| Теплоключенка айылдык кеңешинин 2023-жылдын 20-сентябрындагы № 57 токтому менен бекитилди |
Муниципалдык менчикте турган транспорт каражаттарын
сатуунун тартиби жөнүндө
ЖОБО
1. Бул жобо муниципалдык менчикте турган автотранспорт каражаттарын сатуунун тартибин аныктайт.
2. Муниципалдык менчикте турган автотранспорт каражаттарын сатуу айыл өкмөтү тарабынан аткарылат.
3. Муниципалдык менчикте турган автотранспорт каражаттарын сатып алуучулар бардык эле юридикалык жактар жана жеке адамдар боло алышат.
4. Муниципалдык менчикте турган автотранспорт каражаттарынын (номерлүү агрегаттары) мамлекеттик кайра каттоо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан сатып алуу макулдашуунун негизинде жүргүзүлөт.
5. Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамына ылайык транспорттук каражаттар белгиленген тартипте жергиликтүү кеңеш тарабынан төмөнкү документтердин негизинде жүргүзүлөт:
- айыл өкмөтүнүн профсоюздук уюмунун же аппараттык жыйынынын протоколу;
- транспорт каражаттарынын техникалык абалы жөнүндө актысы;
- айыл өкмөтүнүн башчысы жана башкы бухгалтери күбөлөндүргөн баштапкы наркы тууралуу справкалар.
6. Транспорт каражаттарын сатуу үчүн айыл өкмөтүнүн чечими менен транспорт каражаттарынын наркын баалоо боюнча комиссия түзүлөт. Комиссиянын курамына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдын өкүлү (комиссиянын төрагасы), негизги каражаттардын сактоосуна жоопкерчилиги жүктөлгөн жак, жергиликтүү кеңештин өкүлү, транспорт боюнча эксперт, жергиликтүү жамааттын өкүлдөрү кирет.
Эгерде комиссиянын отурумунда, ага, анын жубайы, анын ата-энеси, балдары жана анын биртууган эже-сиңди же ага-инилерине караштуу материалдык пайда көрүүчү маселе болсо, анда комиссия мүчөсү бул жыйында добуш берүүгө жана жыйынга катышууга укугу жок.
7. Транспорт ишканасынын инженер-техникалык кызматкери, транспортту техникалык тейлөө боюнча 5 жылдан кем эмес иш стажы бар жана сертификаты бар адис эксперт боло алат.
Транспорт каражаттарын (номердик агрегаттарды) тыкыр карап чыккандан кийин комиссия транспорт каражаттарын (номердик агрегаттарды) баалоо протоколун түзөт, анда алардын рыноктук наркы көрсөтүлөт.
Транспорт каражаттарын (номердик агрегаттардын) наркын баалоо үчүн эксперттердин тыянагын, справкаларды, статистикалык жана башка маалыматтарды колдонсо болот.
8. Транспорт каражаттарын (номердик агрегаттардын) баалоо протоколун түзгөндөн кийин айыл өкмөтү транспорт каражатын сатуу жөнүндө аукционду жарыялайт. Баштапкы (старттык) баасы болуп, комиссия баалаган наркы коюлат.
Аукцион өткөрүү жөнүндө билдирүү аны өткөргөн күнгө чейин 30 күн мурда жалпыга маалымдоо каражаттарында, социалдык тармактарда же айыл өкмөтүнүн веб-сайтында жарыяланууга тийиш.
Жарыяланган баштапкы (старттык) баа боюнча транспорт каражатын сатып алууга кызыккан катышуучулар болбосо, комиссия аукциондун жүрүшүндө старттык бааны 25тен ашпаган пайызга төмөндөтүү жөнүндө чечим кабыл алышы мүмкүн.
Транспорт каражатын аукцион аркылуу сатууга мүмкүн болбогон учурда айыл өкмөтү транспорт каражатын түз сатууга укугу болот.
10. Айыл өкмөтү сатуучу төлөгөндүгү тууралуу документтерин бергенден кийин транспорт каражаттарын (номердик агрегаттарды) сатып алуу-сатуу келишимин 3 нускада бекитет.
Бул учурда:
- 1 нускасы айыл өкмөтүндө калат;
- 1 нускасы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик каттоо кызматына жиберилет;
- 1 нускасы сатып алуучуга берилет.
11. Транспорт каражаттардын (номердик агрегаттардын) сатуудан түшкөн каражаттар, мыйзам талап кылган тартипте жергиликтүү бюджетке түшөт.