Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 6-майы № 216-б КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ Салык жана бажы органдарынын натыйжалуу иштешин камсыздоо үчүн ма-териалдык-техникалык ресурстарды тењ бөлүштүрүү максатында: 1. Тиркелгендер бекитилсин: - Өзгөртүп түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинекараштуу Кирешелер боюнча комитеттин мүлктүк активдерин бөлүштүрүүнүнактысы; - Салык кызматында калуучу автомашиналардын тизмеси; - Бажы кызматында калуучу автомашиналардын тизмеси. 2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мам-лекеттик комитети: - Бишкек шаары, Байтик Баатыр көчөсү 4а дарегинде жайгашкан адми-нистрациялык имараттын 7-9 кабаттарындагы жайларды Кыргыз Республикасы-нын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык инспекциясына пайдалануу уку-гунда бекитип берсин; - көрсөтүлгөн жайлардын кабыл алынышын-өткөрүлүшүн аныкталган тар-типте камсыздасын; - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу органдарынын адми-нистрациялык имараттарды пайдалануусунун
топтомо реестрине тийиштүүөзгөртүүлөрдү киргизсин. 3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министринин Аппаратынын финансы бөлүмүнө жүктөлсүн. Премьер-министр К.Бакиев