Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Өкмөтүнүн

2009-жылдын 20-апрелиндеги № 171-б буйругуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2006-жылдын 27-февралы № 93-б

"Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү мектептеринин жаңы окуу жылына даярдыгы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдагы 15-сентябрындагы № 438 токтомуна ылайык:

Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:

- Жаңы муундагы окуу китептерин даярдоо жана басып чыгаруу боюнча координациялык кеңеш жөнүндө жобо;

- Координациялык кеңештин курамы.

 

            Премьер-министр

 

 Ф.Кулов

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2006-жылдын 27-февралындагы № 93-б

буйругуна тиркеме

 

Жаңы муундагы окуу китептерин даярдоо жана басып чыгаруу

боюнча координациялык кеңештин курамы

 

Мадумаров А.К. - Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри, Координациялык кеңештин төрагасы;

Нур уулу Досбол - Кыргыз Республикасынын билим берүү, илим жана жаштар саясаты министри;

Кайыпов М.Т. - Кыргыз Республикасынын юстиция министри;

Жапаров А.Ү. - Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы министри;

Каниметов К.А. - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын стратегиялык өнүктүрүү жана экспертиза бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча);

Абдиева М.Т. - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын социалдык жана маданий өнүктүрүү башкармалыгынын начальнигинин орун басары;

Иманалиева Э.С. - Кыргыз Республикасынын билим берүү, илим жана жаштар саясаты министринин орун басары;

Иманалиев М.И. - Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Математика институтунун директору;

Конокбаев З.Ч - Кыргыз Республикасынын Билим берүү, илим жана жаштар саясаты мииистрлигинин башкармалыгынын начальниги;

Калдыбаев К.А. - Кыргыз билим берүү академиясынын президенти;

Чагай Л.Ю. - Чүй облусунун Токмок шаарынын билим берүү бөлүмүнүн башчысы;

Жумалиев М.С. - Бишкек шаарынын № 78 орто мектебинин директору;

Өзүбекова Ж.Р. - Ысыккөл облусунун Каракол шаарындагы Т.Сатылганов атындагы мектеп-лицейдин мугалими, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими;

Албуринова И.Ф. - Бишкек шаарынын № 24 орто мектебинин директору.

 

Кыргыз Республикасынын

Премьер-министринин Аппаратынын

Жетекчиси - министр                                                                                                                                       Т.Коеналиев