Редакцияот 10.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

Тиркеме 1

 

 

Бостери айылдык кеңешинин XXIX

чакырылышынын  кезектеги XVII

сессиясынын  10. 02. 2023-ж 

№ 04 токтому менен бекитилди

 

Бостери айыл өкмөтүнүн

«Бостери Суу» муниципалдык ишканасынын

УСТАВЫ

 

I. Жалпы жобо

 

1.1  «Бостери Суу»  муниципалдык ишканасы  Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 15-март № 37 «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» мыйзамына  ылайык түзүлгөн Бостери айыл өкмөтүнүн  чарбалык эсептеги (хозрасчеттук) түзүмү болуп эсептелет.

1.2 «Бостери Суу» муниципалдык ишканасы өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясы жана башка мыйзамдар, ченемдик укуктук актылар жана аталган Устав менен өзүнүн ишин жетектейт.

1.3 Финансылык пландаштыруу жана штаттык тартиби түзүүчү менен макулдашуунун негизинде жетекчи тарабынан бекитилет.

1.4 «Бостери Суу» муниципалдык ишканасы Бостери айыл өкмөтүнүн  сунушу боюнча, айылдык кенеши тарабынан бекитилет.

1.5  «Бостери Суу» муниципалдык ишканасынын сунушу боюнча сууга болгон тарифти монополияга каршы органы менен макулдашылып, Бостери айылдык кенеши тарабынан бекитилет.

 1.6 «Бостери Суу» муниципалдык ишканасы өзүнүн ишин алып баруу жана камсыздоо үчүн өзүнүн юридикалык статусуна, мөөрүнө, Кыргыз Республикасынын герби түшүрүлгөн бланкасына, энчилүү эсеп счетуна ээ.

1.7 Бостери айыл өкмөтү «Бостери Суу» муниципалдык ишканасынын

 «Түзүүчүсү» болуп саналат.

1.8 Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Ысык-Көл облусу, Ысык-Кол району, Бостери айылы, Мамытова көчөсү 8а.

1.9 Түзүлүшү: Муниципалдык менчик.

1.10 Уюштуруучу-укуктук түзүлүшү: Муниципалдык ишкана.

Мекеменин толук аталышы: Мамлекеттик тилде: «Бостери Суу» муниципалдык ишканасы.

1.11 Расмий тилде: Муниципальное предприятие «Бостери Суу».

 

II. «Бостери Суу» муниципалдык ишканасынын негизги маселеси жана максаты

 

2.1 «Бостери Суу» муниципалдык ишканасы өзүнүн ишин Бостери айыл өкмөтүнүн иштеп чыккан кезектеги иш пландары жана финансылоо лимитинин негизинде иш алып барат.

2.2  «Бостери Суу» муниципалдык ишканасынын максаты болуп төмөндөгүлөр эсептелет:

максималдуу киреше алуу максатында финансылык ресурстарды эффективдүү (натыйжалуу) колдонуу жана өзүнүн продукциясына болгон калктын коомдук керектөөсүн канааттандырууга кызмат көрсөтүү.

2.3 «Бостери Суу» муниципалдык ишканасынын милдеттери болуп төмөндөгүлөр эсептелет:

-калктуу конуштарга сапаттуу коопсуз  ичуучу суу менен камсыздоо;

Гидротехникалык курулуштарды, инженердик суу менен камсыздоо тармактарын, жабдууларды кутуу жана тейлоо;

-Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык иштин башка турлору.

2.4 «Бостери Суу» муниципалдык ишканасынын баардык иш чаралары келишим, тиешелүү органдардын ишин алып баруу үчүн берилген лицензиялары Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары аркылуу иш жүзүнө ашырат.

 

III. «Бостери Суу» муниципалдык ишканасынын укугу

 

3.1 Негизги максаттарга жана милдеттерге айкалышып «Бостери Суу» муниципалдык ишканасы төмөндөкүдөй укуктарга ээ:

-жеке мекемелерге, фирмаларга, уюмдарга, ишканаларга төлөм көмөгүн көргөзүүгө;

-коммерциялык операциялары менен алмаштыруу жолдорун ички жана тышкы рынокто иш жүзүнө ашырууга;

-штаттан сырткаркы жумушчуларды келишим аркылуу ишке тартууга;

-өздөрүнүн компетенциясынын аймагында «Бостери суу» Муниципалдык ишканасынын мүчөлөрүнө тиешелүү аткаруу иштерине буйрук түрүндө чечим чыгарууга, кызмат жоопкерчилиги жөнүндө чечим кабыл алууга.

-келишимдин негизинде юридикалык жана башка тараптардын акчалай каражаттарын тартууга;

-мүлк укугуна ээ болууга, жоопкерчиликти мойнуна алууга, сотто жоопкер, доогер болууга;

-“түзүүчүнүн” макулдугу менен ишканаларга, жеке ишкерлерге мүлктү ижарага берүүгө;

-Кыргыз Республикасынын Эмгек  Кодексине  ылайык, «Бостери Суу» муниципалдык ишканасынын жумушчуларынын эмгек тартибин бекитүүгө;

-кадрларды топтоо жана аларды камсыздандыруу боюнча өз алдынча суроолорду чечүүгө;

-Кыргыз Республикасынын Эмгек  Кодексине  ылайык, ишке алуу жана иштен бошотуу шарттарын түзүүгө;

-бекитилген чыгыш сметаларынын негизинде жумушчуларга айлык акыларын бекитүүгө;

-башкаруу аппаратынын кызматкерлеринин ички жоболорун жана инструкцияларын иштеп чыгууга;

-«Бостери Суу» муниципалдык ишканасы башкаруу мүчөлөрүн жана тейлөө кызматкерлерин сыйлоо өлчөмүн бекитүүгө.

 

IV. Башкаруу жана уюштуруу иштери

 

4.1 «Бостери Суу» муниципалдык ишканасынын жогорку органы “Түзүүчүсү” болуп Бостери айыл өкмөтү  эсептелет.

4.2 “Түзүүчүнүн” компетенциясына төмөндөгүлөр кирет;

-Бостери айылдык  Кеңешине  Уставдын бекитүүсүн көрсөтөт;

-«Бостери Суу» муниципалдык ишканасынын түзүлүшүн бекитет;

-«Бостери Суу» муниципалдык ишканасынын иш кагаздарына өзгөртүү киргизет;

-Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы болбогон «Бостери Суу» муниципалдык ишканага тиешелүү токтомдорду, тескемелерди кабыл алат;

4.3 «Бостери Суу» муниципалдык ишканасынын жетекчиси “Түзүүчү” тарабынан кызмат ордуна бекитилет жана кызмат ордунан бошотулат;

4.4 «Бостери Суу» муниципалдык ишканасынын жетекчиси ишкананын Уставда көрсөтүлгөн милдеттерин аткаруусуна жана иш алып баруусуна жоопкерчиликтүү болот;

4.5 «Бостери Суу» муниципалдык ишканасынын иш чараларынын ишке ашырылышын жетектейт;

4.6 Келишим түзөт, банктарда эсеп счетторду ачат, ишеним каттарды берет;

4.7 «Бостери Суу» муниципалдык ишканасынын атынан өзүбүздүн өлкөдөгү жана чет өлкөлөрдөгү фирмаларда кызыкчылыкты колдой алат;

4.8 «Бостери Суу» муниципалдык ишканасынын ичиндеги иш чараларды өз алдынча чече алат;

4.9 Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык «Бостери суу» муниципалдык ишканасына бекитилип берилген мүлкүн жана каражаттарын башкара алат.

 

V. Финансылык чарба иштери

 

  5.1 «Бостери Суу» муниципалдык ишканасынын финансылык жана чарба иштерин Бостери айыл өкмөтүнүн  макулдугу менен чарбалык эсептеги (хозрасчеттук) негизде ишке ашырат. Ишке ашыруу бюджеттик жана чарбалык эсептеги уюмдардын келишими жана жеке ишкерлердин келишими аркылуу Кыргыз Республикасынын мыйзамында каралгандай жүргүзүлөт;

5.2 Иш планын заказдардын, келишимдердин негизинде базар баасынын коньюктурасын эске алуу менен ишке ашырат;

5.3 «Бостери Суу» муниципалдык ишканасында иш алып баруу контрактык негизде иштеген жумушчулар, эмгек келишимдин негизинде иштеген жумушчулар, утурумдук иштеген жумушчулар, адистик тайпалар тарабынан аткарылат.

5.4 «Бостери Суу» муниципалдык ишканасы штаттык расписание, сметанын негизинде өздөрүнүн кызматкерлеринин жалпы санын жана  алардын профессионалдык, квалификациялык деңгээлин аныктайт.

5.5 «Бостери Суу» муниципалдык ишканасы «Түзүүчү» менен бирдикте фонддун негизги жүгүртүүсүнүн көлөмүн, инвентарды ж.б. аныктайт.

5.6 «Бостери Суу» муниципалдык ишканасынын финансылык базасын иш чаранын натыйжасынан, келишимдин негизиндеги иштеген иштер жана  ресурстар түзөт.

 

VI. «Бостери суу» муниципалдык ишканасынынмүлкү жана каражаттары

 

  6.1 «Бостери Суу» муниципалдык ишканасынын акча каражаттары негизги жана жүгүртмө каражаттарынан (ижара төлөм, бартердик келишим) уюштурулат. «Бостери суу» муниципалдык ишканасына финансылык каражат төмөндөгу иш чаралардан түшөт:

 6.2 «Бостери Суу» муниципалдык ишканасына финансылык каражат төмөндөгү иш чаралардан түшөт:

-өндүрүштүк ишмердүүлүктөн; (производственная деятельность)

-тейлөө кызматынан;

-«Түзүүчүнүн” байкоосу менен банктардан кредит жана ссудаларды алуудан;

- эл аралык уюмдардын жардамдары жана кайрымдуулук төлөмдөрдөн;

- Кыргыз Республикасынын иштеп жаткан мыйзамында тыюу салынбаган булактардан (ижара төлөмү, бартердик жана коммерциялык келишим).

6.3 «Бостери Суу» муниципалдык ишканасынында бюджетке төлөнгөн налогдордон жана башка төлөмдөрдү төлөөдөн кийин калган каражат «Жашылдандыруу чарбасы” муниципалдык ишканасынын мындан аркы өнүгүшүнө жумшалат.         

 6.4 «Бостери Суу» муниципалдык ишканасы «Түзүүчү» менен бирдикте ишкананын өнүгүүсүнө керектүү фонддорду (өнүгүү, керектөөчү, резервный, топтоочу) түзөт.

 

 

VII. Эсептөө жана эсеп кысап

 

7.1 «Бостери Суу» муниципалдык ишканасы өз ишин оперативдик жана бугалтердик эсептөөнүн жыйынтыгын, статистикалык эсеп-кысапты белгиленген форма менен алып барат;

7.2 «Бостери Суу» муниципалдык ишканасынын иш жыйынтыгы боюнча ар бир квартал сайын жана жыл аягында баланс түзөт;

7.3 «Бостери Суу» муниципалдык ишканасынын балансынан негизги каражаттардан жоготууларга учуроолору “Түзүүчүнүн» макулдугу менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде жүргүзүлөт;

7.4 «Бостери Суу» муниципалдык ишканасынын кассасына түшкөн кирешелер ишкананын эсеп счетуна түшөт;

 

VIII. Мүлктүк жоопкерчилик

 

8.1 «Бостери Суу» муниципалдык ишканасы өзүнүн милдеттемелери боюнча балансындагы мүлктөргө жооп берет;

8.2 «Бостери Суу» муниципалдык ишканасы өздөрүнүн кардарлары  менен түзүлгөн контракттар, келишимдер боюнча жана өзүнүн жумушчуларынын алдында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде жооптуу болот;

8.3 «Бостери Суу» муниципалдык ишканасынын мүлкүнө зыян келтирген кызматкерлер келишимдин негизинде аталган Уставдын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде жоопкерчиликтүү жана келтирилген зыянды толугу менен өз кирешесинен төлөп берүүгө милдеттүү;

 

IX. Кайрадан уюштуруу же жоюу

 

9.1 «Бостери Суу» муниципалдык ишканасы төмөндөгү негиздер менен өзүнүн ишин токтотот:

-соттун чечиминин негизинде;

- Кыргыз Республикасынынмыйзамдарында каралган негиздер боюнча;

9.2 «Бостери Суу» муниципалдык ишканасынын кайрадан түзүүдө ишин улантуучуга мурунку ишкананын укуктары жана милдеттери толук өткөрүлөт;

9.3 «Бостери суу» муниципалдык ишканасынын ишинин токтотулушу кайрадан уюштуруу жолу менен (кошулуу,болунуу ж.б.) же жоюу жолу менен жүргүзүлөт.

9.4 «Бостери Суу» муниципалдык ишканасы мамлекеттик реестрге каттоого түшкөн күндөн баштап өзүнүн ишин токтоткон  деп эсептелет.

9.5 «Бостери Суу» муниципалдык ишканасын жоюу жүргүзүү учурундагы топтолгон документтери Кыргыз Республикасынын «Улуттук архив фондунун” мыйзамынын негизинде сакталат.

 

«Бостери Суу»

муниципалдык

ишканасынын

жетекчиси

 

 

 

Н.Т.Байбосунов