Бишкек шаары2006-жылдын 13-февралы № 54 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Кыргыз Республикасындагы Шайлоо жөнүндө кодекстин айрым статьяларын расмий чечмелөө тууралу 2005-жылдын 19-декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан кабыл алынган 1-статья. Кыргыз Республикасындагы Шайлоо жөнүндө
кодекстин 46-статьясынын2-пункту муну аныктап көрсөтөт: шайлоо участкасында добуш берүүнүн жы-йынтыктары жараксыз деп таанылган учурда шайлоо округу боюнча шайлоо-лордун натыйжалары калган шайлоо участкаларындагы добуш берүүнүн жыйын-тыктары боюнча аныкталат. Эгерде шайлоо участкасында бүгүндөй шайлооокругу боюнча шайлоолордун натыйжаларына таасир көрсөтүүчү добушберүүнүн жыйынтыктары жараксыз деп таанылса, шайлоо участкасында экижумалык мөөнөттө кайра добуш берүү жүргүзүлөт. Кыргыз Республикасындагы Шайлоо жөнүндө
кодекстин 46-статьясынын4-пунктунда белгиленген эки жумалык мөөнөт өтүп кетсе, кайталап добушберүү жүргүзүлбөйт. 2-статья. Кыргыз Республикасындагы Шайлоо жөнүндө
кодекстин 55-статьясынын6-пункту муну аныктап көрсөтөт: сот тиешелүү шайлоо комиссиясынын добушберүүнүн жыйынтыктары же шайлоонун натыйжалары жөнүндө чечимин же шай-лоо комиссиясынын башка чечимин алып сала алат. Кыргыз Республикасындагы Шайлоо жөнүндө кодексте каралган учурлар-да сот тиешелүү шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жешайлоонун натыйжалары жөнүндө чечимин же шайлоо комиссиясынын башка че-чимин алып сала алат. Кыргыз Республикасындагы Шайлоо жөнүндө
кодекстин 55-статьясынын 6-пунктунда каралган ыйгарым укуктардын чегинен чыгуугасоттун укугу жок, атап айтканда Кыргыз Республикасынын шайлоо жана ре-ферендумдарды өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясына жана округдук шай-лоо комиссияларына шайлоолорду кайталап өткөрүү боюнча көрсөтмө береалбайт. 3-статья. Кыргыз Республикасындагы Шайлоо жөнүндө
кодекстин 76-статьясынын2-пункту муну аныктап көрсөтөт. Кыргыз Республикасындагы Шайлоо жөнүндө
кодекстин талаптарын сактоо менен жалпы шайлоолордун натыйжалары белги-ленген күндөн тартып эки жумалык мөөнөттөн кечиктирилбестен кайталапдобуш берүү жүргүзүлөт. Кайталап добуш берүүнү жүргүзүү жөнүндө бил-дирүү тиешелүү чечим кабыл алынган күндөн тартып 2 календардык күндөнкечиктирилбестен округдук шайлоо комиссиясы тарабынан жалпыга маалымдоокаражаттарында жарыяланат. Кыргыз Республикасындагы Шайлоо жөнүндө
кодекстин 76-статьясынын2-пунктунда белгиленген эки жумалык мөөнөт өтүп кетсе кайталап добушберүү жүргүзүлбөйт. 4-статья. Ушул Мыйзамдын күчү Кыргыз Республикасындагы Шайлоо жөнүндө
кодекс күчүнө кирген учурдан кийин пайда болгон коомдук мамилелерге жайылты-лат. 5-статья. Ушул Мыйзам кол коюлган учурдан тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев