Бишкек шары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 17-июну № 262-б КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК Кыргыз Республикасынын Туризм, спорт жана жаштар саясаты боюнчамамлекеттик комитети менен Молдова Республикасынын Жаштар жана спортдепартаментинин ортосундагы жаштар саясаты жагындагы кызматташтыкжөнүндө Макулдашуунун тиркелген долбоору принциптүү эмес мүнөздөгүмүмкүн болуучу өзгөрүүлөрдү эске алуу менег жактырылсын. Премьер-министр К.Бакиев Долбоор Кыргыз Республикасынын Туризм, спорт жана жаштар саясаты боюнча мамлекеттик комитети менен Молдова Республикасынын Жаштар жана спорт департаментинин ортосундагы жаштар саясаты жагындагы кызматташтык жөнүндө МАКУЛДАШУУ Мындан ары «Тараптар» деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Туризм,спорт жана жаштар саясаты боюнча мамлекеттик комитети менен МолдоваРеспубликасынын Жаштар жана спорт департаменти, эки мамлекеттин элдеринин ортосундагы мамилени чыњдоо жана салтболуп калган достук байланыштарды өнүктүрүүгө болгон өзара каалоонужетекчиликке алып, жаштардын иши боюнча мамлекеттик органдардын, улуттук, региондукжана башка жаштар уюмдарынын ортосунда өзара кењири аракеттенүү жолуменен тењ укуктуулук принциптерине негизделген эларалык кызматташтыктыкењейтүүгө жана өркүндөтүүгө болгон каалоону ырастап, жаштар саясаты жагында өзара тыгыз байланыштар жана кызматташтыктытүзүү Кыргыз Республикасы менен Молдова Республикасынын жашмуундарынын өкүлдөрүнүм ортосунда өзара түшүнүшүүнү терењдетүүгө көмөккөрсөтө тургандыгына ынангандык билдирип, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты: 1-статья Тараптар жаштардын иши боюнча мамлекеттик органдар, улуттук жанарегиондук жаштар бирикмелери аркылуу жаштар менен иштөө чөйрөсүндө тењукуктуу жана өзара пайдалуу кызматташтыкты чыњдоого жана өнүктүрүүгөар тараптан көмөк көрсөтүп, жаштардын кызматташуусун ыкчамдатууга,жаштарды маданий мурастар менен тааныштырууга, алардын жаштар менеништөө жагындагы долбоорлор менен программаларды жүзөгө ашыруугакатышуусуна багытталган алардын демилгелерин жигердүү колдойт. 2-статья Тараптар түзүлгөн тике келишимдердин негизинде жаштар саясатыжагындагы байланыштарды жана кызматташтыкты өнүктүрүүнү колдойт жанакармап турат, алар төмөнкүлөр аркылуу жетишилет: - биргелешкен иш, байланышуу жана өзара алмашуу үчүн жагымдуу шарттүзүү; - жаштар саясаты жагында иш тажрыйбаларын алмашуу; - жалпы программаларды ишке киргизүү жана Тараптардынмамлекеттеринин аймагында жаштардын жана балдардын иш-чараларын(съезддерди, симпозиумдарды, конгресстерди, конференцияларды,семинарларды, тренингдерди, фестивалдарды, форумдарды, брифингдерди,көргөзмөлөрдү, конкурстарды, жолугушууларды) өткөрүүгө көмөк көрсөтүү. 3-статья Тараптар бардык дењгээлдеги мамлекеттик жана өкмөттүк эмесуюмдардын ортосундагы түздөн-түз байланыштарды өнүктүрүүгө, аныничинде делегацияларды, өзара кызыкчылык туудурган маселелер боюнчамаалыматтарды алмашууга, ошондой эле биргелешип иштелип чыкканпрограммалар боюнча иш-чараларга көмөк көрсөтөт. 4-статья Тараптар балдар менен жаштардын жайкы эс алуусун уюштуруу, каникулучурунда мектеп окуучулары менен студенттердин тобун алмашуу үчүнжагымдуу шарт түзөт. Тараптар жаштар маселесин аркалаган эларалык, өкмөттүк жанаөкмөттүк эмес уюмдарда маалымат жана иш тажрыйбаларын алмашат. 5-статья Тараптар балдар жана жаштар менен иштөө жагында машыктыруучу-окутуучулардын, адистердин кызматташуусун кубаттайт, ошондой элеалардын ортосунда тажрыйба алмашууга көмөк көрсөтөт. 6-статья Тараптар жаштар менен иштөө жагында статистикалык жана башкамаалыматтарды алмашууну камсыз кылат, анын ичинде: - өз мамлекеттеринде жаштар саясатын жөнгө салган мыйзам жана башкаченемдик укук актылар жөнүндө; - жаштар саясатын жүзөгө ашыруудагы иштин абалы жөнүндө; - аныктама-маалыматтык , методикалык жана башка материалдар. 7-статъя Тараптар жашы жетелектердин иштери боюнча кызматтардын, жаштар үчүнсоциалдык кызматтардын борборлору жана жашы жетелектерге жана жаштаргапсихологиялык, юридикалык жана башка жардам көрсөткөн алардынадистештирилген түзүлүштөрүнүн иш тажрыйбасын алмашат. 8-статья Тараптар иш менен камсыз кылуу программаларын, ошондой элежаштардын туракжай маселесин чечүүгө багытталган программаларды иштепчыгуу жана жүзөгө ашыруу жагында тажрыйба алмашууга көмөк көрсөтөт. Тараптар жаштардын эмгек жана студенттик курулуш отряддарыналмашууну кубатташат. 9-статья Тараптар жыл сайын ушул Макулдашууга ылайык жаштар саясаты жагындаиш-чаралардын биргелешкен пландарын иштеп чыгат -жана бекитет жанааларды жүзөгө ашыруунун мониторингин жүргүзөт. 10-статья Тараптар өзара макулдашуу боюнча ушул Макулдашууга өзгөртүүлөрдүжана толуктоолорду киргизиши мүмкүн, алар анын ажыралгыс бөлүгү болупсаналган өзүнчө Протокол менен таризделет. 11-статья Ушул Макулдашууда камтылган иштердин бардык түрлөрү Тараптардынмамлекеттеринин ченемдик укук актыларына ылайык келүүгө жана аларгаылайык жүзөгө ашырылууга жана Тараптардын мамлекеттеринин бюджетиндекаралган каражаттардътн чегинде, ошондой эле Тараптардынмамлекеттеринин улуттук мыйзамдары менен тыюу салынбаган башкабулактардан каржьшанууга тимиш. 12-статья Жаштарды алмашуу жөнүндө тикелей түзүлгөн келишимдердин чегиндекызматташтык өзара алгылыктуу принциптерде жүзөгө ашырылат, атапайтканда: - жөнөткөн Тарап өз делегациясынын иш-чара өткөрүлүүчү жергечейинки жана андан келүүчү багыт боюнча жол киресин, ошондой эле өзмамлекетинин мыйзамына ылайык чет мамлекетке чыгууда каралганкамсыздандыруунун бардык түрлөрү менен байланышкан чыгымдарды экиТараптын тартылган ведомстволорунун бюджетинде каралган каражаттынчегинде өзүнө йлат; - кабыл алган Тарап бул жерде болушу, анын ичинде жайгаштыруу,тамактандыруу, ички транспорттук ташуулар боюнча чыгымдарды, ошондойэле өз мамлекеттеринин мыйзамдарына ылайык башка зарыл жардамды экиТараптын тартылган ведомстволорунун бюджетинде каралган каражаттардынчегинде өзүнө алат. 13-статья Бул Макулдашуу Тараптар катышуучусу болуп саналган башка эларалыккелишимдерден келип чыккан алардын укуктары менен милдеттенмедеринкозгобойт. 14-статья Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө же колдонууда талаштар жанакайчы пикирлер келип чыккан учурда Тараптар аларды кењешүүлөрдүн жанасүйлөшүүлөрдүн жолу менен, же дипломатиялык каналдар боюнча чечет. 15-статья Бул Макулдашуу ага кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет. Бул Макулдашуу 5 жылдык мөөнөткө түзүлөт жана, эгерде Тараптардынбири кезектеги мезгил бүткөнгө чейин алтьт ай калганда ушулМакулдашуунун колдонулушун токтотууга ниети жөнүндө экинчи Тарапкажазуу жүзүндө билдирбесе, анда ал шыдыр эле кийинки беш жылдыкмөөнөткө узартылат. 16-статья Бул Макулдашуунун колдонулушун токтотуу ушул Макулдашуунунжоболорунун негизинде макулдашылган жана анын колдонулушун, ошондойэле ушул Макулдашууну жүзөгө ашыруу максатында түзүлгөн келишимдерменен макулдашуулардын колдонулушун токтотуу учурунда аяктабай калгандолбоорлор менен протраммаларды Тараптардын аткарышына таасиртийгизбейт. ________ шаарында 200_ жылдын «__» _______ эки нускада, кыргыз,молдова жана орус тилдеринде түзүлдү, бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө кайчы пикирлер келип чыкканучурда Тараптар орус тилиндеги текстти жетекчиликке алышат. Кыргыз Республикасынын Молдова РеспубликасынынТуризм, спорт жана жаштар Жаштар жана спортсаясаты боюнча мамлекеттик департаменти үчүнкомитети үчүн