Редакцияот 29.06.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

Төөлөс айылдык кеңешинин 2023-жылдын

 29-июнундагы №17-2 токтомуна №1 тиркеме

 

Жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруунун

Типтүү тартиби

 

1.  Жалпы жоболор жана терминдер

 

  1. Жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруунун бул типтүү тартиби (мындан ары- Типтүү тартип) жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруунун тартибин бекитүү боюнча жергиликтүү Кеңештин компетенциясын аныктоочу «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27. 34-беренелеринин 2-пунктунун 1-бөлүгүнүн талаптарына ылайык иштелип чыккан.

2. Типтүү тартип жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына өзүнүн компетенциясынын чегинде жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө карата талаптарды белгилейт.

3. Бул типтүү тартипте төмөнкү терминдер колдонулат.

 Жергиликтүү маанидеги маселелер-жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана аларды кызмат адамдары тарабынан, ошондой эле жарандардын түздөн-түз эркин билдирүү жолу менен чечилүүчү тиешелүү аймактагы калктын турмуш-тричилик аракеттерин камсыз кылуу маселелери;

 Компенетция- мамлекеттик органдардын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын юридикалык жактан белгиленген укуктар мененмилдеттердин жыйындысы;

 Көзөмөл-ыйгарым укуктуу орган тарабынан учурдагы кырдаалдын толуктугуна аткаруучуга жүктөлгөн тапшырманын аткарылышынын сапаты, белгиленген көрсөткүчтөргө эе кабыл алынган стандарттарга ылайык келүүсүнө баа берүү процесси;

 Мониторинг жана баалоо- башкаруу субөектине башкаруучу обөектке эффектитүү таасир көрсөтүү максатында белгилүү бир обөектинин ишине таасир этүүчү маалыматтарды системалуу чогултуу, сактоо, иштетүү, талдоо жана баалоопроцесси;

 Милдеттенме-жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын керектөөчүлөргө (юридикалык же физикалык жактарга) белгилүү бир сумманы кызмат көрсөтүүчүлөр/ товарлар, жумуштар, жөлөкпултар, компенсациялар жана башка акчалай төлөм түрүндө төлөп берүү же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын материалдык техникалык камсыздоо маселелерин, келишим милдеттенмелеринин ченемдик укуктук актыларды аткаруунун алкагында чечүү;

 Уюштуруу-жергиликтүү маанидеги жана берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардагы маселелерди чечүүдө натыйжаларга жетишүүгө багытталган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын уюштуруучулук-укуктук, уюштуруу-техникалык чараларынын жана тескөөчүлүк иш-аракеттеринин комплекси;

 Ыйгарым укук-мамлекеттик бийлик органдарынын эе жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын белгилүү бир ишти жүзөгө ашыруу үчүн аларга жүктөлгөн функцияларды аткарууга багытталган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган укугу;

 Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын башкаруу функциясы-бул уюмдардын, ишканалардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өзүнө жүктөлгөн ыйгарым укуктардын чегинде жергиликтүү маанидеги маселени чечүү боюнча уюштуруучулук-укуктук, уюштуруучулук-техникалык, уюштуруучулук-тескөөчүлүк шарттарды түзүүгө байланышкан типтүү маселелерди чечүүдөн турган (пландаштыруу, жөнгө салуу контролдоо) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын туруктуу, циклдик түрдө кайталанып турган аракеттери;

 Башкаруу- уюмдун максатына же конкренттүү маселени чечүүгө багытталган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан божомолдоо (прогноздоо), пландаштыруу, уюштуруу, мотивациялоо, координациялоо жана контролдоо процесси;

 Кызмат-юридикалык жана жеке жактардын коомдук жыргалчылыкка муктаждыктарын канаттандырууга, алардын конституциялык укуктарын жана коом алдындагы милдеттерин ишке ашырууга багытталган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иш-аракеттери.

2.  Типтүү тартипти даярдоо жана ишке ашыруу этаптары

3.

  4.Типтүү тартип жергиликтүү маанидеги маселени чечүү боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын төмөнкү иш-аракеттерин камтыйт;

1) жергиликтүү маанидеги маселелерди пландаштыруу

2) жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү процессин уюштуруу эана жүзөгө ашыруу;

3) жергиликтүү маанидеги маселелердин чечилишине мониторинг,

4) баалоо жана контролдоо жүргүзүү,

5. Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча милдеттерди жана чараларды пландаштыруу жергиликтүү жамааттын социялдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын, ошондой эле анын мекемелеринин жана ишканаларынын жылдык иш пландарын иштен чыгуу алкагында ишке ашырылат.

6. жергиликтүү маанидеги өзүнчө маселени чечүүнү уюштуруу өзүнө жергиликтүү маанидеги маселени чечүү боюнча фунцияларды кызмат көрсөтүүлөрдү, милдеттенмелерди иштеп чыгуу жана белгилөө боюнча иш-аркеттерди камтыйт.

7. функциялардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн, милдеттердин тизмесин түзүү үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы төмөнкүдөй ырааттуу иш-чараларды жүзөөгө ашырат:

№1 кадам.

Жергиликтүү өз алдынча башкруунун аткаруу органы жергиликтүү маанидеги тиешелүү маселени чеч.. боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жүктөлгөн функциялардын, кызматтардын, милдеттердин бөлүгүндө Кыргыз Респуьликасынын мыйзамдарына талдоо жүргүзүлөт.

№2 кадам.

Жергиликтүү өз алдынча башкруунун аткаруу органы талдоолордун жыйынтыгынын негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын болгон ыйгарым укуктарына жана анын материалдык жана финансылык мүмкүнчүлүктөрүнө ылайык келген функциялар, кызматтар/иштер, милдеттенмелер тандалып алынат.

№3 кадам.

Жергиликтүү өз алдынча башкруунун аткаруу органы жергиликтүү маанидеги тиешелүү маселени чечүүнүн планын иштеп чыгат. Жергиликтүү маанидеги бул маселени чечүү үчүн зарыл болгон функциялар, кызматтар, милдеттер Пландан бөлүнүп белгиленет чыгат. Жергиликтүү маанидеги бул маселени чечүү үчүн зарыл болгон функциялар, кызматтар, милдеттер Пландан бөлүнүп белгиленет.

№4 кадам.

Жергиликтүү өз алдынча башкруунун аткаруу органы жергиликтүү маанидеги тиешелүү маселени чечүү боюнча функциялар, кызмат көрсөтүүлөрдүн, милдеттердин тизмесин бекитүү үчүн жергиликтүү кеңештин токтомунун долбоорун иштеп чыгат.

№5 кадам.

Жергиликтүү кеңештин регламентине ылайык, жергиликтүү кеңештин токтомунун долбору жергиликтүү коомчулукка кеңири маалымат берүү менен коомдук калкуудан өтөт.

№6 кадам.

 Жергиликтүү өз алдынча башкруунун өкүлчүлүктүү органы жергиликтүү маанидеги маселени чечүү боюнча иш-милдеттерин, кызмат көрсөтүүлөрдүн, милдеттердин тизмесин бекитүү үчүн жергиликтүү кеңештин токтомун кабыл алат (жергиликтүү кеңештин типтүү токтомунун формасы 1-тиркемеде, жергиликтүү кеңештин токтомунун үлгүлөрү 2,3-тиркемелеринде келтирилген.

8. Жергиликтүү өз алдынча башкруунун аткаруу органы жергиликтүү маанидеги тиешелүү маселени чечүү боюнча тараптардын аракеттерин координациялоо жөнүндө чечим кабыл алат, ал көмөнкү чараларды камтыйт.

- жергиликтүү маанидеги тиешелүү маселени чечүү боюнча милдеттерди, чараларды жана кызмат адамдарынын ортосунда жоопкерчиликти бөлүштүрүү.

- кызмат көрсөтүүчүнү, иштерди аткаруу үчүн подрятчыны тандоо, дайындоо жол-жобосун, процедурасын жүргүзүү;

- көрсөтүлгөн кызматтын баасын аныктоо (зарыл болгон учурда);

- жарандардын айрым категорияларын кызмат көрсөтүүлөр үчүн акы төлөөдөн жарым-жартылай же толук бошотуу боюнча компенцасиялык чараларды белгилөө (зарыл болгон учурда)

- жергиликтүү маанидеги маселени чечүүдө каржылоо жана материалдык колдоо булактарын аныктоо;

- жергиликтүү маанидеги тиешелүү маселени чечүүгө байланышкан башка чаралар.

9.  Ушул Типтүү эрежелеринин 8-пунктунда көрсөтүлгөн чаралар жергиликтүү Кеңеш тарабынан бекитилүүчү ченемдик укуктук акт

 

4.  Жарандардын жергиликтүү маанидеги маселелерди талкулоо жана башкаруу

процесстерине катышуусу

 

10. Бул Типтүү тартиптин эрежелерин ишке ашыруунун бардык этаптарында жергиликтүү жамаат жергиликтүү маанидеги тиешелүү маселени чечүүбоюнча милдеттерди жана чараларды талкулоого кеңири тартылат.

11. жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жергиликтүү жамаатка жергиликтүү маанидеги тиешелүү маселеге карата аткарылып жаткан милдеттер жана чаралар жөнүндө кеңири маалымат берет. Аны маалыматтык такталарды пайдалануу, айыл аймагынын веб-сайтына, социялдык тармактарга жана маалымат берүүнүн башка ыкмаларын колдонуу аркылуу жүзөгө ашырат.

12. жергиликтүү маанидеги маселени чечүү боюнча демилгелөө, млдеттерди жана иш-чараларды талкулоо процесстерине жарандарды тартуу максатында жергиликтүү өз алдынча башкруу органдарына жарандардын демилгелүү топторун, ошондой эле жергиликтүү маанидеги тиешелүү маселени чечүү үчүн жергиликтүү өз алдынча башкруу органдарынын жумушчу топторун түзүү сунушталат.

13. Жергиликтүү өз алдынча башкруунун аткаруу органы жергиликтүү жамааттын, коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрүн тартуу менен жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү процессине мониторинг жүргүзүү жана баалоо системасын иштеп чыгат жана бекитет.

14.  Мониторинг жана баалоонун натыйжалары жергиликтүү кеңеш тарабынан жыйналыштарында каралат.