| Тиркеме 2 Кашка-Суу айылдык кеңешинин 31-март 2023-жылдагы №16/3 токтому менен бекитилген |
"Бирдиктүү терезе" принциби боюнча кызматтарды көрсөтүүдө
мамлекеттик органдардын аймактык түзүмдөрү менен айыл өкмөтүнүн
өз ара аракеттенүүсү жөнүндө Келишимдин формасы
“31” 03 2023-ж | № 16/3 | Кашка-Суу айылы |
Кашка-Сууайылаймагынын атынан Камчыбек уулу Шекербек
Жергиликтүү жамааттын Уставына ылайык иш жүргүзгөн жана мындан ары «Айыл өкмөтү» деген аталыштагы биринчи жак жана, Кашка-Суу айыл өкмөтү.
Камчыбек у Шекербек мындан ары «Уюм», деген аталыштагы, мындан ары Тараптар, төмөндөгүдөй Келишим түзүштү.
1. Келишимдин предмети
1.1. Ушул Келишимдин предмети болуп Калкка кызмат көрсөтүү борборунда мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү камсыз кылуу үчүн, айыл өкмөтү менен Уюмдун ортосундагы өз ара аракеттенүү тартиби болуп саналат.
1.2. Тараптар өздөрүнө берилген ыйгарым укуктардын чегинде, жарандарды кабыл алуу жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр менен камсыз кылуу маселелери боюнча, уюштуруучулук жана маалыматтык өз ара аракеттенүү боюнча макулдашат.
2. ККБнын ичинде мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү уюштуруудагы Тараптардын өз ара аракеттенүү тартиби
2.1. Айыл өкмөтү менен Уюмдун төмөндөгү маселелер боюнча өз ара аракеттенүүсү:
1) айыл аймагынын территориясындагы «Бирдиктүү терезе» принциби боюнча кызматтарды көрсөтүүдө юридикалык жактардын жана жарандардын укуктарын камсыздоо;
2) мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүнү уюштурууда жана кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатууда тапшырмаларды биргелешип аткаруу;
3) мамлекеттик кызмат көрсөтүү үчүн керектүү маалыматты камтыган, маалыматтык системага мүмкүнчүлүк алууну уюштуруу;
4) Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык мүмкүнчүлүгү чектелген маалыматтык коопсуздукту камсыздоо.
2.2. Тараптар айыл аймакта мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү маселелери жана башка уюштуруу темасында жумушчу жыйындарды жана башка биргелешкен иш-чараларды өткөрө алышат.
2.3. Тараптар, калкка кызмат көрсөтүү учурунда:
1) ККБнын калкты кабыл алуу бөлмөсүндө белгиленген күндөрү биргелешип калкты кабыл алууну жүргүзөт жана тиешелүү кызматтарды көрсөтөт;
2) мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмегин камтыган тиешелүү маалыматтарды алууну камсыздайт;
3) кайрылуунун негизинде мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөргө тиешелүү маселелер боюнча маалымат берет;
керектүү документтердин формалары, аларды көрсөтүүнүн тартиби туурасындагы мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр жөнүндөгү маалыматтарды Интернет тармагындагы маалымат ресурстарын колдонуу менен эркин түрдө жайгаштырат.
3. Айыл өкмөтүнүн укуктары жана милдеттери
3.1. ККБнын калкты кабыл алуу бөлмөсүндө Уюмдун кызматкерлерине маалыматтар базасына жетүүгө мүмкүнчүлүгү бар компьютер менен жабдылган жумуш ордун камсыз кылуу.
3.2. ККБда уюштурулган кызмат көрсөтүү, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн административдик регламенттеринин шарттарын сактоого, мындан сырткары аталган Келишимдин шарттарынын сакталышына көмөк көрсөтүү.
3.3. Айыл өкмөтү аталган Келишимдин 3 пункттунда белгиленген көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтарды уюштурууга укуктуу:
1) калкка мамлекеттик кызмат көрсөтүү үчүн керектүү маалыматтарды, тиешелүү «Уюмдан» алууга;
2) мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн аткарылышынын жүрүшү жөнүндө, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөргө кирген маселелер боюнча «Уюмга» кайрылууларды жана маалыматтарды жиберүүгө;
3) жетүүгө мүмкүнчүлүгү чектелген маалыматтардын коопсуздугун камсыздоо, мындан сырткары жеке маалыматтарды колдонуу жана кайра иштетүүнү сактоо.
4. Уюмдун укуктары жана милдеттери
4.1. Аталган Келишимдин 2-пункттунда белгиленген мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүдө «Уюм» милдеттүү:
1) ККБда калкты кабыл алууну жана калкка кызмат көрсөтүүнү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3 сентябрындагы № 603 «Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн типтүү стандарты жөнүндө» токтомуна ылайык жүргүзөт;
2) мамлекеттик же муниципалдык кызмат көрсөтүү үчүн керектүү маалымат камтыган, маалымат системасына жетүүгө мүмкүндүк берүүнү камсыздайт, эгерде Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында бул тууралуу башка нерсе көрсөтүлбөсө;
3) мамлекеттик кызмат көрсөтүүгө кирген маселелер боюнча керектүү маалыматтарды айыл өкмөтүнүн кайрылуусунун негизинде берүү;
4) Калкка кызмат көрсөтүү маселелери боюнча кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана окутууга багытталган иш-чараларды өткөрүүдө өздөрүнүн өкүлдөрүнүн катышуусун камсыздоо;
5) ККБда уюштурулган мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарттарын жана административдик регламенттерин, андан сырткары аталган Келишимдин шарттарын сактоо.
4.2. Эгерде, малекеттик кызмат көрсөтүү учурунда башка иш-аракеттер талап кылынса (мисалы, кошумча материалдарды чогултуу жана изилдөө) же Уюмдун жетекчиси тарабынан тиешелүү чечим кабыл алуу жүргүзүлсө, кайрылуучуга кызматтын жыйынтыгы боюнча маалымат белгиленген мөөнөттүн бүтүшү менен берилет.
5. Тараптардын жүктөлгөн милдеттерин аткарбашы же талаптагыдай эмес
аткаргандыгы үчүн жоопкерчилиги
5.1. Ушул Келишимге ылайык, Тараптардын милдеттенмелерди аткарбашы же талаптагыдай эмес аткаруусу, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат.
6. Келишимдин мөөнөтү
6.1. Кызматташтык жөнүндө Келишим “____”______________20___-жылга чейин түзүлөт;
6.2. Бул Келишим эки Тарап кол койгон күндөн тартып күчүнө кирет жана келишимге кол коюу боюнча аныкталган мөөнөтү бүткөнгө чейин жарактуу болуп саналат.
7. Корутунду жоболор
7.1. Ушул Келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү жазуу жүзүндөгү формада толуктоолор түрүндө жүргүзүлөт жана анын ажырагыс бөлүгү болуп саналат.
7.2. Тараптардын ортосундагы талаш-тартыштар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, сүйлөшүү жолу менен же сот аркылуу чечилет.
7.3. Бул келишим эки нускада мамлекеттик же расмий тилде түзүлгөн, бирдей юридикалык күчкө ээ болгон, ар бири 4 баракта (тиркемелерин кошо алганда), ар бир Келишим тараптары үчүн бирден нускада түзүлөт.
Тараптардын дареги жана маалыматы
| |
______________________________
______________________________
| Кашка-Суу айыл өкмөтү
Камчыбек уулу Шекербек
|
Колу | Колу |