөнгө салат.
2. Кыргыз Республикасында милдеттүү медициналык камсыздандыруунун бирдиктүү системасы иштейт, мында ушул Эрежелердин 2-главасына ылайык камсыздандырылган катары аныкталган адамдар милдеттүү медициналык камсыздандырылууга тийиш.
3. Бул Эрежелерде төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
1) милдеттүү медициналык камсыздандыруу (мындан ары - ММК) - камсыздандыруу учуру келгенде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-сентябрындагы № 493 "Жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасын бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасынын (мындан ары - Мамлекеттик кепилдиктер программасы) чегинде ММК каражаттарынын эсебинен камсыздандырылган адамга медициналык жардам көрсөтүүнүн кепилдигин камсыз кылууга багытталган мамлекет тарабынан түзүлүүчү укуктук, экономикалык жана уюштуруу чараларынын системасы болгон социалдык коргоонун бир түрү;
2) камсыздандырылган адам - камсыздандыруучуга ММК үчүн төгүмдөр келип түшкөн адам;
3) камсыздандырылуучу (төлөөчү) - ММКга төгүм төлөөнү жүргүзүүчү жеке же юридикалык жак;
4) камсыздандыруучу - ММК жаатында камсыздандыруу ишин жүзөгө ашыруучу юридикалык жак. ММКда камсыздандыруучу болуп Кыргыз Республикасында жарандарды милдеттүү медициналык камсыздандырууну жүзөгө ашыруучу Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду жана анын аймактык башкармалыктары (мындан ары - ММК фонду) эсептелет;
5) кызмат көрсөтүүчү - менчигинин түрүнө карабастан саламаттык сактоо уюму, фармацевттик мекеме же менчигинин түрүнө карабастан уюм же жеке медициналык практиканы же фармацевттик ишти жүргүзгөн, иштин бул түрүн жүргүзүүгө лицензиясы бар жана медициналык, профилактикалык, реабилитациялык, ден соолукту чыңдоочу, фармацевттик кызмат көрсөтүүлөрдү жүзөгө ашыруучу жак;
6) милдеттүү медициналык камсыздандыруу полиси (мындан ары - ММК полиси) - ММК системасында ишке ашырылуучу мамлекеттик программалар боюнча медициналык кызмат көрсөтүүлөрдү алууга укук жана камсыздандыруу статусун берүүчү документ;
7) медициналык кызмат көрсөтүү - Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жана ММК чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык кызмат көрсөтүүчүнүн чыгымдарынын ордун толтуруу каралган бейтапка медициналык-санитардык жардам көрсөтүүнүн формасы;
8) башка кызмат көрсөтүүлөр - профилактикалык, фармацевтикалык, реабилитациялык, ден соолукту чындоочу жана дары-дармектер менен камсыздоочу кызмат көрсөтүүлөрдү өзүнө камтыган бейтапка медициналык-санитардык жардам көрсөтүүнүн формасы;
9) эмгекке жарамдуу куракка жеткен адамдар - ушул Эрежелердин 19-пунктунда көрсөтүлгөн жарандардын категорияларын, ошондой эле ММК же мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган адамдарды кошпогондо, он алты жашка толгон мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөр;
10) Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөгөн адамдар - ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда, салык кызматы органында, жазаларды аткаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда, бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда, прокуратура органдарында кызмат өтөгөн, айрым укук коргоо функцияларын аткарган адамдар.
4. ММК боюнча камсыздандыруу статусун алган адамдардын укуктары жана милдеттери "Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде каралат.