| (Талас шаардык кеңешинин 2023-жылдын 5-октябрындагы № 198/28-8 токтомуна ылайык) |
Талас шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн программасы
Талас шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүү программасы, региондун потенциалдык мүмкүнчүлүгүн эске алуу менен азыркы абалды, орун алган тоскоолдуктарды жана маселелерди жоюу боюнча иш-чараларды натыйжалуу жана ишке ашыруу үчүн максималдуу шарттарды түзүүгө багытталган.
Талас шаарынын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын иштеп чыгууга:
- Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын “Социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн жана калкты социалдык коргоонун колдонуудагы программаларынын уланмалуулугун камсыз кылат же жергиликтүү мамлекеттик администрация менен макулдашуу боюнча социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана калкты социалдык коргоо программаларынын долбоорлорун иштеп чыгат жана шаардык кеңешке бекитүүгө берет” делген 48-беренесинин 1-бөлүгүнүн 11-пункту;
-“Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин “Социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын аткаруу органдары тарабынан иштелип чыгат жана ушул Кодекстин талаптарына ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдары тарабынан бекитилет, өткөн эки жылдын иш жүзүндөгү көрсөткүчтөрүн, учурдагы жылга күтүлүүчү бааны жана кийинки үч жылга болжолду камтыйт” делген 88-беренесинин 2-бөлүгү;
Талас шаарынын мэриясы Талас шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүү программасын иштеп чыгуу менен шаарды өнүктүрүү багытында иш алып барууну көздөгөн бардык кызыкдар тараптарга өз ара пайдалуу даяр өнөктөш экендигин тастыктайт.
Аталган программаны иштеп чыгуу үчүн Талас шаарынын аймагындагы атайын кызматтар тарабынан өздөрүнүн тармактары боюнча керектүү маалыматтар камсыздалып берилди.
Талас шаарынын мэриясы жана ошондой эле атайын кызматтардагы адистер менен биргеликте шаардын бүгүнкү күндөгү зарыл болгон муктаждыктарын, керектөөлөрүн жана өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын, алдыдагы күтүүлүүчү жыйынтыктарды аныктоо үчүн, аталган программаны иштеп чыгууда бир катар жолугушуулар өткөрүлүп талкууланды.
Ошондой эле программаны иштеп чыгууда шаар аймагындагы жергиликтүү тургундардын, келген коноктордун жана ошондой эле ар тармакта эмгектенген ишкерлердин ой пикирлери жана ар тараптуу сунуштары эске алынып, аталган программага киргизилди.
Программаны иштеп чыгууга өздөрүнүн ар тараптуу сунуштарын ой пикирлерин жана ошондой эле ар тармактуу кызматтарын көрсөткөн топтор менен мындан ары да шаарды өнүктүрүүдө ар кандай иш-чараларды ишке ашырууга багытталган макулдашуулар жүргүзүлдү.
Аталган программанын структурасы шаардын азыркы таптагы социалдык-экономикалык абалын, мындан аркы жылдарда шаарды өнүктүрүүнүн факторлорунун анализдерин, артыкчылыктарын аныктоо жана кемчиликтерди четтетүү, максаттуу аудиториянын аткарылган иштердин жыйынтыгынынын баасы, артыкчылык багыттарын жана шаардын каржылык өнүгүү моделин камтыйт.
Программаны ишке ашыруу төмөнкү себептерге:
- Аймактын саясий жана экономикалык туруктуулугун камсыз кылууга;
- "Экономикалык өсүү чекиттерин" аныктоо жана алардын укуктук статусун бекитүүгө;
- Аймакка пайдалуу инвестицияны тартуу ийгилигине көз каранды болот.
УЧУРДАГЫ КЫРДААЛДЫ ТАЛДОО
_____________________________
1.Шаарды өнүктүрүүнүн факторлору
1.1.Географиялык жана жаратылыш факторлору
Талас шаары деңиз деңгээлинен 1244 м. бийиктикте, Талас өрөөнүнүн түндүк-чыгыш бөлүгүндө, Талас дарыясын бойлой жайгашкан жогорку маданий жана тарыхый маанидеги, кыргыз элинин улуттук баатыры Манас жердеген Кыргызстандын облустук шаары болуп эсептелет.
Климаты мелүүн - континенталдуу.
Эң жогорку орточо айлык температурасы июль айында + 30 ... + 35 ° C , эң төмөнкү орточо айлык температурасы январь айында -15... -25 ° С болорлугу байкалган. Жылдык жаан-чачындын нормасы 300-400 мм.
Шаардын өнүгүшү үчүн төмөнкү географиялык жана жаратылыш факторлору бар:
- Административдик-географиялык жайгашуусу республиканын борборуна чейин 298 км. Тараз шаарына (Казакстан) чейин 100 км., жакынкы темир жол бекетине чейин 90 км., аймагы 13,0 чарчы километр, Кыргыз Республикасыныны региондору менен Казакстан Републикасын байланыштырган стратегиялык “Тараз-Талас -Суусамыр” тасма жолунда жайгашкан.
- Талас облусунун административдик борбору катары дыйкандар өндүргөн аймактык айыл чарба азыктарын кайра иштетүү боюнча адистешкен ишканалардын, тамак-аш өнөр жайларынын иш аракеттеринин аркасында шаардын экономикасы негизделүүдө.
Областын аймагындагы өндүрүштүн төрттөн бир бөлүгү Талас шаарында жайгашкан. Талас облусунун климаттык шарты төө буурчак, таттуу калемпир, кант кызылчасы, картөшкө, мал чарбачылыкты өнүктүрүү, айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүгө ыңгайлуу. Азыркы учурда өндүрүлгөн дээрлик бардык азык-түлүктөр, чийки түрүндө алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдүн базарларында сатылып жатат.
Талас шаарынан башка жактарга негизинен сүт азыктары экспорттолот. “Талас-Сүт” жана “Өзөн-Ата”сыр комбинаты, EАЭБдин өндүрүлгөн азык-түлүктөрү менен Россия Федерациясына кирүү укугуна ээ болгон Кыргыз Республикасынын ишканаларынын тизимдерине киргизилген.
Айыл чарба азык -түлүктөрүнүн негизги көлөмү:
-2022-жылы облусубуздун чарбаларында 15846 гектар жерден дан өсүмдүктөрү жыйналып (жүгөрүнү кошкондо, дандык буурчактан тышкары) 2021-жылга салыштырмалуу 10,6 % көп жерден оруп жыйналган. Алсак, буудайдын 8403 гектары жыйналса (же 9,5 % көп), арпанын – 3512 гектары (же 1,2 эсеге көп) жана дандык жүгөрү – 3931 гектар (4,7 % көп) оруп жыйналган.
Дан буурчак өсүмдүктөрү 54597 гектардан жыйналып, же 2021-жылга салыштырмалуу 5,1 % жерден аз жыйналган. Бастырылган дан буурчак өсүмдүктөрү – 77,1 миң тоннаны түзүп (иштетилгенден кийинки салмакта), же өткөн жылдын ушул күнүнө салыштырмалуу 5,2 % аз болду. Орточо эсеп менен облус боюнча дан буурчак өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгү гектарына 14,1 центнерди түзүп, өткөн жылдын тийиштүү мезгилине барабар болду.
-Жашылча өсүмдүктөрү негизинен Талас облусунун Манас районунда өстүрүлөт. Негизги керектөөчү болуп, Казакстандын Тараз шаары эсептелет.
-10521 гектар жерден казылып алынган картошканын түшүмү 187,8 миң тонна болуп, 2021-жылга салыштырмалу 2,4 миң тоннага көп бастырылган (же 1,3 % көбөйгөн), жашылча 4790 гектар жерден 102,4 миң тонна жыйналган, же өткөн жылга салыштырмалуу 5,2 миң тоннага көп жыйналган (же 5,4 % көбөйгөн). Мөмө-жемиш өсүмдүктөрү 23,8 миң тонна жыйналды, өткөн 2021-жылга салыштырмалуу 7,1 % көп жыйналды.
-2022-жылдын январь-декабрь айларында малдан жана үй канаттууларынан 25,3 миң тонна эт өндүрүлүп (тирүүлөй салмакта), өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 101,0% түздү, 76,3 миң тонна сүт саалып алынды ( 100,5%) жана 22470 миң даана жумуртка же өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 0,9% көп өндүрүлдү. Ал эми мал жана канаттуулардын эти Талас шаары (тирүүлөй салмакта) боюнча 100,0 % түзүп өткөн жылдын деңгээлинде калды.
Өндүрүлгөн эттин жалпы көлөмүнүн ичинен (союлуучу салмакка айландырылганда) 45,0 % – уйдун этине, 42,3 – койдун, 10,9 – жылкынын, 0,2 – чочконун жана 1,6 % – канаттуулардын этине туура келди.
Акыркы жылдардагы жумушсуздукту азайтуу боюнча жүргүзүлгөн иш чараларга карабастан, жумушсуздардын саны 2023-жылдын 1-январына карата 721 адам болгон. 353 адамдын официалдуу жумушсуз статусу бар.
1.2.Өнөр жайы
2022-жылдын жыйынтыгында өнөр жай өндүрүшүнүн көрсөткүчтөрүнүн көлөмү Талас шаары боюнча энергетикасы менен 1 341 816,0 миң сомду түзүп, 91,4%га аткарылды, ал эми өндүрүш көрсөткүчү энергетикасыз 740 121,1 миң сомду түзүп, өсүү темпи 92,9% түздү.
2022-жылда Талас шаарынын аймагында жеке ишкерлер тарабынан калкка кызмат көрсөтүү багытында жалпы 12 ишкана ачылып, 103 жумушчу орду түзүлдү.
1.3.Ресурстук фактор
2023-жылдын 1-январына карата Талас шаарында туруктуу калктын саны жалпы 41 228 адамды түзөт. Алардын ичинен кыргыздар – 38 426 адам, орустар — 1 611 адам, өзбектер — 383 адам, Украиндер – 26 адам, Немецтер – 144 адам, Татарлар – 76 адам, Казактар – 192 адам, Түрктөр – 167 адам, ал эми башка улуттан жалпы – 203 адамды түзөт.
Акыркы жылдары Талас шаарынын туруктуу жашоочуларына саны жыл сайын көбөйүүдө. Талас жашоочуларынын эмгекке жарамдуусу 2023-жылдын башына карата 25692 адамды, жалпы жашоочуларынын 62,3% түзөт. Шаардын тургундарынын иш сектору өндүрүш болуп эсептелет, анда 22,4 % аллектенет, айыл чарбасында 18,0% тейлөө чөйрөсүндө - 12,7%, соода-сатыкта - 11,8%, транспортук тейлөөдө-3,4%, курулушта -1,7% жана башка тармактарда - 40,1 % адамдар иштешет. Мындан башка экономиканы өнүктүрүүдө жеке ишкерлер катары 16 400 адам эмгектенет.
2024-жылдын алдыдагы мезгилинде аткарылуусу зарыл:
Талас шаарынын Б.Баатыр көчөсүндө жалпы 0,62 га жер аянтына көп батирлүү турак үйлөрдү курууга конкурс өткөрүлүп, конкурстун жыйынтыгы менен 105 сериясындагы пайдалуу аянты 5577 м2 түзгөн 3 турак үйүн курууга “ДСК-Азат“ ААКсы менен келишим түзүлүп курулуш иштери жүргүзүлүүдө.
Мындан тышкары “Талас жылуулук менен жабдуу” ишканасы тарабынан Талас шаарынын №2 орто мектебинин жанына кошумча откана курулууда. Бул отканага №2 орто мектебинин, Талас шаарынын мэриясынын жылытуу системасы кошулат.
Донорлорду тартуу менен орто мектептердеги ажааткана абалдарын жаңы стандартка жеткирүү каралган. Аны ишке ашыруу максатында, Жапон элчилиги тарабынан каралып жаткан гранттык конкурска катышууну уюштуруу менен 65,0 миң доллар көлөмүндөгү гранттык долбоорго жеңүүчү болуп, Талас шаарындагы №2 орто мектебинин сырткы ажаатканасын, тротуарын жаңы стандартка ылайык курууга жана мектептерге жаңы доскаларды алууга шарт түзүлдү. Аталган долбоордун негизинде келишимге кол коюлуп, иш жүрүп жатат.
“Ассанабил” кайрымдуулук фондунун каржылоосу менен Талас шаарындагы «Тынчтык» конушунда жаңы окуу борборунун курулушуна капсула салынды. Аталган аймакта окуу борбору менен катар бала бакча, фельдшердик-акушердик пункт, ошондой эле дүкөн курулары күтүлүүдө.
Бүгүнкү күндө аталган долбоорлорду толук кандуу ишке ашыруу жана курулуш иштерин өз убагында, сапаттуу аягына чыгаруу үчүн бардык аракеттер көрүлүүдө. Ошондой эле, долбоорлорду ишке ашырууну улантуу үчүн ишкерлер, инвесторлор менен мамилелерди бекемдеп, алардын коопсуздугуна жана тоскоолдуксуз иш алып барууларына шарттарды түзүп берүүгө өзгөчө көңүл бурулууда.
Шаардын экономикасынын артыкчылыктуу тармактарына капиталдык салымдардын көлөмүн көбөйтүү боюнча чараларды улантуу.
Талас облусунун аймагында жол куруудагы материалдарды алыстан ташууда ашыкча чыгымдардын болушуна бөгөт коюу жана Талас шаарынын аймагында жумуш орундарын түзүү максатында ири ишкана, заводдорду куруу.
Талас облусунун аймагында курулуш жаатындагы ири ишканалардын жокко эсе болгондугуна байланыштуу жана Талас шаарынын аймагында жумуш орундарын түзүү максатында ири ишкана, заводдорду куруу.
2024-2028-жылдар аралыгында аткарыла турган долбоорлор
№ | Өнүгүү стратегиясынын багыты | Керектелүүчү каражат |
1 | Саркынды суу тутумдарын куруу жана саркынды суу кабыл алуучу жайын реконструкциялоо | “Талас шаарын таза суу жана саркынды суу тутумдары менен камсыздоо” долбоорунун II-фазасы менен ишке ашырылат. Көлөмү: 7 040 000 евро |
2 | Калкты таза суу менен камсыз кылуу жана эски тутумдарды реабилитациялоо | 510,0 млн.сом |
3 | Жөө адамдар өтүүчү тротуар куруу | 120,0 млн.сом |
4 | Түнкү жарыктандыруу орнотуу | 50,0 млн.сом |
5 | Дренаж куруу | 50,0 млн.сом |
6 | Социалдык объектилерди жарактуу абалга келтирүү (мектеп, бала бакчалар) | 790,0 млн.сом |
7 | Борбордук паркты реконструкциялоо | 80,0 млн.сом |
8 | Асфальт бетон заводун куруу | 60,0 млн.сом |
9 | Темир бетон заводун куруу | 60,0 млн.сом |
10 | Атайын техникаларды алуу | 144,0 млн.сом |