Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 2006-жылдын 19-сентябры № 512 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ 1. Кыргыз Республикасынын Тышкы министрлигинин чет өлкөдөгү мекемелерине Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин атайын каражаттарынын эсебинен айдоочуларга жана кенже тейлөөчү персоналдарга кызматтык маяналарына 15% өлчөмүндө кошумча акы төлөөгө уруксат берилсин. 2. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине жүктөлсүн. Премьер-министр Ф.Кулов