Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

                      КР Министрлер Кабинетинин

        2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык

                             КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2006-жылдын 15-июлу N 390-б

 

               КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ

 

     "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 16-стать-

ясына ылайык "Кутесай-II" сейрек кездешүүчү кен байлыктарын жана "Кале-

сай" бериллий кенин иштетүү максатында аларды пайдалануу укуктарын алу-

уга конкурс өткөрүү үчүн:

     1. Төмөнкүдөй курамда конкурстук комиссия түзүлсүн:

     Жумалиев К.Н.    - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин  Ап-

                        паратынын отун-энергетика комплекси,  кен казып

                        алуу тармагы   жана   жаратылыштык    ресурстар

                        бөлүмүнүн башчысы, комиссиянын төрагасы.

                          комиссия мүчөлөрү:

     Эшназаров Н.А.   - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геоло-

                        гия жана  минералдык ресурстар боюнча мамлекет-

                        тик агенттиктин директорунун орун  басары,  ко-

                        миссиянын төрагасынын орун басары;

     Сакебаев А.А.    - Чүй  облусунун мамлекеттик администрация башчы-

                        сынын биринчи орун басары;

     Мамыров Э.Т.     - Кыргыз  Республикасынын  Юстиция министрлигинин

                        статс-катчысы;

     Дикамбаев А.Ш.   - Кыргыз  Республикасынын  Экономика жана финансы

                        министрлигинин статс-катчысы;

     Жунушалиев Т.Ш.  - Кыргыз Республикасынын өнөр жай, соода жана ту-

                        ризм министринин орун басары;

     Макаров А.М.     - Кыргыз  Республикасынын Мамлекеттик мүлктү баш-

                        каруу боюнча мамлекеттик комитетинин  төрагасы-

                        нын орун басары;

     Абдрахманов С.С. - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин  Ап-

                        паратынын юридика бөлүмүнүн башчысы;

     Какитаев К.К.    - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геоло-

                        гия жана  минералдык ресурстар боюнча мамлекет-

                        тик агенттиктин Жер казнасын пайдалануу  боюнча

                        мамлекеттик инспекциясынын начальниги, комисси-

                        янын катчысы.

     2. Конкурстук комиссия бир жумалык мөөнөттө:

     - конкурсту өткөрүүнүн шарттарын жана тартибин иштеп чыксын;

     - "Кутесай-II" сейрек кездешүүчү кен  байлыктарын  жана  "Калесай"

бериллий  кенин  иштетүү  максатында аларды пайдалануу укуктарын алууга

жалпыга маалымдоо каражаттарында конкурс жарыяласын.

     3. Бул  буйруктун  аткарылышын  контролдоо  Кыргыз Республикасынын

Премьер-министринин Аппаратынын отун-энергетика  комплекси,  кен  казып

алуу тармагы жана жаратылыштык ресурстар бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

     Премьер-министр                                 Ф.Кулов