Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Ак-Татыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги II сессиясы

 

2023-жылдын 4-майы № 5

Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн аймагындагы элдердин таштанды жыйымынын өлчөмүн бекитүү жөнүндө

 

( Ак-Татыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2023-жылдын 06-июлу № 19 )

 

 

Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн салык кызматкери Нүрүдүн Жапаровдун билдирүүсүн, Ак-Татыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарба, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиянын отуруму 2023-жылдын 2-майындагы № 1 протоколун карап чыгып Ак-Татыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги II сессиясы

Токтом кылат

 

1.    Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн аймагындагы элдердин таштанды жыйымынын өлчөмү жылына ар бир жашоочуга 10 ( он ) сомдон бекитилсин.

( Ак-Татыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2023-жылдын 06-июлу № 19 )

2.    Ушул токтомдун аткарылышы айыл Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.

3.    Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Ак-Татыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарба, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

Ысаков С.Б.