| Теплоключенка айылдык кеңешинин 2023-жылдын 20-сентябрындагы №58 токтому менен бекитилди |
Муниципалдык менчикте турган негизги каражаттарды
эсептен чыгаруу тартиби жөнүндө
ЖОБО
1. Бул жобо Теплоключенка айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган негизги каражаттарды (мындан ары - мүлк) эсептен чыгаруу тартибин аныктайт.
2. Бул жобо төмөнкү муниципалдык менчиктеги мүлккө чарба жүргүзүү же (жана) оперативдүү башкаруу укугунда бекитилип берилген, белгиленген тартипте сатууга, башка ишканаларга акысыз өткөрүп берүүгө мүмкүн болбогон муниципалдык мүлккө карата колдонулат:
- курулушу бүтө элек обьекттер;
- айыл өкмөтү тарабынан андан ары пайдаланууга жараксыз болуп калган, атап айтканда курулушка, кеңейтүүгө, кайра конструкциялоого жана техникалык кайра жабдууга байланыштуу моралдык же физикалык жактан эскирген жана башкаруунун башка ыкмаларын колдонууга мүмкүн болбогон, авариядан же жаратылыш кырсыгынын натыйжасында бузулган жана калыбына келтирилбөөчү мүлк.
3. Негизги каражаттардын баланстык наркын өнүктүрүүнү токтотуу төмөнкү учурларда жүргүзүлөт:
- жарабай калуу;
- аны эксплуатациялоодон келечектеги кандайдыр бир экономикалык пайда же кызматтык потенциал күтүлбөсө.
4. Негизги каражаттар обьекттин таанууга байланыштуу пайда болгон мындай обьектти таанууну токтотуудан улам болгон пайдага же чыгашага милдетүү түрдө киргизүүгө тийиш.
5. Негизги каражаттар обьекттин таанууга байланыштуу пайда болгон пайда же чыгашасы, эгер мындайлар бар болсо, эсептен чыгаруудан түшкөн таза кирешелер менен бул обьекттин баланстык наркынын айырмасы катары аныкталат.
6. Негизги каражаттардын жарабай калуусу жергиликтүү кеңеш кабыл алган жободо белгиленген тартипте айыл өкмөтү тарабынан жүргүзүлөт.
7. Баланстан төмөнкү негизги каражаттар чыгарылышы мүмкүн:
а) физикалык эскирүүнүн, авариянын, табигый кырсыктардын, эксплуатациялоо шарттарынын бузулушунун натыйжасынан улам пайдаланууга жараксыз абалга келгендер;
б) моралдык жактан эскирген;
в) мекеменин, уюмдун жана башка обьекттердин курулушуна, кеңейишине, реконструкцияланышына жана техникалык кайра жабдылышына байланыштуу.
Ошол эле учурда негизги каражаттарды калыбына келтирүүгө мүмкүн болбогон же экономикалык жактан максатка ылайыксыз болгон учурларда эсептен чыгарууга жатат.
8. Айыл өкмөтү негизги каражаттарды баланстан чыгаруу негизги каражаттардын бирдиктеринин наркына карабастан жүргүзүлөт.
9. Негизги каражаттардын пайдаланууга жараксыздыгын, аларды калыбына келтирүү, оңдоого мүмкүн эместигин жана натыйжасыздыгын аныктоо, ошондой эле негизги каражаттарды эсептен чыгарууга зарыл болгон документтерди тариздөө үчүн айыл өкмөтүнүн башчысынын тескемеси менен туруктуу иштөөчү комиссия төмөнкү курамда түзүлөт:
- орун басары (комиссиянын төрагасы);
- жооптуу катчы (комиссиянын төрагасынын орун басары)
- каржы бөлүмүнүн башчысы;
- негизги каражаттардын эсеп жүргүзүүчү адис (же чарба башчы);
- муниципалдык менчикти башкаруу жана калкка кызмат көрсөтүү боюнча муниципалдык кызматчы;
- жергиликтүү кеңештин өкүлү;
- жергиликтүү жамааттын өкүлү.
10. Туруктуу иштөөчү комиссия төмөнкү иштерди ишке ашырат:
а) эсептен чыгарууга жаткан обьекттиге түздөн-түз кароону жүргүзөт, ошондой эле учурда зарыл болгон техникалык документтерди (паспорт, кабаттар боюнча планды жана башка документтерди), ошондой эле бухгалтердик эсепке алуунун маалыматтарын пайдаланат жана анын жарактуулугун калыбына келтирүүнү жана андан ары колдонууну белгилейт;
б) зарыл болгон учурларда негизги каражаттардын (атайын аппаратура же жабдуу боюнча) жараксыздыгы жөнүндө корутундуну берүү үчүн тиешелүү түзүмдөрдүн адистердин же көз карандысыз эксперттерди чакыра алат;
в) обьекттини эсептен чыгаруунун конкреттүү себептери (эскирүү, реконструкциялоо, эксплуатациялоонун нормалдуу шарттарынын бузулушу, авариялар жана башкалар) белгиленет;
г) эксплуатациялоодон негизги каражаттардын мөөнөтүнөн мурда жарабай калышына күнөөлүү болгон адамдарды табат жана бул адамдарды колдонуудагы мыйзамдарда белгиленген жоопкерчиликке тартуу жөнүндө сунуштарды киргизет;
д) эсептен чыгарылуучу обьекттин өзүнчө түйүндөрүн, деталдарын, материалдарын пайдалануу мүмкүнчүлүгүн аныктайт жана аларды баалоону жүргүзөт;
е) эсептен чыгарылуучу негизги каражаттардан жарактуу түйүндөрдү, деталдарды, материалдарды, түстүү жана баалуу металлдарды алууну контролдоону жүргүзөт, алардын сапатын, салмагын аныктайт жана алардын тийиштүү кампага берилишин көзөмөлдөйт;
ж) негизги каражаттардын айрым обьекттерин эсептен чыгарууга төмөнкү актыларды түзөт:
- айыл өкмөтүнүн негизги каражаттарды эсептен чыгаруу жөнүндө акт (форма НК-1);
- айыл өкмотүндө транспорт каражаттарын эсептен чыгаруу жөнүндө акт (форма НК-2).
11. Негизги каражаттарды эсептен чыгарууга комиссия тарабынан түзүлгөн актылар айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан бекитилет.
12. Колдонуудагы обьекттерди жаңы курууга, кеңейтүүгө, реконструкциялоого жана техникалык кайра жабдууга байланыштуу жабдуу эсептен чыгарылган учурларда комиссия айыл өкмөтү тарабынан бекитилген колдонуудагы обьекттерди кеңейтүү, реконструкциялоо жана техникалык кайра жабдуу планында каралган эсептен чыгарууга берилген жабдууга шайкештигин текшерүүгө жана актыга аларды эсептен чыгарууга пунктка жана план бекитилген датага шилтеме берүүгө тийиш.
13 .Эсептен чыгаруу актыларында негизги каражаттардын обьекттерин мүнөздөөчү төмөнкү маалыматтар көрсөтүлөт: обьект жасалган же курулган жыл, анын мекемеге келип түшкөн дата, эксплуатацияга берилген убакыт, обьекттин алгачкы наркы (жаңы баалангандар үчүн - калыбына келтирүү), бухгалтердик эсепке алуунун маалыматтары боюнча эсептелген аммортизациянын суммасы жүргүзүлгөн капиталдык оңдоолордун саны. Негизги каражаттардын обьектинин жарактан чыгуу себептери, анын негизги бөлүктөрүнүн, деталдарынын, түйүндөрүнүн, конструктивдик элементтеринин абалы да толугу менен чагылдырылат.
14. Мындан тышкары, автотранспорт каражаттарын эсептен чыгарууда автомобилдин канча жүргөндүгү көрсөтүлөт жана автомобилдин агрегаттарына жана деталдарына жана аны ажыратуудан алынган негизги деталдарды жана түйүндөрдү андан ары пайдалануу мүмкүндүгүнө техникалык мүнөздөмө берилет.
15. Авариянын натыйжасында жарактан чыккан негизги каражаттарды баланстан чыгарууда авария жөнүндө актыга эсептен чыгаруу жөнүндө актынын көчүрмөсү тиркелет, ошондой эле аварияга түрткү болгон себептер такталат жана күнөөлүү адамдарга карата алынган чаралар көрсөтүлөт.
16. Көчүрүүчү, компьютердик техниканы, байланыш каражаттарын баланстан чыгарууда техникалык экспертизалоо жана ажыратуудан алына турган негизги деталдарды жана түйүндөрдү андан ары пайдалануу мүмкүндүгү жөнүндө актылардын көчүрмөлөрү тиркелет.
17. Ажыратылган жана демонтаждалган жабдуулардын башка машиналарды оңдоого жарактуу бардык деталдары, түйүндөрү жана агрегаттары, ошондой эле негизги каражаттарды жоюудан алынган башка материалдар тийиштүү эсептерге кириштелет, аталган баалуулуктар эске алынат, ал эми жараксыз деталдар жана материалдар экинчи чийки зат катары кириштелет.
Ошол эле учурда кара, түстүү металлдардын сыныктарын жана калдыктарын эсепке алуу, сактоо жана пайдалануу жана эсептен чыгаруу, ошондой эле чийки затты утилдештирүү алгачкы чийки зат, материал жана даяр продукция үчүн белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
18. Баалуу металлдарды колдонуу менен даярдалган деталдар жана түйүндөр, ошондой эле кара жана түстүү металлдардан жасалган жана мекеменин керектөөсү үчүн пайдаланылбаган деталдар жана түйүндөр иштин мындай түрүнө лицензиясы бар тийиштүү уюмдарга сатылууга жатат.
19. Эсептен чыгарылган негизги каражаттардан алынган жана кайталап пайдаланууга жарабаган экинчи чийки зат сатылышы мүмкүн. Сатуудан түшкөн акча каражаттар мыйзамда көрсөтүлгөн тартипте жергиликтүү бюджетке түшөт.
20. Айыл өкмөтүнүн башчысы жергиликтүү кеңеш бекиткен Жобонун негизинде мүлктү эсептен чыгаруунун процедурасын сактоосун камсыз кылат жана уюштурат.
21. Жергиликтүү кеңеш өзүнүн компетенциясына ылайык Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде Жобонун талаптарын сактоосун камсыз кылат жана акча каражаттарды максаттуу жумшоосун көзөмөлдөйт.
22. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык айыл өкмөтүнүн башчысы жергиликтүү кеңешке туура эмес маалыматты камтыган документтерди бергендиги үчүн жоопкерчилик тартат.