Редакцияот 02.08.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

Тиркеме

(Сары-Булуң айылдык кеңешинин

2023-жылдын 2-августундагы № 19

токтомуна ылайык)

 

Сары-Булуң айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Кара-Суу айылынын элдик жыйынынын

 

№ 3 протоколу

 

25.07.2023-жыл.

Кара-Суу айылы.

 

Чогулушка 36 адам катышты

 

Чогулуш башчылары:  М. Олжотоев – Сары-Булуң айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы

 

В. Эпээва – айылдык кеңештин төрайымы

 

Б. Эрмекова – жооптуу  катчы

 

 

КҮН ТАРТИБИНДЕ КАРАЛУУЧУ МАСЕЛЕ:

 

1.  Тогуз-Торо өнүктөрү фондуна долбоор өткөрүү менен Сары-Булуң айыл аймагынын Кара-Суу айылынын Жаштык жана Чалдыбар көчөлөрүнүн 700 метр ички жолун шагыл менен бодурлоо  боюнча.

 

Угулду

 

Сары-Булуң айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М. Олжотоев жыйынды ачып, Тогуз-Торо өнүктөрү фондуна долбоор өткөрөөрүн билдирди. Сары-Булуң айыл аймагынын Кара-Суу айылынын Жаштык көчөсүнүн 244 метр жана Чалдыбар көчөлөрүнүн 456 метр ички жолун кара шагыл менен бодурлоо боюнча долбоор өткөрөйүн деп жатам, сиздер да өз оюңуздарды айтсаңыздар.

 

Алтыбай уулу Илимбек –айыл тургуну.

 

Урсматтуу !!. Комитетинин мүчөлөрү жана айыл өкмөттүн жер боюнча адиси жол.Рысбеков Артылбек бүгүнкү отурумда сиздер менен талкуулоочу маселе 2022-2023-жылы такталган жерлерден жана мөөнөтү бүткөн жерлерди өүңүздөр менен биргеликте түз берүү жолу менен жер комиссиясы отурумда карал 23 жаранга 1 гектардан аз камсыз, үй бүлөөлөргө берилгенин ал коомдук угууда дагы талкуулангандыгын билесиздер.Арендага алган жерлердин тарифтерин бекитүү болуп жатат.Комитеттин мүчөлөрү жана жер адиси ой пикир суну штарынар болсо айтыңыздар.

 

Айыл өкмөттүн жер адиси жол.Рысбеков Артылбек.

 

Бүгүнкү күндө Кара-Суу айылында жашаган 485ке жакын түтүн эл үчүн кыйынчылыктар жаралууда. Өзгөчө жаз, күз айларында жаан-чачын болгон мезгилдерде адамдарда жана көчө техникаларында ыңгайсыздык жаралат. Жаан-чачында ар кайсы жерде тыгылып жаткан техниканы көрөсүн. Ошондуктан, долбоордун негизинде  айыл ичиндеги ички жолдорго  ремонт иштерин жүргүзүү негизги көйгөй болуп саналат.

 

Турарбек кызы Кайыркүл – Айылдык кеңештин депутаты, айыл тургуну.

 

Сиз жакшы демилге көтөрүп жатыпсыз, чындыгында жол көйгөйү баарыбызга маалым жол оңолсо айыл эли жана көчө техникалары үчүн жакшы шарт түзүлөт эле.

 

Ашырбеков Кубаныч – айыл тургуну.

 

Жогоруда айтылгандар туура, Кудай буйуруп долбооруңуз ишке ашып калса  калса элге жакшы шарт түзүлөт эле, мен каршы эмесмин колдойм.

 

Мааткалыков Сарыбай -  айыл тургуну.

 

Жогорудагы агай –эжелер жакшы ой- пикирлерин айтышты. Жол боюнча жазыла турган долбоорго менимче эч ким каршы болбойт болуш керек.

 

Жогорудагы чыгып сүйлөгөн жолдоштордун сөзүн угуп  З. Каныбек уулу,  Э. Мукеш уулу,  Э. Мусамамбетов жактырышты.

 

Жогорудагыларды белгилеп, Сары-Булуң айыл өкмөтүнүн Кара-Суу айылынын элдик жыйыны

 

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

 

1.  Сары-Булуң айыл аймагынын Кара-Суу айылынын Жаштык көчөсүнүн 244 метр жана Чалдовар көчөсүнүн 456 метр ички жолун кара шагыл менен бодурлоо боюнча   Тогуз-Торо өнүктүрүү фондуна долбоор өткөрүү үчүн долбоордун документтерин даярдоо жагы демилгелүү топко жүктөлсүн.

 

2.  Бул чечимдин аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Б. Эрмековага милдеттендирилсин.

 

Чечим бир добуштан кабыл алынды.

 

Чогулуштун төрагасы:

М. Олжотоев.

 

Катчысы:

Б. Эрмекова.