Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
БУЙРУК
2010-жылдын 25-октябры № 114-п
Көрүнүктүү кыргыз мамлекеттик ишмери Раззаков Искак Раззаковичтин туулган күнүнүн 100 жылдыгына бйланыштуу:
1. Юбилейлик иш-чараны даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети (мындан ары - уюштуруу комитети) төмөнкүдөй курамда түзүлсүн:
Каптагаев Э.С. - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрация башчысы, уюштуруу комитетинин төрагасы;
Абдуллаева У.А. - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары.
Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү:
Досбаев Ы.Р. - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын идеологиялык иштер жана коомчулук менен байланыш боюнча бөлүмүнүн башчысы;
Садыков К.Ж. - Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри;
Шер-Нияз Садык - Кыргыз Республикасынын маданият жана маалымат министри;
Жоробекова Ш.Ж. - Улуттук илимдер академиясынын президенти;
Айжигитов С.А. - Баткен облусунун мамлекеттик администрация башчысы - губернатор;
Сайдуллаев Н. - Лейлек районунун мамлекеттик администрация башчысы;
Эркебаев А.Э. - коомдук ишмер (макулдашуу боюнча);
Айбалаев М.М. - коомдук ишмер (макулдашуу боюнча);
Гапыров А.Ж. - И.Раззаков фондусунун аткаруучу директору (макулдашуу боюнча);
Шадиев А.А. - коомдук ишмер (макулдашуу боюнча);
Айтбаев У.Ш. - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын уюштуруу-инспектордук иштер жана аймактык башкаруу бөлүмүнүн инспектору;
Даудова Р.Т. - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын маалыматтык-координациялык борборунун жетекчисинин орун басары;
Дүйшөналиев Т.Б. - И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин ректору;
Оторбаев К.Т. - Кыргыз Республикасынын коомдук телерадиокорпорациясынын башкы директору;
Орунбеков Б.О. - "Кыргыз Туусу" басма үйүнүн директору – башкы редактор;
Саламатов Т.С. - А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын башкы директору;
Исаев Т.К. - ишкер (макулдашуу боюнча).
2. Уюштуруу комитети бир жумалык мөөнөттө юбилейлик иш-чаралардын планын иштеп чыксын жана бекитсин.
3. Юбилейлик иш-чараларды өткөрүүгө байланышкан чыгымдар демөөрчүлүк каражаттарынын эсебинен жүргүзүлсүн.
4..Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жетекчиси Э.С.Каптагаевге жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
Р.Отунбаева |