Редакцияот 31.07.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

Көк-Таш айылдык кеңешинин

“31” 07 2023-жыл

№ 4 токтомуна Тиркеме

 

Ала-Бука районунун Көк-Таш айылдык аймагынын жергиликтүү

жамаатынын

 

 

Уставы

1. Жалпы жоболор

2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жергиликтүү маанидеги маселелер

3. Жергиликтүү жамааттын жергиликтүү өз алдынча башкарууну жүзөгө ашырууга түз катышуу формалары

4. Жергиликтүү жамааттын жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө катышуусу

5. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун экономикалык негиздери

6. Корутунду жоболор

 

1.   Жалпы жоболор

1.1.Көк-Таш айылдык аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставы-жергиликтүү жамааттын жыйындарында (чогулуштарында ) же курултайларында талкуунун жыйынтыгы менен айылдык кеңештин токтому аркылуу бекитилүүчү , жергиликтүү жамааттын ич-чара жашоо-турмушун негизги эрежелерин жана принциптерини жөнгө салуучу, жергиликтүү жамааттардын мүчөлөрүнүн укуктарын жана милдеттерин кароочу, жергиликтүү маанидеги маселелерди жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынбагын жергиликтүү өз алдынча башкаруу ишинин башка маселелерин чечүүдө жергиликтүү жамааттын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара мамилелеринин тартибин кароочу акт болуп саналат.

 

1.2 Ушул Устав Көк-Таш айылдык аймагында колдонулат жана өздөрүнүн уюштуруу-укуктук түрлөрүнө карабастан, айылдык аймагында иштеп жаткан бардык юридикалык жактар, ошондой эле жеке жактар жана алардын бирикмелери үчүн милдеттүү болуп саналат.

 

2.Негизги түшүнүктөр жана терминдер.

     Ушул Уставда төмөндөгү түшүнүктөр жана терминдер колдонулат.

 

Жергиликтүү маанидеги маселелер- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы, ошондой эле өздөрүнүн түздөн-түз эрктерин билдирүү менен жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү чечүүнү, айыл аймагынын калкынын жашоо-турмушун түздөн-түз камсыз кылуунун маселелери.

 

өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар- мыйзамдын же келишимдин негизинде аткаруу үчүн мамлекеттик органдар тарабынан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүлүп берилген айрым мамлекеттик ыйгарым укуктар.

 

Элдик демилгени жүзөгө ашыруу боюнча демилгелүү топ-ушул Уставга ылайык элдик демилгени жүзөгө ашыруу боюнча ыктыярдуу негизде түзүлгөн, 7 адамдан кем эмес курамдагы жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү;

 

Айылдын артыкчылыктуу көйгөйлөрүн чечүү боюнча демилгелүү топ- айыл аймагында жашаган 7 кем эмес жарандардын жалпы кызыкчылыктардан улам айылдын муктаждыгын ( жергиликтүү маанидеги маселелерди) чогуу иликтеп жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте чечүү боюнча түзүлгөн ыктыярдуу бирикме;

 

Айылдык чогулушту жана курултайды өткөрүү боюнча демилгечи топ-Кыргыз Республикасынын мыйзам ченемдерине жана ушул Уставдын жоболоруна ылайык айылдын чогулушун же курултайды өткөрүүнү демилгеленген, курамы 7 адамдан кем эмес жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү;

 

Жергиликтүү жамаатын курултайы – жалпы кызыкчылыктарды жараткан жергиликтүү жамаатын жашоо-турмушунун маанилүү маселелерин талкуулоо максатында айыл аймагынын (шаардын) жергиликтүү жамаатынын өкүлдөрүнүн жыйыны;

 

Жергиликтүү жамаат-жергиликтүү маанидеги маселелерди түздөн-түз жана алар тарабынан түзүлгөн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан чечүүгө жалпы кызыкчылыктары менен бириккен тиешелүү айылдык аймактын ( шаардын) аймагында туруктуу жашаган Кыргыз-Республикасынын жарандары;

 

Муниципалдык менчик – жергиликтүү өз алдынча башкаруунун киреше алуу булагы болуп саналган жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун иш-милдеттерин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ээлик кылуусунда, пайдалануусунда , тескөөсүндө турган жергиликтүү жамаатын менчиги;

 

Жергиликтүү ( элдик) ченем чыгаруу демилгеси- жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорун ( токтомдун долбоорун) иштеп чыгууга жана жергиликтүү жамааттын укугу;

 

Жарандардын чогулушу- бир көчөнүн, кварталдын же айылдын аймагында жашаган жарандардын жыйынында маселелерди талкуулоо жолу менен аларды чечүүгө, алар боюнча сунуштарды жана чечимдерди кабыл алууга жергиликтүү жамааттын түздөн-түз катышуу формасы;

 

Коомдук угуулар- жамааттын турмушунун маанилүү маселелери боюнча калктын пикирин иликтеп билүүгө, сунуштарды жана рекомендацияларды алууга, оптималдуу, таразаланган чечимдерди табууга калктын кызыкчылыгын эске алуу менен чечимдерди кабыл алуу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын демилгеси боюнча өткөрүлүүчү , ачык талкуулоодон формаларындагы уюштурулган ич-чара

 

Айылдын муктаждыгын чогу иликтөө- маалыматтарды биргелешип жыйноо, аларды талдоо процесси жана калктын пикирлерин жана кызыкчылыктарын эске алуу менен ишти пландаштыруу

 

1.   Айылдык аймактын территориясы

 

3.1 айылдык аймактын территориясы айылдык аймактын административдик- аймактык чек араларынын чектериндеги жерлерди өзүнө камтыйт .

 

3.2 Айылдык аймактын территориясы төмөндөгү айылдарды өзүнө камтыйт.

 

- Көк-Таш

 

- Кулпек-Сай

 

- Жалгыз-Өрүк

 

- Булак-башы

 

- Орто-Суу

 

- Чоң-Сай

 

4.Айылдык аймактын жергиликтүү жамааты

 

4.1 Жергиликтүү маанидеги маселелерди өзүнүн жоопкерчилиги менен өз алдынча чечүүгө жалпы кызыкчылыктары менен бириккен, Көк-Таш айылдык аймакта каттоодон өтүп, туруктуу жашашкан Кыргыз Республикасынын жарандары айылдык аймактын жергиликтүү жамааттын түзүшөт.

 

4.2 Жергиликтүү жамааттын 18 жаштан жогорку мүчөлөрү жынысына, расасына, улутуна, тилине, тегине, мүлктүк жана кызматтык абалына, динге карата мамилесине, ынанымына, коомдук бирикмелерге жана саясий партияларга таандыктыгына карабастан түздөн-түз жана алар түзүшкөн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы аркылуу жергиликтүү өз алдынча башкарууну ишке ашырууга тең укуктуу.

 

4.4 Жергиликтүү жамаат мыйзамдарга ылайык тарыхый, маданий, улуттук жана башка жергиликтүү салттарды жана өзгөчөлүктөрдү чагылдырган расмий символдорду белгилөөгө укукту. Символдордун сүрөттөп баяндалышы жана аларды пайдалануунун тартиби айылдык кеңештин токтому менен белгиленет.

5.Жергиликтүү жамааттын мүчөлүгүнө өтүүнүн жана

 

мүчөлүгүнөн чыгуунун тартиби.

 

5.1 Кыргыз Республикасынын жаранын Көк-Таш айылдык аймактын жергиликтүү жамаатынын мүчөсү деп таануу үчүн негиз болуп Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте айылдык аймакта жашаган жери боюнча каттоодон өтүү фактысы саналат.

 

5.2 Жергиликтүү жамааттын мүчөсү болуп эсептелбеген ( каттоосу боюнча), бирок айылдык аймакта 1 жылдан ашуун жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары, ошол жердин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына пайдаланууга жана шайлоо укуктарын кошпогондо, жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү сыяктуу эле калган бардык укуктарга жана милдеттерге ээ .

 

5.3 Ушул Уставда жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарында каралган негиздерден тышкары, Кыргыз Республикасынын жаранынын жергиликтүү жамааттын мүчөлүгүнө кирүүсүнө кандайдыр-бир башка шарттарды белгилөөгө жол берилбейт.

 

5.4 Кыргыз Республикасынын жараны төмөнкү учурда жергиликтүү жамааттын мүчөлүгүнө чыгат.

 

- ал Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготкондо .

 

- аны өлдү, дайынсыз жок болду деп тануу жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенде;

 

- каза болгондо;

 

- айыл аймагынан сырткары туруктуу жашоо учун каттоодон чыгып кеткенде.

 

6.Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн укуктары жана

милдеттери.

 

6.1 Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү расасына, этностук тиешелүүлүгүнө, динге болгон мамилесине карабастан. төмөндөгү укуктарга ээ;

 

- жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө катышууга;

 

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайланууга жана шайлоого;

 

- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында өз ишин профессионалдык негизде ( муниципалдык кызматта ) ишке ашырууга;

 

- мыйзамдарда жана ушул Уставда белгиленген тартипте айылдык кеңештин токтомдорунун долбоорун демилгелөө жана аларды айылдык кеңештин кароосуна киргизүү үчүн демилгелүү топторду түзүүгө;

 

- айылдын муктаждыгын иликтөө жана аларды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана (же) мамлекеттик органдар менен бирдикте чечүү үчүн демилгелүү топторду түзүүгө;

 

- инвестицияларды тартуу жана жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү үчүн долбоордук документтерди иштеп чыгууга;

 

- айыл өкмөтүнө, айылдык кеңешке, мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмчөлөрүнө, уюмдарга, мекемелерге, ишканаларга жана алардын жетекчилерине жеке өзү кайрылууга, ошондой эле сунуштар, арыздар жана даттануулар менен кошо жеке жана коллективдүү кайрылууларды жөнөтүүгө;

 

- мамлекеттик сырларга тийиштиги бар маалыматтарды, ошондой эле купуя маалыматтарды ( кызматтык сырларды ) кошпогондо, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын карамагында турган маалыматтарды оозеки же жазуу түрүндө суратып алууга;

 

- жергиликтүү жамаатка, айыл өкмөтүнүн башчысына, айылдык кеңештин төрагасына жана депутаттарга алардын бир жылдагы (же жарым жылдагы) аткарган ишинин жыйынтыктары жөнүндө маалымат берүү тууралуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына оозеки же жазуу түрүндө кайрылуу жөнөтүүгө;

 

- жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү үчүн белгиленген жеңилдиктерден пайдаланууга;

 

- маалыматтарды эркин алууга ( жетүүнү) жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кадимки иштөө убактысында муниципалдык менчиктин мүлкүнүн обьектилеринин реестиринин мазмуну менен танышууга;

 

- айыл чарбасына жарактуу Мамлекеттик фондунун жерлерин, муниципалдык жерлерди жана муниципалдык менчикте турган башка мүлктөрдү берүү боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өткөргөн сатууларга ( аукциондорго жана конкурстарга ) катышууга;

 

- айылдык чогулуштарга, курултайларга, коомдук угууларга, айылдык кеңештин ачык сессияларына жана айылдык кеңештин туруктуу ( убактылуу) комиссияларынын жыйналыштарына, жетекчилеринин макулдугу боюнча муниципалдык ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын чогулуштарына катышууга, ал жерде өз пикирин ээн-эркин билдирүүгө жана жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча сунуш киргизүүгө;

 

- жамааттын башка мүчөлөру тарабынан коомдук тартипти, ушул Уставдын эрежелерин бузган учурда, алардын мыйзамдардын, ушул Уставдын аткарылышын, коомдук тартипти сактоону жана укук бузууларды токтотууну талап кылууга, керек болсо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана укук коргоо органдарына кайрылууга;

 

- жамаатын жашоо шартын жакшыртуу максатында өткөрүлгөн коомдук пайдалуу, демөөрчүлүк иш-чараларына ( ашарларга, ишембиликтерге, демөөрчүлүк акцияларына иш-чараларга, марафондорго) катышууга;

 

- турак жай комплекстеринин, үй көчө, кварталдык комитеттеринин, жамааттардын ( общиналар) кеңештери жана комитеттери түрүндө аймактык коомдук өз алдынча башкарууну Кыргыз Республикасынын мыйзам ченемдерине карама-каршы келбеген формаларында түзүүгө;

 

- жаштар комитетин, аялдар кеңешин, аксакалдар кеңешин, ыктыярдуу элдик кошундарды, коомдук алдын алуу борборлорун (КААБ) жана башка коомдук уюмдарды түзүүгө же аларга мүчө болуп кирүүгө;

 

- жергиликтүү бюджетти түзүүгө катышууга, ошондой эле жергиликтүү бюджеттен чыгымдалып жаткан каражаттар тууралуу маалымат алууга;

 

- ушул Уставда жана мыйзамдарда каралган тартип жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн өз эрки менен чыгууга;

 

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган башка укуктардан пайдаланууга;

 

Жергиликтүү өз алдынча башкарууну жүзөгө ашырууда, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн укуктарын чектөөгө жол берилбейт жана соттук тартипте даттанылышы мүмкүн.

6.2 Жергиликтүү жамаатын мүчөлөру расасына, этностук тиешелүүлүгүнө, динге болгон мамилесине карабастан, төмөндөгүлөргө милдеттүү;

-  Кыргыз Республикасынын Конституциясын, мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларын, ошондой эле Уставды бекем сактоого;

-  жергиликтүү жамааттын башка мүчөлөрүнүн укуктарын жана эркиндиктерин урматтоого;

-  жынысы расасы, тили, майыптылуугу, этноско таандыктыгы, туткан дини, курагы, саясий же башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле жагдайлары боюнча адамдарды басмырлоого жол бербөөгө;

-  этностук мамиледеги көйгөйлөргө өтүп кетүү ыктымалы бар социалдык жана башка мүнөздөгү конфликтерди алдын алуу боюнча укук коргоо органдарына жана жергиликтүү бийликке көмөк көрсөтүүгө;

-  этностук жамааттардын маданиятынын өзгөчөлүктөрүнө толеранттуу болууга;

-  жаратылыш айлана-чөйргө, өсүмдуктөргө жана жаныбарларга аяр мамиле жасоого;

-  муниципалдык менчикке аяр мамиле жасоого;

-  калктуу конуштун ичинде санитардык жоболорду сактоого жана таштандыларды атайын көрсөтүлгөн жерлерге чыгарууга          ( таштанды ящиктерге);

-  калктуу кошунтардагы жалпы колдонуудагы жерлерде жүргөндө тазалыкты сактоого;

Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекстин 489-беренесине ылайык турмуш тирикчиликтин таштандыларын жана башка буюм заттарды атайын белгиленбеген жерлерге таштоо, күйгүзүү- сегиз саатка коомдук иштерге тартуу менен эсептешүү көрсөткүчүнүн бир өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. Ошондой эле өндүрүштүк таштандыларды жана башка уюм заттарды белгиленбеген жерлерге таштоо күйгүзүү- кызмат адамдарына сегиз саатка коомдук иштерге тартуу менен эсептешүү көрсөткүчүнүн элүүдөн жүз өлчөмүнө чейин админстрациялык айып салууга алып келет.

 

-  мал жайууда малды Кыргыз Республикасынын ”Жайыттар жөнүндө мыйзамына ылайык жайытка чыгарууга, же атайын мал жайытга ылайык жерлерге же өзүнүн жер үлүштөрүнө жайууга;

-  менчигиндеги малдын же канаттуулардын айдоолорду майкандатпоого, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн талаадагы жыйналган тушумун керектөөдөн чыгартпоого же жок кылбоого, бак-дарактарга зыян келтирбөөгө;

Эскертүү: Эгерде мал же канаттуулар тарабынан бул көрсөтүлгөн аракеттер жасалып, башкаларга анча чоң эмес өлчөмдө же олуттуу зыян келтирилсе, малдын же канттуунун менчик ээси Кыргыз Республикасынын Админстрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекстин 185-беренесинин 1,2 бөлүктөрүнө ылайык администрациялык жоопкерчиликке тартылып, эсептешүү көрөсөткүчүнүн он бештен кыркка чейин өлчөмүндө администрациялык айып салынууга алып келет. Ошону менен бирге,, зыян тарткан жаран келтирилген зыяндын ордун Кыргыз Республикасынын жарандык кодексинин талабына ылайык сот аркылуу доо тартибинде өндүрүп алууга укуктуу.

 

-  Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 50- беренесинин талабына ылайык, жер участогунун менчик ээси:

а) жерди максаттуу багытына жана аны берүү шарттарына ылайык пайдаланууну камсыз кылууга;

 

б) курчап турган жаратылыш чөйрөсүн коргоо боюнча талаптарды сактоого;

 

в) чектеш жер участокторунун менчик ээлеринин жана пайдалануучулардын жана башка адамдардын укуктарын бузбоого;

 

г) жер участогунда курулуш иштерин жүргүзүүдө колдонулуп жүргөн архитектуралык пландаштыруу, курулуш, экологиялык, санитардык-гигиеналык жана башка атайын талаптарды ( ченемдерди, эрежелерди, нормативдерди) сактоого милдеттүү. болгондуктан, ортодо болгон арыктарга коп жылдык бак-дарактарды өстүрбөөгө, курулуш жүргүзүүдө кызыл линияларга чыкпоого, курулуш эрежелерин сактоого;

 

 - эл ынтымагын ушак, жалган-жалаа, башка адамдардын атынан арыз, даттанууларды жазууга, куруу жамаатын сөздөрдү таркатбаганга;

 

 - айылдык дүкөнчүлөр тарабынан алкоголдук ичимдиктерди тиешелүү жайларда гана сатуу жана кечки саат 20-00 чейин сатпаганга.

 

 Эскертүү: Кыргыз Республикасынын “Этил спиртине жана алкоголдук продукцияны жана өндүрүү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө” Мыйзамынын 13-беренесине алкоголдук продукцияны, ичимдиктерди төмөнкүдөй жагдайларда сатууга жол берилбейт;

 

 - балдар билим берүү уюмдарында жана аларга жакын аймактарда, ошондой эле тикеден-тике медициналык мекемелердин аймактарында;

 

 - шаардык жана шаардын жанындагы каттамдагы коомдук транспорттун бардык түрлөрүндө ( жалпы колдонуудагы транспортто);

 

 - маданий уюмдарда ( аларда жайгашкан уюмдарды же коомдук тамактануу жайларын, анын ичинде юридикалык жак болуп түзүлбөгөнүн кошпогондо) дене тарбиялык-ден соолукту чындоочу жана спорттук жайларда;

 

 -18 жашка чыга элек адамдарга;

 

 - Ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык коштоочу документтерсиз жана маркировкасыз же болбосо жасалма акциздик марка менен;

 

 - массалык иш-чаралар өтүүчү жерлерде, аскердик бөлүмдөрдүн аймагында, аскердик соода, обьекттердин кошпогондо, автомашиналарда, бул продукцияны сатуу үчүн ылайыкташтырылбаган башка жерлерде.

 

 - той-тамаша жана шаан-шөкөт, айрыкча “Ыр кесе улак чабуу” маарекелерин өткөрүүдө, маркумду акыркы сапарга узатууда, коомдук тартипти сактоо максатында, укук коргоо кызматкерлерине кагаз түрүндө алдын ала үч күн мурун билдирүү жасоого;

 - жылдын 21-мартына чейин менчигиндеги короо-жайлардагы жана жер үлүшүндөгү арыктарды чабууга жана тазалоого, көчөлөрдө жалпы тазалык ишембиликтерди өткөрүп, ага активдүү катышууга, жашаган көчөсүн ар дайым тазалыкты сактоого;

 

 - жакындан үйлөнүп жаткан айыл жаштары, Кыргыз Республикасынын үй-бүлө кодексинин 11-беренесинин негизинде, айыл өкмөттөн же тиешелүү мамлекеттик органдан мамлекеттик каттоодон өтүп никелешүү күбөлүгүн алууга жана никеге турууда Кыргыз Республикасынын үй-бүлө кодексинин 14-беренесинде көрсөтүлөн он сегиз жаш деп белгиленген нике курагын сактоого;

 

Эскертүү: Кыргыз Республикасынын үй-бүлө кодексинин 14-беренесинин 2-пунктуна ылайык жүйөлүү себептер болгондо никеге турууну калаган адамдардын жашаган жери боюнча жергиликүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу-тескөөчү органдары адамдардын өтүнүчү боюнча балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрдүн комиссиялык корутундусунун негизинде эркектер жана аялдар учун нике курагын бир жылдан ашырбастан төмөндөтүүугө укуктуу.

 

 -айылда өткөрүлүп жаткан жыйындарга чогулуштарга, коомдук угууларга жана курултайларга ар бир кожолуктун бир мүчөсүнүн катышуусу;

 

 - сугат сууну колдонууда Кыргыз Республикасынын “сууну пайдалануучулардын бирикмелери ( ассоциялары) жана сууну пайдалануучулардын бирликтери жөнүндө” мыйзамдын талаптарын сактоо менен кошуна айылга суугат сууну тоспоого жана буруп албоого;

 

 - айылдык аймактагы ар бир ата-эне (мыйзамдуу өкүл) мектеп курагындагы балдарды жана өспүрүмдөрдү окуу процесс учурунда мечитке барууга жана даватка чыгууга тыюу салууга, саат 22.00 кийин себепсиз, чоңдордун коштоосуз көчөгө чыгарбоого жана Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” мыйзамдын 27 беренесинин талабына ылайык, төмөнкүлөргө милдеттүү:

 

а) баланын ар намысын ызаттоого, эмгекти сүйүүгө, мээримдүүлүк жана боорукердик сезимдерин ойготууга, үй-бүлөгө, жашы боюнча улууларга, мамлекеттик жана эне тилге, элдик үрп- адаттарга, салттарга ызаттоо менен мамиле жасоого тарбиялоого;

 

б) элдин улуттук, тарыхый, маданий балуулуктарын урматтоого, тарыхый-маданий мурастарга жана айлана чөйрөгө аяр мамиле жасоого, Ата-мекенди тарбиялоого;

 

в) жалпы билим берүү, уюму менен үзгүлтүксүз кызматташууну ( ата-энелер чогулуштарына катышуу) мугалимдердин баланы окутуу жана тарбиялоо боюнча педогогдордун сунуштамаларын аткаруу) колдоого;

 

г) ата-энелер ( мыйзамдуу өкүлдөр) билим берүү уюмунун аймагынан сырткары, окуудан тышкары убакта болгон балдардын саламаттыгы жана өмүрү үчүн толук жоопкерчилик тартышат.

 

 Эскертүү:: Ата-энелер (мыйзамдуу өкүлдөр баланын жалпы негизги билим алышы боюнча милдеттерин аткарбагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекстин 65-беренесине ылайык ата-эненин же бул милдеттер тагылган башка адамдын ошого тете педагог же билим берүү тарбиялоо, дарылоо же болбосо башка мекеме менен кызматкерлеринин жашы жете электи ( өспүрүмдү) тарбиялоо жана окутуу боюнча милдеттерди аткарбашы же талаптагыдай аткарбашы-үчтөн бешке чейин эсептик көрсөткүчтөр өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

 

 Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн адамдардын жашы жет электи (өспүрүмдү) тарбиялоо жана окутуу боюнча милдеттерди кыянаттык менен аткарбашы сегиз саатка коомдук иштерге тартуу менен бештен онго чейин эсептик көрсөткүчтөр өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

 

 Ушул берененин биринчи жана экинчи бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн жашы жете электерди алкоголдук ичимдиктерди ичүүгө, баңги каражаттарын жана психотроптук заттарды такай пайдаланууга же болбосо селсаяктык же кайырчылык кылууга түрткөн иш-аракеттер, ошого тете алар тарабынан жасалган кылмыш же атайылап администрациялык айып салууга алып келет.

 

 6.3 Жергиликтүү жамаатын мүчөлөрү расасына этностук тиешелүүлүгүнө , динге болгон мамилесине карабастан, төмөнкүлөр сунушталсын;

 

 - маркумду акыркы сапарга узатууда жана жылдыгын өткөрүүдө чыгымдарды, ысырапкерчиликти азайтууга, б.а кийиттерди, себеттерди, баштыктарды, доора акысын, сарпайларды, жолук кийгизүүлөрдү, алтын буюмдарды берүүнү токтотуу;

 

 - маркумду акыркы сапарга узатууда өткөрүлө турган маарекелерин азайтууга, т.а-үчүнчү айттыгын өткөрбөөгө;

 

 - жергиликтүү жаштар маркумдун жаназасына барганда тамак-астына кирбөөгө;

 

 - үйлөнүү үлпөт тойлорго чыгуучу транспорт каражаттарын санын 5 тең ашырбоого жана чыккан катышуучулардын санын 20 адамдан ашырбоого;

 

 - ар түрдүү маарекелерге барганда дасторкон себет алып барбай, анын ордуна шартына жараша 100-200 сом алып барууга;

 

 - айыл аймагындагы коомдук жумуштарга автивдүү катышуу;

 

 - борбордук көчөлөрдөгү турак-жайлардын ээлерине турак-жайларына сырткы көрүнүшүн иретке келтирүүгө;

 

 - кыз берүүдө келин алууда калын алуу жана калын берүүдө 70000 ( жетимин мин ) сомдон ашырбоого;

 

 - жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн ортосунда чыккан талаш-тартыштарды, Кыргыз-Республикасынын “Аксакалдар соттору жөнүндө” мыйзамынын талабына ылайык, аксакалдар соту менен биргеликте чечүүгө;

 

 

 Эскертүү: Аталган мыйзамдын 15-беренесинин талабына ылайык, аксакалдар соттору төмөнкүдөй иштерди ( материалдарды) кароого укуктуу

 

 а) жарандардын мүлктүк жана үй-бүлөлүк талаш-тартыштары жөнүндө;

 

 - мүлктүк карыздарды төлөтүп алуу боюнча;

 

 - мүлктү бөлөк бирөөнүн мыйзамсыз ээлөөсүнөн кайра суратып алуу боюнча;

 

 - мүлктү бөлөк бирөөнүн мыйзамсыз ээлөөсүнөн кайтарып алуу боюнча;

 

 - сактоого коюлган мүлктү кайтарып алуу боюнча;

 

 - ижаралык төлөөнү өндүрүп алуу боюнча

 

 - зыян келтирген мүлктүн ордун толтуруу боюнча;

 

 - жубайлардын жалпы орток мүлкүн бөлүштүрүү боюнча;

 

 - улуттук нике мамилелери жана нике үй-бүлө мамилелери менен байланышкан каада-салттар боюнча;

 

б) ата-энелердин үй-бүлөнүн башка мүчөлөрүнүн балдарды багуу жана тарбиялоо боюнча милдеттерин аткарбаганы жөнүндө;

 

в) бойго жеткен балдардын эмгекке жарамсыз ата-энелерин же алардын белгиленген тартипте тарбиялаган жана баккан адамдарды багуу боюнча милдеттерин аткарбагандыгы жөнүндө;

 

г) эмгек келишим боюнча аткарылган иш үчүн акы төлөө жөнүндө;

 

д) жер участокторун пайдалануучулардын ортосундагы сугат боюнча талаштар;

 

е) коомдон обочолонтуу менен байланышпаган жазага каралган анчейин оор эмес кылмыштар боюнча (18.07.2014-ж редакциясы)

 

 6.4 Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү расасына, этностук тиешелүүлүгүнө, динге болгон мамилесине карабастан, төмөнкү чектөө киргизилсин:

 

 - мажбурлап кыз ала качууга жол берилбесин;

 

 Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Кылмыш жаза кодексинин 155- беренесине ылайык аялды никеге турууга же никелешип чогу жашоону улантууга мажбурлаганда, ошого тете аялдын никеге турушуна тоскоолдук кылганда – жүздөн эки жүз чейинки эсептик көрсөткүчтөрдүн өлчөмүндөгү айыпка же болбосо уч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигин чектөөгө жазаланат. Анын эркине каршы никеге туруу үчүн аялды ала качканда – беш жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

 

7.  жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана аны ишке ашыруунун формалары.

 

 7.1 Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жергиликтүү жамааттардын жергиликтүү маанидеги маселелерди өз кызыкчылыктарында жана өз жоопкерчилиги менен өз алдынча чечүүсүнүн Конституция менен кепилденген укукгуу жана чыныгы мүмкүнчүлүгү.

 

 7.2 Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жергиликтүү жамааттардын жергиликтүү өз алдынча башкарууга өкүлчүлүктүү жана туз катышуусу менен ишке ашырылат.

 

 7.3 Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жергиликтүү жамааттардын жергиликтүү өз алдынча башкарууга өкүлчүлүктү катышуусу айылдык кенеш аркылуу жүзөгө ашырылат.

 

 7.4 Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жергиликтүү жамааттардын жергиликтүү өз алдынча башкарууга туз катышуусу төмөнкүдөй формада жүзөгө ашырылат.

 

 - коомдук жана мамлекеттик турмуштун бардык маанилүү маселелерин жана жергиликтүү маанидеги маселелерди жергиликтүү жамаатын мүчөлөрүнүн чогулуштарында, курултайларында, ошондой эле коомдук угууларда талкуулоо;

 

 - жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоолор;

 

 - ченем чыгаруу демилгелерин которуу жана же жергиликтүү маанидеги өзгөчө маанилүү маселелер боюнча түз добуш берүүгө катышуу.

 

II Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана

жергиликтүү маселелер.

 

 8.1 Көк-Таш айылдык аймактын ( айыл өкмөтүнүн, айылдык кенештин) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өз ишин Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, мыйзамдарынын, башка ченемдик укуктук актыларынын, ушул Уставдын негизинде жалпы калктын атынан жүзөгө ашырат.

 

 8.2 Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы мыйзамдардын аткарылышы боюнча мамлекеттин жана анын органдарынын алдында , өз иштеринин натыйжалары боюнча-жергиликтүү жамааттын алдында жоопкерчилик алып барат.

 

 8.3 жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Кыргыз Республикасынын Конститутциясына, мыйзамдарына, башка ченемдик укуктук актыларына, ушул Уставга ылайык келбеген актыларды чыгарууга, ошондой эле конститутциялык түзүлүшкө жана улуттук коопсуздукка түздөн-түз коркунуч келтирилген аракеттерди жасоого, ошондой эле мамлекеттин аймактык бүтүндүгүн бузууга, улуттар аралык жана диний каршылашууну пропагандалоого жана тутандурууга укугу жок.

 

 

9.Айылдык кенеш.

 

 9.1 Көк-Таш айылдык кенеши мыйзамда белгиленген тартипте 4 жылдык мөөнөткө түзүлүүчү, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктү органы.

 

 9.2 Айылдык кенеш юридикалык жак болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен анын компентенциясына киргизилген бардык маселелерди өз алдынча чечүүгө укуктуу.

 

 9.3 Айылдык кенештин ишинин уюштуруучулук укуктук формасы негизи болуп анын сессиялары жана туруктуу ( убактылуу) комиссияларынын жыйындары саналат. Сессияларды жана жыйындарды өткөрүүнүн тартиби жана алардын мезгилдүүлүгү айылдык кенештин регламентинде белгиленет.

 

 9.4 Айылдык кенештин сессиялары жана туруктуу ( убактылуу) комиссияларынын жыйындары коомчулук үчүн ачык. Ар бир жаран айылдык кенештин регламентинде ылайык сессияларга, жыйындарга катышууга укугу бар. Эгерде каралып жатакана маселе мыйзамдарга ылайык мамлекеттик сырга тийиштүү болсо, айылдык кенештин сессиясы жабык өтөт.

 

 9.5 Айылдык кенеш сессиясына : жыйындын датасы жана күн тартиби жөнүндө алдын ала жарандарга маалымдоого , алардын сессияга, жыйындарга киришине шарт түзүүгө, ошондой эле кабыл алынган чечимдер боюнча жергиликтүү жамааты маалымдоого милдеттүү.

 

 9.6 Айылдык кенештин депутаты өзүнүн шайлоочулары менен туруктуу байланыш түзүүгө, аларды айылдык кенештин иши жана шайлоочулардын суроо-талаптарынын аткарылышы тууралуу байма-бай маалымдап турууга милдеттүү. Депутат өзүнө келип түшкөн сунуштарды, арыздарды жана даттанууларды кароого, айылдык кенештин депутатынын ыйгарым укуктарын аткарууга багытталган башка иштерди жүзөгө ашырууга милдеттүү.

 

 9.7 Жергиликтүү кенештин депутаты мезгил- мезгил менен бирок жылына бир жолудан кем эмес өзүнүн ишин жана айылдык кенештин иштери тууралуу шайлоочулардын алдында отчёт берүүгө милдеттүү.

 

 9.8 Депутаттын отчёту шайлоочулардын талабы боюнча кайсы учурда болбосун өткөрүлүүгө тийиш.

 

 9.9 Депутаттын отчёт тийиштүү шайлоо округунун шайлоочуларынын жыйналыштарында же жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн башка жыйындарында (чогулуштарында) өткөрүлөт. Депутат өз отчётун өткөрүүнүн убактысын жана ордун жергиликтүү кенешке жана жергиликтүү жамаатка маалымдайт .

 

 9.10 Жергиликтүү кенеш жергиликтүү жамаатын алдында депутаттардын отчётторун өткөрүүнүн болжолдуу мөөнөтүн аныктайт жана аларды отчёт үчүн керектүү

 

 болгон маалымат беруучу материалдар менен өз учурунда камсыз кылыт.

 

 9.11 Шойлоочулардын алдында депутаттардын отчётторун өткөрүү менен байланышкан чыгымдар жергиликтүү бюджеттин эсебинен жүзөгө ашырылат.

 

 9.12 Айыл өкмөтү айылдык кенештин депутаттарына өздөрүнүн ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууга, шайлоочулардын алдында отчётторун даярдоого жана өткөрүүгө көмөк көрсөтөт.

 

 9.13 Айылдык кенештин депутаттарын шайлоону өткөрүү тартиби, айылдык кенештин, анын туруктуу ( убактылуу) комиссияларынын ишин уюштуруунун тартиби, депутаттын ыйгарым укуктары жана статусу, депутаттын шайлоочулар менен иштөө тартиби “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” “жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” “жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленет.

 

 10. Айыл өкмөтү

 

 10.1.Айылдык аймакта аткаруу бийлигин жүзөгө ашыруу үчүн айыл өкмөтү иштейт.

 

 10.2. Көк-Таш айыл өкмөтү юридикалык жак болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен анын компетенциясына киргизилген бардык маселелерди өз алдынча чечүүгө укуктуу. Айыл өкмөтүнүн ишин уюштуруунун тартиби, айыл өкмөтүнүн компетенциясы, айыл өкмөтүнүн башчысынын ыйгарым укуктары “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана ушул Устав менен белгиленет.

 

 10.3. Өз иши боюнча айыл өкмөтү айылдык кеңешке, ал эми өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктар боюнча тийиштүү мамлекеттик органдарга отчёт берет.

 

 10.4. Айыл өкмөтү айылдык кенештин депутаттарына өздөрүнүн ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууга, айылдык кенештин сессияларын туруктуу, (убактылуу) комиссиялардын жыйналыштарын өткөрүүгө, ошондой эле шайлоочулардын алдында отчётторун берүүдө көмөк көрсөтөт.

 

 10.5. Айыл өкмөтүнүн кызмат адамдары жана аппараттарынын кызматкерлери өзүнүн иштерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырышат, муниципалдык кызматчылар болуп саналышат жана окутуучулук, илимий жана башка чыгармачылык иштерден тышкары, акы төлөнүүчү иш менен алектенүүгө тийиш эмес. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында партиялык уюмдарды, бирикмелерди жана кыймылдарды түзүүгө жол берилбейт.

 

 11. Жергиликтүү маанидеги маселелер.

 

 Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аймактын жашоо тиричилигин камсыз кылуу системасын иштешин уюштуруу жана өнүктүрүү, социалдык-экономикалык пландаштыруу жана калкка социалдык жана маданий кызмат көрсөтүү үчүн “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 18- беренесинде белгиленген жергиликтүү маанидеги маселелерди чечет.

 

III Жергиликтүү жамааттын жергиликтүү өз алдын башкарууга жүзөгө ашырууга түз катышуу формалары.

 

 12. Жергиликтүү жамааттын курултайы

 

 12.1 Жарандардын жыйындарында ( чогулуштарында) жергиликтүү жамааттын өкүлдөрүнүн ичинен шайланган курултайдын делегаттары жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү менен талкуулоону талап кылган. Жергиликтүү маанидеги маанилүү маселелер боюнча коллективдүү чечим кабыл алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын экинчи майындагы № 152 Жарлыгы менен бекитилген “ Жергиликтүү жамааттын өкүлдөрүнүн элдик курултайы жөнүндө жободо” белгиленген тартипте айыл аймагында жергиликтүү жамааттын курултайы (мындан ары –курултай) чакырылат.

 

 12.2. Курултай төмөнкүлөрдү камтуу менен жергиликтүү жамааттардын турмуштук мааниге ээ болгон бардык маселелерин кароого укуктуу;

 

 - жергиликтүү жамааттын Уставын кабыл алуу, ага өзгөртүү жана толуктоо киргизүү;

 

 - аймактын социалдык экономикалык жактан өнүктүрүү жана жергиликтүү калкты социалдык жактан кароо программаларынын долбоорлору ;

 

 - жергиликтүү жамааттардын аймагында өзүн-өзү каржылоону, өзүн-өзү камсыз кылууну, өзүн-өзү жөнгө салууну уюштуруунун негизги принциптерин жана эрежелерин бекитүү;

 

 - жергиликтүү жамааттардын жергиликтүү бюджеттин, ошондой эле бюджеттен тышкары каражаттарын түзүү , аткаруу жана пайдалануу;

 

 - коомдук тартипти коргоо боюнча негизги эрежелерди жана иш-чараларды белгилөө, майрамдарды, жүрүштөрдү жана диний ырым-жырымдарды, турмуш тиричилигине таасир этиши мүмкүн болгон экологиялык жана санитардык талаптарды сактоо;

 

 - өзгөчө кырдаалдарда жана коомчулуктун таламында жергиликтүү жамааттардын күчүн жана каражатын моблизациялоону талап кылган башка шарттарда жергиликтүү жамааттардын мүчөлөрүнүн коомдук кызмат өтөшү боюнча маанилүү нормаларды белгилөө;

 

 - Кыргыз республикасынын мыйзамдарына жана жергиликтүү жамааттардын Уставына каршы келбеген, жергиликтүү жамааттардын турмуш тиричилигине тиешеси бар башка маанилүү маселелерди кароо;

 

 12.3. Курултайдын чечимдери сунуштама түрүндө болот жана айыл өкмөтүнүн башчысынын катышуусу менен айылдык кенеште милдеттүү түрдө каралат. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга карама каршы келбеген жергиликтүү жамааттын курултайынын чечимдери айылдык кенеш жактырылгандан кийин айыл аймагынын бардык жеринде аткаруу үчүн милдеттүү болуп саналат. Курултайды чакыруу, анын күн тартиби жана өткөрүү датасы айылдык кенеш тарабынан кабыл алынат. Жергиликтүү жамааттын курултайын даярдоо жана өткөрүү айыл өкмөтүнө жүктөлөт.

 

 12.4. Курултайдын делегаттары жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн санына жана айыл аймагынын өзгөчөлүктөрүнө жараша айылдык кенеш тарабынан белгиленген өкүлчүлүктүн нормаларына ылайык, жергиликтүү жамаатын мүчөлөрү жашаган жери боюнча айылдык жыйналыштарда ( чогулуштарда) шайланат.

 

 - Эгерде айыл аймагы бирден ашык калктуу пункттан турса, анда өкүлчүлүктүн нормасы ар бир айылдын калкынын пропорционалдык санынын өкүлчүлүгүн эске алууга зарыл.

 

 12.5. Күн тартибин көрсөтүү менен курултайды чакыруу демилгеси айылдык кенешке, айыл өкмөтүнүн башчысына жергиликтүү жамааттын демилгечи тобуна тийиштүү болот.

 

 12.6. Жергиликтүү жамааттын демилгечи тобунун демилгесинин негизинде курултайды чакыруудан баш тартуу сотко даттанылышы мүмкүн.

 

 12.7. Курултайды чакырууну уюштуруунун, курултайга делегаттарды шайлоонун тартиби, ошондой эле жергиликтүү жамааттын курултайынын ишин уюштуруунун тартиби Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 2-майындагы № 152 жарлыгы менен бекитилген “Жергиликтүү жамааттын өкүлдөрүнүн элдик курултайы жөнүндө” Жободо белгиленет.

 

13. жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн ченем чыгаруу (элдик)

      демилгеси

 

 13.1. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча ченем чыгаруу (элдик) демилге укугуна ээ. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү тарабынан ченем чыгаруу демилгеси тартибинде иштелип чыккан жана айылдык кенешке киргизилген токтомдун долбоору милдеттүү түрдө демилгечилердин жана башка кызыктар тараптардын өкүлдөрүнүн катышуусунда каралууга жатат

 

 13.2. Айыл аймагында жашашкан жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн үчтөн биринен аз эмеси жергиликтүү ченем чыгаруу демилге укугуна ээ.

 

 13.3. Ченем чыгаруу демилгесин ишке ашырууга чет элдик жарандар, мыйзам тартибинде аракетке жөндөмсүз деп таанылган, ошондой эле соттун өкүмү боюнча эркиндигинен ажыратылган жерде кармалган жарандар катышы албайт.

 

 13.4. Элдик ченем чыгаруу демилгени ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын бардык аймагында же айыл аймагында согуштук же өзгөчө кырдаалдар киргизилген шарттарда жол берилбейт.

 

 13.5. Ченем чыгаруу демилгеси иретинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама каршы келген айылдык кенештин токтомунун долбоорлору айылдык кенешке киргизилиши мүмкүн эмес.

 

 14. Айылдык кенештин ченемдик укуктук актыларынын

   (токтомдордун) долбоорлорун демилгелөө тартиби.

 

 14.1. айылдык кенештин токтомунун долбоорун демилгелөө жана киргизүү тууралуу сунуш менен чыккан жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү элдик демилгени ишке ашыруу үчүн курамы 11 адамдан кем эмес демилгелүү топту түзүшөт. Айыл аймагында жашап турган жана 18 жашка чыккан жергиликтүү жамааттын мүчөсү демилгелүү топтун мүчөсү боло алат

 

 14.2. Демилгелүү топ айылдык кенештин токтомунун долбоорун иштеп чыгуу жана аны айылдык кенешке киргизгени үчүн кол топтоо аны айылдык кенеш караган учурда жергиликтүү жамааттын кызыкчылыгын коргоо үчүн түзүлөт.

 

 14.3. Демилгелүү топтун мүчөлөрү төмөнкүдөй укуктарга ээ.

 

 - айылдык кенештин токтомунун долбоорун иштеп чыгуу;

 

 - токтомдун долбоорун айылдык кенешке киргизүү демилгеси колдоого кол топтоо;

 

 - элдик демилгени ишке ашыруу боюнча мыйзамдуу жолдор жана каражаттар аркылуу маалыматтарда жыйылтуу;

 

 - жыйналыштарда ( чогулуштарда), курултайларда, коомдук угууларда жалпыга маалымдоо каражаттарында, ошондой эле жарандардан кол топтоо учурунда айылдык кенешке токтомдун долбоорун киргизүү тууралуу сунуш үчүн угут иштерин жүргүзүү;

 

 - мыйзамдарда тыюу салынбаган жана жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча ченем чыгаруу ( элдик) демилге укугун ишке ашырууга багытталган башка аракеттерди аткаруу;

 

 14.4. Демилгелүү топ өзүнүн ичинен ачык добуш берүү менен мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүк добушу менен демилгелүү топтун координаторун шайлоого укуктуу. Коортинаторду шайлоо тууралуу демилгелүү топтун чечими протокол менен жол жоболоштурулат, ага демилгелүү топтун мүчөлөрү кол коёт.

 

 14.5. Демилгелүү топтун координатору төмөнкүдөй укуктарга ээ.

 

 - демилгелүү топтун кызыкчылыгын мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында коргоп чыгууга;

 

 - демилгелүү топтун ишин координациялоого;

 

 - токтомдун долбоорун иштеп чыгууга катышууга, кол топтоого жана токтомдун долбоорун киргизүүнү колдоо боюнча угут иштерин жүргүзүүгө, мыйзамдарда тыюу салынбаган жана жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча ченем чыгаруу ( элдик) демилге укугун ишке ашырууга багытталган башка аракеттерди жасоого;

 

 14.6. Демилгелүү топтун чечими анын катышуучуларынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат

 

 14.7. Кол топтоо демилгелүү топ түзүлгөндөн кийин жана ченемдик укуктук актынын долбоору негиздемеси менен даярдалгандан кийин башталат.

 

 14.8. Ченемдик укуктук актынын долбоору демилгелүү топ тарабынан айылдык жыйналыштарда ( чогулуштарда, курултайларда) дайындуу коомдук жерлердеги же жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарындагы жарнактарда жалпыга маалымдалышы мүмкүн.

 

 14.9. Кол топтоо укугу демилгелүү топтун мүчөлөрүнө тандык болот. Жарандардын колун топтоого багытталган иш-чараларын даярдоого жана өткөрүүгө багытталган чыгымдар жергиликтүү жамааттын каражаттарынын эсебинен ишке ашырылат. Кол топтоону жүргүзгөн демилгелүү топтун мүчөсү айылдык кенештин кароосуна сунуш кылынган токтомдун долбоорунун текстин тааныштыруу үчүн жарандарга берүүгө милдеттүү

 

 14.10. Жарандардын колун топтоо жашаган, иштеген, кызмат өтөгөн, окуган жерлери боюнча, ошондой эле башка жерде да жүргүзүлүшү мүмкүн.

 

 14.11. Жергиликтүү жамааттын мүчөсү токтомдун долбоорун колдоо иретинде бир гана жолу кол коюуга, ошондой эле демилгечи тобуна арызын берүү аркылуу айылдык кенешке кол коюу барагын өткөргөнгө чейин өзүнүн колун чакыртып алууга укуктуу.

 

 14.12. Демилгелүү топ жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн үчтөн бирини бар экендигин тастыктаган кол топтоо бүткөндөн кийин токтомдун долбоорун айылдык кенешке киргизет.

 

 14.13. Токтомдун долбоорун киргизүү үчүн демилгелүү топ токтомдун долбоорун демилгелүү топтун өкүлдөрүнүн катышуусу менен айылдык кенештин кезектеги ( кезексиз) сессиясында кароо жөнүндө арыз менен айылдык кенештин төрагасына кайрылат.

 

 14.14. Токтомдун долбоорун кароо тууралуу арызга төмөнкүлөр кошо тиркелет.

 

 - токтомдун долбоорун айылдык кенештин кароосуна киргизүү тууралуу чечим кабыл алынган демилгелүү топтун жыйналышынын протоколу.;

 

 - токтомдун долбоорунун тексти ошондой эле анын электрондук версиясы;

 

 - маалым кат негиздеми;

 

 - айылдык кенештин мурда кабыл алынган токтомуна өзгөртүүлөр жана же толуктоолор киргизилген учурда салыштырма таблица;

 

 - төмөндөгү маалыматтар камтылган кол коюу барагы жергиликтүү жамааттын мүчөсүнүн фамилиясы аты, атасынын аты, туулган датасы, жашаган ( туруктуу) жери, паспортунун сериясы жана номери, айылдык кенешке демилгелүү топ даярдаган токтомдун долбоорун киргизүү үчүн коюлган колу.

 

 14.15. Элдик демилге иретинде жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү тарабынан киргизилген айылдык кенештин токтомунун долбоору айылдык кенеш тарабынан милдеттүү түрдө эн жакынкы ото турган кезектүү ( кезексиз) туруктуу комиссиянын жыйынында жана айылдык кенештин сессиясында каралууга жатат. Аталган долбоорду айылдык кенештин туруктуу комиссиясынын жыйынында жана сессиясында кароо демилгелүү топтун мүчөлөрүнүн милдеттүү түрдө катышуусу менен жүргүзүлөт.

 

 14.16. Айылдык кенеш мөөнөтүнөн мурда ишин токтоткон учурда жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү тарабынан киргизилген токтомдун долбоору өз күчүн сактап калат жана жаны чакырылыштагы айылдык кенеш тарабынан каралууга жатат.

 

 14.17. Жергиликтүү жамааттын элдик демилге укугун эркин ишке ашырууга күч колдонуу, көрктүү , алдоо, сатып алуу, же башка жолдор менен тоскоолдук кылган, айылдык кенешке токтомдун долбоорун киргизүү жөнүндө үгүттөө жүргүзүүгө бөгөт болгон адамдар, ошондой эле документтерди, кол коюу барагындагы жарандардын колдорунун аныкталган бурмаланган мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчиликке тартылышат.

 

 15. Айылдык чогулуштар.

 

 15.1 Жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн пикирлерин эске алуу, айылдык кенештин депутаттарынын жана айыл өкмөтүнүн башчысынын маалыматтарын угуу жана талкуулоо максатында бир көчөсүн, бир кварталдын, кичи райондун же айылдын аймагында жашашкан жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн катышуусу менен айылдык чогулуш өткөрүлөт, ал боюнча сунуштар кабыл алынат.

 

 15.2. Чогулуштарды даярдоо өткөрүү жана натыйжаларын аныктоо ачык айкын ушул Уставда белгиленген тартипте ишке ашырылат.

 

 15.3. Айылдык чогулушта талкууланып жаткан маселелер боюнча жергиликтүү жамааттардан түшкөн суроолорго, сунуштарга, сын-пикирлерге жооптор мүмкүнчүлүккө жараша ошол жерде берилет, ошол жерде жооп берүүгө мүмкүн болбой калган учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан 3 күндүн ичинде каралат, алардын жыйынтыктары суроолорду, сунуштарды, сын-пикирлерди берген айылдык чогулуштун катышуучуларына жазуу жүзүндө маалымдалат.

 

 15.4. Айылдык чогулуштарды өткөрүү менен байланышкан чыгымдар жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен жабылат.

 

 16. Айылдык чогулуштарда каралуучу маселелер.

 

 Айылдык чогулуштарда төмөндөгү маселелер каралат.

 

 -жергиликтүү жамааттын уставына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө ченемдик укуктук актынын долбоору;

 

 - айыл аймагын өнүктүрүүнүн пландарынын жана программаларынын долбоорлору,

 

анын ичинде аларга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө долбоорлору;

 

 -айылдын кварталдын, көчөнүн белгилүү болгон өзгөчө көйгөйлөрүн чечүү боюнча биргелешкен аракеттердин планы;

 

 - айылдык аймакта этностор аралык мамилелери жакшыртуу, этностор аралык конфликттерди болтурбоо боюнча алдын алуу жумуштарын жүргүзүү;

 

 - жергиликтүү жамааттын муниципалдык менчигин пайдалануунун жана тескөөнүн тартибин белгилөө;

 

 - ичүүчү сууну, сугат сууну пайдалангандыгы ( эгер болсо канализация, жылуулук менен камсыз кылуу) ошондой эле тиричилик калдыктарын жана башкаларды жыйноо жана чыгаруу үчүн тарифтерди талкуулоо;

 

 - турак жай фондусун, турак жай-коммуналдык чарбаны өнүктүрүү жана көчөлөрдү, кварталдарды, айылдарды көрктөндүрүү;

 

 - аймакты куруунун башкы планы архитектура жана шаар куруунун нормаларын жана эрежелерин сактоо маселелери;

 

 - жергиликтүү жамааттар демилгелеген (элдик демилге ) ченемдик укуктук актылардын долбоорлору;

 

 - айыл башчысынын кызмат ордуна дайындоого макулдук берүү;

 

 - айылдык кеңештин депутаттарынын , айыл өкмөтүнүн башчысынын бир жылдагы ишинин жыйынтыгы жөнүндө маалыматтарын угуу

 

 - айыл аймагынын территорияларынын чектеринде айыл аймактарын калктуу конуштарын түзүү жана жоюу тууралуу маселелерди талкуулоо, алардын чек араларын белгилөө жана өзгөртүү, администрациялык борборду белгилөө жана которуу, калктуу конуштардын категорияларын аныктоо айыл аймагын айылдарды көчөлөрдү атоо жана кайра атоо, ошондой эле алардын аталыштарындагы транскрипцияларды өзгөртүү;

 

 -жергиликтүү жамааттын турмуш тиричилигин камсыз кылуу байланышкан башка маселелер;

 

 17. Айылдык чогулуштарды өткөрүүнүн мезгилдүүлүгү

 

 17.1. Айылдык чогулуштар айыл өкмөтүнүн башчысы айылдык кеңештин депутаттары тарабынан ошондой эле жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн ( демилгелүү топтун) сунуштары боюнча зарылчылыкка жараша пайда болгон маселелерге ылайык, бирок жылына эки жолудан аз эмес, ушул Уставда белгиленген мөөнөттө жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүн алдын ала кабарлоо аркылуу чакырылат.

 

 17.2. Кечиктирилгис маселелерди чечүү үчүн чогулуштар айыл өкмөтүнүн башчысы, айылдык кеңеш же анын төрагасы тарабынан белгиленген мөөнөттө жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнө жана кызыктар адамдарга шашылыш тартипте алдын ала кабарлоо менен чакырылышы мүмкүн.

 

 18. Айылдык чогулуштарды өткөрүү демилгеси.

 

 18.1. Айылдык чогулуштарды өткөрүүнүн демилгечилери катары жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү ( демилгелүү топтор) айылдык кеңештин депутаттары, айыл өкмөтүнүн башчысы, айылдык кеңеш боло алышат.

 

 18.2. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү айылдык чогулушту өткөрүү боюнча саны 11 адамдан кем эмес демилгелүү топту түзүүгө укуктуу.

 

 18.3. Эгерде демилгелүү топ, айылдык кеңештин депутаттары чогулушту өткөрүүнүн демилгечиси катары чыккан учурда андан жогоруда көрсөтүлгөн субъекттер айыл өкмөтүнүн башчысына айылдык кеңештин төрагасына өздөрүнүн кайрылуусунда белгиленген жергиликтүү маанидеги маселе ( маселелер) боюнча айылдык чогулуш өткөрүүнүн зарылдыгы жөнүндө кайрылуу жөнөтүшөт.

 

 18.4. Эгерде айыл өкмөтүнүн башчысы айылдык кеңеш же болбосо анын төрагасы айылдык чогулушту өткөрүү демилгесин көтөрсө айылдык чогулушту өткөрүү жөнүндө чечим тийиштүүлүгүнө жараша айыл өкмөтүнүн башчысы, айылдык кенеш же болбосо анын төрагасы тарабынан өз алдынча кабыл алынат.

 

 19. Айылдык чогулушту өткөрүү демилгеси менен кайрылуу.

 

 

19.1. Айылдык чогулушту өткөрүүнү демилгеленген кайрылуу өзүнүн төмөнкүлөрдү камтышы керек.

 

  - айылдык чогулушту өткөрүүнүн зарылдыгы жөнүндө негиздемени;

 

  - иш-чарага катышуучуларынын болжолдуу санын ( көчөлөрдүн, кварталдын, айылдын, айылдардын, айылдык аймактын)4

 

  - иш-чараны өткөрүү болжолдонгон орунду4

 

  - кароого киргизилип жаткан маселени ( маселелерди )

 

  - демилгелүү топтун мүчөлөрү жөнүндө маалыматтар, алардын фамилияларын, ысымдарын, атасынын аттарын, жашаган жерлери;

 

 19.2. Кайрылуу айыл өкмөтүнүн башчысы же айылдык кеңештин төрагасы тарабынан кайрылуу катталган күндөн тартып 14 күндүн ичинде каралат.

 

 19.3. Кайрылууну кароонун жыйынтыктары боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы айылдык чогулушту өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алат аларды өткөрүүнү уюштурат, же болбосо аларды өткөрүүдөн баш тартат.

 

  Кайрылууну кароонун жыйынтыктары боюнча айылдык кеңештин төрагасы кайрылуу менен макул болгон учурда айыл өкмөтүнүн башчысына айылдык чогулушту өткөрүүнү тапшырат же болбосо аларды өткөрүүдөн баш тартат.

 

 19.4. айыл өкмөтүнүн башчысы, айылдык кеңештин төрагасы төмөнкү учурларда айылдык чогулушту өткөрүүдөн баш тартууга укуктуу;

 

 -ушул Уставдын 19.1-пунктунда көрсөтүлгөн талаптар бузулганда;

 

 - аларды башка мыйзамдуу жолдор менен чечүүнүн мүмкүнчүлүгүнө байланыштуу, кайрылууда көрсөтүлгөн маселелерди чогулуштарда талкуулоо максатка ылайыксыз болгондо;

 

 - эгерде кайрылууда көрсөтүлгөн маселелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын нормаларына жана ушул Уставга карама-каршы келгенде.

 

 Айыл өкмөтүнүн башчысынын айылдык кеңештин төрагасынын айылдык чогулушту четке кагуу тууралуу чечимдери сот тартибинде даттанылышы мүмкүн.

 

 20. Айылдык чогулушту уюштуруунун тартиби.

 

 20. 1 айылдык чогулушту өткөрүү жөнүндө чечимде төмөнкүлөр каралат:

 

 - иш-чараны өткөрүүнүн орду, датасы жана мөөнөттөрү;

 

 - айылдык чогулушка киргизилип жаткан маселелердин аттары жана ( же) документтердин аталыштары ( айыл өкмөтүнүн чечими, айылдык кеңештин токтому) .

 

 20.2. Айылдык чогулушка жергиликтүү жамааттын ой пикирин эсепке алуу, угуу, талкуулоо жана жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча сунуштамаларды жыйноо үчүн күн тартибине бир эле убакта бир нече маселе киргизилиши мүмкүн

 

 20.3. Айыл өкмөтүнүн башчысы айылдык чогулушту өткөрүүгө карата даярдык коруунун жүрүшүндө.

 

 - чогулуш өткөргөнгө чейин 5 кун калганда кечиктирбестен, бул үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарын, почта кабарландырууларын, короолой ( битирлер боюнча) кыдырып чыгууну, кулактандырууларды жана башка мүмкүн болгон каражаттарды пайдалануу менен айылдык аймактын ( көчөлөрдүн, кварталдын, айылдын айылдарын) жашоочуларын демилгечи, чогулушка киргизилген маселе, иш-чараны өткөрүүнүн тартиби, орду датасы жана убактысы тууралуу кабарландырууну уюштурат;

 

 - айылдык аймактын ( көчөлөрдүн, кварталды, айылдын, айылдарын) жашоочуларына жана бардык кызыктар болгон мамлекеттик органдардын, катышуу ниетин билдиришкен жеке жана юридикалык жактардын эркин жетимдүүлүгүн камсыз кылат;

 

 - зарыл болгон учурда кызыктар болгон мамлекеттик органдардан, уюмдардан, мекемелердин жана ишканалардан жазуу жүзүндө чогулушка киргизилип жаткан маселе боюнча зарыл маалымат ( маалыматтар, материалдар жана документтер суроо-талап алынган күндөн 5 күндүк мөөнөттөн кечиктирилбестен, уюштуруучуга берилет) суратып алат;

 

 - зарыл болгон учурда консультациялык жана эксперттик жумуштарды аткарыш үчүн эксперттерди жана адистерди аткартат;

 

 - иш- чараны өткөргөнгө чейин 2 күн калганда кечиктирбестен катышуучулардын жана чыгып сүйлөөчүлөрдүн тизмесин түзөт ( иш-чарада чыгып сүйлөөчүлөрдүн тизмесине киргизилген адамдар бул тууралуу күн мурунтан кабарландырылат);

 

 - чогулуштун катышуучуларын жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн ( зарыл болгон учурда) чакырууну жана каттоону, протокол жүргүзүүнү жана жыйынтыктоочу документтерди жол-жоболоштурууну камсыз кылат;

 

 - чогулушта кароо үчүн сунушталган чечимдердин долбоорлорун даярдайт;

 

 - иш-чараны даярдоодо жана уюштурууда демилгечилер менен өз ара аракеттенишет;

 

 21. Айылдык чогулушту өткөрүүнүн тартиби.

 

 21.1 Чогулушту алып баруу үчүн төрагасы жана катчысы зарыл болгон учурда добуштарды саноо үчүн эсептөө комиссиясы шайланат. Күн тартиби катышып отургандардын санынын көпчүлүк добушу менен бекитилет.

 

 21.2. Төрагалык кылуучу иш-чараны алып барат жана жумуш процессинде күн тартибиндеги маселелерди талкуулоонун тартибин көзөмөлдөйт.

 

 21.3. Иш-чара төрагалык кылуучунун ( же алып баруучунун) кыскача сөзү менен башталат, ал өзүн жана катчыны тааныштырат, талкуулануучу маселени маңызы анын маанилүүлүгү жана иш-чараны алып баруунун татиби ( иш-чараны регламенти жөнүндө) кабарландырат.

 

 21.4. Кайрылуунун негизинде даярдалган чогулушта каралып жаткан маселелерди чечүү анын компетенциясына кирген баяндамачынын маалымат угулат.

 

 21.5. Чыгып сүйлөөлөр аяктагандан кийин, чогулушта белгиленген маселелерди чечүү компетенциясына кирген баяндамачыга, мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмчөлөрүнүн өкүлдөрүнө, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдарына жана башка кызматкерлерге иш-чаранын катышуучулары тарабынан оозеки да, жазуу жүзүндө дагы суроолор берилиши мүмкүн.

 

 21.6. чыгып сүйлөө үчүн сөз бардык каалаган катышуучуларга, суроолордун жазуу түрүндө түшкөн тартибине же болбосо кол көтөрүүсүнө ылайык берилет.

 

 21.7. иш-чаранын узактыгы талкууланып жаткан маселелердин мүнөзү менен аныкталат. Төрагалык кылуучу танапис жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу.

 

 21.8. Чогулуштун катчысы протокол жүргүзөт, анда иш-чаранын өткөн датасы жана убактысы, катышып жаткан жарандардын жалпы саны жана чакырылган адамдардын жалпы саны, күн тартиби, чыгып сүйлөгөндөрдүн мазмууну, чыгып сүйлөгөндөр жөнүндө маалыматтар, ошондой эле суроо бергендер жөнүндө маалыматтар кабыл алынган чечим жана катчысы кол койот. Чогулуштун, коомдук угуунун чечими жөнүндө сунуштамалары ачык добуш берүү менен катышып отургандардын санынын жөнөкөй көпчүлүгүнүн добушу менен кабыл алынат.

 

 21.9. Чогулуштун протоколунда милдеттүү тартипте, ар бир маселе боюнча иш-чаранын катышуучуларынын алар тарабынан талкуунун жүрүшүндө айтылган позициялары чагылдырылышы керек.

 

 21.10. Иш-чаранын протоколу, чогулушта кабыл алынган чечимдер жана сунуштамалар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүлүп берилет. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана кызмат адамдары бир айлык мөөнөттө калкка ( иш-чаранын катышуучуларына) жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу, же коомчулук үчүн жеткиликтүү жердерде маалыматтарды жайгаштыруу менен же көрүлгөн чаралар жөнүндө билдирүүгө милдеттүү,

 

 21.11. Эгерде ага тийиштүү аймактын ( көчөнүн, кварталдын, айылдын, айылдардын) чакырылгандардын 51 пайызы катышса, айылдык чогулуш укук ченемдүү болуп эсептелет.

 

 21.12. Тийиштүү аймактын ( көчөнүн, кварталдын, айылдын, айылдардын) жашоочуларынын, же айылдык чогулушту өткөрүү үчүн чакырылган катышуучулардын зарыл саны болбогон учурда анда көрсөтүлгөн иш-чаралар катышуучулардын макулдугу менен белгилүү мөөнөткө жылдырылат.

 

22. Коомдук угуулар

 

 22.1 Коомдук угуулар –калктын кызыкчылыгын эске алуу менен жамааттын турмушунун маанилүү маселелери боюнча калктын пикирин иликтеп билүү, алардын катышуучуларынын сунуштарды жана рекомендицияларды алуу жана оптималдуу. Таразаланган чечимдерди аныктоо үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын демилгеси боюнча өткөрүлүүчү, ачык талкуу формасында уюштурулган иш-чара.

 

 22.2. Коомдук угуулар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан сунуш кылынган чечимди коомчулук канчалык колдоорун түшүнүүгө мүмкүнчүлүк түзөт, калкка талкууланган маселе боюнча өзүнүн ой пикирин айтууга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмчөлөрүнүн жетекчилеринин суроого жооп алууга жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына оз жумуштарынын сапаты жөнүндө жана алардын жасаган жумушуна элдин канааттандырылуусу жөнүндө билүүгө, зарыл болгон учурда өз иш-аракеттерин элдин кызыкчылыктарын эске алуу менен оңдоп –түзөтүүгө мүмкүнчүлүк берет.

 

 22.3. Коомдук угуулар жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча өткөрүлүшү мүмкүн, аларды чечүүдө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын туура чечимдерди кабыл алуулары үчүн жергиликтүү жамааттын ой пикирлери өзгөчө маанилүү болуп саналат.

 

 22.4. Коомдук угууларга алып чыгаруучу маселелер :

 

 - жергиликтүү бюджетти түзүү жана аткаруу:

 

 - муниципалдык менчикти башкаруу ( муниципалдык жерлерди, объектерди ж.б сатуу, ижарага берүү, пайдалануу) ;

 

 - ичүүчү жана суугат суу боюнча, канализатция, жылуулук менен жабдуу, турмуш-тиричиликтик калдыктарды жыйноо жана ташып чыгаруу ж.б тарифтерди бекитүү;:

 

 - жергиликтүү жамааттын жашоо турмушун камсыз кылуу менен байланышкан башка маселелер

 

 22.5. Жергиликтүү жамаат үчүн өзгөчө мааниге ээ болгон маселе боюнча жергиликтүү жамааттын ой пикирин дыкат иликтөө угуу талкуулоо сунуштамаларды чогултуу жана маалыматтарды алмашуу максаттарында коомдук угууга бир гана маселени алып чыгуу сунушталат.

 

 22.6. Коомдук угуулар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан милдеттүү түрдө:

 

 - жергиликтүү бюджетти түзүү жана аткаруу боюнча маселелер жыл сайын өткөрүлөт:

 

 - муниципалдык мүлктү башкаруу стратегиясын долбоорун бекитүүдө жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мамлекет тарабынан башкарууга өткөрүлүп берилген муниципалдык мүлктү бекитүүдө, мындай стратегияларды иштеп чыгуу жана бекитүү учуру пайда болгондо жүргүзүлөт.

 

 Кызмат көрсөтүүлөргө ( ичүүчү суу суугат суусу канализатсия жыйлуулук менен жабдуу турмуш-тиричиликти калдыктарды жыйноо жана ташып чыгаруу ж.б) тарифтерди бекитүү маселелер боюнча коомдук угуулар зарылдыгына жараша өткөрүлөт

 

 22.7. коомдук угууларды уюштуруу жана өткөрүү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органына ( айыл өкмөтүнө) жүктөлөт жана жергиликүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат.

 

 22.8 Коомдук угуулар эгерде өкүлдөрдүн коомдук угууга чакырылгандардын жарымынан көбү катышканда укук ченемдик болот.

 

 

 23. Коомдук угууну уюштуруунун жана өткөрүүнүн тартиби.

 23.1 белгилүү маселе боюнча коомдук угууну өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алынгандан кийин айыл өкмөтү төмөнкү ырааттуулукту аракеттерди коруусу зарыл.

 

 Коомдук угууга чейин 3-4 жума калганда өткөрүүнун датасын, убактысын жана ордун аныктоо зарыл.

 

 Коомдук угууга чейин 2 жума калганда талкуулоонун предмети боло турган сунуштан жана документтин долбоору ( мисалы бюджеттин кыскача сыпаттасы же сатууга сунуш кылынган муниципалдык менчик объектеринин тизмеси жана анын негиздемеси, же ичүүчү суу же сугат суусун кызматына сунушталган тарифтердин өлчөмү ж.б) даярдалат.

 

 Коомдук угууга чейин 1-2 жума калганда.

 

 -коомдук угууга алып чыгып жаткан документтердин долбоору жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланат.

 

- коомдук угууга чакыруу барактарын иштеп чыгуу жана даярдоо жүргүзүлөт;

 

 - калкка, уюмдарга мекемелерге, ишканаларга, жарандык топторго, өкмөттүк эмес уюмдарга чакыруу барактарын жана документтин долбоорлорун таратуу;

 

-маалыматты илүү жана башка мүмкүн болгон каражаттар менен жалпыга жарыялоо;

 

 -документтин долбоорун алуу жайын маалымдоо менен, коомдук угуу жөнүндө пресс-релиз чыгаруу жана жалпыга маалымдоо каражаттарын маалымдоо;

 

 - коомдук угууну даярдоо жана өткөрүү боюнча айыл өкмөт аппаратынын кызматкерлерин окутууну ( нускама берүүнү) жүргүзүү;

 

 - коомдук угуунун максаттары, датасы, убактысы жана өткөрүлүүчү ордун көрсөтүү менен калкты талкууланып жаткан маселе менен тааныштыруу үчүн айылдардын жалпыга жетимдүү жайларында кулактандырууларды жайгаштыруу;

 

 - жамааттын негизги чечүүчү адамдарына, жергиликтүү кеңештин депутаттарына, айыл өкмөтүнүн аппаратынын бөлүмдөрүнө зарыл болгон учурда мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмчөлөрүнүн, уюмдардын жана мекемелердин жетекчилерине жеке кабарлоо;

 

 - коомдук угуунун алып баруучусунун жана катчысын ( өкүлчүлүктүү же аткаруу органын) тандоо;

 

 - зарыл болгон учурда кызыктар мамлекеттик органдардан уюмдардан, мекемелерден, ишканалардан угууга киргизилген маселе боюнча зарыл маалыматтарды, материалдарды жана документтерди суратып алуу ( маалыматтар, материалдар жана документтер уюштуруучуга суроо-талап алынган күндөн тартып 5 күндөн кечиктирбестен берилет) .

 

 - зарыл болгон учурда консультациялык жана эксперттик жумуштарды аткаруу үчүн эксперттер жана адистер тартылат.

 

 Коомдук угууга чейин 1 жума калганда.

 

 - өткөрүлүүчү орунду даярдоо ( катышуучулар үчүн орундар, алып баруучу жана катчы үчүн стол, жарык берүү, жылытуу, ун күчөткүчтөр ж.б

 

 - көрсөтмө материалдарды даярдоо плакаттар, доскалар, слайддар ж.б .

 

 - чыгып сүйлөгөндөрдү дайындоо күн тартибин даярдоо, коомдук угуу учурунда таратуу үчүн материалдардын кошумча көчүрмөлөрүн даярдоо;

 

 - коомдук угууларды өткөрүүнүн эрежелерин даярдоо жана таратуу.

 

 Коомдук угууга чейин 3 күн калганда:

 

-  катышуучуларды каттоо баракчасын даярдоо;

-  коомдук угуунун протоколунун формасын даярдоо;

-  сунуштар, ой-пикирле, сунуштамалар, суроолор үчүн бланктарды даярдоо.

 Коомдук угууга чейин 1 күн калганда.

-  орун жайдын жана жабдуулардын даярдыгын көзөмөлгө алуу,;

-  катышуучулардын, чыгып сүйлөөчүлөрдүн тизмесин жана күн тартибин тактоо:

 -катышуучуларга таратуу үчүн кошумча материалдардын даярдыгын көзөмөлгө алуу ж.б.

  - Коомдук угууну өткөрүү күнү катышуучуларды , жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн ( зарыл болгон учурда) каттоо жүргүзүлөт, протоколду жүргүзөт жана жыйынтыктоочу документтерди жол-жоболоштурууну камсыз кылат.

 23.2 Айыл өкмөтү коомдук угуу өткөрүлгөндөн кийин 10 кундун ичинде анын натыйжасын жалпылайт жана жол-жоболоштурат, калк арасында коомдук угуунун натыйжалары жөнүндө, ошондой эле жыйынтыктары боюнча кабыл алынган чечимдер жөнүндө маалыматтарды таратат. Ошол эле учурда айыл өкмөтү оозеки билдирүүнү, маалымат тактайларына жайгаштыруу, жалпыга маалымдоо каражаттарын, интернетти жана башка ыкмалар менен жамаатка карата колдонууга мүмкүн болгон маалыматтарды таратууну ар түрдүү ыкмаларын пайдаланат.

 

  24. Жергиликтүү жамааттын айылдын муктаждыктарын биргелешип иликтөө жолу менен жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө катышуу

 

 24.1 Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү айылдык аймакты өнүктүрүүнүн социалдык –экономикалык программаларын натыйжалуу ишке ашыруу, аймактын турмуш-тиричиликтик тутумдарын өнүктүрүү, калкка зарыл болгон мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү берүү максаттарында жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракетте катышууга укуктуу.

 

 24.2. Жергиликтүү жамааттын жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө катышуусу айылдын муктаждыктарын биргелешип иликтөө аркылуу жүзөгө ашырылышы мүмкүн.

 

 24.3. Айылдын муктаждыктарын биргелешип иликтөө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү жамааттын айылдын артыкчылыктуу көйгөйлөрүн табуу жана демилгечил жана башка жумушчу топтор аркылуу айылдык аймактын айылынын ( айылдарынын) жашоочуларынын ой-пикирлеринин жана кызыкчылыктарын эске алуу менен алардын чечүү боюнча биргелешкен иш процессин карайт.

 

 24.4. Айылдык муктаждыктарын биргелешип иликтөө үчүн айыл өкмөтү демилге которуу менен айылдык кеңештин депутаттары жана жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү менен бирдикте төмөнкү иш-чаралардын комплексии жүзөгө ашырат.

 

 - маалыматтарды жыйноо жана айылдагы кырдаалды иликтөө;

 

 - айылдын көйгөйлөрүн аныктоо;

 

 - айылдын көйгөйлөрүн тандоо көйгөйлөрдүн себеби эмне болуп саналат жана алардын кесепеттери;

 

 - биринчи кезекте чечүүгө жаткан артыкчылыктуу маселелерди аныктоо;

 

 - артыкчылыктуу маселелерди чечүүнүн жолдорун биргелешип талкуулоо;

 

 - артыкчылыктуу маселелерди чечүү боюнча демилгечил топторду түзүү;

 

 - биргелешкен аракеттердин пландарын иштеп чыгуу;

 

 - айылдык чогулуштарда коомдук угууларда жергиликтүү жамаат менен артыкчылыктуу маселелерди чечүү боюнча биргелешкен аракеттердин пландарын талкуулоо;

 

 - жергиликтүү бюджетте биргелешкен аракеттердин пландарын чагылдыруу;

 

 - биргелешкен аракеттердин пландарын ишке ашыруу;

 

 - биргелешкен аракеттердин ишке ашырылып жаткан пландарынын биргелешкен мониторинги жана баа берүү;

 

 - айылдык чогулуштарда коомдук угууларда, курултайларда биргелешкен аракеттерди пландарын ишке ашыруу боюнча иштердин натыйжалары жөнүндө отчёт.

 

 24.5 айылдын муктаждыктарын биргелешип иликтөө процесине төмөнкүлөр катыша алышат.

 

 - жынысына, рассасына, улутуна, тилине, туткан динине, кызматтык жана мүлктүк абалына көз карандысыз 18 жашка толгон жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү;

 

 - мамлекеттик уюмдардын, ишканалардын, мекемелердин, мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмчөлөрүнүн, коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын коомдук бирикмелердин ж.б өкүлдөрү;

 

 - айылдык кенештин депутаттары;

 

 - айыл өкмөтүнүн аппаратынын кызматкерлери;

 

 25. Айылдын артыкчылыктуу көйгөйлөрүн чечүү боюнча

 демилгелүү топтор.

 

 25.1 Айыл өкмөтү, айылдык кеңештин депутаттары жана жергиликтүү жамаат менен биргеликте айылдын артыкчылыктуу маселелерин аныктоодо, айылдын муктаждыктарын биргеликте иликтөө процессинде. Ыктыярдуу негизде ар кайсы тармактар боюнча демилгелүү топтору түзөт, ошондой эле аткаруу мөөнөттөрүн. Ресустарын, аларды аткаруу боюнча жооптууларды белгилөө менен биргелешкен аракеттердин планын иштеп чыгышат.

 

 25.2. Демилгелүү топтордун курамына төмөнкүлөр кирет.

 

 - айыл өкмөтүнүн аппаратынын кызматкерлери;

 

 - айылдык кеңештин депутаттары;

 

 - жергиликтүү жамааттын жигердүү мүчөлөрү;;

 

 - мамлекеттик уюмдардын, ишканалардын, мекемелердин, мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмчөлөрүнүн, коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын. Коомдук бирикмелердин ж.б өкүлдөрү;

 

 25.3. Демилгелүү топтордун курамы төмөнкүлөрдү эске алуу менен аныкталат.

 

 - гендердик теңдемди сактоо;

 

 - айылдык аймактын ар бир айылынын өкүлчүлүгүнүн болуусун;

 

 - демилгелүү топ тарабынан тандалган артыкчылыктуу маселени чечүүдө тажрыйбанын болуусу;

 

 - айылдын артыкчылыктуу маселелерин чечүү үчүн кайтарымсыз негизде иштөөгө каалоосунун болуусу4

 

 - демилгелүү топтордун иштерине ийгиликтүү катышуу үчүн калоосун жана шыктуулугун билдиргендиги;

 

 25.4. Демилгелүү топтун отуруму ачык жыйналыш формасында жүргүзүлөт.

 

 25.5. Демилгелүү топтун мүчөлөрү, өз катарынан ачык добуш берүү менен, алардын жалпы санынын көпчүлүгүнүн добуштары менен демилгелүү топтун жетекчисин шайлашат. Демилгелүү топтун жетекчисин шайлоо тууралуу чечим протокол менен жол-жоболонот, ага демилгелүү топтун мүчөлөрүнүн колдору коюлат. Демилгелүү топтун чечимдери ага тиешелүү бардык маселелер боюнча алардын мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүгүнүн добуштары менен кабыл алынат.

 

 25.6. Демилгелүү топтун жетекчиси төмөнкүлөргө укуктуу:

 

 - мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдарда демилгелүү топтун кызыкчылыктарын жактоого;

 

 - демилгелүү топтун жумуштан координациялоого;

 

 - демилгелүү топтун жыйналышын өткөрүүгө;

 

 - демилгелүү топтун атынан документтерге кол коюуга ж.б;

 

 25.7. Демилгелүү топтун мүчөлөрү төмөнкүлөргө укуктуу:

 

 - айылдык аймактын өнүгүү пландарын. Анын ичинде биргелешкен аракеттеги пландарын, социалдык-экономикалык өнүгүү пландарын, стратегиялык өнүктүрүү пландарын ж.б иштеп чыгууга катышууга ;

 

 - окууларга, жыйналыштарга, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана айылдык аймактын территориясында иштеп жаткан башка уюмдардын, ишканалардын жана мекемелердин айылдын артыкчылыктуу маселелерине тиешеси бар маселелер боюнча отурумдарына катышууга;

 

 - тандалган көйгөйлөрдү чечүү жана аларды ишке ашыруу боюнча долбоорлорду иштеп чыгууга;

 

 - жергиликтүү жамаатын мүчөлөрүн жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын демилгелүү топ тарабынан тандалып алынган көйгөйлөрдү чечүү боюнча демилгелүү топтун жумуштарынын жүрүшү боюнча маалымдоого;

 

 - жергиликтүү жамааттын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын алдында тандалып алынган көйгөйлөрдү чечүү учун иштелип чыгылган долбоорлордун презентациясын өткөрүүгө жана коргоого;

 

 - долбоорлорду биргелешкен аракеттердин планын ишке ашыруу боюнча мониторинг жүргүзүүгө;

 

 - айылдык чогулуштарда, коомдук угууларда, курултайларда жергиликтүү жамааттын алдында иштердин натыйжалары боюнча отчёт берүүгө;

 

 - зарыл болгондо мыйзамдарда жана ушул Уставда белгиленген тартипти айылдык кеңешке киргизүү үчүн ченемдик укуктук актылардын долбоорлордун демилгелөө;

 

      26. Айылдын артыкчылыктуу көйгөйлөрүн чечүү боюнча демилгелүү топтордун курамдарын жана биргелешкен аракеттердин планын бекитүү

 

 26.1. Айыл муктаждыктарын биргелешип иликтөөнүн натыйжасында табылган айылдын артыкчылыктуу көйгөйлөрүн чечүү үчүн айыл өкмөтү айылдык кеңештин депутаттарынын, жергиликтүү жамааттын жана демилгелүү топтордун мүчөлөрүнүн катышуусу менен жумушчу жолугушууларды уюштурат, анда төмөнкү маселелер каралат:

 

 - артыкчылыктуу көйгөйлөрдүн бет ачаарлары жана аларды чечүүнүн жолдору;

 

 - биргелешкен аракеттердин планы иштеп чыгуу;

 

 - артыкчылыктуу көйгөйлөр боюнча демилгелүү топтордун санын жана алардын курамын алдын алуу бекитүү;

 

 - каралып жаткан маселелерди талкуулоо, алар боюнча сунуштамаларды жана сунуштарды иштеп чыгуу;

 

 - жалпы талкуулоо үчүн айылдык чогулушка ( жыйналышка) биргелешкен аракеттердин планын алып чыгуунун тартиби талкуулоо;

 

 - биргелешкен аракеттердин планын ишке ашыруу боюнча андан аркы аракеттерди пландоо;

 

 - биргелешкен аракеттердин планын ишке ашыруусуна баа берүү жана мониторинг жүргүзүү;

 

 - жергиликтүү жамаатка алардын жашоо-турмушун камсыздоо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтарга баа берүү жана мониторинг жүргүзүү;

 

 26.2. айыл өкмөтү жумушчу жолугуушулардын натыйжалары боюнча айылдык чогулушка коомдук угууга төмөнкүлөрдү алып чыгат:

 

 - айылдык муктаждыктарын биргелешип иликтөөнүн натыйжалары;

 

 - табылган артыкчылыктуу көйгөйлөрдү чечүү боюнча биргелешкен аракеттердин планын;

 

 - тандалып алынган багыттар боюнча демилгелүү топтордун санын;

 

 - жергиликтүү жамаат менен макулдашуу ( өзгөртүү, толуктоо) үчүн демилгелүү топтордун мүчөлөрүнүн тизмеси;

 

 26.3. Айылдык чогулушта демилгелүү топтордун саны жана алардын курамы, биргелешкен аракеттердин планы жергиликтүү жамаат менен макулдашылат, андан кийин айылдык чогулуштардын, коомдук угуулардын катышуучуларынан келип түшкөн ой-пикирлерди жана сунуштарды эске алуу менен биргелешкен аракеттердин планы, демилгелүү топтордун курамы жана саны айыл өкмөт башчысынын чечими ( же айылдык кеңештин токтому) менен бекитилет. Бул маалымат айыл өкмөтүнүн маалыматтык тактайына илинүү жолу менен жалпы элге жеткирилет:

 

 26.4. кийинки жылга жергиликтүү бюджеттин адепки долбоору бекитилген биргелешкен аракеттердин планы эске алуу менен айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмү тарабынан түзүлөт;

 

 -26.5. Айыл өкмөтү биргелешкен аракеттердин планын эске алуу менен жергиликтүү бюджеттин адепки долбоорун айылдык кеңеш менен макулдашат жана финансы министрлиги айыл өкмөтүнө жергиликтүү бюджет боюнча такталган маалыматтарды бергенден кийин айыл өкмөтү биргелешкен аракеттердин планын эске алуу менен жергиликтүү бюджеттин адепки долбоорун тактайт жана аларды бекитүү үчүн айылдык кеңешке берет.

 

 26.6. Жергиликтүү бюджеттин долбоору жалпы талкуулоо үчүн бюджеттик угууга киргизилет, андан соң кийин ачык жана айкын айылдык кеңештин сессиясында каралат. Жергиликтүү бюджет жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн ой-пикирлеринин жана сунуштарын карап чыккандан кийин айылдын артыкчылыктуу көйгөйлөрүн чечүү боюнча биргелешкен аракеттердин планын эске алуу менен айылдык кеңеш тарабынан бекитилет. Айылдык кеңештин тийиштүү жылга жергиликтүү бюджетти бекитүү тууралуу токтому жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланууга жатат.

 

 26.7. Айылдын артыкчылыктуу маселелерин чечүү боюнча биргелешкен аракеттердин планы иштелип чыгылган жана бекитилген учурда айылдык кеңеш тарабынан жергиликтүү бюджет бекитилгенден кийин жергиликтүү бюджетке тийиштүү тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө сунуштамалар менен айыл өкмөтү биргелешкен аракеттердин планын айылдык кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына киргизүүгө укуктуу;

 

 26.8. Бюджет боюнча айылдык кеңештин туруктуу комиссиясы айылдын артыкчылыктуу маселелерин чечүү боюнча биргелешкен аракеттердин планын өзүнүн отурумунда карайт, жана биргелешкен аракеттердин планын каржылоо жана ишке ашыруу үчүн жергиликтүү бюджетке тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө корутундусу ( же чечими) менен айылдык кеңештин отурумуна киргизет.

 

 26.9. Бюджеттик комиссиянын сунушу менен макул болгон учурда жана жергиликтүү бюджеттин мүмкүнчүлүгү болгондо айылдык кеңеш биргелешкен аракеттердин планы каржылоо жана ишке ашыруу үчүн жергиликтүү бюджетке тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу.

 

 27. Биргелешкен мониторинг жана баа берүү

 

 27.1 Айылдын артыкчылыктуу маселелерин аныктоо жана чечүү боюнча ачыктыкты, айкындыкты камсыз кылуу жана жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүн жергиликтүү коомдук маанилүү чечимдерди кабыл алууга тартуу, ошондой эле жергиликтүү жамааттын, донор уюмдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын айылдык аймактын өнүгүшүнө чегерилген каражаттарынын натыйжалуулугун жогорулатуу максатында биргелешкен мониторинг жана баа берүү боюнча иш чаралары жүргүзүлөт.

 

 27.2. Биргелешкен мониторинг жана берүүнүн максаттары төмөнкү болуп саналат.

 

- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иш-аракеттерине жана муниципалдык кызматтардын сапатына баа берүү жана мониторинг жүргүзүү;

 

- айылдык аймактын территориясында жергиликтүү жана (же) республикалык бюджеттен, эл аралык жана башка донор уюмдардын, демөөрчү жана башка мыйзамдар менен тыюу салынбаган булактардан каржыланып ишке ашырылуучу жергиликтүү демилгелердин, долбоорлордун, программалардын иш жүзүнө ашыруу натыйжаларына мониторинг жүргүзүү жана баа берүү;

 

- жергиликтүү демилгелердин, долбоорлорду, программаларды ишке ашыруу процессин, ошондой эле муниципалдык кызматтарды жакшыртуу боюнча сунуштамаларды иштеп чыгуу;

 

- этностор аралык конфликтерди алдын алуу жана болтурбоо максатында айылдык аймактын чегинде этностор аралык мамилелерге мониторинг жүргүзүү.

 

37.3. Жогорудагы көрсөтүлгөн милдеттерди аткаруу үчүн айылдык кенеш биргелешкен мониторинг жана баа берүү боюнча жумушчу топ түзүүгө укуктуу. Айылдык кеңеш ушул Уставдын 27.2 пунктунда көрсөтүлгөн маселелер боюнча кошумча биргелешкен мониторинг жана баа берүү боюнча жумушчу топтордун иш-аракеттеринин тартиби айылдык кеңеш тарабынан аныкталат.

 

 27.4. Биргелешкен мониторинг жана баа берүү боюнча топтун курамына айылдык кеңештин депутаттары, демилгелүү топтордун, коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү, жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү жана башка жактар жынысы, рассасы, тили, майыптуулугу этноско, таандыктыгы, туткан дини, саясий же башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы боюнча басмырлоо мүнөздөгү жагдайларга карабастан кирүүгө укуктуу. Топтун курамы айылдык кеңеш тарабынан бекитилет.

 

 27.5. Биргелешкен мониторинг жана баа берүү боюнча төмөнкүлөргө мониторинг жүргүзүүгө жана баа берүүгө укуктуу:

 

 - айыл өкмөтүнүн жана анын структуралык бөлүмдөрүнүн, ошондой эле муниципалдык уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын иш-аракеттерин;

 

 - тийиштүү аймактын жергиликтүү жамаатынын жашоо-турмушун камсыздоо боюнча кызмат көрсөткөн коомдук уюмдардын жана бирикмелердин ( суу колдонуучулар ассоцияларын ( АВП), таза-суу колдонуучулардын айылдык бирикмеси ( СОППВ ж.б) иш-аракеттерин;

 

 - айылдык аймактын өнүктүрүү пландарын ( анын ичинде биргелешкен аракеттеги пландарын, социалдык – экономикалык өнүгүү пландарын, стратегиялык өнүктүрүү пландарын ж.б);

 

 - жергиликтүү жана ( же) республикалык бюджеттен, эл аралык жана донор уюмдардын, спонсорлордун жана башка мыйзамдар менен тыюу салынбаган булактардан каржыланып ишке ашырылуучу жергиликтүү демилгелердин долбоорлордун программалардын ишке ашырылуусун;

 

 - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын этностор аралык маселелер боюнча иш-аракеттерин;

 

 27.6. Аталган милдеттерди аткаруу үчүн биргелешкен мониторинг жана баа берүү боюнча топ:

 

 - жумуштун планын ( графигин) бекитет;

 

 - сурамжылоолорду ( анкеттөөнү ) жүргүзөт;

 

 - жерине баруу менен, ишке ашырылган долбоорлордон көрсөтүлүүчү кызматтарды жана же пайда алуучулар менен түздөн-түз маектерди жүргүзөт;

 

 - документтерди ( анкеталарды, графиктерди, отчётторду, каттоо журналдарын, катышуучулардын тизмесин) талдоону жүзөгө ашырат;

 

 - тиешелүү иш-чараларга ( тендер, сатып алуу, демилгелерди долбоорлорду программалардын өз убагында бүткөрүлүшүн жана же көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын камсыз кылуу үчүн сунуштамаларды берет;

 

 - демилгелерди, долбоорлорду программаларды аткаруунун жүрүшүндө, кызматтарды көрсөтүүлөрдө табылган көйгөйлөр, ошондой эле өзүнүн аткарган жумуштарынын натыйжалары жөнүндө айыл өкмөттүн, айылдык кенештин жана жергиликтүү жамаатты өз убагында кабарландырат;

 

 - пландарды ишке ашыруу боюнча кызматтардын көрсөтүлүшүн жакшыртуу боюнча долбоордун аткарылышынын жүрүшүнө түзөтүү киргизүү боюнча сунуштарды берет;

 

 27.7. Айыл өкмөтү ушул Уставдын 27.1-27.2. пункттарында көрсөтүлгөн максаттарга жетүүгө жана маселелерди чечүү үчүн өзүнүн компетенциясына кирген маселелер боюнча биргелешкен мониторинг жана баа берүү топторун түзүүгө укуктуу;

 

 27.8. Биргелешкен мониторинг жана баа берүү тобунун иштеринин натыйжалары маалыматтык керегелерге илинет, жарыяларда, жалпыга маалымдоо каражаттарында таратылат, ошондой эле талкуулоо үчүн айылдык чогулуштарга, коомдук угууларга, курултайларга киргизилиши мүмкүн.

 

28. Аймактык коомдук өз алдынча башкаруу

 

      28.1. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүн өз иштерин координациялоо үчүн өз ара жардамдашуу, жашоо-турмуш тиричиликтик, социалдык, экономикалык жана маданий милдеттерди биргелешип чечүү өздөрүнүн укуктарын жана кызыкчылыктарын кыйла натыйжалуу жүзөгө ашыруу максаттарында жашаган жери боюнча аймактык коомдук өз алдынча башкарууну уюштурууга укуктуу:

 

 28.2. Аймактык коомдук өз алдынча башкаруу кичи райондордун комитеттери, турак жай комплекстеринин, үй, көчө кварталдык комитеттер, жамааттар ( коомдоштук) кеңештери жана комитеттери формасында, Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана башка мыйзамдарына карама-каршы келбеген башка формаларда жүзөгө ашырылат.

 

 28.3. аймактык коомдук өз алдынча башкаруучулардын аймактарынын чектери жашоочулардын сунуштарын эске алуу менен айылдык кеңеш тарабынан белгиленет.

 

 28.4. Аймактык коомдук өз алдынча башкаруу алар айылдык кеңеш тарабынан каттоого алынган учурдан тартып өз статустарына ээ болушат. Аймактык коомдук өз алдынча башкаруу ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте юридикалык жак статусуна алууга укуктуу.

 

V Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун экономикалык негиздери.

 29. Муниципалдык менчик

 

 29.1. Муниципалдык менчик-жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында, пайдалануусунда, тескөөсүндө турган, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун кирешелерин алуучу булак катары кызмат кылуучу жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруунун иш-милдеттерин жүзөгө ашырууга зарыл жергиликтүү жамааттардын менчиги;

 

 29.2. Жергиликтүү жамаат жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кайрылуу жолу менен муниципалдык менчикти башкарууга жана тескөөгө түздөн-түз катышат, бал кайрылуулар тийиштүү чараларды кабыл алуу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан милдеттүү түрдө каралышы керек.

 

 29.3. Муниципалдык менчик өзүнө кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктү анын ичинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын акчалай каражаттарын балуу кагаздарды жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган мүлктү укуктарды камтыйт

 

 29.4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттик каражаттары, ошондой эле бюджеттен тышкары фонддордун каражаттары дагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын муниципалдык менчиги болуп саналат. Бюджеттик каражаттарды, ошондой эле бюджеттен тышкары фонддордун каражаттарын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, башкы органдардын алып коюусуна жол берилбейт.

 

 29.5 Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мүлккө муниципалдык обьекттеринин реестрине ээ болууга жана аны жүргүзүүгө милдеттүү.

 

 - Реестрде төмөнкүдөй негизги маалыматтар;

 

 - обьектти сыпаттан жазуу;

 

 - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары же башка юридикалык же жеке жактарга ээлик кылган мүлккө муниципалдык менчик обьекттерине карата укуктарды ырастаган документтер;

 

 - обьекттерди пайдаланууга карата чектөөлөрдүн тизмеси;

 

 - обьекттердин бааланган наркы;

 

 - мүлккө муниципалдык менчик обьекттеринин өзгөчөлүктөрүнө жана аларды пайдаланууга байланышкан башка маалымат камтылууга тийиш;

 

 29.6. Мүлккө муниципалдык менчик обьекттеринин реестринин мазмуну жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кадимки иш учурунда аларды жарандар иликтөө үчүн пайдалана алгыдай болууга тийиш.

 

 29.7. Мүлккө муниципалдык менчик обьекттеринин реестрин түзүү жана жүргүзүү тартиби жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аткаруучу органдары тарабынан белгиленет жана жергиликтүү кеңештер тарабынан бекитилет.

 

       30 Жергиликтүү бюджет жана аны бекитүү тартиби

 

  30.1. Жергиликтүү бюджет- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун иш милдеттерин финансылык жактан камсыз кылуу үчүн багытталган айылдык аймактын, жергиликтүү жамаатынын бюджети. Жергиликтүү бюджет айылдык кеңештин чечими менен бекитилген. Жергиликтүү бюджетти түзүүнү жана аткарууну айыл өкмөтү жүзөгө ашырат.

 

  30.2. Жергиликтүү бюджет кирешелерден жана чыгымдардан турат:

 

 - Жергиликтүү бюджеттин кирешелери-Кыргыз республикасынын мыйзамдарына ылайык жергиликтүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тескөөсүнө келип түшкөн акчалай каражаттар, алар жергиликтүү салыктардан жана жыйымдардан, салыктык эмес келип түшүүлөрдөн; республикалык деңгээлде бөлүштүрүүчү салыктардан жана кирешелерден; трансферттерден, ыктыярдуу төгүмдөрдөн турат. Жергиликтүү салыктардан жана жыйымдардан, салыктык эмес келип түшүүлөрдөн алынган жергиликтүү жергиликтүү бюджеттердин кирешелери башка деңгээлдеги бюджетке алууга жатпайт;

 

 - жергиликтүү бюджеттин чыгымдары- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын милдеттерин жана иш-милдеттерин финансылык камсыз кылууга багытталган акча каражаттары;

 

 30.3. айылдык кеңештин төрагасы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы мамлекеттик салык кызматтарынан, айыл өкмөтүнөн жана юридикалык жактардан жергиликтүү бюджеттин долбоорун өз убагында жана сапаттуу түзүү үчүн зарыл болгон бардык маалыматтарды суроого жана алууга, өзүнүн отурумдарына бул органдардын жетекчилерин чакырууга жана угууга укуктуу. Жергиликтүү бюджеттин долбоорун түзүү үчүн зарыл болгон маалыматтар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте берилет.

 

 30.4. Айылдык кеңештин бюджеттик комиссиясы бюджеттин долбоорун алдын ала кароону өткөргөн жана айыл өкмөтүнүн отчётун угат, бюджеттин долбоору боюнча өз корутундусун , бюджеттин аткарылышы тууралуу отчётту айылдык кеңештин сессиясына берет.

 

 30.5. Жергиликтүү бюджеттин долбоорун кароо ачык жана жалпы эл алдында жүргүзүлөт. Бюджеттин долбоору боюнча, ошондой эле бюджеттин аткарылышы боюнча коомдук угуулар милдеттүү түрдө өткөрүлөт.

 

 30.6. Айылдык кеңеш сессияда жергиликтүү бюджеттин адепки жана такталган долбоорун карайт жана бекитет же болбосо жергиликтүү жамааттын жана бардык кызыктар тараптардын ой-пикирлерин жана сунуштарын эске алуу менен жеткире иштеп чыгууга жөнөтөт., бюджеттин аткарылышы тууралуу отчётту карайт, бекитет же болбосо аны четке кагат.

 

 30.7. Айылдык кеңештин тиешелүү жылга бюджетти бекитүү тууралуу токтому, ошондой эле бюджеттин аткарылышы тууралуу айыл өкмөтүнүн отчёту жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарында расмий жарыяланууга жатат.

 

 VI. Корутунду жоболор

 

 31. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан кабыл алынуучу сыйлоо

 

 Чаралары

 

 31.1. Ушул Уставдын талаптарын үлгүлүү аткаргандыгы, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө жигердүү катышкандыгы, жеке жана үй-бүлөлүк үлгүлүү түрүм-туруму, кайрымдуулук ишмердиги, демөөрчүлүк, аймактык социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө айкын көмөк көрсөткөндүгү, жергиликтүү жамаатка кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртууга катышкандыгы үчүн тиешелүү жарандарга карата төмөнкүдөй моралдык жана материалдык сыйлоо чаралары колдонулушу мүмкүн:

 

 - алкыш жарыялоо;

 

 - баалуу белектер, башка материалдык жана акчалай сыйлыктар менен сыйлоо;

 

 - грамоталар менен сыйлоо;

 

 - “Мыкты үй-бүлө”, “Үлгүлүү үй”, “Үлгүлүү көчө”, “Үлгүлүү айыл”, ардактуу наамдарын ыйгаруу;

 

 - жамааттын Ардак тактасына илүү;

 

 - жамааттын Ардак китепчесине киргизүү;

 

 -“Айылдын ардактуу жараны” наамын ыйгаруу,

 

 - “Айылдык аймактын ардактуу жараны” наамын ыйгаруу;

 

 - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоого көрсөтүү;

 

 31.2. Моралдык жана материалдык сыйлоо чараларын колдонуу төмөнкү тартипте жүргүзүлөт:

 

 - жамааттын мүчөлөрүн мүчөлөрүн сыйлоого көрсөтүү демилгеси айылдын жашоочуларынын чогулушуна, аксакалдар сотторуна, коомдук уюмдарга, аймактык коомдук өз алдынча башкарууларга, айыл башчысына, айыл өкмөтүнүн башчысына айылдык кеңештин депутаттарына, айылдык кеңештин депутаттарына айылдык кеңештин төрагасына таандык;

 

 - алкыш жарыялоо, баалуу белектер, башка материалдык жана акчалай сыйлыктар менен сыйлоо, грамоталарды тапшыруу, “ Мыкты үй-бүлө”, “Үлгүлүү үй”, “Үлгүлүү көчө”, “Үлгүлүү айыл”, ардактуу наамдарын ыйгаруу жөнүндө чечим айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан кабыл алынат;

 

 - Ардак тактасына илүү Ардак китепчесине киргизүү, “ Айылдык ардактуу жараны”, “Айылдык аймактын ардактуу жараны”, наамдарын ыйгаруу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоого көрсөтүү жөнүндө чечим айыл өкмөт башчысынын сунуштары боюнча Көк-Таш айылдык кеңеши тарабынан кабыл алынат.

 

 31.3. “Айылдык аймактын ардактуу жараны” наамы жергиликтүү жамааттын эң жогорку наамы болуп саналат, ал айылдык аймактын өнүгүшүнө өзгөчө салым кошкондугу үчүн айыл кеңешинин чечими менен берилет. Айылдык кеңеш “Айылдык аймактын ардактуу жараны” наамы бар адамдар үчүн атайын жеңилдиктерди, ошондой эле алар үчүн стипендияларды жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын чектеринде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана башка материалдык сыйлыктарды белгилей алат.

 

32. Жергиликтүү жамааттын Уставынын бузгандыгы үчүн

жоопкерчилик

 

 32.1 Ушул Уставдын талаптарын бузган жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнө карата коомдук айыптоо чаралары колдонулушу мүмкүн.

 

 32.2. Айылдык аймагындагы айылдардын ичинде көрүнүктүү жерлерге маалымат такталар илинет. Бул такталарда ушул Уставдын талаптарын одоно бузган жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү жөнүндө аларды тартипке чакырган маалыматтар илинүүгө тийиш

 

 32.3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ошондой эле мамлекеттик органдардын аймактык, бөлүмчөлөрүнүн уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын кызмат адамдары ушул Уставдын талаптарын бузган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартышат.

 

33. Жергиликтүү жамааттын Уставынын кабыл алуунун жана

өзгөртүүнүн тартиби

 

 33.1 Жергиликтүү жамааттын Уставынын долбоору айыл өкмөтүнүн башчысынын чечими менен түзүлгөн жумушчу топ тарабынан иштелип чыгат.

 

 33.2. Жумушчу топтун курамына төмөнкүлөр кирет:

 

 - айылдык кеңештин төрагасы;

 

 - айыл өкмөтүнүн башчысы;

 

 - айылдык кеңештин депутаттары;

 

 - айыл өкмөтүнүн аппаратынын кызматкерлери;

 

 - жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү ( тийиштүү айылдык аймакта жашаган азчылык улуттардын өкүлдөрүн эске алуу менен);

 

 - коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү ( ӨЭУ, КУ.КФ, жаштар комитети, аялдар кеңеши, аксакалдар кеңеши ишкерлер коомчулугу жана башка айылдык аймакта иш алып барган уюмдар).

 

 33.3. Жумушчу топ тарабынан иштелип чыккан Уставдын долбоору жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарында жана же айылдык кеңештин веб-сайтында ( же башка расмий жарыялоо булактарында) жарыяланат жана айылдык чогулуштарга же жергиликтүү жамааттын курултайына талкуулоо үчүн алып чыгарылат, аны ушул Уставда белгиленген тартипте айыл өкмөтү уюштурат.

 

 33.4. Курултайдын делегаттары, ошондой эле айылдык чогулуштун катышуучулары, жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү Уставдын долбоору боюнча сын-пикирлерди жана сунуштарды киргизүүгө укуктуу.

 

 33.5. Айыл өкмөтүнүн башчысы Уставдын долбоорлорунун акыркы вариантын жумушчу топ тарабынан иштелип чыккандан кийин айылдык кеңештин кароосуна кабыл алуу үчүн киргизилет

 

 33.6. Айылдык кеңештин Уставды бекитүү жөнүндө токтому айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добуштары менен кабыл алынат.

 

. 33.7. Кабыл алынган Уставга карата өзгөртүүлөр жана толуктоолор айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добуштары менен кабыл алынат.

 

 .33.8. Кабыл алынган Уставга карата өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү демилгеси жыйналыштардын ( чогулуштардын, курултайдын), жарандардын топторунун же жалпы санынын үчтөн биринен кем эмес айылдык кеңештин депутаттарынын тобунун сунушу боюнча жүргүзүлөт..

 

 33.9. Жергиликтүү жамааттын Уставы айылдык кеңештин Уставын бекитүү жөнүндө токтому тийиштүү басма сөздө расмий жарыяланган же болбосо жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын расмий веб-сайттарында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 Күчүнө киргенден кийин жергиликтүү жамааттын Уставын бекитүү тууралуу айылдык кеңештин токтому Уставдын тексттин тиркөө менен ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик Реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин аймактык бөлүмүнө жиберилет.