А.МИРМАХМУДОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин VII чакырылышынын депутаттарынын кезектеги XVII сессиясы
2023-жылдын 9-июну № 17-3
А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин 7-чакырылыш депутаттарынын 6-сессиясынын 2022-жылдын 16-мартындагы №6-4 токтомуна өзгөртүү-толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Айыл өкмөтүндө каада-салт, үрп-адат, ырым-жырымдарды кыскартуу, ашыкча ысырапкерчиликке жол бербөө жана диний саясаттын негизги багыттары жөнүндөгү тиешелүү иштерди алып баруу боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 14-ноябрындагы 2014-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын Концепциясы жөнүндө №203 Жарлыгынын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы «Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндөгү» №54 Жарлыгынын негизинде иштеп чыккан А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин сессиясынын №6-4 токтомун кайрадан карап чыгып, өзгөртүү-толуктоолорду киргизүү боюнча айыл өкмөт башчысынын 2023-жылдын 1-июнундагы №582 сандуу сунуш катын угуп, талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын «Жергилктүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» Мыйзамынын 21-34- беренелерине таянып, А.Мирмахмудов айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин 2022-жылдын 16-мартындагы «Айыл өкмөтүнүн аймагында каада-салт, ырым-жырым, үрп-адаттарды, ашыкча чыгымдарды, майрамдык салтанаттарды тартипке келтирүү жөнүндөгү» №6-4 токтому менен бекитилген Жобого төмөнкүдөй өзгөртүү-толуктоолор киригизилсин;
2. Сүннөт той 3-бөлүмү, сойуш сойулбасын деген сөз, 1кой сойулсун деген сөз менен алмашылсын,
Үйлөнүү той 2-бөлүмү, 100 миң сом деген көрсөткүчү,150 000сом деп өзгөртүлсүн,
Ажы той 1-бөлүмү, эч кандай сойуш сойулбасын деген сөздүн ордуна,1 кой . сойулсун деп өзгөртүлсүн,
Маркумду акыркы сапарга узатуу 1-бөлүмү, эч кандай сойуш сойулбасын деген . сөздүн ордуна, 1 кой сойууга уруксаат деген сөздөр менен алмашылсын жана Жобонун талаптарын бузгандыгы үчүн каралган жоопкерчилик алып салынсын.
3. Токтомдун мыйзамдуу аткарууга алуу жагы айыл өкмөт башчысы Б.Нурматовго тапшырылсын.
4. Ушул токтомду аткарылышы жөнүндө көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин тиешелүү туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төраганын м.а: | А.Ашиева |