Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2005-жылдын 12-марты № 49

 

                    КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

 

                             Күрөө жөнүндө

                                  

  2005-жылдын 20-январында Кыргыз Республикасынын Жогорку

                           Кењешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны

                           тарабынан кабыл алынган

 

                  (Кыргыз Республикасынын

              2007-жылдын 6-августундагы № 133

             2008-жылдын 17-декабрындагы № 265,

               2009-жылдын 30-мартындагы №97,

               2009-жылдын 30-мартындагы №98,

              2009-жылдын 26-майындагы № 173,

               2009-жылдын 29-июнундагы №195

         Мыйзамдарынын редакциясыяларына ылайык,

                 КР Убактылуу Өкмөтүнүн

           2010-жылдын 27-июлундагы УӨ № 110

           Декретине ылайык),(Кыргыз Республикасынын

        2011-жылдын 12-июлундагы № 93,2012-жылдын 10-октябрындагы №170         Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

     I БӨЛҮМ.   ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР

     1-глава.   Күрөө жөнүндө негизги жоболор

     2-глава.   Күрөөнү каттоо

    

     II БӨЛҮМ.  КҮРӨӨНҮН ТҮРЛӨРҮ

     3-глава.   Күрөөгө коюлган буюмду күрөө кармоочуга кошо берүүнүн

                күрөөсү (күрөөлүк)

     4-глава.   Күрөө кармоочуга күрөөгө коюлган буюмду калтырган күрөө

     5-глава.   Укуктардын күрөөсү

    

     III БӨЛҮМ. ӨНДҮРҮП АЛУУНУ КҮРӨӨГӨ КОЮЛГАН МҮЛККӨ АЙЛАНТУУ ЖАНА

                КҮРӨӨНҮН ЖҮЙӨСҮН САТЫП ӨТКӨРҮҮ

     6-глава.   Өндүрүп алууну күрөөгө коюлган мүлккө айлантуу

     7-глава.   Өндүрүп алууга айлантылган күрөө жүйөсүн сатып өткөрүү

    

     IV БӨЛҮМ.  КҮРӨӨГӨ КОЮЛГАН МҮЛК УКУКТАРЫН КОЛ САЛУУДАН КОРГОО

    

     V БӨЛҮМ.   КОРУТУНДУ ЖОБОЛОР

                            

                                I БӨЛҮМ

                             ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР

 

                                I-глава

                     Күрөө жөнүндө негизги жоболор

 

  1-статья. Күрөө түшүнүгү жана анын келип чыгышынын негиздери

 

  1.  Күрөө  -  бул менчик укугун же мүлккө карата дагы башка  буюмдук

укукту  күрөөгө  коюу  менен  акчалай же  акча  формасында  туюнтулган

милдеттенмени камсыз кылуу ыкмасы. Күрөөдөн улам кредитор күрөө  менен

камсыз  кылынган  милдеттенме  (күрөө  кармоочу)  боюнча  ушул  Мыйзам

аркылуу  белгиленген  алып  коюлгандар  үчүн  карызкор  милдеттенмесин

аткарбаган учурда же талаптагыдай бүтүрбөсө, күрөөгө коюлган  мүлкүнүн

наркынан  күрөө  берүүчүнүн башка кредиторлорунун  алдында  артыкчылык

менен өз талаптарын канааттандырууга укугу бар.

  2.  Күрөө  мыйзамдын  же Кыргыз Республикасынын Жарандык  кодексинин

жана  ушул Мыйзамдын жоболоруна, күрөө берүүчү менен күрөө кармоочунун

ортосунда  түзүлгөн келишимге ылайык келип чыгат.  Мындай  келишим  же

өзүнчө  келишим,  болбосо  күрөө менен камсыз кылынган  милдеттенменин

келип чыгышына алып келүүчү келишимдин бир бөлүгү болушу мүмкүн.

  Күрөө  күрөө  кармоочуну ушул Мыйзамга ылайык күрөөгө  коюлган  мүлк

укуктарына  ээ кылат. Күрөө кармоочу күрөө жөнүндө келишимде  каралган

шарттарга ылайык өз укуктарын жүзөгө ашырат.

  3.   Күрөө  менен  ар  кандай  укук  субъекттеринин  (жеке   жана/же

юридикалык  жактардын, мамлекеттин) ортосундагы мыйзамга  жарактуу  ар

кандай милдеттенмени аркаруу камсыз кылынышы мүмкүн.

  Ушул  Мыйзамдагы күрөөгө байланыштуу кийинки кандай гана  шилтемелер

болбосун  ипотеканы  да  өзүнө  камтыса, эгерде  келишимдин  мањызынан

башкасы  келип  чыкпаса, күрөө кармоочуга же күрөө берүүчүгө  жасалган

кандай  гана шилтеме болбосун күрөө же ипотека боюнча күрөө кармоочуга

же күрөө берүүчүгө жасалган шилтеме болуп саналат.

  4. Күрөө кармоочу ошол эле негизде күрөөгө коюлган мүлктүн жоголгону

же  бүлүнгөнү  үчүн,  эгерде  жоготуу же  бүлүнтүү  күрөө  кармоочунун

күнөөсү   боюнча   болбосо,  ал  кимдин  пайдасына  камсыздалгандыгына

карабастан,  камсыздандырууну  калыбына  келтирүү  менен  канагаттануу

алганга укугу бар.

 

  2-статья. Кыргыз Республикасынын күрөө жөнүндө мыйзамдары

 

  1. Ушул Мыйзам менен күрөө жөнүндөгү негизги жоболор аныкталат.

  Кыргыз  Республикасындагы ушул Мыйзам менен жөнгө  салынбаган  күрөө

боюнча  мамилелер  Жарандык кодекс, Жер кодекси,  ошондой  эле  Кыргыз

Республикасынын  дагы  башка мыйзамдары жана ченемдик  актылары  менен

жөнгө салынат. Эгерде күрөө берүүчү банкрот болууга тийиш болсо, күрөө

боюнча өз ара мамилелер, "Банкротчулук (кудуретсиздик) жөнүндө" Кыргыз

Республикасынын Мыйзамы менен да жөнгө салынат.

  2. Эгерде мыйзам тартибинде күчүнө кирген эл аралык келишимдер менен

ушул   Мыйзамда  каралгандан  башка  эрежелер  белгиленсе,  эл  аралык

келишимдин эрежелери колдонулат.

  3.  Чет  өлкөлүк жеке жана юридикалык жактар, ошондой эле  жарандыгы

жок  жактар  күрөө боюнча мамилелерге келгенде Кыргыз  Республикасынын

l,

2009-жылдын 30-мартындагы №98 Мыйзамдарынын редпкциясына ылайык)

 

  4-статья. Күрөөнүн жүйөсү

 

  1.  Күрөөнүн жүйөсү менчик укугу же кандай кыймылдуу жана  кыймылсыз

мүлккө  болбосун,  буюмга болгон дагы башка  буюмдук  укук  же  Кыргыз

Республикасынын  мыйзамдарында белгиленген  тартипте  ажыратылса  боло

rspc`m укуктар болушу мүмкүн.

  2.  Күрөөгө  ар кандай кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк болбосун,  анын

ичинде  кандай  товарлар,  негизги фонддор жана  жүгүртмө  каражаттар,

курулуштар, имараттар, курулмалар, анын ичинде курулуп бүтпөгөн жабдуу-

шайман,   товардык-материалдык  корлор  (запастар),  даяр   продукция,

чектөөсү жок баалуу металлдар, бак-дарактар, материалдык жана  руханий

маданият  объекттери, накталай акча (улуттугу да,  чет  өлкө  валютасы

да),   кредиттик-акча  каражаттары  жана  алардын  туундулары,  баалуу

кагаздардын сертификаттары, жарандык жүгүртүүдөн алына элек дагы башка

мүлк жүйө болушу мүмкүн.

  3.  Күрөөнүн  жүйөсү:  күрөө берүүчүгө таандык мүлк  укуктары,  анын

ичинде  мүлк укугун пайдалануунун роялти, акча алуу укугу,  пайдалануу

укугу,  ижарачынын  укугу,  менчик укугунда  күрөө  берүүчүгө  таандык

болбогон  буюмдардан  пайда  табуу  укуктары,  интеллектуалдык  менчик

укуктары,   жазма   формасындагы  баалуу  кагаздар   укуктары,   карыз

талаптары, келишим милдеттенмелеринен келип чыгуучу дагы башка укуктар

(талаптар).  Белгилүү мөөнөттөгү иш-аракетиндеги укук анын  иш-аракети

бүткөн мөөнөткө чейин гана күрөөгө жүйөсү боло алат.

  4. Күрөөнүн жүйөсү катары буюмдар же кийин пайда болуучу укуктар да,

анын  ичинде күрөө берүүчү чыгара турган продукциянын кийинки  корлору

же эч кандай чектөө коюлбаган дебитордук карыз да чыга алат.

  5.  Кыймылсыз  мүлк  жөнүндөгү эрежелер  жер  участкасын  пайдалануу

укуктарынын, ушундай мүлктүн ижарасы жөнүндө келишим боюнча ижарачынын

укуктарынын күрөөсүнө карата колдонулат (ижара укугу), анткени  мыйзам

тарабынан  башкасы  каралган эмес жана бул  мамилелердин  мањызына  да

карама-каршы келбейт.

  6.  Эгерде  күрөө  жөнүндөгү келишимде башкасы  каралбаса,  күрөөнүн

жүйөсү  болуп  саналган башкы буюм бардык шаймандары менен  бир  бүтүн

нерсе  катары  күрөөгө  коюлган деп эсептелет.  Анын  арналуу  багытын

өзгөртмөүйүнчө  натуралай  бөлүштүрүүгө мүмкүн  болбогон  мүлктүн  бир

бөлүгү (бөлүнбөс буюм) күрөөгө өз бетинче жүйө боло албайт.

  7.  Бир  үй-бүлө  мүчөлөрүнүн жер үлүштөрүнөн  куралган  айыл  чарба

багытындагы  жер  участкасы ушул Мыйзамдын 49-статьясында  белгиленген

тарипте күрөөгө берилет.

  8.  Жеке  мүнөздөгү, анын ичинде эмгек акыны, пенсияны  алуу  укугу,

жеке  кызмат  көрсөтүүлөрдөн  пайдалануу укугу  күрөөнүн  жүйөсү  боло

албайт.

  Менчик ээси мамлекет болуп эсептелген пайдалуу кендерди, дагы  башка

жаратылыш ресурстарын иштетүү жана пайдалануу укугунун күрөөсү, Кыргыз

Республикасынын   Конституциясына,  Кыргыз  Республикасынын   Жарандык

кодексине,   Кыргыз  Республикасынын  Жер  кодексине,  "Жер   казынасы

жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык буга ыйгарым  укуктуу

мамлекеттик органдардын макулдугу менен жүзөгө ашырылат.

 

  5-статья. Өздөштүрүлгөн жер участкалары

 

  1.  Имараттын,  курулманын  же  турак жайдын  күрөөсү  ушул  имарат,

курулма  же турак жай жайгашкан жер участкасына, ошондой эле  багытына

ылайык  күрөөгө  коюлган объектти пайдаланууга зарыл жер  участкасынын

тиешелүү  бөлүгүнө жайылтылат, бирок күрөө жөнүндөгү келишимге  ылайык

күрөө  укугу  имараттан, курулмадан же турак үйдөн  бөлүнгүс  бүт  жер

участкасына жайылтылышы мүмкүн.

  2.  Ушул  келишим  боюнча күрөөнүн жүйөсү болуп  саналбаган  имарат,

курулма  же  турак үй жайгашкан жер участкасы күрөөгө  коюлганда  ушул

имарат,  курулма  же  турак  үй  турган жер  участкасынын  бир  бөлүгү

багытына  ылайык  объектти пайдаланууга зарыл  жер  участкасынын  ошол

бөлүгү  күрөөнүн  жүйөсү  болуп эсептелбеген өзалдынча  жер  участкасы

катары бөлүнүшү керек.

 

  6-статья. Күрөө мамилелеринин субъекттери

 

  1.  Күрөө  мамилелеринин  катышуучулары болуп  жарандар,  юридикалык

жактар жана мамлекет саналат.

  2.  Коммерциялык  банктар  жана атайын  кредиттик  мекемелер  Кыргыз

Республикасынын   мыйзамдарына  ылайык  жана  Кыргыз   Республикасынын

Sksrrsj  банкы тарабынан коюлган талаптарды эсепке алуу менен  күрөөгө

байланышкан операцияларды жүзөгө ашырышат.

  3.  Айыл чарба багытындагы жерлердин күрөөсү жөнүндө келишим  боюнча

күрөө  кармоочулар Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясын

же  күбөлүгүн  алган  банктар  жана  финансы-кредиттик  уюмдары  болуп

саналат.

  4.  Айыл чарба багытындагы жерлердин күрөөсү жөнүндө келишим  боюнча

күрөө  берүүчүлөр күрөө жүйөсүнүн менчик укугуна эгедер жарандар болуп

саналат.

 

  7-статья. Мүлктү жана укуктарды күрөөгө берүү укугу

 

  1.  Күрөөгө менчик укугунда же ушул Мыйзамда белгиленген алып коюлар

үчүн жана башка буюм укугунда күрөө берүүчүгө таандык кандай гана мүлк

(буюмдар) болбосун же укуктар берилиши мүмкүн.

  2.  Укуктарды күрөөгө бергенде күрөөгө коюлуучу укук таандык  болгон

жак гана күрөө берүүчү боло алат.

  Эгерде  мыйзамда же келишимде башкасы каралбаса, пайдалануу  укугуна

эгедер  жак  күрөөгө  өзүнүн пайдалануу укугун, анын  ичинде,  ижарага

берүүчүнүн макулдугу менен гана күрөө жүйөсү боло алчу ижара укугун да

күрөөгө берүүгө укуктуу.

  3.  Күрөө  берүүчүгө чарба жүргүзүү же оперативдүү башкаруу укугунда

таандык  болгон мүлк, анын ээсинин макулдугу менен күрөөгө  жүйө  боло

алат.

  4.  Жарандык  жүгүртүүдөн алынып коюлган же чек  коюлган  мүлктү  же

менчиктештирүүгө  тыюу  салынган  мүлктү,  болбосо  мыйзам  тартибинде

милдеттүү  түрдө менчиктештирүү каралган мүлктү, ошондой эле  мыйзамга

ылайык  өндүрүп  алууга  айлантылышы мүмкүн  болбогон  мүлктү  күрөөгө

коюуга жол берилбейт.

  5. Эгерде күрөөнүн жүйөсү кыймылсыз мүлк болуп, аны ажыратууга башка

адамдын  же органдын макулдугу же уруксаты талап кылынса, анда ушундай

эле макулдук же уруксат ошол мүлктүн күрөөсү үчүн да зарыл.

  6.  Жалпы  орток менчикте турган мүлк (ар бир менчик  ээсинин  жалпы

менчиктеги  үлүшү  аныкталбастан)  анын  бардык  менчик  ээлеринин  же

алардын  мүлкүн  башкаруу үчүн менчик ээлери тарабынан тандап  алынган

жетектөөчү  органдын жазуу жүзүндөгү макулдугу менен күрөөгө  берилиши

мүмкүн.  Мүлктү күрөөгө койгондон кийин кошумча менчик  ээлери  чыкса,

алардан макулдук талап кылынбайт.

  7.   Жалпы   үлүштүк  менчикке  катышуучу,  башка  менчик  ээлеринин

макулдугусуз  эле  жалпы менчиктеги өз үлүшүн күрөөгө  койгонго  укугу

бар,  эгерде  ар  бир  менчик  ээсинин  үлүшү  жалпы  менчик  укугунда

аныкталса.  Күрөө кармоочунун талабы боюнча өндүрүп алуу  ушул  үлүшкө

айлантылганда,  аны  сатуу  учурунда жалпы  менчик  укугундагы  үлүштү

сатуунун  арыкчылыктуу укугу жөнүндөгү, өндүрүп алууну жалпы  мүлктөгү

үлүшкө айландыруу жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин

эрежелери колдонулат.

  8.  Кооперативдин  же жалпы менчиги бар башка ишканалардын  мүчөлөрү

ишканага  болгон  өз  укуктарын өз бетинче же жамааттык  түрдө  Кыргыз

Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте күрөөгө кое алат.

  Ошол  ишкананын  бардык катышуучуларынын макулдугу боюнча  ишкананын

бардык менчигиндеги же анын кайсы бир бөлүгүндөгү күрөө жөнүндө  чечим

кабыл алынышы мүмкүн.

  9.  Көп  квартиралуу үйдүн менчик ээси өз квартирасын  күрөөгө  коюу

тууралу чечимди өз бетинче кабыл алат.

 

  8-статья. Милдеттенмени мөөнөтүнөн мурда аткаруу укугу

 

  1.  Күрөө  берүүчү  тарабынан күрөө кармоочунун ушул  Мыйзамдын  31-

статьясынын  4-пунктчасына  ылайык күрөөгө коюлган  мүлктү  алмаштыруу

боюнча  талабын  аткаруудан баш тарткан учурда күрөө  кармоочу  камсыз

кылынган милдеттенмени мөөнөтүнөн мурда аткарууну талап кылып, өндүрүп

алууну күрөөгө коюлган мүлккө айландыра алат.

  2.  Эгерде күрөө жөнүндө келишимде башкасы каралбаса, күрөө  берүүчү

кайсы  учурда  болсо  да күрөөлүк менен камсыз кылынган  милдеттенмени

аткаруу  жолу  менен  күрөөгө коюлган мүлктү мөөнөтүнөн  мурда  алууну

r`k`o кылууга укугу бар.

  3. Эгерде милдеттенме акчалай карыз болсо, ал эми күрөө берүүчү жеке

жак  болсо,  күрөө  берүүчү  күрөөлүк менен камсыз  кылынган  карыздан

кутулуу жолу менен күрөө тууралу келишимде белгиленген мөөнөттөн мурда

күрөөлүк коюуну токтото алат, эгерде келишимде башкасы каралбаса.

 

  9-статья. Күрөө менен камсыз кылынган милдеттенмелер жана талаптар

 

  1.  Күрөө  кредит келишими, зайым келишими же акчалай же акча  менен

туюнтулган  милдеттенмелер,  анын  ичинде  сатып  алуу-сатуу,   ижара,

подряд,    зыян   келтирүү   дагы   башка   келишимдерге   негизделген

милдеттенмени  камсыз  кылуу  максатында  милдеттенмелерди  аткаруунун

мөөнөтү узартылышы мүмкүн, эгерде мыйзамда башкасы каралбаса.

  Эгерде  күрөө  жөнүндөгү келишимде башкасы каралбаса,  өндүрүп  алуу

ошол  күрөөгө  айландыруу  учурунда милдеттенме  наркын,  анын  ичинде

карыздын  негизги  суммасынын төлөнө элек  бөлүгүн,  пайыздарды,  айып

төлөмдөрдү,  күрөөгө коюлган мүлктүн наркын сактоо үчүн күтүүгө  зарыл

жумшалган   негиздүү   чыгымдарды,   милдеттенмени   аткаруу   мөөнөтү

узартылышынан  улам  чыккан чыгашанын ордун толтуруунун,  ошондой  эле

күрөөнү  мажбурлоо жолу менен алуу боюнча чыгымдарды күрөө  кармоочуга

камсыз кылып берет.

  2.  Күрөө  бир же бир нече милдеттенмени камсыз кыла алат.  Көптөгөн

милдеттенмелер жана күрөө менен камсыз кылынган кийинки милдеттенмелер

күрөөгө  киргизилген милдеттенмелерди сыпаттап жазуу менен  аныкталышы

мүмкүн.

  3.  Бир  милдеттенмени  аткарган учурда,  күрөө  тыюу  салууну  алып

койбостон, башка да кийинки милдеттенмелерди камсыз кыла алат,  эгерде

келишим  ошол  эле тараптарга тиешелүү болсо жана бул күрөө  жөнүндөгү

келишимде каралса.

  4.  Күрөө  менен  күрөө кармоочунун кредит келишими же  күрөө  менен

камсыз  кылынуучу башка милдеттенмеси боюнча күрөө жөнүндөгү келишимде

каралган  карызынын  негизги суммасы толук  же  жарым-жартылай  камсыз

кылынат.

  Кредит  келишимин  аткарууну же пайыздарын төлөп берүү  шарты  менен

алынган  зайымдын келишимин камсыз кылууга белгиленген  күрөө  кредити

(зайымдык  каражаттар) пайдаланылгандыгы үчүн ага тиешелүү  пайыздарды

кредиторго (карыз берүүчүгө) төлөп берүүнү да камсыз кылат.

  5.  Эгерде  келишимде  башкасы каралбаса,  күрөө  кредитордун  өзүнө

тиешелүү суммаларды төлөп берүүнү да камсыз кылат:

  1) күрөөнүн жүйөсүн күтүүгө жана/же сактоого байланышкан чыгымдардын

(салыктардын,   жыйымдардын,  коммуналдык  төлөмдөрдүн   ж.б.)   ордун

толтурууну;

  2)  негизги милдеттенмеде же мыйзамда каралган башка жактын  акчалай

каражаттарын үзгүлтүксүз пайдалангандыгы үчүн пайыздарды  төлөп  берүү

түрүндө;

  3)    негизги    милдеттенмени   аткарбоонун,    аткаруу    мөөнөтүн

создуктуруунун  же  дагы башкача талаптагыдай аткарбоонун  кесепетинен

чыккан чыгашалардын жана/же айып төлөмдүн (жазапулдун, туумдун)  ордун

толтуруп берүүнү;

  4)  өндүрүп  алууну күрөөнүн жүйөсүнө айландыруудан улам чыккан  сот

чыгымдарын, дагы башка чыгашалардын ордун толтурууну;

  5)  күрөөнүн жүйөсүн сатып өткөрүү боюнча чыгымдардын ордун толтуруп

берүүнү.

 

  10-статья. Күрөө жөнүндөгү келишимдин формасы жана мазмуну

 

  1. Күрөө жөнүндөгү келишим тараптар кол  койгон  документти  түзүү

жолу менен жазуу жүзүндө түзүлүшү керек.

     2. Күрөө жөнүндөгү келишим нотариалдык жактан  ырасталууга  тийиш,

эгерде  күрөө келишим боюнча милдеттенмелерди,  ошондой эле тараптардын

макулдашуусунда каралган учурларда нотариалдык жактан ырасталышын  кам-

сыз кылса.

     Кыймылсыз мүлк укуктарынын күрөө жөнүндөгү келишими Кыргыз Респуб-

ликасынын кыймылсыз мүлк укуктарын мамлекеттик каттоо тууралу мыйзамда-

рында каралган тартипте  мамлекеттик  каттоодон  өткөн  учурдан  тартып

түзүлдү жана күчүнө кирди деп эсептелет.

     3. Ушул статьянын 1 жана 2-пункттарында белгиленген күрөө  келиши-

минин  формасы  жөнүндө  эрежелердин сакталбаганы күрөө жөнүндө келишим

жараксыз деп табылышына алып келет.  Мындай келишимдин бар-жогу  эсепке

алынбайт.

     4. Күрөө жөнүндөгү келишимде төмөндөгүлөр камтылышы керек:

     1) тараптардын аты-жөнү (фамилиясы, аты, атасынын аты) жана турган

жери;

     2) күрөө  менен камсыздалган милдеттенменин баяндамасы, ал милдет-

тенменин максималдуу суммасы менен чагылдырылышы мүмкүн;

     3) аны  идентификациялоо үчүн күрөө предметинин жетиштүү жалпы ба-

яндамасы;

     4) күрөөнүн жүйөсү болуп саналган мүлк укугу күрөө кармоочуга  та-

андык  болуусу  менен укук берүүчү реквизиттери,  каттоодон өткөрүлүүгө

тийиш кыймылсыз мүлктүн же мүлктүн документинин көрсөтүлүшү;

     5) (КР  2009-жылдын 30-мартындагы №97 Мыйзамына ылайык алынып са-

лынды)

     Тараптар күрөө  жөнүндөгү келишимде бардык же кайсы бир талаш-тар-

тышты бейтарап соттун кароосуна өткөрүп берүү тууралу "арбитраждык  эс-

кертмени"  карай  алышат жана мындай талаш-тартыш күрөөгө тиешелүү укук

мамилелерине байланыштуу алардын ортосунда келип чыгышы мүмкүн.  Бейта-

рап  макулдашуу  өзүнчө макулдашуу менен да жол-жоболоштурулушу мүмкүн.

Бейтарап макулдашууну түзүүнүн шарттары жана тартиби тиешелүү  мыйзамда

каралат.

     Тараптар күрөө жөнүндөгү келишимде башка да шарттарды  карай  алы-

шат.

     5. Эгерде күрөө кармоочунун укугу күрөөлүк менен  ырасталса,  анда

ал күрөө жөнүндөгү келишимде көрсөтүлүүгө тийиш.

     6. КР 2009-жылдын 30-мартындагы №97 Мыйзамына ылайык күчүн жогот-

ту)

     7. Муниципалдык мүлк, айыл чарба багытындагы жер участкасы күрөөгө

коюлганда, аларды баалоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгилен-

ген талаптарга ылайык жүзөгө ашырылат.

     Күрөө жөнүндөгү келишимдин тараптары күрөө  жүйөсүн  баалоону  көз

карандысыз баалоочуга тапшыра алышат.

     Акча каражаттарын, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү легалдаштырууга

байланыштуу мунапыс  жөнүндө"  Кыргыз  Республикасынын Мыйзамына ылайык

легалдаштырылган мүлктү күрөөгө коюуда коюлган баанын наркы легалдашты-

руунун субъектисинин өзү белгилеген баадан ашык болушу мүмкүн эмес.

     8. Күрөө боюнча милдеттенме кайсы бир келишимге негизделген  учур-

ларда  ошол  келишимдин тараптары жана аны түзгөн дата көрсөтүлүүгө ти-

йиш.

     9. Эгерде күрөө менен камсыз кылынган милдеттенменин суммасы кийин

аныкталууга тийиш болсо,  күрөө жөнүндөгү келишимде аны аныктоонун тар-

тиби жана башка зарыл шарттары көрсөтүлүшү керек.

     10. Эгерде күрөөнүн жүйөсү күрөө  берүүчүгө  таандык  ижара  укугу

болсо,  күрөө жөнүндөгү келишимде ижарага алынган мүлк жана аны ижарага

алуунун мөөнөтү көрсөтүлүшү керек.

(КР 2007-жылдын  6-августундагы № 133, 2009-жылдын 30-мартындагы №

97 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

  11-статья. Күрөөгө коюлган мүлктүн (кайрадан күрөөгө коюу) кийинки

                                күрөөсү

 

  1.  Күрөө жөнүндөгү келишим боюнча бир милдеттенмени (мурдагы күрөө)

аткарууну  камсыз кылуу үчүн күрөөгө коюлган мүлк башка  милдеттенмени

(кийинки күрөө) аткарууну камсыз кылуу үчүн берилиши мүмкүн.

  Күрөө  кармоочулардын  кезектүүлүгү Күрөө каттоо  конторасынын  жана

кыймылсыз  мүлккө  болгон  укуктарды бирдиктүү  мамлекеттик  каттоонун

реестриндеги  маалыматтардын  негизинде мамлекеттик  каттоо  жөнүндөгү

мыйзамдарга  же  каттоосу жок болсо, күрөө жөнүндөгү келишим  түзүлгөн

датага   ылайык   аныкталуучу  күрөө  келип  чыккан   учурдан   тартып

белгиленет.

  Кийинки күрөөлөр боюнча милдеттенмелердин жыйындысы мурдагы күрөөлөр

боюнча  милдеттенмелерди  эсепке алуу менен күрөөгө  коюлуучу  мүлктүн

баалуулугу наркынан ашпоого тийиш.

  2.  Эгерде артыкчылык укукка ээ болгон мурдагы күрөө кармоочу  жазуу

жүзүндө кийинки күрөө кармоочу менен башкача келишпесе, кийинки  күрөө

кармоочунун    талаптары    мурдагы   күрөө   кармоочунун    талаптары

канагаттандырылгандан     кийин     күрөө      жүйөсүнүн      наркынан

канагаттандырылат.

  3.  Күрөө  кармоочу  ар  бир кийинки күрөө кармоочуга  ошол  мүлктүн

swspd`c                     

                                2-глава

                            Күрөөнү каттоо

 

  20-статья. Кыймылсыз мүлк күрөөсүн каттоо

 

    1. Кыймылсыз  мүлк күрөөсүн жана күрөө жөнүндөгү, ипотека, ошондой

эле мыйзам  күчүнөн улам келип чыгуучу ипотека келишимден келип чыгуучу

укуктарды мамлекеттик каттоо кыймылсыз мүлк укуктарын каттоо боюнча ый-

гарым укуктуу  мамлекеттик  орган тарабынан Кыргыз Республикасынын кый-

мылсыз мүлк  укуктарын мамлекеттик каттоо жөнүндө мыйзамдары менен бел-

гиленген тартипте  кыймылсыз  мүлк укуктарын бирдиктүү мамлекеттик кат-

тоону жүргүзгөн орган тарабынан жүзөгө ашырылат.

     2. Күрөө  жөнүндө,  ипотека, ошондой эле мыйзам күчүнөн улам келип

чыгуучу ипотека  келишимден  келип  чыгуучу  укук кыймылсыз мүлк турган

жердеги жергиликтүү каттоочу органда катталууга тийиш.

  3.  Кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктү өзүнө камтыган мүлктүк  комплекс

катары  ишкананын күрөөсү күрөөнүн жүйөсү жайгашкан жердеги  кыймылсыз

мүлк  укуктарын  каттоо  боюнча ыйгарым  укуктуу  мамлекеттик  органда

катталышы керек.

  4.  Эгерде  кыймылсыз  мүлктүн күрөөсү кыймылсыз  мүлктүн  бирдиктүү

идентификациялык номерин көрсөтпөсө, анда күрөө төмөндөгүдөй шарттарда

Кыймылсыз  мүлк укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестринде катталышы

керек,  күрөөгө коюлган мүлктү күрөө жөнүндө келишимде сыпаттап  жазуу

анын аныкталып көрсөтүлүшү үчүн жетиштүү болот.

  5.  Кыргыз  Республикасынын  мыйзамдарына  ылайык  мүлктүк  комплекс

катары  ишкана  күрөөгө коюлган учурда, эгерде күрөөнүн  жүйөсү  болуп

саналган  ишкананын кыймылсыз мүлкү өзалдынча сыпатталып  жазыла  элек

болсо,   күрөө   Кыймылсыз  мүлк  укуктарынын  бирдиктүү   мамлекеттик

реестринде   ошол   ишкананын  атынан  катталуучу  кыймылсыз   мүлктүн

кандайына карата болбосун катталышы керек.

  (КР 2009-жылдын 30-мартындагы №98 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

 

  21-статья. Кыймылдуу мүлк күрөөсүн каттоо

 

   1.Күрөөлүктөн тышкары, 250 эсептик көрсөткүчтөн ашык суммадагы мил-

деттенмелерди камсыз кылган кыймылдуу мүлктөрдүн бардык күрөөсү Күрөө

каттоо конторасында милдеттүү катталууга тийиш.

  250 эсептик көрсөткүчкө чейинки суммада милдеттенмени камсыз кылу-

учу күрөөлөр күрөө бүтүмдөрүнүн катышуучусунун  каалоосу  боюнча  Күрөө

каттоо конторасында катталышы мүмкүн.

     Күрөөнү каттоо күрөө кармоочунун мурда катталган күрөөсү  болбогон

башка кредиторлордун алдында өзүнүн талаптарын канааттандырган артыкчы-

лыктуу укуктарын бөлүштүрүү максатында жүргүзүлөт.

  2. Күрөөлүк күрөө жөнүндөгү келишимге ылайык күрөө кармоочунун же ал

ыйгарым  укук  берген  адамдын карамагына өткөрүлүп  берилген  учурдан

тартып жүзөгө ашырылды деп эсептелинет.

  3.   Күрөө  катары  акча-кредит  каражаттары,  баалуу  корпоративдик

кагаздар  чыга  турган  күрөөнү каттоону  ушундай  каражаттардын  жана

баалуу   кагаздардын  ээлерин  каттоону  жүргүзүүчү  ыйгарым   укуктуу

органдар жүзөгө ашырат.

  4.  Накталай  акча күрөөсү аны күрөө кармоочуга өткөрүп  берүү  жолу

менен   жүзөгө  ашырылат.  Накталай  акча  күрөө  кармоочу   тарабынан

депозиттик эсепте кармалат, мында пайыздары күрөө берүүчүгө  чегерилип

турат.

  5. Күрөө каттоо конторасында каттоо күрөө кармоочунун (кредитордун),

болбосо  күрөө жөнүндөгү келишим боюнча күрөө берүүчүнүн (карызкордун)

арызы боюнча жүргүзүлөт.

  6.  Кыймылдуу мүлк күрөөлөрүн каттоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

бекиткен  Күрөө  бүтүмдөрүн  каттоонун  тартиби   жөнүндө нускамага

ылайык жүзөгө ашырылат.

  (КР 2008-жылдын 17-декабрындагы № 265, 2009-жылдын 29-июнундагы №195

Мыйзамдарынын, 2010-жылдын 27-июлундагы УӨ № 110  декретинин,

КР 2011-жылдын 12-июлундагы № 93 мыйзамынын редакцияларына ылайык)

 

  22-статья. Күрөөлөр боюнча бирдиктүү мамлекеттик реестрге жетүү

 

  1.  Кайсы  жак  болбосун кыймылдуу мүлк күрөөлөрү  боюнча  Бирдиктүү

мамлекеттик   ресстрден   Кыргыз  Республикасынын   ченемдик   укуктук

актыларында белгиленген тартипте жыйым төлөп берип, маалымат ала алат.

  2.   Кайсы   жак  болбосун  кыймылсыз  мүлк  укуктарынын   Бирдиктүү

мамлекеттик  реестринен "Кыймылсыз мүлк укуктарын  мамлекеттик  каттоо

жөнүндө"  Кыргыз  Республикасынын Мыйзамы менен  белгиленген  тартипте

маалымат ала алат.

 

  23-статья. Жыйымдардын өлчөмдөрү

 

  Күрөөнү  каттоо  үчүн  жыйымдардын өлчөмдөрү Кыргыз  Республикасынын

Өкмөтү тарабынан белгиленет.

 

                               II БӨЛҮМ

                           КҮРӨӨНҮН ТҮРЛӨРҮ

 

                                3-глава

                Күрөөгө коюлган буюмду күрөө кармоочуга

                   кошо берүүнүн күрөөсү (күрөөлүк)

 

  24-статья. Күрөөлүк түшүнүгү

 

  1.  Күрөөлүк  - күрөө жөнүндө келишимге ылайык күрөөгө коюлган  мүлк

күрөө  берүүчүдөн  күрөө  кармоочунун карамагына  өткөрүлүп  берилүүчү

күрөөнүн бир түрү.

  2.   Күрөө  кармоочунун  күрөө  берүүчү  менен  макулдашуусу  боюнча

күрөөлүктүн жүйөсү күрөө берүүчүнүн кулпусу жана мөөрү менен бекитилип

(бекем  күрөө), күрөө берүүчүдө калтырылышы мүмкүн. Жекече  аныкталган

буюм  күрөөлүк жөнүндө ырастамаларды билдирген белгилер  коюлуу  менен

күрөө берүүчүнүн карамагында калтырылышы мүмкүн.

  Ушул  бөлүмдүн эрежелери мындай күрөөдө күрөө кармоочу  менен  күрөө

берүүчүнүн   өз  ара  мамилелеринин  мањызына  карама-каршы   келбеген

себептүү бекем күрөөгө карата колдонулат.

 

  25-статья. Күрөөлүк коюуда күрөө кармоочунун өзгөчөлүктөрү

 

  Эгерде  ушул  Мыйзамда  же келишимде башкасы  каралбаса,  күрөөлүктү

койгондо күрөө кармоочу төмөндөгүлөргө милдеттүү:

  1)  эгерде бул күрөө жөнүндөгү келишимде эскертилсе, күрөөгө коюлган

мүлктүн  турумун  сактоо үчүн келишимде каралган  же  жөндүү  чектерде

тиешелүү чараларды көрүүгө;

  2)  күрөөгө  коюлган мүлктүн бүлүнгөнү же жараксыз болгону,  ошондой

эле  ага  кандай  кысым  (коркунуч)  болбосун  келгени  тууралу  күрөө

берүүчүгө токтоосуз билдирүүгө;

  3)  күрөө  берүүчүгө  күрөөгө коюлган мүлктүн пайдаланылышы  тууралу

үзгүлтүксүз отчет жиберип турууга;

  4)  күрөө  берүүчүнүн  эсебинен жана  анын  пайдасына  ошол  мүлктүн

наркынын көлөмүндө күрөөлүктүн жүйөсүн камсыздандырууга;

  5) күрөөгө коюлган мүлктү талаптагыдай күтүүгө;

  6)  камсыз  кылынган  милдеттенме  аткарылгандан  кийин  күрөөлүктүн

жүйөсүн токтоосуз кайтарып берүүгө.

  Эгерде  күрөө кармоочу гана күрөөнү түзүү учурунда алдынала  билүүгө

мүмкүн  болбогон мөөнөттү узартуу үчүн жүйөлүү себептерди  көрсөтпөсө,

ушул  Мыйзамда пайдаланылган "токтоосуз" деген термин 3  (үч)  жумушчу

күн дегенди билдирет.

 

  26-статья. Күрөөлүк коюуда күрөө кармоочунун укуктары

 

  1. Күрөө кармоочу күрөөгө коюлган мүлк банк эсебиндеги накталай акча

менен  берилгенден башка учурларда күрөө жөнүндөгү келишимде  каралган

көлөмдө  күрөөлүк жүйөсүн пайдаланууга укуктуу, ал эми күрөө  кармоочу

катары банк чыгат. Эгерде күрөө жөнүндөгү келишимде башкасы каралбаса,

күрөө   кармоочу  болгон  банк  эсепте  турган  акчалай  каражаттардан

пайдаланууга укугу бар.

  Алынган  мүлк  пайдалары биринчи кезекте күрөө  кармоочунун  күрөөгө

коюлган  күтүү жана сактоо багытындагы чыгымдарын жабуу,  андан  кийин

карыздын негизги суммасы боюнча пайыздардан кутулуу үчүн жумшалат.

  2.  Эгерде  күрөө  берүүчү күрөөгө коюлган  мүлк  күрөө  кармоочунун

күнөөсү  боюнча  эмес,  табияттын өзүнөн же курамынан  улам,  бузулуу,

бүлүнүү  же наркы төмөндөө коркунучу бар экенин билсе, ал бул  тууралу

күрөө  кармоочуга  дароо маалымат берет жана коргоону  камсыз  кылууну

талап кылат. Эгерде күрөөгө коюлган мүлктүн ушундай бузулуучу бүлгүнгө

учурашы,  наркынын  төмөндөшү  күрөө кармоочунун  күнөөсүнөн  болбосо,

күрөө  кармоочу  күрөөлүктүн жүйөсүн алмаштырууну,  ошондой  эле  ошол

күрөө  кармоочу  анын кесепети тарткан кандай гана чыгашалардын  ордун

толтурууну талап кылууга укугу бар.

 

  27-статья. Күрөөлүк жоголгон же бузулганда күрөө кармоочунун

                             жоопкерчилиги

 

 

     Эгерде келишимде  башкасы  каралбаса, эгерде күрөөлүк коюуда күрөө

кармоочу өзүнүн  күнөөсү  боюнча болбогондугун далилдей албаса, күрөөгө

коюлган мүлктүн  жоголгону  же  бузулганы үчүн күрөө берүүчүнүн алдында

жоопкерчилик тартат.  Күрөө кармоочу тарабынан төлөнүүчү зыяндын өлчөмү

- күрөөгө  коюлган  мүлктүн рынок наркы төмөндөгөн сумманы эсептөө жана

күрөөгө коюлган  мүлктү күрөөгө коюудагы мүлктүн рынок наркына салышты-

руу боюнча аныкталат.

 (КР 2009-жылдын 30-мартындагы №97 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

  

  28-статья. Күрөөканалар

 

  1.  Күрөөканалар  кандай  гана төгүлбөгөн  төлөмдөр  болбосун  күрөө

берүүчүдөн   кошумча  милдеттенмелерди  өндүрүп  албастан,  зайымдарды

камсыз   кылуу  каражаты  катары  буюмдарды  күрөөлүккө  коюу   жагына

адистешет.

  2.  Күрөөканадагы буюмдардын күрөөсү Кыргыз Республикасынын Жарандык

кодексинин 341-статьясына ылайык жүзөгө ашырылат.

  3.  Күрөөканаларга карата ушул Мыйзамдын 6-главасынын 11-статьясынын

7-пунктунун жоболору колдонулбайт.

  4.  Ушул Мыйзамдын 27-статьясына ылайык пайда болуучу жоопкерчиликти

тартпаш  үчүн күрөөкана күрөөгө коюлган мүлктүн жоголушу  же  бүлгүнгө

учурашы атайын жасалган иштен же күрөө кармоочунун өтө олдоксондугунан

же колдон келбес күчтөн улам болгондугун далилдеши керек.

  5. Күрөөкана тарабынан берилген күрөө белети күрөө жөнүндөгү келишим

күчүнө эгедер.

 

  29-статья. Акчалай каражаттардын күрөөсү

 

  Акчалай  каражаттардын  күрөөсү аларды күрөө кармоочунун  карамагына

өткөрүп берүү жолу менен жүзөгө ашырылат. Банк болуп саналбаган  жакка

күрөө   берүүчү  тарабынан  берилген  акча  каражаты  күрөө   кармоочу

тарабынан   банктын  депозиттик  эсебинде  же  нотариалдык   конторада

кармалат.  Бул  суммага  кошулган пайыздар  күрөө  кармоочуга  таандык

болот.

  Кардардын  эсеби  бар  банк  тараптардын  макулдугу  боюнча  банктын

кредиттерин  камсыз  кылуу үчүн ошол кардардан  (күрөө  берүүчүгө)  же

үчүнчү  жакка  анын эсебинде турган акчалай каражаттарды күрөө  катары

алууга укугу бар. Мындай күрөө күрөөлүк деп эсептелет (саналат).

  Банктын кардарынын (күрөө берүүчүнүн) банктын эсебиндеги каражаттары

тараптардын   макулдугу  боюнча  үчүнчү  жактын  (күрөө   кармоочунун)

алдындагы күрөөнүн (күрөөлүктүн) жүйөсү катары чыкса болот.

  Күрөөнүн  жүйөсү  болуп  саналбаган каражаттар,  эгерде  банк  Күрөө

кармоочу  жана  күрөө  берүүчү  тарабынан  кардардын  банк  эсебиндеги

каражаттарынын   күрөөсүнө  байланыштуу  жазуу  жүзүндө   маалымдалса,

банктын  жазуу жүзүндө тастыктамасы болсо, кардардын банктагы эсебинен

төлөнүп берилиши мүмкүн эмес.

 

                                4-глава

                   Күрөө кармоочуга күрөөгө коюлган

                        буюмду калтырган күрөө

 

  30-статья. Күрөө кармоочуга күрөөгө коюлган буюмду калтырган күрөө

 

   1. Күрөө  кармоочуга күрөөгө коюлган буюмду калтырган күрөө жүйөсү

катары кыймылдуу  жана кыймылсыз мүлк (имарат, курулма, көп квартиралуу

үйдөгү квартира, жер участкалары), транспорттук каражаттар жарандык жү-

гүртүүдөн алына элек буюмдар каралышы мүмкүн.

     2. (КР  2009-жылдын 30-мартындагы №97 Мыйзамына ылайык күчүн жо-

готту)

  (КР 2009-жылдын 30-мартындагы №97Мыйзамына ылайык)

 

   31-статья. Күрөө кармоочуда буюмдарды калтыруу менен жасалган

                 күрөөдөгү күрөө кармоочунун укуктары

 

  Эгерде  күрөө жүйөсү күрөө кармоочуда турса, эгерде күрөө  жөнүндөгү

келишимде башкасы каралбаса, күрөө кармоочу төмөндөгүлөргө укуктуу:

  1)  мүлктөн, ошондой эле ал жердеги күрөөгө коюлган мүлктүн өлчөмүн,

абалын жана сакталыш же пайдаланылыш шарттарын текшерүүгө зарыл болгон

кандай документация болбосун алууга;

  2)  күрөөгө  коюлган  мүлктүн жок болушуна, бузулушуна  же  наркынын

төмөндөшүнө  коркунуч келтирүүчү күрөөнүн жүйөсүнө  кандай  кол  салуу

болбосун токтотууну талап кылууга;

  3)   күрөө   берүүчүдөн,   күрөөнүн  жүйөсүн  коргоого   багытталган

чаралардын көрүлүшүн талап кылууга, эгерде негиздүү болсо;

  4)  күрөө  кармоочунун  күнөөсүнөн тышкары  бузулуп  калган  күрөөгө

коюлган  мүлктү  калыбына  келтирүүнү  же  аны  алмаштырууну  төлөмдүн

макулдашылган  мөөнөттөрүнө  карабастан  карызды  (карыздын   тиешелүү

бөлүгүн) берүүнү талап кылууга;

  5)  күрөө  жөнүндөгү келишимде каралган, ушул Мыйзамга  карама-каршы

келбеген башка укуктарды жүзөгө ашырууга.

 

  32-статья. Буюмду күрөө кармоочуда калтыруу менен берилген

                 күрөөдөгү күрөө кармоочунун укуктары

 

  Эгерде  күрөө  жөнүндөгү келишимде башкасы каралбаса, буюмдар  күрөө

кармоочунун калтырылган күрөөдө күрөө берүүчү төмөндөгүлөргө укуктуу:

  1)  күрөөгө  коюлган  буюмдун мүнөзүнө жана  багытына  ылайык  күрөө

жүйөсүнө ээлик кылууга жана аны пайдаланууга;

  2)  күрөө  жөнүндөгү келишим менен берилген башка  укуктарды  жүзөгө

ашырууга.

 

  33-статья. Буюмду күрөө кармоочуда калтыруу менен жасалган күрөө

                 учурунда күрөө кармоочунун милдеттери

 

  Эгерде  күрөө  жөнүндөгү келишимде башкасы каралбаса, күрөө  берүүчү

буюмду өзүндө калтырган күрөө учурунда төмөндөгүлөргө милдеттүү:

  1) күрөө жүйөсүн сактоо үчүн анын ичинде келишимге ылайык капиталдык

жана учурдагы ремонтту жүргүзүүгө зарыл бардык чараларды көрүүгө;

  2)  өз  эсебинен  өзүндө  калтырылган күрөө  жүйөсүн  толук  көлөмдө

камсыздандырууга;

  3)  күрөө  жүйөсү  жараксыз  болуп калган  учурда  күрөөнүн  жүйөсүн

калыбына  келтирүүгө же рынок наркына барабар баадагы буюм менен  ошол

күрөөнүн  жоголгон  жүйөсүн алмаштырууга же  тараптардын  макулдашуусу

боюнча   төлөмдөрдүн  макулдашылган  мөөнөттөрүнө  карабастан  карызды

(карыздын тиешелүү бөлүгүн) төлөп берүүгө;

  4)  күрөөнүн  жүйөсү  ижарага өткөрүлгөнү тууралу  күрөө  кармоочуга

кабарлоого.

 

  34-статья. Жүгүртүүдөгү товарлардын күрөөсү

 

   1. Жүгүртүүдөгү товарлар катары бир топ мезгил аралыгында пайдала-

нылса жана  орду  толтурулса  боло  турган товардык-материалдык корлор,

чийки заттар,  чала  фабрикаттар  жана  даяр  продукция эсептелет. Ушул

статьяга ылайык  жалпы  сыпаттама берип, товарды белгилөөгө боло турган

ушундай товарларды күрөөгө койсо болот. Жүгүртүүдөгү товарлардын күрөө-

сү жөнүндө  келишимде күрөөнүн предмети болгон жүгүртүүдөгү товарлардын

жалпы баяндамасы болууга тийиш Мүлк комплекси катары ишкана күрөөгө ко-

юлган учурда,  ал ошол ишканага таандык жүгүртүүдөгү бардык товарлардын

күрөөсүн өзүнө камтыйт (эгерде күрөө жөнүндөгү келишимде башкасы карал-

баса), ушундан  улам тиешелүү товарлардын мүнөздөмөлөрүн же өзүнчө нар-

кын жана  башка  касиеттерин  сыпаттап  жазууга же аныктоого зарылчылык

болбойт.

     2. Жүгүртүүдөгү товарлар күрөөгө коюлганда күрөөгө жүйө болуп бел-

гилүү бир  нарктагы товарлар саналат. Эгерде келишимде башкасы каралба-

са, күрөө берүүчү күрөөнүн жүйөсүн товардын жалпы наркы күрөө жөнүндөгү

келишимде көрсөтүлгөндөн төмөн болуп калбагыдай кылып, күрөөнүн жүйөсүн

алмаштырууга укугу  бар,  эгерде макулдашууда башкасы каралбаса, жүгүр-

түүдөгү товарлардын  күрөөсүнүн  жалпы наркы төмөндөтүлгөн учурлар эске

алынбайт.

  3.  Жүгүртүүдөгү товарлардын күрөөсү катары күрөө берүүчүнүн  өзүндө

калтырылган  товарлардын  күрөөсү таанылат.  Жүгүртүүдөгү  товарлардын

күрөөсүндө  жана  кайра  иштетилишинде  күрөө  берүүчү  ушул  главанын

эрежелерин сактоо менен күрөөнүн жүйөсүнө ээлик кылуу, пайдалануу жана

тескөө укугун сактайт.

  4. Жүгүрүтүүдөгү товарлардын күрөөсү жөнүндөгү келишимдин шарттарына

ылайык  күрөө  берүүчү тарабынан алынган жүгүртүүдөгү товарлар  менчик

укугунда  күрөө берүүчүгө өткөн учурдан тартып же дагы  башка  буюмдук

укук  боюнча  күрөөнүн  жүйөсүнө айланат. Жүгүртүүдө  турган  товарлар

сатып  алуучунун  менчигине, толук чарбалык  ээлигине  же  оперативдүү

башкаруусуна өткөн учурдан тартып күрөө болуудан калат.

  5.  Күрөөдөгү  товарларды  алуу үчүн күрөө берүүчүтө  кредит  берген

күрөө  кармоочу  алар  күрөөнүн жүйөсү  болгон  учурга  чейин  ушундай

товарларга  катталган күрөө укугуна ээ, жүгүртүүдөгү товарлар  күрөөгө

берүүчүнүн менчигине же тикелей ээлик кылуусуна өткөнгө чейин жогоруда

белгиленген  факт жөнүндө билдирген кандай гана болбосун  башка  күрөө

кармоочунун алдында артыкчылыкка ээ.

  6.  Ушул  Мыйзамдын  58-статьясына  ылайык  күрөөнү  өндүрүп  алууну

айлантуу  жөнүндө күрөө кармоочу тарабынан билдирмени күрөө  берүүчүгө

тапшырылгандан  тартып күрөө берүүчүгө жүгүртүүдөгү кандай  товарларга

болбосун ээлик кылууга тыюу салынат, мында күрөө кармоочу Күрөө каттоо

конторасында  өндүрүп  алууну  күрөөгө  айлантуу  фактысын   каттатса,

жүгүртүүдөгү  товарды же аларга аралаш, же алмашылган  товарды  алуучу

кандай жак болбосун күрөө менен оорлотулган ушундай мүлктү алышат.

  7.  Товарлардын  күрөөсү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына  ылайык

товар  бөлүштүрүүчү  документ  болуп  саналган  баалуу  кагазды  күрөө

кармоочуга  өткөрүп берүү жолу менен жүзөгө ашырылат. Күрөөгө  коюлган

баалуу  кагаздар нотариалдык конторанын же банктын депозитине  өткөрүп

берилиши мүмкүн.

   (КР 2009-жылдын 30-мартындагы №97Мыйзамына ылайык)

 

  35-статья. Ипотека

 

  1.  Ипотека  - бул менчик укугунда же кыймылсыз мүлккө  болгон  дагы

башка  буюмдук укукта же күрөөнүн жүйөсүнүн курамында кыймылсыз мүлктү

камтыган  күрөө,  анын ичинде мүлктүк комплекс катары ишкана  күрөөсүн

күрөөгө  койгон  акчалай  же акчалай формада туюнтулган  милдеттенмени

камсыз  кылуу  ыкмасы.  Айыл чарба багытындагы жерлердин  ипотекасынын

өзгөчөлүгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынат.

  2.   Ипотека  жөнүндө  келишим  келишимдерди  түзүү  тууралу  Кыргыз

Республикасынын  Жарандык  кодексинин жалпы  эрежелерин,  "Айыл  чарба

багытындагы   жерлерди   башкаруу  жөнүндө"   Кыргыз   Республикасынын

Мыйзамын, ошондой эле ушул Мыйзамдын жоболорун сактоо менен түзүлөт.

  Ипотека  чектелген  кыймылсыз мүлк күрөө берүүчүнүн  ээлигинде  жана

пайдалануусунда калат.

  Ипотеканын жүйөсүн күрөө кармоочунун ээлигине өткөрүп берүү,  мындай

күрөө  күрөөлүк болуп саналат дегенди билдирбейт, бирок  ал  кыймылсыз

мүлк   укуктарын   каттоону  жүзөгө  ашыруучу  мамлекеттик   каттоодон

милдеттүү түрдө өткөрүлүүгө тийиш.

  3.  Ипотекага  менчик укугу же кыймылсыз мүлктүн дагы башка  буюмдук

укугуна төмөндөгүдөй жүйө болушу мүмкүн:

  1) жер участкалары, анын ичинде айыл чарба багытындагы жерлер;

  2) имараттар, курулмалар;

  3)  турак үйлөр, көп квартиралуу үйдөгү квартиралар жана (же) бир же

бир  нече  өзүнчө  бөлмөдөн турган турак үйлөрдүн жана  квартиралардын

бөлүктөрү;

  4)  дачалар, чарбак үйлөр, гараждар, керектөө багытындагы дагы башка

курулмалар;

  5)  Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен кыймылсыз мүлккө таандык

кылынган    гидроэлектр   станциялары   менен    суу    сактагычтардын

hl`p`rr`p Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

 

  43-статья. Ссуда-аманат турак жай-курулуш кассалары

 

  1.  Ссуда-аманат  турак  жай-курулуш  кассасы  адистешкен  кредиттик

мекеме  болуп  саналат, анын иши катышуучулардын акчалай  каражаттарын

атайын  турак  жай-аманат салымдарына топтоого жана  жеке  курулуш  же

турак   үйлөрдү  же  квартираларды  сатып  алыш  үчүн  өз   мүчөлөрүнө

кредиттерди берүүгө багытталат.

  2.   Ссуда-аманат   турак  жай-курулуш  кассасы  юридикалык   жактын

өзалдынча  формасы,  коммерциялык эмес уюм болуп саналат  жана  Кыргыз

Республикасынын   мыйзамдарына  ылайык  мамлекеттик  каттоодон   өткөн

учурдан тартып юридикалык жак статусун алат.

 3. Ссуда-аманат турак жай-курулуш кассасы өз катышуучуларынын акчалай каражаттарын турак жай-аманат салымдарына тартуу жана өз катышуучуларына мөөнөт коюу, кайтарып берүү жана акы төлөө шарттары  менен  турак  жай кредиттерин берүү боюнча ишти жүзөгө ашырат.

  1)  өз мүчөлөрүнүн акчалай каражаттарын турак жай-аманат салымдарына

тартууга;

  2)  өз  катышуучуларына мөөнөт коюп, кайтарып берүү жана  акы  төлөө

шарты менен турак жай кредиттерин берүүгө.

  4. (КР 2012-жылдын 10-октябрындагы N 170 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

  5.  Ссуда-аманат  турак жай-курулуш кассасы өзүнүн  катышуучуларынан

топтолгон  аманат-турак жай салымдарынын эсебинен  турак  жайды  куруу

жана/же сатып алуу үчүн максаттуу кредиттерди берет.

  6. Ссуда-аманат турак жай-курулуш кассасынын капиталы акысы төлөнгөн турак жай-аманат салымдарынан жана резервдеринен турат. Капитал катышуу- чулардын акчалай каражаттарынын эсебинен кур алышы керек.

   7. (КР 2012-жылдын 10-октябрындагы N 170 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

(КР 2012-жылдын 10-октябрындагы N 170 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

  44-статья. Ипотека боюнча мамлкеттик адистешкен мекеме

 

  1.  Ипотека  боюнча  мамлекеттик адистешкен мекеме  -  бул  карыздык

баалуу кагаздардын рыногунун иштешин камсыз кылуучу мамлекеттик орган,

ипотекалык  кредит  боюнча карыз милдеттенмелерин айландырууга  түрткү

берип,  турак  жай  ипотекалык кредиттөөнү кайра  каржылоо  механизмин

камсыз кылат.

  2. Ипотека боюнча мамлекеттик адистешкен мекеме юридикалык жак болуп

саналат,  анын  иши  ушул Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын  тиешелүү

ченемдик укуктук актылары менен жөнгө салынат.

  3.    Ипотека   боюнча   мамлекеттик   адистешкен   мекеме    Кыргыз

Республикасынын  Өкмөтү тарабынан кепилдик берилген мамлекеттик  карыз

ипотекалык  баалуу кагаздарын чыгаруу максаты менен карызга ипотекалык

турак жай милдеттенмелерин алууга укугу бар.

  Ипотекалык   турак  жай  карыздык  милдеттенмелерин   чыгаруу   жана

`ik`md                               5-глава

                          Укуктардын күрөөсү

 

  52-статья. Укуктардын күрөөсү

 

  1.  Күрөө  берүүчүгө тиешелүү болгон акчалай карыз  күрөөнүн  жүйөсү

болуп  саналган  учурда, күрөө берүүчү мыйзамдарда каралган  учурларды

эске  албаганда, күрөөсү карызга берилгени тууралу өз дебиторуна кабар

берүүгө  милдеттүү эмес. Карызы күрөөгө коюлган дебитор, эгерде  күрөө

берүүчү  же  күрөө  кармоочу  күрөөнүн коюлгандыгы  тууралу  дебиторго

билдирбесе,  аны  күрөө  берүүчүгө төлөп берүү  жолу  менен  же  күрөө

берүүчү  дайындаган жакка берүү аркылуу жаба алат. Мындай  билдирүүдөн

кийин  дебиторго  тапшырылгандан кийин күрөө кармоочу күрөө  берүүчүгө

таандык  болгон  күрөөгө  коюлган карыз  боюнча  дебитордун  аркасынан

тикелей  түшө  алат, күрөөгө коюлган карыз күрөө кармоочуга  же  күрөө

кармоочу тарабынан дайындалган жакка ордун төлөп берүү жолу менен гана

жабылышы мүмкүн.

  Эгерде күрөө келишиминде башкасы көрсөтүлбөсө, мүлк комплекси катары

ишкана күрөөсү ишканага таандык бардык укуктардын күрөөсүн өзүнө  кошо

камтыйт.

  2.  Эгерде  күрөөнүн  жүйөсү күрөө берүүчүнүн алдындагы  үчүнчү  бир

жактын акчалай карыздан тышкаркы келишимдик милдеттенмеси болсо,  анда

мындай  келишимдик милдеттенме күрөө берүүчү менен макулдашууга ылайык

милдетин  алган тарап аркылуу канагаттандырылат. Мындай  учурда  күрөө

кармоочу  келишим  боюнча нарктын кандайы болсо  да  күрөө  берүүчүнүн

карамагына өтсө, канагаттануу ала алат.

  Күрөө кармоочу келишимдик милдеттенме боюнча милдетти алган тараптан

тикелей өзү мажбурлап төлөм алуу билдирүүсүнүн көчүрмөсүн ошол  милдет

алган  тарапка  жибергенден кийин гана канагатты  ала  алат,  ал  үчүн

аталган  билдирүүдө  бул ишти - күрөө берүүчү алдындагы  милдет  алган

тараптан  келишимдик милдеттенмени мажбурлап алуу укугун ушул Мыйзамга

ылайык жүргүзүп жатканы көрсөтүлүшү керек.

    (КР 2009-жылдын 30-мартындагы №97Мыйзамына ылайык)

 

  53-статья. Укуктардын күрөөсүндө күрөө берүүчүнүн милдеттери

 

  Эгерде   күрөө   келишиминде  башкасы  каралбаса,  укуктар   күрөөгө

коюлганда күрөө берүүчү төмөндөгүлөргө милдеттүү:

  1) күрөөгө коюлган укукту өткөрүп бербөөгө;

  2)  күрөөгө  коюлган укуктардын токтотулушуна кириптер  кылуучу  иш-

аракеттерди жасабоого же анын наркын төмөндөтпөөгө;

  3)  күрөөгө  коюлган укуктун аныктыгын камсыз кылуу үчүн  зарыл  иш-

аракеттерди жасоого;

  4) күрөөгө коюлган укукту үчүнчү бир жактар тарабынан кол салуусунан

коргоо үчүн бардык чараларды көрүүгө;

  5)   күрөө  кармоочуну  күрөөгө  коюлган  укуктарга  кирген   кандай

өзгөртүүлөр  болбосун, анын үчүнчү жактар тарабынан  бузулушу,  үчүнчү

жактар ушул укукка карата койгон дооматтар тууралу маалымдоого.

 

  54-статья. Укуктардын күрөөсүндө күрөө кармоочунун укуктары

 

  1.  Эгерде келишимде башкасы каралбаса, укуктардын күрөөсүндө  күрөө

кармоочу төмөндөгүлөргө укуктуу:

  1)  эгерде  күрөө  берүүчү  ушул Мыйзамдын  53-статьясында  каралган

милдеттерди  бузса,  күрөө  менен камсыз кылынган  укуктардын  аткаруу

мөөнөтү келгенине карабастан, күрөөгө коюлган укуктарды өзүнө котортуу

жөнүндө доо менен сотко кайрылууга;

  2)   күрөө  берүүчү  тарабынан  ушул  Мыйзамдын  53-статьясынын   4-

пунктчасында  каралган талаптар аткарылбаган учурда,  күрөөгө  коюлган

укукту  үчүнчү жактардын бузушунан коргоого багытталган иш-аракеттерди

өзалдынча жасоого;

  3)  күрөөгө коюлган укук жөнүндө доо каралып жаткан иш боюнча үчүнчү

жак катары чыгууга.

 

                               III БӨЛҮМ

            ӨНДҮРҮП АЛУУНУ КҮРӨӨГӨ КОЮЛГАН МҮЛККӨ АЙЛАНТУУ

                  ЖАНА КҮРӨӨНҮН ЖҮЙӨСҮН САТЫП ӨТКӨРҮҮ

 

                                6-глава

                    Өндүрүп алууну күрөөгө коюлган

                            мүлккө айлантуу

 

  55-статья. Өндүрүп алууну күрөөнүн жүйөсүнө айлантуунун негиздери

 

  1.   Ушул   Мыйзамда  көрсөтүлгөн  күрөө  кармоочунун  (кредитордун)

талаптарын канагаттандыруу үчүн өндүрүп алууну күрөөнүн жүйөсүнө күрөө

менен   камсыз  кылынган  милдеттемени  карызкор  аткарбаган   жана/же

талаптагыдай аткарбаган учурда айлантылышы мүмкүн, айрыкча:

  1) милдеттенмелерди төлөөнүн мөөнөтү бузулса;

  2)  карызкор тарабынан күрөө кармоочунун күрөө менен камсыз кылынган

милдеттемени   мөөнөтүнөн  мурда  аткаруу  жөнүндөгү  учурларга   ушул

Мыйзамдын 56-статьясында каралган учурларга ылайык аткарылбаса.

  2. Өндүрүп  алууну  күрөөгө  коюлган  мүлккө айлантуу, эгерде ушул

Мыйзамда башкасы  каралбаса,  күрөө  келишиминде же мыйзам күчүнөн улам

ипотека белгилеген  башка  келишимде каралган тартипте жүзөгө ашырылат.

Күрөө келишими же мыйзам күчүнөн улам ипотека белгилеген башка келишим-

дин күрөө  аркылуу камсыз кылынган милдеттенменин шарттарынын ортосунда

өндүрүп алууну  күрөөгө  коюлган мүлк аркылуу канааттандыруу жолу менен

аткаруу жагынан  айырмачылыктар  чыкса, артыкчылык күрөө келишиминин же

мыйзам күчүнөн  улам  келип чыгуучу ипотека белгилеген башка келишимдин

шарттарында берилет.

  (КР 2009-жылдын 30-мартындагы №98 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

  56-статья. Күрөө менен камсыз кылынган милдеттенмени мөөнөтүнөн

         мурда аткаруу жөнүндө талаптар канааттандырылбаганда

               өндүрүп алууну күрөөнүн жүйөсүнө айлантуу

 

  Күрөө  кармоочу,  эгерде  анын  койгон  талабы  канагаттандырылбаса,

төмөндөгүдөй  учурларда  өндүрүп алууну күрөөнүн  жүйөсүнө  айлантууну

талап кылууга укуктуу:

  1) күрөө берүүчү тарабынан күрөөнүн жүйөсүн тескөө жөнүндө эрежелери

бузулса,  же эгерде күрөөнүн жүйөсү күрөө берүүчүнүн ээлигинен  чыккан

болсо;

  2)  күрөө  берүүчү тарабынан күрөөнүн жүйөсүн алмаштыруу же калыбына

келтирүү эрежелери бузулса;

  3)  эгерде  күрөө  берүүчү күрөөнүн жүйөсүн алмаштыруу  же  калыбына

келтирүү  укугунан пайдаланбаса, күрөө берүүчү ал үчүн  жооп  бербеген

жагдайлар боюнча күрөөнүн жүйөсү жоголсо;

  4) кийинки күрөө жөнүндө эрежелерди күрөө берүүчү бузса;

  5) күрөө берүүчү тарабынан күрөөнүн жүйөсүн күтүү жана сактоо боюнча

милдеттер бузулса;

  6) күрөө берүүчү тарабынан күрөөнүн жүйөсүнө карата үчүнчү жактардын

укуктары жөнүндө күрөө кармоочуну эскертүү боюнча милдеттер бузулса;

  7) мыйзамда же күрөө жөнүндө же күрөөнү белгилеген башка келишимде

каралган дагы башка учурларда.

   (КР 2009-жылдын 30-мартындагы №98 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

  57-статья. Мурдагы же кийинки күрөө менен камсыз кылынган

           талаптар боюнча өндүрүп алууну күрөөнүн жүйөсүнө

                               айлантуу

 

  1.  Кийинки  күрөө  менен  камсыз кылынган талаптар  боюнча  өндүрүп

алууну күрөөнүн жүйөсүнө айланткан учурда, өндүрүп алуу күрөөнүн  ошол

жүйөсүнө  мурдагы күрөө менен камсыз кылынган талаптар  боюнча  аларды

өндүрүп алуунун мөөнөтү али келе элек болсо, кошо айлантылышы мүмкүн.

  Эгерде  мурдагы  күрөө  келишими боюнча күрөө кармоочу  бул  укуктан

пайдаланбаган  болсо,  кийинки күрөө менен  камсыз  кылынган  талаптар

боюнча  өндүрүп алуу айлантылган күрөөнүн жүйөсү мурдагы  күрөө  менен

оорлотулган бойдон аны алуучуга өтөт.

  2.  Мурдагы  күрөө  менен  камсыз кылынган талаптар  боюнча  өндүрүп

алууга  күрөөнүн  жүйөсүнө айлантылган учурда өндүрүп алууну  күрөөнүн

ошол  жүйөсүнө  күрөө  менен камсыз кылынган  талаптар  боюнча  аларды

өндүрүп  алуу  мөөнөтү  али келе элек болсо  да  кошо  айлантууга  жол

берилет.

  Кийинки  күрөө менен камсыз кылынган талаптар, эгерде мурдагы  күрөө

менен камсыз кылынган талаптарды канагаттандыруу үчүн мөөнөтүнөн мурда

канагаттандырууга тийиш эмес болсо, өндүрүп алууну күрөө жүйөсүнүн бир

бөлүгүнө айлантуу жетиштүү болот.

  3.   Өндүрүп  алууну  күрөөнүн  жүйөсүнө  айлантууда  кийинки  күрөө

келишими боюнча күрөө кармоочунун талаптары мурдагы күрөө боюнча күрөө

кармоочу талаптарын канагаттандыргандан кийин күрөө жүйөсүнүн наркынан

канагаттандырылат.

  4.  Эгерде мурдагы жана кийинки күрөө боюнча күрөө кармоочу бир  эле

жак болуп саналса, ушул статьянын жоболору колдонулбайт. Эгерде Мыйзам

же  макулдашуу  тараптары  аркылуу башкасы  каралбаса,  мындай  учурда

күрөөлөрдүн   ар   бири  менен  камсыз  кылынган   талаптар   тиешелүү

милдеттенмелерди  аткаруу тийиштүү мөөнөттөрдө кезектүүлүк  тартибинде

канагаттандырылат.

 

  58-статья. Өндүрүп алууну күрөөнүн жүйөсүнө айлантуунун тартиби

 

  1.  Соттон  тышкаркы  же  сот  тартибинде  өндүрүп  алууну  күрөөнүн

жүйөсүнө    айлантуу   жол-жобосун   козгоо   үчүн   күрөө    кармоочу

төмөндөгүлөргө милдеттүү:

  1)   өндүрүп   алууну   күрөөнүн  жүйөсүнө  айлантуу   жол-жобосунун

башталганы жөнүндө билдирүү түзүүгө;

  2)  эгерде  күрөөнүн  жүйөсү катталууга тийиш  болсо,  бул  билдирүү

күрөөнү     мамлекеттик    каттоодон    өткөргөн    жүзөгө    ашыруучу

органда/органдарда каттатууга;

  3)  жазуу жүзүндөгү билдирүүнү карызкорго (эгерде ал ошол эле учурда

карызкор   да   болуп  саналбаса,  күрөө  берүүчүгө  да)   тапшырууга.

Билдирүүнү  тикелей берүүгө мүмкүнчүлүк болбосо, ал карызкорго  (күрөө

берүүчүгө да) келишимде көрсөтүлгөн дарек боюнча тапшырык кат  түрүндө

жана/же факс боюнча берилет;

  4)  күрөө  берүүчү  тарабынан  күрөө  кармоочу  бир  эле  жак  болуп

саналгандан  башка учурларда мурдагы жана кийинки күрөөнүн  көчүрмөсүн

жиберүүгө.

  2.   Билдирүү  жазуу  жүзүндө  түзүлүп,  төмөндөгүдөй  маалыматтарды

камтышы керек:

  1)  күрөө  жөнүндө келишимдин сыпаттамасын, өндүрүп алууга  айлантуу

жол-жобосу козголуп жаткан күрөөгө коюлган мүлктү, күрөө менен  камсыз

кылынган   милдеттенмени  канагаттандыруунун   жагдайларынын   кыскача

сыпаттамасын,  анын  аткарылбай калуу  себеби  боюнча  өндүрүп  алууну

айлантуу жол-жобосу козголот;

  2)  милдеттенмелерди  ыктыярдуу  аткаруу  жөнүндө,  белгилүү  мөөнөт

ичинде  карыздардын бардык суммаларын төлөөнү кошкондогу сунуш, мындай

мөөнөт карызкорго (күрөө берүүчүгө) билдирүү жиберилген 15 күндөн  кем

болбошу керек;

  3) өндүрүп алууну күрөөнүн жүйөсүнө айлантуу жол-жобосунун болжолдуу

башталышы жөнүндө эскертүүнү;

  4) катталган күрөөдө - каттоонун номерин жана датасын;

  5)  күрөө  кармоочунун пикири боюнча зарыл деп саналган  дагы  башка

маалыматтарды;

  6) билдирүүнүн датасын жана күрөө кармоочунун же ага ыйгарым укуктуу

жактын  кол  тамгасын,  ал эми өндүрүп алуу күрөөгө  коюлган  имаратка

айлантылган  учурда  -  ишкананын  күрөөсүндө  биринчи  кезекте  күрөө

кармоочунун   колтамгасын,  ошондой  эле  ишканага  башкаруучу   болуп

дайындалган адамдын колтамгасын жана маалыматтарын.

 

  59-статья. Өндүрүп алууну күрөөнүн жүйөсүнө айлантуу жол-жобосун

           козгоо жөнүндө билдирүү алынгандан кийинки күрөө

                  берүүчүнүн (карызкордун) иш-аракети

 

  1.  Күрөө берүүчү карызкор ушул Мыйзамдын 58-статьясынын 2-пунктунун

2-пунктчасына   ылайык   билдирүүдө  көрсөтүлгөн   күрөө   кармоочунун

талаптарын  канагаттандырууга жана билдирүү үчүн негиз болуп  саналган

милдеттенмелерди  токтотууга милдеттүү.  Бул  учурда  жазаны  күрөөнүн

жүйөсүнө айлантууну козгоо жол-жобосу ушул Мыйзамга ылайык токтотулат.

  2. Билдирүүнү алганда күрөө берүүчү (карызкор) төмөнкүлөргө укуктуу:

  1)   сот  тартибинен  тышкары  күрөө  менен  камсыз  кылынган   анын

талаптарын  канагаттандыруу жөнүндө күрөө  кармоочу  менен  макулдашуу

түзүүгө;

  2) эгерде өндүрүп алууну соттон тышкары мүлккө айландыруунун тартиби

күрөө  жөнүндө  келишимде жана/же талаптарды  макулдашуу  же  бейтарап

макулдашуу  менен  канагаттандыруу каралбаса, сот  тартибинде  өндүрүп

алууну күрөөнүн жүйөсүнө айландыруу жана аны сатып өткөрүү жол-жобосун

жүргүзүү жөнүндө арыз менен сотко кайрылууга;

  3)  талаш-тартыш чыкканда, сотко кайрылбастан аны жөнгө салуу боюнча

же  сотко  кайрылып, күрөө кармоочунун билдирүүсүн кайра алуу  тууралу

талап коюуга.

 

  60-статья. Өндүрүп алууну күрөөнүн жүйөсүнө айлантуунун соттон

                           тышкаркы тартиби

 

  Өндүрүп алууну соттон тышкаркы тартипте күрөөнүн жүйөсүнө айланды-

руу төмөндөгүлөрдүн негизинде ишке ашырылат:

     1) күрөө  жөнүндө  келишимдин  же  кыймылдуу мүлккө карата өндүрүп

алууну соттон  тышкаркы  тартипте  күрөөнүн жүйөсүнө айландыруу тартиби

тууралу шарттарды камтыган макулдашуунун;

     күрөө тууралу келишим менен мыйзам күчүнөн улам ипотека белгилеген

башка келишимдин бир учурда түзүлгөн, анын ажырагыс бөлүгү болуп санал-

ган, же күрөө жөнүндө келишимдин, же мыйзам күчүнөн улам ипотека белги-

леген башка  келишимдин  иштетилиш мезгилинде түзүлгөн күрөөнү кармоочу

менен күрөө берүүчүнүн ортосунда кыймылсыз мүлккө карата өндүрүп алууну

соттон тышкаркы  тартипте  күрөөнүн жүйөсүнө айландыруу тартиби тууралу

нотариалдык жактан ырасталган макулдашуунун;

     2) күрөө жөнүндө келишимде же мыйзам күчүнөн улам ипотека белгиле-

ген башка  келишимде  күрөө  кармоочунун өндүрүп алууну соттон тышкаркы

тартипте күрөөнүн жүйөсүнө айландыруу тууралу укугу болгон учурда нота-

риустун аткаруу жазмасынын.

     2. Күрөө кармоочу нотариуска аткаруу жазмасын бүткөртүш үчүн  ушул

Мыйзамдын   58-статьясына   ылайык  билдирүү  түзүлгөндөн  кийин  күрөө

берүүчүнүн (карызкордун) күрөө кармоочу койгон талапты  канагаттандырам

деген ниети жок болсо, кайрылууга укугу бар.

     Нотариустун аткаруу жазмасы Кыргыз  Республикасынын  мыйзамдарында

белгиленген тартипте салынат.

  3.  Күрөө  жөнүндө  келишим  же күрөө берүүчүнүн  талаптарын  соттон

тышкары  тартипте  канагаттандыруу жөнүндө макулдашуу  боюнча  өндүрүп

алууну   күрөөнүн  жүйөсүнө  айлантуу  ушул  Мыйзамдын  58-статьясында

каралган кабарды жибергенден кийин ишке ашырылат.

  1) тараптардын аталышын (атын) жана жайгашкан жерин (жашаган жерин);

  2)  күрөө  берүүчү менен күрөө кармоочунун ортосундагы макулдашуунун

негизинде  аныкталуучу күрөө жүйөсүнүн аталышын,  баштапкы  (старттык)

сатылуучу  баасын,  курамын жана жайгашкан жерин,  ошондой  эле  пикир

келишпестикте,    идентификация   үчүн   жетиштүү   күрөө    жүйөсүнүн

сыпаттанмасын; баштапкы (старттык) сатуу баасын аныктоону тараптар көз

карандысыз баалоочуга тапшыра алышат;

  3)  карызкор  тарабынан  күрөө менен камсыз кылынган  милдеттенменин

жана  күрөө  жөнүндө  келишимдин негизинде күрөө кармоочуга  төлөнүүгө

тийиш  суммаларды,  ал  эми  эгерде күрөө  берүүчү  үчүнчү  жак  болуп

саналса, күрөө берүүчү менен да;

  4)   күрөөнүн  жүйөсүн  соттон  тышкаркы  тартипте  өндүрүп   алууну

айлантууга карата жана сатып өткөрүүгө тараптардын макулдугу;

  5)  күрөөнүн  жүйөсүн сатып өткөрүүгө байланышкан  бүтүмдөрдү  жасоо

боюнча күрөө кармоочу ыйгарым укуктарга ээ экендиги жөнүндөгү жобону;

  6)  ушул  Мыйзамда  көрсөтүлгөн күрөөнүн  жүйөсүн  сатып  өткөрүүнүн

ыкмаларынын бирин;

  7)  күрөөнүн  жүйөсүн ишке ашыруудан түшкөн суммаларды бөлүштүрүүнүн

тартибин;

  8)  күрөө  жүйөсүнүн  мурдагы  жана  кийинки  күрөө  кармоочуларынын

аталышын  (ысымын) (эгерде алар макулдашуу түзүп жаткан учурга  карата

бар болсо жана тараптарга белгилүү болсо);

  9)  күрөөнүн  жүйөсүнө  карата  буюмдук  укуктарга  жана  пайдалануу

укуктарына  ээлик  кылган үчүнчү жактардын аталышын  (ысымын)  (эгерде

алар  бар  болсо  жана  макулдашууну түзүп  жаткан  учурда  тараптарга

белгилүү болсо);

  10)  тараптар макулдашууда көрсөтүүгө зарыл деп эсептеген дагы башка

шарттарды.

  4.   Эгерде   күрөө   жөнүндөгү   мурдагы   келишим   боюнча   күрөө

кармоочулардын  катышуусу  менен түзүлсө,  күрөө  кармоочунун  кийинки

келишими боюнча талаптарын канагаттандыруу тууралу макулдашуу жарактуу

болот.   Күрөө   кармоочунун  талаптарын   соттон   тышкары   тартипте

канагаттандыруу  жөнүндө  макулдашуу кимдин укуктары  ушул  макулдашуу

менен  бузулса, ошонун койгон доосу боюнча сот тарабынан жараксыз  деп

таанылышы мүмкүн.

  5.  Эгерде күрөө берүүчү менен күрөө кармоочунун ортосунда  түзүлгөн

келишим (макулдашуу менен) күрөөнүн жүйөсүн өндүрүп алууну айлантуунун

соттон  тышкаркы тартиби белгиленсе, тараптардын бири  да  бир  беткей

тартипте  өндүрүп  алууну  айлантуунун тартибин  өзгөртө  же  күрөөнүн

жүйөсүн   өндүрүп   алууну  айлантуунун  келишим  (макулдашуу   менен)

белгиленген тартибинен дагы башкача жол менен баш тарта албайт.

  Мында  күрөөнүн  жүйөсүн өндүрүп алууну айлантуу  үчүн  негиз  пайда

болгондон  кийин  тараптар  кошумча  макулдашуу  менен  күрөө  жөнүндө

келишим  жана/же макулдашуу менен аныкталган күрөөнүн жүйөсүн  өндүрүп

алууну айлантуунун соттон тышкаркы башкача, айырмалуу тартибин кароого

укуктуу.

  6. Эгерде күрөөгө коюлган мүлктү сатып өткөрүүдөн түшкөн сумма күрөө

кармоочунун  талаптарын жабыш үчүн жетишсиз болсо,  келишимде  башкача

көрсөтмө  берилбесе, күрөөгө негизделген артыкчылыктан  пайдаланбастан

карызкордун башка мүлкүнөн жетпеген сумманы алууга укугу бар.

    (КР 2009-жылдын 30-мартындагы №98 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

  61-статья. Соттон тышкаркы тартипте өндүруп алууну айлантуунун

         жол-жобосуна тийиштүү күрөө жүйөсүн күрөө кармоочуга

                             өткөрүп берүү

 

  1.   Эгерде  тараптардын  макулдашуусунда  башкасы  каралбаса,  ушул

Мыйзамдын  60-статьясынын  1-пунктунда  көрсөтүлгөн  учурларда   күрөө

берүүчү, торуктардын уюштуруучуларын кошкондо, күрөө кармоочу же  анын

ыйгарым  укуктуу өкүлүнө күрөө жүйөсүн өткөрүп берүүнү камсыз  кылууга

милдеттүү.

  2.  Эгерде  күрөө  жүйөсүн өткөрүп берүүгө үчүнчү  тарап  тоскоолдук

кылса,  анда күрөө кармоочу, күрөө берүүчү же алардын ыйгарым  укуктуу

өкүлдөрү  күрөө жүйөсүн өткөрүп берүү үчүн зарыл болгон мыйзамдуу  иш-

аракеттерди жасаганга укуктуу.

  3. Күрөө жүйөсүн алган учурдан тартып жана аны сатып өткөрүү учуруна

чейин  күрөө  кармоочу, жыйноо, реконструкциялоо, ремонттоо  ж.б.  жол

менен күрөө жүйөсүн жакшыртууга же аны сатып өткөрүү боюнча чыгымдарын

кыскартууга  укукту кошкондо, мыйзамда же келишимде белгиленген  күрөө

жүйөсүнө карата укуктарга ээ.

  Күрөө  кармоочу күрөө жүйөсүнө карата анын сакталышы боюнча милдетти

кошкондо, мыйзамда же келишимде белгиленген милдеттерди да тартат.

  4. Күрөө кармоочу мажбурлап өндүрүп алууну айлантуу жөнүндө билдирме

f5m5rj5md5m  кийин  ал  же  анын  өкүлү  күрөөнүн  тийиштүү   жүйөсүнө

токтоосуз ээлик кылуу укугун алышат.

  5.  Күрөөгө  коюлган мүлккө ээлик кылууга киришкенден кийин  өндүрүп

алууга айлантуу боюнча сатыкка чейин күрөө кармоочу күрөөлүккө карата,

ушул Мыйзамда белгиленген күрөөгө коюлган мүлккө карата укуктарга жана

милдеттерге   ээ.   Күрөө   кармоочу  мүлктүн   баасын   аны   жыйноо,

реконструкциялоо, ремонттоо жана курулушту бүткөрүү же  сатып  өткөрүү

боюнча  чыгымдарды  кыскартуу  аркылуу  чараларды  көрө  алат.   Күрөө

кармоочу  күрөө  берүүчү  менен өз ара келишим  боюнча  кандай  убакта

болбосун  күрөө  жүйөсүн  коргоо боюнча  чараларды  көрө  алат.  Күрөө

кармоочунун  мажбурлап  өндүрүп  алууга  айлантуу  жөнүндө  билдирмени

каттагандан кийин ал киргизген арыз боюнча сот күрөөгө коюлган  мүлктү

башкача коргоо чаралары тууралу чечим кабыл ала алат.

  6.   Ушул   Мыйзамдын   58-статьясынын  2-пунктунун   2-пунктчасында

белгиленген  мөөнөт аяктагандан кийин күрөө берүүчү күрөө  кармоочунун

макулдугусуз  эле  келишимдик  милдеттенмелерди  өзгөртө  же   келишим

түзүлгөн  милдеттенмелерге карата өз укуктарын  жүзөгө  ашыра  албайт.

Күрөө  кармоочу күрөөгө өткөрүлүп берилген келишимдик милдеттенмелерге

карата  күрөө  берүүчүнүн  укуктарын  жүзөгө  ашырган  учурда,   күрөө

кармоочу  ошол  эле келишим түзгөн милдеттенмеден келип чыгуучу  күрөө

берүүчүнүн тийиштүү кандай милдеттенмеси болбосун аткарууга милдеттүү.

  7. Ошол эле коюлган жалгыз мүлккө карата өндүрүп алууну айлантуу жол-

жобосун  козгошкон  эки  же  андан ашуун күрөө  кармоочунун  ортосунда

жањжал  чыкса,  өндүрүп  алууну айлантуу жол-жобосун  өткөрүүгө  укук,

сатууну жүзөгө ашырганга чейин күрөөгө коюлган мүлктү сатууну жана ага

ээлик  кылуу менен коргоону кошкондо, күрөө кармоочуга тийиштүү  укук,

эгерде   башка  милдеттенмени  камсыз  кылуу  үчүн  ишкананын   өзүнчө

активдери  күрөөгө  коюлган  болсо,  иштетилип  жаткан  ишкана  катары

күрөөгө коюлган мүлктү башкаруу үчүн ишкананы башкаруу үчүн башкаруучу

дайындалган учурлардан тышкары ушул Мыйзамга ылайык биринчи  кезектеги

укукка  ээ болгон күрөө кармоочуга таандык болот. Иштеп жаткан  ишкана

катары  күрөөгө  коюлган  ишкананы  өндүрүп  алууга  айланткан   күрөө

кармоочу,   ишкананын   күрөө  кармоочусу  биринчи   кезектеги   күрөө

кармоочудан  мындай  өндүрүп алуу төлөмдөрүн алууга  артыкчылык  берет

деген   шарттарда  бардык  мүлккө  карата  ишкананын  күрөөсүн  мүлккө

айландыруу жол-жобосун жүзөгө ашыра алат.

 

  62-статья. Күрөө жүйөсүнө карата өндүрүп алууну айлантуунун соттук

                                тартиби

 

  1.  Эгерде  күрөө  жөнүндө келишимде күрөө жүйөсүнө соттон  тышкаркы

тартипте  өндүрүп  алуу  мүмкүндүгү  каралбаса,  ошондой  эле,  эгерде

күрөөгө  коюлган  мүлктүн  мыйзамда  белгиленген  тартипте  коом  үчүн

тарыхый,  көркөм  же  маданий  маанилүү баалуулугу  бар  болсо,  күрөө

жүйөсүн   өндүрүп  алуу  соттун  чечиминин  негизинде  сот  тартибинде

жүргүзүлүшү мүмкүн.

  2.  Күрөө  кармоочу  (кредитор)  ушул  Мыйзамдын  58-статьясынын  2-

пунктунун  2-пунктчасында  каралган  мөөнөт  аяктагандан  кийин  күрөө

жүйөсүн сот тартибинде өндүрүп алууга укуктуу.

  Күрөө берүүчү (карызкор) ушул Мыйзамдын 59-статьясынын 2-пунктунун 2-

пунктчасында  каралган учурларда күрөө жүйөсүн сот тартибинде  өндүрүп

алууга укуктуу.

  3.  Күрөө жүйөсүн өндүрүп алуу жөнүндөгү доо коюлат, ал эми иш  ушул

Мыйзам  жана  Кыргыз  Республикасынын  жер  мыйзамдарында  белгиленген

өзгөчөлүктөр    менен   Кыргыз   Республикасынын   жарандык-процесстик

мыйзамдарынын  ченемдерине  ылайык күрөөгө коюлган  мүлктүн  жайгашкан

жери боюнча сот тарабынан каралат.

  4. Күрөө кармоочу сотко ушул Мыйзамда каралган күрөө жүйөсүн өндүрүп

алууга   айлантуу  жөнүндө  билдирмени  карызкорго  (күрөө  берүүчүгө)

тийиштүү доо, далилдерди бергендигин ырастап тапшырат.

  Күрөө  кармоочу  тийиштүү доо бериле турган сотко  күрөө  берүүчүлөр

ошол эле адамдар болушса, алар жөнүндө күрөө кармоочунун маалыматы жок

болгон  учурлардан  тышкары күрөө жүйөсүн өндүрүп  алуу  жол-жоболорун

козгоо   тууралу  мурдагы  жана  кийинки  күрөө  кармоочуга   билдирме

жөнөтүлгөн далилдерди тапшырат.

  5.  Эгерде  күрөө жүйөсүн өндүрүп алуу жөнүндө иштин материалдарынан

күрөө башка адамдардын же органдын макулдугу менен жүзөгө ашырылган же

ашырылышы  керек  экени  көрүнүп турса, доону алган  сот  бул  тууралу

тийиштүү  адамдарды же органдарды кабарлап аларга бул  ишке  катышууга

мүмкүндүк берет.

  6.   Мыйзамга  же  келишимге  негизделген  күрөөгө  коюлган   мүлктү

пайдаланууга  же  бул мүлккө (сервитут, жер да пайдалануу  укугу  жана

башка  укуктар) укугу бар жактар (ижарачылар, жалдоочулар,  турак  жай

ээсинин  эрезеге жеткен үй-бүлө мүчөлөрү жана башка адамдар)  таламдаш

тараптар  катары  күрөө  жүйөсүн өндүрүп  алуу  жөнүндө  ишти  кароого

катышууга укуктуу.

 

  63-статья. Күрөө жүйөсүн өндүрүп алууну айлантуу жөнүндө иштерди

               кароодо сот тарабынан чечилүүчү маселелер

 

  Кыргыз  Республикасынын  процесстик  мыйзамдарында  каралган   жалпы

маселелерден  тышкары күрөө жүйөсүн өндүрүп алуу жөнүндө ишти  кароодо

сот чечимде төмөнкүлөрдү аныкташы жана көрсөтүшү керек:

  1)  күрөө жүйөсүн кайтаруу жана аны сатып өткөрүү боюнча суммалардан

тышкары, сатылгандан кийин аныкталуучу күрөө жүйөсүнүн наркынан  күрөө

кармоочусуна төлөнө турган бардык суммаларды. Пайыз менен  эсептелүүчү

суммалар  үчүн  кошулуп эсептелүүчү пайыздар, пайыздардын  жана  төлөм

айыптын көлөмү, ошондой эле ал эсептелине турган мезгил да көрсөтүлүшү

керек;

  2)  наркынан күрөө кармоочунун талабы канагаттандырыла турган  күрөө

жүйөсү;

  3) өндүрүп алынган күрөө жүйөсүн сатып өткөрүү ыкмасы;

  4)  күрөө жүйөсүн сатып өткөрүүдө анын баштапкы (старттык) баасы, ал

күрөө   кармоочу  менен  күрөө  берүүчүнүн  ортосундагы  макулдашуунун

негизинде  аныкталат, ал эми талаш-тартыш болгон учурда  көзкарандысыз

баалоочунун корутундусунун негизинде сот өзү аныктайт;

  5)  эгерде  алар зарыл болсо, күрөө жүйөсү сатып өткөрүлгөнгө  чейин

сакталышын камсыз кылуу боюнча чаралар;

  6)   ушул  Мыйзамдын  талаптарына  ылайык  торуктан  түшкөн   акчаны

бөлүштүрүү тартиби жана кезектүүлүгү.

 

  64-статья. Күрөөгө коюлган ишкананы өндүрүп алууга айлантуунун

                             өзгөчөлүктөрү

 

  1.   Карызкор  ишкананын  күрөөсү  менен  камсыз  кылынган  милдетти

аткарбаган  же  аны тиешелүү дењгээлде аткарбоо учурда күрөө  кармоочу

өндүрүп алууну ишканага айлантууга укуктуу.

  Өндүрүп  алуу жалпысынан мүлктүк комплекс катары ишкана  түрүндө  же

камсыз  кылынган  милдеттенмени (карызды) жабуу  үчүн  наркы  жетиштүү

болгон же анын кээ бир активдери түрүндө жүргүзүлүшү мүмкүн.

  2. Күрөө кармоочу ишканага башкаруучу дайындап туруп, ушул Мыйзамдын

73-статьясында  аныкталган  талаптарга  жооп  бере  турган  торуктарды

уюштуруу үчүн ишкананы өндүрүп алууну жүзөгө ашырууга укуктуу.

  Бүтүндөй  иштеп  жаткан ишканага өндүрүп алуу  талабы  айлантылганда

башкаруучу милдеттүү түрдө дайындалат.

  3.   Бүтүндөй   ишканага  мүлктүк  комплекс  катары   өндүрүп   алуу

айлантылганда,  нотариустун аткаруучулук жазуусунун  негизинде  жүзөгө

ашырылышы мүмкүн эмес.

 

  65-статья. Күрөөгө коюлган турак үйдү же квартираны өндүрүп алууну

                       айлантуунун өзгөчөлүктөрү

 

  Күрөөгө  коюлган  үй (квартира) өндүрүп алууга айлантылгандан  кийин

жана  бул  мүлктү сатып өткөрүүдөн кийин күрөө берүүчү жана аны  менен

жашаган  үй-бүлө мүчөлөрү, ошондой эле кандай болбосун  үчүнчү  жактар

турак  үйдүн  (квартиранын) менчик ээсинин  талабы  боюнча  30  күндүн

ичинде ээлеп турган имарат-жайды бошотууга милдеттүү.

  Ушул   статьяда   каралган   талаптар   аткарылбаса,   турак   үйдүн

(квартиранын) менчик ээси өз укуктарын бул имарат жайдын  менчик  ээси

катары,  анын ичинде күрөө берүүчүнү жана аны менен бирге  турган  үй-

aүлө  мүчөлөрүн, ошондой эле үчүнчү жактарды алар ээлеп турган  имарат

жайдан  чыгарууну административдик же соттук тартипте да ишке ашырууга

укуктуу.

  Эгерде  күрөө  кармоочу менен күрөө берүүчү ортосунда күрөө  жөнүндө

келишим же кийинки макулдашуулары менен бирге түзүлгөн соттон тышкаркы

тартипте   күрөө   кармоочунун  талаптарын   канагаттандыруу   тууралу

келишимде соттон тышкаркы тартип каралган болсо, күрөө берүүчүнү  жана

аны  менен бирге турган үй-бүлө мүчөлөрүн, ошондой эле үчүнчү жактарды

өзалдынча  ээлеп  алган  жактар катары чыгаруу  прокурордун  санкциясы

менен соттон тышкаркы тартипте жүргүзүлөт.

 

  66-статья. Айыл чарба багытындагы жер участкаларын өндүрүп алууга

                айлантуунун өзгөчөлүктөрү

 

     1. Эгерде карызкор тарабынан негизги милдеттенме анчалык бузулбаса

жана күрөө  кармоочунун  талаптарынын  көлөмү күрөөгө коюлган жерлердин

рыноктук наркына  көз көрүнө эле туура келбесе, ипотека тууралу келишим

боюнча күрөөгө  коюлган айыл чарба багытындагы жер участкаларын өндүрүп

алууну айлантуудан баш тартылышы мүмкүн.

     2. Эгерде  күрөө  берүүчүнүн  ипотека  тууралу  бул келишим боюнча

күрөөгө коюлган башка мүлкү болбосо,  күрөө жүйөсү болуп саналган  айыл

чарба багытындагы жер участкаларына өндүрүп алууга жол берилет.

     3. Айыл чарба багытындагы жерлерди пайдаланууга  байланышкан  жана

милдеттенмелердин   аткарылбай   калышына  олуттуу  себептерден  болгон

түшүмсүздүк,  табият кырсыктары, суу каптоо, мөндүр жана башка аба ыра-

йынын  катаал  шарттары  таанылат,  күрөө берүүчүнүн өтүнүчү боюнча сот

өндүрүп алууну айлантуу тууралу чечимде бул  жерлерди  сатып  өткөрүүнү

бир жылга чейин узартууга укуктуу.

     Сатып өткөрүүнү кийинкиге жылдырууга жол берилип  жаткан  мөөнөттү

аныктоо менен сот анын ичинде кийинкиге жылдыруу мөөнөтү аяктоочу учур-

га карата күрөөгө коюлган  жердин  наркынан  канагаттандырылууга  тийиш

болгон   күрөө   кармоочунун  талаптарынын  суммасы  күрөө  келишиминде

көрсөтүлгөн күрөөгө коюлган жердин баалануучу наркынан ашпаш керек эке-

нин  эсепке  алат,  ошондой  эле күрөө кармоочунун финансылык абалын же

күрөө берүүчүгө (карызкорго) же күрөө  кармоочуга  карата  аны  банкрот

(кудуретсиз) деп таануу фактысын кабыл алат.

     Сатып өткөрүүнүн мөөнөтүн узартуу  ушул  мүлктүн  күрөөсү  аркылуу

камсыз кылынган милдеттенме боюнча тараптардын укуктары менен милдетте-

рин козгобойт жана карызкорду күрөө кармоочуга (кредиторго) кириш кылу-

учунун  анын (кредитордун) мөөнөттү узартуу учурунда өсүп кеткен карыз-

дарынын ордун толтуруудан бошотпойт.

     4. Айыл чарба багытындагы жерлерди ачык торукта кайталап сатып өт-

көрүү ишке  ашпай калганын жарыялаганда мамлекет күрөөнүн жүйөсүн (ипо-

текасын) анын рыноктук наркы боюнча сатып алууга укуктуу.

     Эгерде мамлекет тарабынан күрөөнүн жүйөсү сатылып алына элек  бол-

со, анда ага ушул Мыйзамда каралган күрөөгө коюлган мүлктү өндүрүп алу-

уга айлантуу тартиби жер мыйзамдарынын өзгөчөлүктөрүн эсепке алуу менен

жайылтылат.

     (КР 2009-жылдын 26-майындагы № 173 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

                               7-глава.

                   Өндүрүп алууга айлантылган күрөө

                         жүйөсүн сатып өткөрүү

 

  67-статья. Күрөөнүн жүйөсүн сатып өткөрүү

 

  1.  Өндүрүп  алууну айлантуу жол-жобосу башталган  15  күндөн  кийин

күрөө  кармоочу, эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана  сот

чечиминде башкасы каралбаса, күрөөнүн жүйөсүн өндүрүп алуу жолу  менен

тескөөгө укугу бар.

  2.  Өндүрүп  алууну айлантуу боюнча күрөөнүн жүйөсүн  сатып  өткөрүү

ачык  же  башка  ыкма менен мүлктүн түрүнө же статусуна ылайык  келиши

керек.

  Күрөө  кармоочу  менен  күрөө  берүүчү камсыз  кылууну  ишке  ашыруу

чараларын  ак  ниеттүүлүк  менен  көрүүгө,  андайды  чыныгы  турмуштун

реалдуу  шарттарын  эсепке алуу менен катышып жаткан  бардык  тараптар

Iчүн абдан пайдалуу абалды түзүүгө милдеттүү.

  3.  Кандай гана жак болбосун, анын ичинде күрөө кармоочуну кошкондо,

бирок күрөө берүүчү менен ушул статьяга ылайык өндүрүп алууну айлантуу

боюнча ачык торуктарга катышкандардын арасында эњ жогорку бааны  сунуш

кылган күрөө берүүчүнүн атынан иш кылгандын кимиси болсо да жана сатып

алуу баасын төмөндөтүү боюнча башка жактар менен жењ ичинен сүйлөшүүгө

катышпаган  жана өндүрүп алууну айлантуу жол-жобосунда эч кандай  укук

бузууну билбеген жак күрөөгө коюлган мүлккө карата менчик укугун алат.

  4.  Эгерде күрөө күрөөлүк түрүндө чыкса жана күрөөнүн жүйөсү акчалай

депозит,  баалуу  кагаздар, алмаштырылуучу буюмдар  же  алардан  күрөө

берүүчүгө  кайтарып  берүү  зарылчылыгы туулса  бирдей  буюмдар  менен

алмаштырылгыдай дагы башка буюмдар болсо, күрөө кармоочу  аткарылбаган

милдеттенмени өндүрүп алууга айлантуу боюнча өз укуктарын күрөө  менен

камсыз  кылынган  милдеттенмени аткаруу мөөнөтү келген  учурда  жүзөгө

ашыра алат.

  Эгерде  мындай  камсыз  кылуу  өзүнүн  жеке  касиеттери  боюнча  тез

бузулуп,  же наркы тез ылдыйлап кетүү коркунучу болсо, күрөө  күрөөлүк

буюмбу  же  катталган  күрөөбү,  ага  карабастан  күрөө  кармоочу  бул

күрөөнү,  дароо  сатып жиберүүгө же башкача жол менен иштетүүгө  укугу

бар.

  5.  Күрөө берүүчү өндүрүп алуу боюнча күрөөнүн жүйөсүн ачык же  жеке

торуктарда  сатып ала алат, же күрөөгө коюлган мүлктү күрөөгө  коюлган

мүлк менен камсыз кылынган күрөө кармоочуга тиешелүү бардык суммасынын

ичинде  өндүрүп  алууну  айлантуу чыгымдарын төлөп  берүү  жолу  менен

өндүрүп  алууну айлантуу торуктары өткөнгө чейинки кайсы учурда  болсо

да сатып ала алат.

  6.   Күрөө  менен  камсыз  кылынган  милдеттенме  боюнча  талаптарды

канагаттандыруу  максаты  менен өндүрүп алуу  айлантуу  аркылуу  күрөө

жүйөсүн ажыратуу соода операциясы болуп саналбайт.

 

  68-статья. Курөөнүн жүйөсүн сатып өткөрүүдөгү күрөө кармоочунун

                       укуктары жана милдеттери

 

  1.  Күрөө кармоочу Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарында каралган

өзгөчөлүктөрү  менен  өзүнө ыњгайлуу кандай  жолдор  аркылуу  болбосун

күрөөгө  коюлган мүлктү сатып өткөрө алат. Күрөө кармоочу бул маселеге

байланышкан  кандай гана чечим болбосун чыгарууга же сатуу  үчүн  анын

атынан  иш жүргүзгөн күрөө башкаруучусун дайындай алат. Күрөө кармоочу

айыл   чарба  багытындагы  күрөөгө  коюлган  жерлерге  карата   Кыргыз

Республикасынын  жер  мыйзамдарында белгиленгендей,  алып  коюу  менен

коштолгон   күрөөгө   коюлган  мүлктү  мурдагы   жана   кийинки   мүлк

кармоочулардын  макулдугу менен жогорураак баада сатуу  үчүн  күрөөнүн

жүйөсүн сатууну кое турууга укуктуу.

  Мөөнөттү  мындайча  узартуу  өндүрүп алуу  жол-жобосу  башталган  же

убактылуу  тескемеде  белгиленген кандай узартуунун  мөөнөтү  болбосун

ошол  учурдан  тартып  3 айдан ашпоого тийиш. Айыл  чарба  багытындагы

жерлерден  тышкары  күрөөгө  коюлган мүлктү  сатуунун  мөөнөтү,  сотко

кайрылуусуз  эле узартылышы мүмкүн, эгерде күрөө берүүчү  жана  бардык

күрөө  кармоочулар  жазуу  жүзүндө  мөөнөттүн  узартылышына  өздөрүнүн

макулдугун беришсе.

  2.  Күрөө  кармоочу өндүрүп алууну айлантуу боюнча  торуктан  түшкөн

кандай гана каражат болбосун күрөө кармоочуга тийиштүү болгон суммадан

ашыгын   депозитарийге  салат.  Бул  сумма  кийинки  кезектеги   күрөө

кармоочуларга  төлөө үчүн пайдаланылат, калгандары  болсо  ошол  замат

күрөө  кармоочуга кайтарылып берилет. Күрөө кармоочунун сотко  кеткен,

күрөөгө  коюлган  мүлктү  күтүүгө, жакшыртууга  же  бүткөрүүгө,  сатып

өткөрүүгө,  болбосо  ушул Мыйзамдын 61-статьясынын  5-пунктуна  ылайык

жумшалган чыгымдарды, ушул Мыйзамдын 9-статьясына ылайык өндүрүп  алуу

боюнча  чыгашаларга сарптаган каражаттары кирет жана күрөө  кармоочуга

ыйгарылат.

 

  69-статья. Күрөө кармоочунун алдындагы күрөө жүйөсүн мыйзамсыз

                 сатып өткөрүүдөн келип чыккан милдет

 

  Эгерде   сот  тарабынан  ушул  Мыйзамда  белгиленген  жол-жоболордун

q`jr`ka`x)

 

                               IV БӨЛҮМ

                    КҮРӨӨГӨ КОЮЛГАН МҮЛК УКУКТАРЫН

                          КОЛ САЛУУДАН КОРГОО

 

  84-статья. Күрөө жөнүндөгү келишимдин өзгөрбөстүгү

 

  1. Келишим түзүлгөндөн кийин Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен

күрөө   берүүчүнүн  жана/же  күрөө  кармоочунун  келишимдик  укуктарын

өзгөртүүчү  жањы  эрежелер белгиленген учурда, күрөө жөнүндө  түзүлгөн

келишимдин  шарттары  анын иштөө мөөнөтүнүн  аягына  чейин  өзгөрүүсүз

сакталат, эгерде тараптардын макулдашуусунда башкасы каралбаса.

  2. Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары же

алардын  кызмат  адамдары  тарабынан күрөөнүн  жүйөсүнө  ээлик  кылуу,

пайдалануу  жана  тескөө  боюнча күрөө  кармоочунун  укуктарын  бузган

чечимдер кабыл алынса, мындай чечимдер сот тарабынан күрөө кармоочунун

доосу боюнча мыйзамсыз деп табылат.

  3.  Ушул  статьянын  экинчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн чечимдердин  кабыл

алынышынын   натыйжасында  күрөө  кармоочу  тарткан  бардык   чыгымдар

мамлекеттик   орган  жана  ушундай  чечимди  кабыл  алган  жергиликтүү

өзалдынча башкаруу органдары тарабынан толук көлөмдө орду толтурулууга

тийиш.

 

  85-статья. Күрөөгө коюлган мүлк укуктарын бузгандык үчүн

                             жоопкерчилик

 

  1.   Кыргыз  Республикасы  тарабынан  күрөө  берүүчүнүн   же   күрөө

кармоочунун  күрөөгө  коюлган  мүлкү боюнча  укуктарын  токтотуучу  же

кысымга алуучу мыйзам актылары кабыл алынса, күрөө кармоочуга же күрөө

берүүчүгө  ушул актылардын кабыл алынышына келитирген чыгымдар  Кыргыз

Республикасынын   республикалык  бюджетинен  толук  көлөмдө   калыбына

келтирилет.

  2.  Күрөө  коюлган  мүлк  тикелей конфискацияланган  же  мамлекеттик

органдын   чечимине  байланыштуу  анын  наркынын  кыйла  төмөндөтүлгөн

учурларында,  анда күрөөгө коюлган үй, дагы башка курулмалар  же  бак-

дарак  жайгашкан  жер  участкасын  алып  коюу  жөнүндөгү  чечим,  ушул

чечимдин  натыйжасында күрөө кармоочуга келтирилген чыгашалар  ушундай

чечимди кабыл алган мамлекеттик органдар тарабынан толук көлөмдө күрөө

j`plnnwsc` кайтарып берилет.

  3.   Ушул   статьянын   пункттарында  саналган  чыгашалардын   ордун

толтурууга тийиштүү талаш-тартыштар сот тартибинде чечилет.

 

                                V БӨЛҮМ

                           КОРУТУНДУ ЖОБОЛОР

 

  86-статья. Ушул Мыйзамды колдонууга киргизүүнүн тартиби жөнүндө

 

  1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

  2. Төмөндөгүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

  -  "Күрөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана

толуктоолор  киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы  (Кыргыз

Республикасынын Жогорку Советинин Ведомосттору, 1993-ж., № 3, 97-ст.);

  -   "Күрөө   жөнүндө"   Кыргыз   Республикасынын   Мыйзамы   (Кыргыз

Республикасынын  Жогорку Кењешинин Ведомосттору, 1997-ж.,  №  6,  233-

ст.);

  -   "Ипотека   жөнүндө"  Кыргыз  Республикасынын   Мыйзамы   (Кыргыз

Республикасынын Жогорку Кењешинин Жарчысы, 1999-ж., № 9, 438-ст.);

  -  "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр  жана

толуктоолор  киргизүү  жөнүндө" Кыргыз Республикасынын  Мыйзамынын  3-

статьясына ("Эркин-Тоо" газетасы, 2001-жылдын 21-июлу, № 53);

  -  "Ипотека  жөнүндө"  Кыргыз Республикасынын Мыйзамына  өзгөртүүлөр

жана  толуктоолор  киргизүү  тууралу" Кыргыз  Республикасынын  Мыйзамы

(Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Жарчысы, 2002-ж., № 3,  122-

ст.);

  3.  Кыргыз  Республикасынын башка мыйзамдары жана  ченемдик  укуктук

актылары  ушул  Мыйзамга ылайык келтирилгенге чейин  бул  мыйзамдардын

жана  ченемдик укуктук актылардын ушул Мыйзамга карама-каршы  келбеген

жагы колдонулат.

  4.  Эгерде  тараптардын макулдашуусу менен башкасы  каралбаса,  ушул

Мыйзам  колдонууга киргизилгенге чейин күрөө боюнча мамилелерге карата

бул Мыйзам колдонулбайт.

  5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө:

  - өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин;

  -  Кыргыз  Республикасынын мыйзамдык актыларын ушул Мыйзамга  ылайык

келтирүү  жөнүндө сунуш даярдасын жана Кыргыз Республикасынын  Жогорку

Кењешинин кароосуна киргизсин.

 

  Кыргыз Республикасынын

        Президенти                                           А.Акаев