Редакцияот 02.05.2006
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 2-майындагы № 199-б                 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ      Кыргыз  Республикасынын Жогорку Кењешинин Мыйзам чыгаруу  жыйыныньш2004-жылдын   20-февралындагы  3№  1488-II  «Кыргыз  Республикасындагысоциалдык-экономикалык  абал жөнүндө» Кыргыз  Республикасынын  ЖогоркуКењешинин  Мыйзам  чыгаруу жыйынынын 2003-жылдын  12-сентябрындагы  3№1290-II  токтомун  аткаруу  жөнүндө  Кыргыз  Республикасынын  Премьер-министри Н.Т.Танаевдин маалыматы тууралуу» токтомун аткаруу үчүн:      1.  Кыргыз  Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 8-августундагы  №467-6 буйругу күчүн жоготту деп табылсын.      2.   Кыргыз  Республикасынын  Мамлекеттик  мүлктү  башкаруу  боюнчамамлекеттик комитети белгиленген тартипте:   -  Кыргыз  Республикасынын Тоолуу райондорду  өнүктүрүүнүн  улуттукборборуна   караштуу   тоолуу  мамлекеттерди   өнүктүрүүнүн   Эларалыкмаалыматтык-билим берүү борборун тийиштүү жай менен камсыз кылсын;   -   Кыргыз   Республикасынын  мамлекеттик   башкаруу   органдарынынадминистрациялык  имараттарды  пайдалануу  боюнча  Топтомо   реестринеөзгөртүү киргизсин.      3.  Бул  буйруктун  аткарылышына контролдоо Кыргыз  РеспубликасынынПремьер-министринин  Аппаратынын  социалдык  жана  маданий   өнүктүрүүбашкармалыгына жүктөлсүн.         Премьер-министр                               Ф.Кулов